Архив метки: Улуу Жеңиш

Бүгүн, Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында 9-Май-Улуу Жеңиш майрамына карата «Өчпөс полк» жүрүшү болду. Жүрүшкө Улуу Жеңиш майрамына карата ураандар айтылып, желектер көтөрүлүп, жалпы жүз элүүдөн ашуун жаран катышты.
Андан соң, Улуу Жеңишке арналган эстелик-мемориалга гүлчамбар коюлуп, маркум ардагерлердин арбагына куран окулду.
Салтанаттуу Гимн ойнолгон соң, район акими баш болгон райондук жетекчилер куттуктоо сөздөрдү айтышып, ооруктун ардагерлерине жана согуштун ардагерлеринин жесирлерине белектер тапшырылды.

9-май к-кыя 1 9-май к-кыя 2 9-май к-кыя 3 9-май к-кыя 4 9-май к-кыя 5 9-май к-кыя 6 9-май к-кыя 7 9-май к-кыя 8 9-май к-кыя 9 9-май к-кыя 10 9-май к-кыя 11 9-май к-кыя 12 9-май к-кыя 13 9-май к-кыя 9-май к-кыя14
Салтанаттан соң, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерт тартууланып, спорттук оюндар болду.
Азыркы кезде райондо эки ооруктун ардагери жана согуш ардагерлеринин он бир жесири бар.
Майрам алдынан оорук ардагерлерине жана ардагерлердин жесирлерине райондук жетекчилик жана мекемелер тарабынан белектер тапшырылды.

М. Эшназаров

Чаткал районунда Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекеси өзгөчө шаң менен өтүүдө

 

 

9-Май Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекеси ушул тапта Чаткал районунда өзгөчө шаң менен өтүүдө.

9,1 9,2 9,3

саат ондор чамасында район борбору Каныш-Кыя айылында башталган салтанаттуу маареке район борборундагы 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишке арналып курулган эстелик монументке райондогу согуштун жана ооруктун ардагерлеринин коштоосунда гүлчамбар коюу менен башталып, анда согуштун курмандыктарына арналып куран окулду.

Буга кошо эле, эстелик монументтин айланасына ардагерлер менен биргеликте карагайдын балатылары отургузулду.

9,4 9,5

 

Андан соң, согуштун жана ооруктун ардагерлерине белектерди тапшыруу аземи болуп, анда район акими Канжарбек Эшалиев Чаткал районунда учурдагы жалгыз ардагер Таласбаев Көчөрбайга «ФИТ» автоунаасын тапшырды.

9,9 9,79,10

Эскерте кетсек, аталган автоунаа ардагерге Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесине карата белек катары учурда Кыргызстандын Орусиянын Хабаровск аймагындагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев тарабынан алынып берилди. аземде буга кошо эле, бир топ ооруктун ардагерлери райондук жетекчилик жана айыл аймактары тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

Андан кийин салтанаттуу маареке райондогу мекеме, ишканалардын парады менен коштолуп, мекеме, ишканалардын жааматтары казкатар тизилише, Улуу Жеңишке арналган атуулдук ырлардын жаңырыгы астында параддан өтүштү. Параддан жалпы 32 мекеме өттү.

9,11 9,12

 

Азыркы сааттарда парад аяктап, «Ч. Айтматов» атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан маарекенин катышуучуларына концерт тартууланып, райондук спорт бөлүмү тарабынан спорттук оюндар тартууланууда.

 

9-Май Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесине карата Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин куттуктоосу!

i

Урматтуу районубуздун калайык калкы!

Кадырлуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ооруктун каармандары болгон аталар жана энелер!

Сиздерди 9-Май Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекеси менен өзүмдүн жана райондук мамлекеттик администрациянын атынан чын дилимден куттуктайм!

Азыркы муундардын гүлдөп өнүккөн, илимий-техникалык прогресс заманында өмүр сүрүп жатышы-баатыр аталардын жана энелердин мындан жетимиш жыл мурда кан күйгөн согушта эл, жер үчүн жан аябай салгылашып, Улуу Жеңишти алып келген тоо көтөргүс эмгегинин акыбети деп эсептейбиз. Ардактуу баатыр аталар жана энелер, келечек муундар үчүн кезинде канын, жанын аябастан кармашып, керек болсо жанын берип, кан көксөгөн фашизмди жеңип, бизге жакшы заманды алып келген сиздерге кандай урмат көрсөтсөк да жарашат.

