Архив метки: Т. Алмарсбек кызы

Мектепте зордук-зомбулукка жол жок

IMG_4637             

Мына ушундай аталышта С. Байдөөлөтов орто мектебинде тегерек стол болуп өттү.  Тегерек столго   райондогу билим берүү башчысынын орун басары Р.Мамурбеков, раймамадминистрациянын,  ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ошондой эле, мектеп жааматы катышты. Алгач мектеп окуучулары тарабынан зордук-зомбулукту чагылдырган сахналаштырылган чакан   көрүнүш тартууланып, коноктор ага карата өз ойлорун ортого салышып, окуучулар арасында өткөн жылдагыдай терс көрүнүштөр болбошу үчүн, алдын алуу иш чаралары көрүлүшү керектиги тууралуу айтышты.

Кошумчалай кетсек, райондогу мектептерде Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан  купуя кат куржуну  жайгаштырылган.  Эгерде мектепте кандайдыр бир  терс окуяны байкай алган болсо мектеп жааматы же окуучулар купуя кат куржунуна кат түрүндө калтырса болот.

Бүгүнкү күндө, ата-энелердин турмуш шартка байланыштуу  чет өлкөлөргө иштеп  балдарын тууган урукка же болбосо жакын адамдарга таштап кеткендиги зордук зомбулуктун  көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө десе болот. Ошондой эле мектеп жамаатынын кайдигер мамилесинен улам  улуулар кичүүлөргө зомбулук көрсөткөн  окуялар катталган.

Тегерек столдун соңунда окуучулар  мектеп окуучуларын достукка чакырган ураан менен  жыйынды жыйынтыкташты.

Т. Алмарсбек кызы

Социалдык төлөм көйгөй жаратууда

IMG_0008

Жакында Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө элдик жыйын болуп өттү.   Элдик жыйында      айыл тургундары  жана   айылдык кеңештин депутаттары  келип катышты .   Жыйындын  негизги маселеси азыркы учурда төлөнүп жаткан сацилдык  камсыздандыруу төлөмдөрү бир топ маселени жаратып жаткандыгы болду. Бул төлөмдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жаткан көп балалуу үй бүлөөлөр  жана кары картаңдардын   ооруканага  келгенде  соц фонддон аныктама бербей  жаткандыгы айтылды.  Бул маселе тууралуу   бийлик өкүлдөрүнө кат аркылуу кайрылуу болгондугу, бирок азырынча жооптордун келе  электигине  токтоло кетишти. Бул тууралуу райондук социлдык камсыздандыруу фондунун башчысы А. Эшикуловго кайрылганыбызда,  каттарга жооптордун келип жаткандыгын айтып,бирок бул маселе  Жогорку Кеңештин   депутатары  чечерине токтолду.  Ошондой эле I-II топтогу майыптар гана   төлөнүүчү салыкты төлөбөй тургандыгына токтолуп,  калган жарандар милдетүү түрдө төлөй тургандыгын  мекеме жетекчиси А. Эшикулов кошумчалады.

Т. Алмарсбек кызы

Чаткалдык журналисттер Жалал-Абадда семинарда болушту

1 тренинг СМИ ТБ Ж-Д 15 г 224 2тренинг СМИ ТБ Ж-Д 15 г 254 3тренинг СМИ ТБ Ж-Д 15 г 209 1-декабрда Жалал-Абад шаарында журналисттер үчүн «Кургак учуктун алдын алуу жана көзөмөлдөө маселесин ЖМКда чагылдыруу» аттуу  бир күндүк семинар болду. Ага чаткалдык журналисттер М. Эшназаров  жана Т. Алмарсбек кызы катышып келишти.

Чаткалда “Түшүм майрамы” белгиленди

 

IMG_4673 IMG_4664 IMG_4666 IMG_4667 IMG_4650 IMG_4651 IMG_4652 IMG_4697 IMG_4708 IMG_4741Жыл сайын күз айларында районубуздун төрт айыл аймагында кезек менен “Түшүм майрамы”   белгиленип келет. Аталган майрам быйыл Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында чоң салтанат менен өткөрүлдү.

Салтанатта район акими К. Эшалиев, Чаткал айыл аймагынын башчысы Н. Мырзаяровдор баштаган райондук бийлик өкүлдөрү, алдыңкы айыл чарба кызматкерлери куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон инсандарга райондук, облустук деңгээлдеги сыйлыктар жана “Ардак Грамоталар” тапшырылды.

Мында, көрүнүктүү дыйкан-фермерлер Г. Таирова, Н. Молдобеков, Н. Курбанов, Э. Аширбеков, Н. Кудайбердиев,  Г. Мырзабекова, С. Исматов, Д. Нышанбай кызы, Т. Чоңатаев, И. Айталиев ж.б. бир топ айыл чарба ишмерлери райондук жана облустук деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болушту.

Маарекенин расмий бөлүгү аяктаган соң улуттук спорт оюндарына кезек берилип, таш билек спортчулар арасында улак тартыш, эр оодарыш, улуттук күрөш боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Мында өзгөчөлөнгөн нерсе, бул жолку маарекеде кыз-келиндер арасында эр оодарыш  болуп, төрт балбан кыз-келиндер ат үстүндө эркектерден кем калышпай билек кармашып, күч сынашып, элдин кыйкырык, сүрөөнүн жарата алышты.

Мындан сырткары, маарекеде райондогу дыйкан-фермерлер тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болуп, анда ишкер дыйкан-фермерлер өздөрү өндүргөн ар түрдүү айыл чарба продукцияларын сатыкка чыгарышты.

Т. Алмарсбек кызы «Чаткал оттору»