Архив метки: туризм

Айнура Темирбекова-Заманбап телеберүүгө өтүүдөбүз-деп прогрессивдүү ой жүгүртөлү

-Аналогдук телеберүү өчүрүлөт дебестен, заманбап санариптик телеберүүгө өтүп атабыз-деп прогрессивдүү ойлосок-деди КР. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Чаткал районунун калкы менен болгон жолугушуусунда. Себеби, аналогдук телеберүү заман талабына жооп бербей калгандыктан, 2006-жылы бир топ мамлекеттер, (анын ичинде Кыргыз Республикасы) аналогдук телеберүүдөн заманбап санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Женева келишимине кол коюшкан. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө, аталган келишимге ылайык, санариптик телеберүүгө өтүп жаткан кези.

IMG_20170507_112031 IMG_20170507_112048

Айнура Темирбековна санариптик телеберүүгө өтүү үчүн республика боюнча 54 станция коюлганын айтып, азыркы кезде республика калкынын 95 %ы санариптик телеберүүгө өткөндүгүн маалымдады. Кыргызстандын санариптик көрсөтүүгө өткөн телеканалдарынын катарынан  Орусиянын эки каналына да орун берилмекчи.

Кыргызстан тоолуу мамлекет болгондуктан, калкка санариптик телеберүүнү толук жеткирүү үчүн 54 даана станция орнотууга туура келген. Мисалы: Эстония мамлекети санариптик телеберүүнү калкка жеткирүүгө ыңгайлуу б.а. ойдуңу аз болгондуктан, анда тогуз гана станция орнотулган.

Айнура Темирбекова жолугушууда КР. Өкмөтү тарабынан 25 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, Кыргызстандын 12 телеканалы спутникке чыгарылгандыгын билдирди.

Чаткал өрөөнүндө маралдардын санын көбөйтүү долбоору колго алынууда

SOS-Марал- Кыргызстан долбоору аркылуу Чаткал өрөөнүндө маралдарды алып келип, көбөйтүү максат кылынууда.
Өткөн мезгилдерде маралдар бүткүл Тянь-Шань тоолорун мекендеп келгендигин кооз жергебиздеги Бугулуу-токой, Бугу-булак, Минбугу, үрмарал, Бугулуу-Төр деп аталган кооз жана бийик жайлоолор жана төрлөр ырастап турат. Бүгүнкү күнгө чейинки адам баласынын табиятка туура эмес мамилесинин кесепетинен улам, алардын саны таптакыр азайып, азыр Кыргызстанда 300 баш гана марал калган. Маралдардын үркөрдөй үйүрү азыркы кезде Нарын жаратылыш коругунда багылууда. Жогоруда аталган долбоордун максаты-маралдарды кайрадан көбөйтүп, бейиштей кооз жергебиздин көркүн кайрадан арттырып, жаш муундардын табиятка болгон мамилесин өзгөртүп, мамлекетибизде, анын ичинде Чаткал районунда туризмдин жандануусуна дагы бир шарт түзүү болуп саналат.
Долбоордун уюштуруучулары белгилегендей, Чаткал өрөөнү маралдарды багып, көбөйтүүгө эң ыңгайлуу жер болуп табылган. Бүгүнкү күндө, долбоордун уюштуруучулары тарабынан маралдар багылуучу жерлерди аныктоо боюнча Чаткал райондук жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.