Архив метки: уста

Ар тараптуу инсан

“Эл ичи-өнөр кенчи”-деп бекер айтылбаса керек. Эл аралап жүрүп, ар кандай өнөр ээлерине жолугасың. Бул жолу мен Чаткал районуна караштуу Сумсар шаарчасында жашаган ар тараптуу өнөргө ээ Юлдашев Рахим тууралуу жазууну эп көрдүм.
Бул адам имараттарды заманбап кура билүү менен бирге эле, жыгач, таш жана цемент сыяктуу материалдарды колдонуп, ар кандай скульптуралык эстеликтерди келиштире жасайт. Жасаган буюмдары менен райондук, облустук көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарды алып келген. 2001-жылы райондук “Эл ичи өнөр кенчи” кароо-сынагында облуска жолдомо алып, 2002-жылы Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесине катышып,облус боюнча 2-орунду ээлеген. Рахим акенин жасаган чоң эмгегинин бири-Сумсар шаарчасынын борборуна орнотулган Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарына арналып тургузулган эстелик. Бул эстелик 1998–жылы Сумсар айыл округунун буюртмасы менен жасалган. Жыгачтан жасаган эстелик колдонмолорун он жылдай илгери борбор калаадагы соода дүкөндөрүнө алып барып, сатыкка койгон. Жасаган буюмдары элдин көңүлүн буруп, өз кардарларын таба баштаганда, турмуштук маселелерден улам, кайра айылга баса берген.
Рахим аке Рамакришна, Шри Ауробиндо, Сатпрем, Бахауддин, Ошо, Будда, Гурджиев сыяктуу дүйнөлүк руханий лидерлердин чыгармаларын окуп, руханий тазалыкка жетүүнүн үстүндө суфизм, йога сыяктуу чыгыш илимдерин окуп, үйрөнүп, алар менен астейдил шугулданат. Ал буга кошо эле, тээ жаштайынан экстрасенсордук касиети аркылуу оорукчал адамдарга дем салып, ар кандай дарттарды биоэнергиясы менен азыркы кезге чейин дабалап келүүдө. Ал биоэнергияны колдонуп, адамдарды дабалоо боюнча атайын курстан окуган. Бул курста кыргыздын белгилүү акыны, ыраматылык Азада Бегимкулова менен бирге окугандыгын сыймыктануу менен эскерип жүрөт.
Юлдашев Рахим 1 Юлдашев Рахим 4 Юлдашев Рахми 3 Юлдашев рахим 5 Юлдашев Рахим 2
Рахим аке жаш кезинен чыгыш спорттук өнөрлөрү менен астейдил шугулданып, кезинде айыл жаштарын жана айрым ички иштер кызматкерлерин жекеме-жеке кармаш өнөрүнө машыктырып да жүргөн. Жаш курагы өткөн соң, чыгыш спорт өнөрү менен алектенүүсүн таштап, өзүнүн сүйгөн өнөрү жыгачтан ар кандай эстелик буюмдарды жасоого көбүрөөк көңүл буруп калды.
Рахим аке көп жылдан бери, Сумсар орто мектебинде окуучуларга кол эмгеги сабагынан окутат. Анын кол өнөрчүлүгүн жогору баалаган мектеп директору Леонид Маняшин кол эмгеги сабагын бөлүп берген. Бүгүнкү күндө, -жасаган эмгектерим түбөлүккө калсын-деген изги тилекте эстелик буюмдарын таштан жасоону ойлонуп жүргөн кези. Эгерде, бул ою ишке ашып калса, анын жасаган эмгектери чындыгында эле, көп мезгил бою эл ичинде сакталып жүрмөкчү.
М. Эшназаров

Чаткалдык уста жеңил автоунааларды оңдоодо

Чаткал районунда жыл өткөн сайын жеңил автоунаалардын саны өсүп, аларды оңдоочу жайлардын зарылдыгы күндөн күнгө күчөп жаткан кези. Азыркы автоунаалардын көбү чет элдик маркадагы болгондуктан, көзү жетик усталар оңдобосо, көпчүлүгүнүн колунан келе бербеси бышык. Бул жагдайды туура түшүнгөн айрым усталар айылдагы автоунааларды оңдөөну колго ала башташты. Алардын бири-Миңбаев Тынчтыкбек. Тынчтыкбек буга чейин Бишкек шаарында машина оңдоочу жайда төрт жыл иштеп, чет элдик автоунааларды оңдоонун сырын жакшы эле өздөштүрүп алган. Эми минтип, чаткалдык жердештеринин автоунааларын оңдоону колго алды. Каныш-Кыя айылында бош турган ылайыктуу имарат таап ишти колго алганына эки айдын жүзү болду. –Эки айдын ичинде жардамчым экөөбүз алтымыштан ашуун автоунааларды оңдодук. Район тургундары райондун бардык тарабынан келишип, автоунааларын оңдотушуп кетишүүдө. Тапкан кирешем айына он беш миң сомдон туура келүүдө. Бир аз каражат топтоп алган соң, атайы унаа өндоочу жай ачсам деген максатым бар- уста Миңбаев Тынчтыкбек. Анын максаты ишке ашып калса, чаткалдыктардын бузулган автоунааларын Ош, Жалал-Абад, же Бишкекке алып барып убара тартышпай чоң чыгымдан, анан түйшүктөн арылышмак.

Чаткалдык уста Алматов Жуман

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну, уста Алматов Жуман өзү жаш болсо да, устачылык өнөрү менен районго таанымал. Ал жасаган ээр, така жана ат жабдыктарын райондон сырткары, коңшулаш Ала-Бука районунун тургундары да буюртма менен сатып алып кетишет. Ал бүгүнкү күндө Ала-Бука районунун тургунунун буюртмасы боюнча ат жабдыгын жасап жаткан кези. –бир ат жабдыктын баасы жыйырма миң сом турат албетте, мынчалык болгон соң, кардар нааразы болбогондой кылып, кооз жана бекем жасоого аракет кылам-дейт уста. Ат жабдыкка керектүү булгаары, бышык жип сыяктуу зарыл материалдарды Бишкектен алдырат.
Мындан сырткары, Чаткал району тоолуу болуп, унаа катары ат көп колдонулгандыктан, аттын такасына да кардар көп болот. Мындайча айтканда, көпчүлүк учурларда така жасоо менен алектенип калат. Ал ушул кыш бою алты ээр жасап саткан. Ээрлерин негизинен, бекем болсун-деп, кайыңдан чабат.

ipp ipp ipp ipp ipp
-Устачылык менен үйүмдүн бир бөлмөсүндө алектенем. Атайы устаканам жок. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө өткөн жылы шарт түзүп берүү боюнча кайрылгам, азырынча чечиле элек-дейт уста. Жуман уста өзү устакана курууга бел байлап, өткөн жылы жерпайын куруп коюптур. Жаз алды менен дубалын тикелеп, куруп бүтмөкчү.