Биз, азыркы муундар, Улуу Ата Мекендик согуштагы сиздер тарткан кыйынчылыктарды, азап-тозокторду жана сиздер көрсөткөн каармандыктарды өз көзүбүз менен көрбөсөк да, бул тууралуу өз оозуңуздардан угуп, тарыхый адабияттардан окуп жана тарыхый документалдуу фильмдерден көрүп, билип жүрөбүз.

Улуу Ата Мекендик согуш тарыхта “Экинчи Дүйнөлүк согуш” деген аталыш менен белгилүү.  Архивдик маалыматтарга ылайык, бул согушта жыйырма миллиондон ашуун адам фашизмдин курмандыктарына айланышып, бир канча миң адам аликүнгө дайынсыз болуп келүүдө. Мындайча айтканда, мындан жетимиш жыл мурда болгон кан күйгөн согуштун жоготуулары азыркыга чейин толук тактала элек. Ошентсе да, азыркы кезде согуш жүргөн талаалар казылып, анда дайынсыз калган жоокерлердин сөөктөрү табылып, алардын өздүгү такталып, тарыхка тактоолор киргизилип жаткандыгын билебиз.

Кан күйгөн согушка эл, жерин канкор фашизмдин чеңгээлинен куткаруу үчүн биздин Чаткал районунан ондогон эр-азаматтар аттанышкан. Мында, жоокер аталарыбыздын көбү Мекенге Улуу Жеңиш менен келишсе, бир нечеси жоокер кан майданда баатырларча курман болушкан. Ал эми, алардын ичинен бир нечеси бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Алардын дайынын тактап, тарыхка калтыруу келечек муундардын милдети деп эсептейм.

Кадырлуу баатыр аталар, энелер! Сиздерди дагы бир жолу Улуу Жеңиштин жетимишинчи жазы менен чын дилимден куттуктап, сиздерге мындан ары да узак өмүр, чың ден-соолук каалап кетмекчимин. Өзүңүздөр алып келген жакшы замандын шарапаты менен, уул-кызыңыздардын жакшылыгын көрүп, ылайым эл ичинде аман жүрүнүздөр.

К. Эшалиев, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким

 

Орус тилчи мугалимдер тажрыйба алмашты

 Изображение 4373Изображение 4372Изображение 4382 Изображение 4379Изображение 4385Изображение 4380Изображение 4377Изображение 4376

Өтүп бараткан жумада район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде райондогу орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринин арасында тажрыйба алмашуу иш чарасы болду.

Аталган иш чарага район аймагынан   16 орус тилчи мугалимдер катышып, ачык сааттарды өтүү аркылуу тажрыйба алмашышты.

Ачык сааттардын негизги темасы болуп быйылкы жылдын 9-майында өтчү Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекеси болду. Ага ылайык, мугалимдер Ата-Мекенге болгон сүйүү, согуштагы жана ооруктагы элдин азабы, тынчтыктын барк-баасы тууралуу окуучуларга түшүндүрүп, окуучулар Улуу Ата-Мекендик согушка байланыштуу тарыхый сүрөттөрдөн жасалган слайд шоу, окуучулар тарабынан тартылган сүрөттөр, согушка жана тынчтыкка байланыштуу обондуу жана көркөм ырларды аткарышып, өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтүштү.

Мындан сырткары, мугалимдер өз сабактарында Чаткал районунун алдыда боло турган 80 жылдык маарекесине байланыштуу темаларды да колдонушуп, окуучуларга Чаткал району тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.

Райондун 80 жылдык жана Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекелерине арналган бурчтар уюштурулууда

Изображение 4391 Изображение 4393 Изображение 4394 Изображение 4395 Изображение 4396 Изображение 4398 Изображение 4399 Изображение 4399 Изображение 4400 Изображение 4402 Изображение 4403 

Быйыл Чаткал районунун түзулгөнүнө туптуура сексен жыл толду. буга удаалаш Улуу Жеңишке 70 жыл толуп олтурат.  Бул маарекелүү күндөргө карата райондук жетекчилик тарабынан алдын-ала иш чаралар кабыл алынып, ага ылайык, райондогу бардык мекеме, ишканаларда, мектептерде, балдар бакчаларында ж.б. тиешелүү мекемелерде ар кандай иш чаралар өткөрүлуүдө.

