Архив метки: Т. Жаналиев

Маркум Эгенберди Батырбековдун жаркын элесине арналган мелдеште

23-февраль-Мекенди коргоо күнүндө Жаңы-Базар айылында волейбол боюнча маркум Эгенберди Батырбековдун жаркын элесине арналган райондук мелдеш болду.

Мелдеш бул күнгө коюлгандыгынын себеби, бул күн маркумдун туулган күнү болуп эсептелет. Ошондуктан, мелдеш жыл сайын ушул күнү өткөрүлөт.

волейбол 8волейбол 7

Бу жолку мелдешке жалпы  команда катышты. Мелдеш жогорку деңгээлде, абдан кызыктуу таймаш менен өтүп, мыкты командалар алдыга иргелип  чыкты.

Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен 1-орун Чаткал командасына берилип, беш миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орун болсо, Каныш-Кыя командасына берилип, үч миң сом акчалай байге кошо ыйгарылды. Ал эми, 3-орун райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасына берилип, эки миң сом акчалай байгеге ээ болушту. 4-орунга Ак-Таш айылынын командасы ээ болуп, миң сом акчалай байгенин ээси болушту. Мындан сырткары, өзгөчөлөнгөн спортчуларга ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар да берилди.

Мелдеш маркумдун иниси Кудайберди Батырбеков тарабынан демилгеленип жана каржыланып, маркум мурда иштеген райондук электр тармагы ишканасы, Чаткал айыл аймагы, райондук сот, маркумдун туугандары, классташтары тарабынан да акчалай демөөрчүлүк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинин дене тарбия мугалими Абдыкадыр Турсуматов билдирди.

М. Эшназаров

«Чаткал мырзасы-2016» кароо-сынагы болду

22-февраль күнү район борбору Каныш-Кыя айылындагы «Ч. Айтматов»атындагы райондук маданият үйүндө 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө карата жогорку класстардын окуучулары катышкан «Чаткал мырзасы-2016» кароо-сынагы болду.чаткал мырзасы IMG_6004

Кароо-сынакка Башкы-Терек, К. Акназаров, Кайың-Суу, С. Байдөөлөтов, А. Баймырзаев, С. Исмаилов, Т. Жаналиев жана К. Усупбеков орто мектептеринен келишкен 8 улан өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, күч сынашышты.

чаткал мырзасы IMG_6010 чаткал мырзасы IMG_6015 чаткал мырзасы IMG_6017 чаткал мырзасы IMG_6023 чаткал мырзасы IMG_6035 чаткал мырзасы IMG_6043 чаткал мырзасы IMG_6067 чаткал мырзасы IMG_6083 чаткал мырзасы IMG_6095 чаткал мырзасы IMG_6127 чаткал мырзасы IMG_6149 чаткал мырзасы IMG_6157 чаткал мырзасы IMG_6173 чаткал мырзасы IMG_20160222_182226 чаткал мырзасы IMG_20160222_182314 чаткал мырзасы IMG_20160222_182319

 

Мында, саламдашуу, обондуу ырлардан аткаруу, Манас эпосунан үзүндү айтуу, бийлөө, гиря көтөрүү жана өз өнөрүн көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилип, айрымдары коштогон бийкеч түгөйлөрү менен биргеликте ар улуттун бийлерин бийлешсе, айрымдары сынган айнектин үстүнө жылаңач денеси менен жата калып, кээ бири кумдун үстүнө сүрөт тартып айтоор, зал толо күйөрмандарды да, калыстарды да таңгалдырып атышты. Айрым катышуучулар Манас эпосунан үзүндү айтуу учурунда берилип кетип, коштоочулары араң токтоткон учурлар болду. Ал эми, гиря көтөрүү боюнча Рахманбай уулу Арген эч кимди алдына салдырган жок.

Катышуучулардын арасынан Т. Жаналиев орто мектебинен келген Эгембердиев Мундуз, Баймырзаев орто мектебинен келген Рахманбай уулу Арген,  С. Байдөөлөтов орто мектебинен келген Айтикенов Кайрат өзгөчөлөндү.

Кароо-сынактын жыйынтыгында, калыстардын калыс чечими менен 1-орун Т. Жаналиев орто мектебинен келген Эгембердиев Мундузга берилип, «Чаткал мырзасы-2016» ардактуу наамы кошо ыйгарылды. Ал эми, 2-орун А. Баймырзаев орто мектебинен келген Рахманбай уулу Аргенге, 3-орун   С. Байдөөлөтов орто мектебинен келген Айтикенов Кайратка тапшырылды.

Мындан сырткары, бир топ катышуучулар өз өнөрлөрүнө жараша ар кандай номинациялар менен сыйланышты.

Соңунда, кароо-сынактын уюштуруучусу болгон райондук жаштар кеңешинин төрагасы Айбек Бекмуратов кароо-сынакка демөөрчүлүк кылган раймамадминистрацияга жана Каныш-Кыя айыл аймагына ыраазылык билдирди.

М. Эшназаров

 

“Жыл мугалими-2015” сынагы болду

жыл муг 1 жыл муг 1 жыл муг 3 жыл муг 4 жыл муг 5 жыл муг 5 жыл муг 7 
Өтүп бараткан жуманын башында Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде райондук “Жыл мугалими-2015” кароо-сынагы болуп өттү.
Кароо-сынакты жүрүшүндө катышуучулар окуучуларга сабактарды өтүшүп, өздөрүнүн агартуучулук тармагындагы билимдерин жана тажрыйбаларын көргөзүштү. Катышуучулар мындан сырткары, өздөрүнүн маданий, интеллектуалдык, кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жана ар тараптуу таланттарын көргөзүү менен, калыстардын сынына коюшту.
Эки күнгө созулган кароо-сынактын жыйынтыгында, калыстардын тандоосу менен баш байгенин ээси болуп Шакафтардагы В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын адеп сабагы боюнча мугалими Гүлнара Нармырзаева табылып, төрт миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 1-орун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин кыргыз тили мугалими Анапия Нуркуловага ыйгарылып, эки миң сом акчалай сыйлыктын ээси болду. 2-орунга Терек-Сай айылындагы Терек-Сай орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Алтынай Турдиева илинип, миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми, 3-орун Кызыл-Токой айылындагы Б. Камчыбеков орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жайнагүл. Атабаевага берилип, жети жүз сом акчалай сыйлыктын ээси болду. Мындан сырткары, сегиз катышуучу ар кандай наамдардын ээси болушуп, 3 мугалим райББнын “Алкыш” баракчасына арзышты.