Архив метки: Турат Усубалиев

«Чаарат Заав» ЖАКу менен Чаткал раймамадминистрациясынын ортосунда 2018-жылга «Кызматташтык меморандумуна» кол коюлду

 «Чаарат Заав» ЖАКу (Компания) Чаткал районундагы Чаарат кенинде он жылдан ашык убакыттан бери геологиялык чалгындоо иштерин  жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышта аткарып келет. Район элинин муктаждыктарын эске алып, Компания жылына социалдык көйгөйлөрдү жоюуу максатында райадминистрация менен макулдашып соцпакеттин алкагында каражат бөлүп турат. 23-июлда үстүбүздөгү жылга карата кызматташтык келишимине кол коюлуп, анда социалдык маселелерге жана райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 14 400 000 сом каралды.  чаарат заав урал 1 чааратзаав урал чааратзаавурал 2

«Компания биздин аймактын алыстыгына жана климаттык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу катаал шарттар менен жакындан тааныш болгондуктан дайыма өз жардамын үзбөй келет. Албетте, биз ортобузда орногон өнөктөштүк менен компаниянын социалдык жоопкерчилик принциптерин сакташын баалайбыз, — деп белгиледи Чаткал районунун акими Эшалиев Канжарбек, — Мына, 2018-жылга карата түзүлгөн меморандумдун алкагында дагы бир катар маанилүү иштер аткарылганы турат. Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарындагы жолдорго алфальт төшөлөт, Каныш-Кыя айылында көпүрө курулат. Башка дагы өзгөчө маанидеги социалдык объектилер ремонттолуп, Сумсар айыл өкмөтүнө  кызматтык автоунаа сатылып алынат».чаратзавурал чаратзаавуралл чаратзаавурал чааратзвурал чааратзаавурал 2 чааратзаав урал

Ошондой эле, социалдык пакеттин эсебинен  районго керектүү адистерди даярдоо максатында Чаткалдык студенттерди жогорку окуу жайларда окуусун каржылоо жана медициналык адистерди колдоо улантылат. Учурда тоо-кен жана медициналык багытта билим алган Компаниянын стипендиаттарынын саны 11 студентти түзөт. Жардамга муктаж жарандарга жана коомдук маанидеги иш-чараларга финансылык көмөк көрсөтүү колго алынган- жаштар жактырган спорттук иш-чаралар, наристелер үчүн майрам уюштуруу, ардагерлерге жана оорукчан жарандарга каражат бөлүп, ашууда жолду ачып тазалоо иштерин аткарып турат.

Компаниянын жүргүзгөн ишмердүүгү, албетте, жумушчу орундарын түзүү жана жергиликтүү   адистерди адистерди жумушка алуу менен коштолгон. Учурда алардын жалпы саны 90 адам болсо, анын ичинен45 компаниянын өзүндө иштейт, калганы подрядчик ишканаларга жумушка алынган.   Белгилей кетчү нерсе, учурда чалгындоо алкагында гана жумуш орундар түзүлгөн, алар долбоордун кийинки баскычтарга өнүгүүсү менен дагы эселеп көбөймөкчү.

Андан тышкары, Компания  жергиликтүү ишканаларга колдоо кылып, кызматтарды жана товарларды сатып алат. Чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшү дагы кошумча жумуш орундарын түзөт эмеспи. Жыл башынан бери жергиликтүү ишканалар электр чубалгыларын долбоорлоо жана орнотуу иштерине, жеке ишкерлер жүк  ташуу жана кендин үлгүлөрүн лабораторияларга жеткирүү, керн сактоочу ящиктерди жасоого, эт азыктары менен камсыз кылууга тартылган. Жарым жыл ичинде бардык жергиликтүү сатып алуулардын суммасы 4 000 000 сомдун тегерегинде болгон.