Мындай иш чаралар район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде да өткөрүлүп келүүдө.

Аталган маарекелүү күндөргө карата мектепте атайы бурчтар уюштурулуп, райондун сексен жылдыгына жана Улуу Жеңишке арналган сүрөттөр, аны менен бирге эле Чаткал районунун өнүгүүсүнө зор эмгек сиңирген көрүнүктүү инсандардын өмүр баяндары жана сүрөттөрү коюлган. Мектеп окуучулары бул бурчтан өздөрү жашаган Чаткал району тууралуу кеңири маалыматтарды алышып, райондун өткөн тарыхына байланышкан кызыктуу сүрөттөрдү көрүшүп, өздөрүнүн району тууралуу кенири биле алышат.

-Районубуздун 80 жылдык жана Улуу  Жеңиштин 70 жылдык маарекелерине карата биздин мектепте алдыда дагы бир топ иш чараларды өткөрүү боюнча иш пландар тузүлгөн. Биздин максатыбыз-жаш муундарга өз жергеси тууралуу кеңири маалымат берүү аркылуу аларды өз эл, жерин сүйүүгө тарбиялоо-дейт мектеп директорунун уюштуруу иштери боюнча орунбасары А. Эгембердиев

Улуу Жеңишке салым кошкон

колесникХХ-кылымдын дүйнөнү дүңгүрөткөн зор тарыхый, унутулгус окуясы болгон Улуу Жеңишке өз салымын кошкондордун бири Сумсар айылынын тургуну Владимир Яковлевич Колесник.
В.Я.Колесник 1926-жылы азыркы Аксы районунун Караван шаарына жакын Успеновка (мурдагы аталышы) айылында туулган. 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1943-1945-жылдары Фергана, Ашкабад, Моздок, Саранск шаарларында болуп, өзүнүн аскердик милдетин аткарган.
1944-1945-жылдары Кама дарыясына жакын Саранск шаарында аэроаянтта чабуулга чыгуучу самолетторду даярдоону, чабуулдан жабырканган самолетторду оңдоп, кайрадан согушка жөнөтүүнү, чабуулга чыгуучу самолеттор конуучу аэроаянтты үзгүлтүксүз иретке келтирүүнү камсыз кылууга өз салымын кошкон.
В.Я.Колесник жана анын жолдошторунун милдети-аскердик самолеттордун чабуулга чыгуусуна туруктуу шарт түзүү болгон.
Улуу Жеңиш үчүн В.Я.Колесник сыяктуулар күн-түн иштешип, күжүрмөн, кажыбас эмгектери менен улам Улуу Жеңиш күнүн жакындатышкан.
1949-жылы В.Я.Колесник Советтик Армиянын катарынан демобилизацияланган.
Учурда В.Я.Колесник Сумсар шаарчасынын Советская көчөсүндө жашайт. Улуу Жеңишке кошкон салымдары үчүн 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин юбилейлик медалдары менен сыйланган, жеңилдиктерге укугу бар күбөлүгү берилген. Бүгүн Владимир Яковлевия Колесник 89 жашта. Учурда ардактуу эс алууда.
Б.Исаков «Чаткал оттору»

