Коргон-Сай айылынын тушундагы Чаткал дарыясына курулган мал жана жөө адамдар өтүүчү көпүрө быйыл кеңейтилет. Бул тууралуу Коргон-Сай айылында болгон элдик жыйында район акими Канжарбек Эшалиев билдирди.
Анын билдиришинче, көпүрөнү кеңейтүү иши район аймагындагы кен казган фирма тарабынан жүргүзүлмөкчү.
Тактай кетсек, аталган көпүрөнү кеңейтүү коргон-сайлыктардын көптөн берки суроо-талаптарынын бири болуп келген.