Архив метки: фонд

Чакмак-Суу мектебинин “Алтын казына” фондунун каражаттары кайда жумшалууда?

Сырттан жардам күтүп олтурбай, ички мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу менен, негизги чиелүү маселелерди чечип алууда Чакмак-Суу орто мектебинин эмгек жааматы көбүнө үлгү болчудай. Анткени, алардын өз демилгелери жана өздүк каражаттары менен беш жылдан бери эле  жүзөгө ашырган иштерин санай келсек бир топ.  Кеп алардын бул иштерди кантип аткарып жаткандыгында.

Анда эмесе, кененирээк токтоло кетсек, 2013-жылы мектеп мугалимдеринин демилгеси менен “Алтын казына” фонду уюштурулган.  Фондго төрага болуп мектеп директору Бактыбек Турсункулов шайланган. Фонддун максаты-мектептин жана мектеп мугалимдеринин ички муктаждыктарын чечүү болуп эсептелип, ага ай сайын мугалимдер эмгек акыларынан өз ыктыяры менен белгилүү бир суммада мүчөлүк акы чегерише баштаган. Ошентип, фонд аты айтып тургандай эле жыл айланбай “алтын казынага” айланып, анда топтолгон каражатка мектепке 2013-жылы 12000 сомго телевизор, 2014-жылы 45000 сомго түстүү принтер, ламинатор, 2015-жылы класстык бөлмөлөргө 44000 сомго жалюзилер, 2016-жылы 15000 сомго принтер сатылып алынган. Ал эми, 2017-жылы мектеп “Кичи Чаарат” фирмасынын эсебинен жаңы имаратка ээ болду. Жаңы мектепке фонддун эсебинен дагы каражат жумшалып, 75000 сомго видеокөзөмөл орнотулуп, буга кошумча 26000 сомго  жалюзи сатылып алынды.видеокөзөмөл DSC_0875видеокөзөмөл DSC_0958 видеокөзөмөл DSC_0977 жалюзи DSC_0861 (3) телевизор DSC_0855 (4)

Азыркы кезде фонддо 30 миң сомдон ашык акча каражаты бар экендигин, жылдын жыйынтыгы менен бул каражатты 50 миң сомго жеткирип, мектептин жасалгалоо иштерине жумшоону максат кылып жаткандыктарын айткан фонддун төрагасы, мектеп директору Бактыбек Турсункулов-жайкы эс алуу мезгилинде мугалимдер райондон сырткары эс алуучу жайларга фонддун каражаттарынын эсебинен барып келишет-деп кошумчалады.

Аракет деп ушуну айт!   Кептин кыскасы, бул мектептеги жогорудагыдай аракеттерди мактап, кепти созо бербейли. Башка мектеп, же башка тармактагы мекемелер менен бул мектептин аракетин салыштырып, окурман өзү баа берээр.

М. Эшназаров