Улуу Жеңишти улам жакындатышкан

сариева азашТарых барактарынан жазылып калгандай ошол мезгилдеги бирдиктүү , ынтымактуу Совет элинин, Советтик Армиянын 1941-1945-жылдарда германдык фашизмди биротоло талкалап жеңиши – хх кылымдагы Совет элинин өлбөс-өчпөс эрдиги, Улуу Жеңиши. Эң оор шарттарда Советтик Армия дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң жеңишке ээ болуп, СССРдин жана Европа өлкөлөрүн фашисттик оккупациядан куткарып калды. Европа аймагында тынчтык өкүм сүрдү. 1945-жылдын 9-майында Рейхстагдын чокусуна орнотулган Жеңиш Туусу Адамзаттын тарыхындагы унутулгус эң зор окуялардан болуп, тарых барактарында 9-май – Улуу Жеңиш күнү деп аталды.
Ошол 1418 күнгө созулган оор согуш жылдарындагы фронтто жана оорукта ар бир жоокер жана генерал, ар бир жумушчу жана колхозчу, ар бир коммунист жана комсомол, пионер, ар бир эркек жана аял өздөрүнүн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери менен Улуу Жеңишти жакындатышкан. Ошондуктан да биз бүгүн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына 1941-1945-оор жылдардагы согуш ардагарлеринин курман болгондоруна, тирүүлөрүнө жана оорукчуларга хх-кылымдын тарыхындагы Улуу Жеңишке кошкон салымдары үчүн таазим кылабыз. Алардын көрсөткөн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери унутулгус экендигин тарых барактары ырастап, далилдеп келет.
Сумсар айыл аймагында да Улуу Жеңишке өздөрүнүн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери менен салымдарын кошушкандар бар. Оорукта ошол оор мезгилдерде Советтик аскерлерге, жоокерлерге камкордук көрүшүп, күжүрмөн эмгектери менен Улуу Жеңишке салым кошкондордун бири -Сумсар айыл аймагына караштуу Шекафтар айылынын тургуну Сариева Азаш эне. Сариева Азаш эне 1923-жылы туулган. Каардуу, оор 1941-1945-согуш жылдарында оорукта эмгектенишкен миңдеген кыргызстандыктардай эле, Чаткал, Ала-Бука талааларында өздөрүнүн кажыбас-кайратуу эмгектери менен көптөн күткөн Улуу Жеңиш күнүн жакындаштырышкан. Албетте, алардын оор согуш жылдарындагы турмушу жана эмгеги – чыныгы атуулдук эрдик. Ал Жеңиш күнүнө болгон жолдо миңдеген адамдар оорукта кажыбас-кайрат менен эмгектенишкен. Аларга жеңишке гана болгон үмүт, ишеним кайрат берген.
Мына ушундай Улуу Жеңишке болгон оор, кыйын, узак жолдо Сариева Азаш эне 5 жыл Чаткал районунун Ак-Таш айылынын талааларында кош айдап, ат минип, орок оруп, чөп байлап, машак терип, кажыбас-кайраттуу эмгектери менен Жеңиш күнүн жакындаштыргандардын катарында болуп, Улуу Жеңишке өзүнүн зор, салмактуу салымын кошкон.
Бүгүн Сариева Азаш эне: “Улуу Жеңишке болгон узак жана кыйын жолдо 5 жыл үмүт, ишеним, ой-тилек, кажыбас кайрат менен эмгектендик, кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк, кыйынчылыктар артта калды. “Кыйынчылыктын түбү – үзүр”, “Сабырдын түбү – сары алтын” – деп айтылгандай, кажыбас, күжүрмөн эмгегибиздин акыбетин көрдүк – ошол мезгилдеги бир үй-бүлөнүн балдарындай жашаган Совет элибиз фашизмди жеңди, согуш бүттү. Ушунусуна кудайга миң мертебе шүгүр кылып, кайра келгис жоготуулардын кайгысын, согуштан кайтпай калган аталардын, уулдардын, бир туугандардын элестерин унута албайт экенсиң. Ылайым согуш болбосун” – деп эскерет.
Ооба, бүгүн биз согуш жана оорук каармандарыбызга көңүл бөлүү, камкордук көрүү, таазим кылуу менен ардактообуз абзел.
Учурда Сариева Азаш эне 1941-1945-жылдарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу, оор жылдарындагы кажыбас кайраттуу, күжүрмөн эмгектеринин, Улуу Жеңиштин акыбеттерин көрүп 4 кызды, 2 уулду өстүрүп, тарбиялап, үйлөп – жайлап 24 неберенин чоң энеси болуп, Улуу Жеңиш тартуулаган бактылуу турмушту башынан өткөрүп, өрнөктүү өмүр сүрүүдө.
Сариева Азаш эне Улуу Жеңиштин бир нече юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Белгилей турган нерсе бүгүн ар бирибиз согуштун катышуучуларына, ооруктун каармандарына эң жогорку көңүл буруу, аларга мээримдүүлүктү, урмат-сый, таазим кылуу биз үчүн парз.
Б.Исаков «Чаткал оттору»