«Биз үчүн Чаткал элинин жашоо шартындагы болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жана аймактын өнүгүшүнө түздөн-түз катыштыгыбыз бар экени абдан маанилүү. Баарыбыз жылдан жылга  райондогу инфраструктуранын жакшыруусуна күбөбүз —  жолдорго асфальт төшөлүп, көпүрө, спортзал курулду, мектеп жана ФАПтардын имараттары капиталдык ремонт болду. Бизди өзгөчө кубандырган нерсе, бул Компаниянын кечеги эле стипендиаттары бүгүнкү күндө Чаараттын эмгек жамаатынын курамында иштеп жатканы. «Чаарат» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылуусу, албетте, мындан ары дагы Чаткал районунун социалдык-эконмикалык өнүгүшүнө түрткү берип, мамлекеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана компаниянын ортосундагы узак мөөнөттөгү өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенебиз,- деп билдирди «Чаарат Заав» ЖАКунун генералдык директорунун орун басары Турат Усубалиев.

«Чаарат ЗААВ» компаниясынын пресс кызматы

Коомдук угуу болду

Май айынын он бешинде район борбору Каныш-Кыя айылында район аймагындагы жер алдындагы кендерди чалгындоо жана казуу иштерин жүргүзгөн “Вертекс Голд Компани”, “Консолитед Аурум”, “Кичи Чаарат”, “Чаарат ЗААВ” жана “Ет Гео” фирмаларынын жетекчилери, өкулдөрү жана район калкы катышкан коомдук угуу болду.

Коомдук угууда алгач, өткөн 2016-жыл ичинде  фирмалар тарабынан районго берилген жардамдар тууралуу даярдалган слайд шоу көрсөтүлдү. Андан соң, район акиминин орун басары Жуманалы Накетаев фирмалар тарабынан районго берилген жардамдар тууралуу кеңири маалымат берди.коомдук угуу IMG_20170515_112032коомдук угуу IMG_20170515_112100турат чаарат IMG_20170515_143402IMG_20170515_135001коомдук угуу IMG_20170515_111549

Коомдук угуунун катышуучулары берилген маалыматта айтылган айрым маселелер боюнча суроолорду беришти. Ө. Токтогулов фирмалар тарабынан медициналык жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттердин окуудагы жетишкендиктерине жана кайсы багыттагы кесипте окуп жаткандыгына кызыгып, бул маселени текшерип коюу керектигин сунуштады. Район акими К. Эшалиев   сунуш эске алынаарын айтып, 3-4 жылдай мурда чаткалдык улан-кыздарды геологиялык кесиптерге окутушуп баштап, азыр медициналык кесиптерге гана окутушуп жаткандыгын белгилеп, мунун себеби, геолог кесибин алгандар өздөрү үчүн гана иштешсе, медициналык кесипке ээ болгондор жалпы калкка кызмат кылышаарын белгиледи. Уул-кыздарын фирмалар тарабынан медициналык окуу жайларда окутуп жаткан ата-энелер аларды жакшы окууга үндөө керектигин айтты. Ал эми, Ж. Накетаев студенттердин окуудагы жетишкендиктери тууралуу окуу жайлардын жетекчиликтери аркылуу билип, эгер студент начар окуп жатса, анда фирмалар аркылуу алардын окууларын каржылоону токтотууга  чейин баруу керектигин кошумчалап, мындай терс кадамга барбоо үчүн, студенттер жакшы окуулары керектигин айтты.

Андан соң, алгач сөз алган Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылында иштеп жаткан “Ет Гео” фирмасынын өкүлү Замирбек Сейталиев жергиликтүү калктын суроо-талаптарын аткарууга даяр экендиктерин айтып, кыш мезгилинде Чаткал айыл аймагына жүз миң сом акчалай жана мындан сырткары техника жаатында жардам беришкендигин билдирди. Мындан сырткары, Ак-Таш айылынын Маданият участкасына курулчу көпүрөгө жардам катары беш миллион сом акча каражатын беришээрин билдирди.

Катышуучулар З. Сейталиевден фирмага дагы канча жумушчу алышаары тууралуу суроолорду узатышып, так жооп беришин талап кылышты. З. Сейталиев фирмага керектүү техникалар эми келээрин, алар келген соң, канча жумушчу керектелээри билинээрин айтты.

“Консолитед Аурум” фирмасынын өкүлү Тынчтыкбек Абдырахманов Чандалаш айылындагы “Ботобай Шерматов” атындагы башталгыч мектепке компьютер алып беришкендигин, Орусияда иштеп жүрүп, кырсыкка кабылган Э. Шайбековго элүү миң сом акчалай жардам беришкендигин, тактап айтканда, Чаткал айыл аймагына колдон келген жардамдарын берип келаткандыгын билдирип, былтыр Жаңы-Базар айылына жетимиш беш орундуу бала бакча куруу иштерин колго алышкандыктарын жана быйыл курулуш иштерин улантып, бакчанын имаратын толук бүтүрө албаса да, дубалын тургузуп, чатырын жаап беришээрин билдирди.

“Вертекс Голд Компани” фирмасынын өкүлү Раатбек Ниязалиев өткөн 2016-жыл ичинде фирма 9 млн. сом акча каражатын жана 5 тонна күйүүчү май жардам катары беришкендигин, ал эми, быйыл да 9 млн. сом акчалай жардам жана ар кандай жагдайларда жардам катары районго дагы бир млн. сом беришээрин билдирди.  Ал мындан сырткары, фирмада иштеген чаткалдыктардын саны кырк экини түзөөрүн, быйыл бул санды элүү бешке жеткиришээрин айтты.

Катышуучулар Р. Ниязалиевден фирмага чаткалдыктардан көбүрөөк алуусун талап кылышып, буга кошо эле, фирмада иштегендердин иштөө шарты начар экендигин, айлык маяналарынын аздыгын жана кечиктирилип берилишин, жумуштарды бөлүштүрүүдө башка жактан келген жумушчуларга салыштырмалуу теңсиздик бар экендигин айтышып, анын айткандарына кескин нааразылыктарын билдиришти.

“Кичи Чаарат” фирмасынын өкүлдөрү Кубанычбек Орозбаев менен Рахия Өнөрбаевалар аталган фирманын районго берген жардамдары тууралуу маалымат беришти. Бул фирманын өкүлдөрүнө да катышуучулар тарабынан нааразылыктар көп болду. Мында негизинен, катышуучулар фирманын жетекчилиги коомдук угууга өзу келбей, өкүлдөрүн жөнөтүп койгондуктарына нааразы болушту. К. Орозбаев  фирманын директору Ван Зун ооруп, борборго кеткендигин билдирип, ага ылайык, фирманын бир топ тармак боюнча кызматкерлери коомдук угуунун катышуучуларынын суроо-талаптарын угууга келгендигин билдирди. Ал эми, коомдук угууга келген Курулуш айылынын тургундары “Кичи Чаарат” фирмасынын жетекчилиги Курулуш айылына спорттук зал куруп берүүгө убада берип, бирок, эми ал убадасын негедир “унутуп” жаткандыгына кескин нааразылыгын билдиришти. К. Орозбаев быйыл фирма районго 8 млн сом акчалай жардам берээрин айтып, спорттук зал куруу маселеси боюнча боюнча жетекчиликке жеткирээрин билдирди.

“Чаарат ЗААВ” фирмасынын өкүлү Туратбек Усубалиев быйыл фирма районго 10 млн сом жардам берээрин маалымдады. Ал буга кошумча, Кара-Буура унаа жолун кардан тазалоого 200 миң акчалай жардам беришкендигин билдирди. Анын маалымдашынча,  фирмада жалпы 79 жумушчунун 31 и чаткалдыктар.  Катышуучулар тарабынан –Былтыр Каныш-Кыя айыл аймагына кызматтык автоунаа алып берген элеңиздер, быйыл Чаткал айыл аймагына да кызматтык автоунаа алып бере аласыздарбы?-деген суроосуна –Алып беребиз-деп жооп берди.

Коомдук угуунун соңунда, катышуучулар айтылган суроо-талаптар кыйшаюусуз аткарылуусу тийиш экендигин жана коомдук угууларга мүмкүн болсо фирмалардын өкулдөрү эмес, жетекчилери келүүсү тийиш экендигин баса белгилешти.

Район акими Канжарбек Эшалиев фирма өкүлдөрүнөн жергиликтүү калк менен иштөөдө мүмкүн болсо калктын суроо-талаптарына терең  маани берип, калкка өз ара түшүнүшүү менен мамиле жасоо керектигин белгиледи.

М. Эшназаров