Архив метки: тоют

Тоют коопсуздугун камсыздоо максатында

Быйыл Чаткал айыл аймагына АРИС программасынын колдоосу менен 2 даана МТЗ-82 трактору, 2 даана чөп таңгактоочу, 2 даана соко жана 2 даана чөп чапкыч алынып берилмекчи. Бул тууралуу АРИС программасынын райондогу өкүлү Майсалбек Молдалиев билдирди.

Ал эми, Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков билдиргендей, айыл аймакта айыл чарба техникаларынын санын көбөйтүү менен бирге эле, тоют даярдоо аянттарын да кеңейтип, айыл аймак калкынын төрт түлүк малынын тоют жетишсиздигин жоюу максатында тоют сактоочу чоң көлөмдөгү кампаларды куруп, 6-7 миң даанага чейинки ар кандай тоют чөп таңгактарын сактоо максат кылынууда. –Бул максаттарыбызды ишке ашырууга жыл аракеттенип, алга жылып келатабыз. Жакынкы 1-2 жыл аралыгында ишке ашырабыз деп турабыз-дейт Б. Исабеков.

М.Эшназаров

Тоютту сактоодо өрткө жол бербейли

Урматтуу жердештер, учурда төрт түлүк мал үчүн тоют камдоодо, өрт коопсуздук эрежелерине токтолуп кетмекчибиз.

Эң оболу чөп, саман, пакал  ж.б.у.с. Тоюттарды үйлөрдөн, сарайлардан, чаркаптардан 30-40 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштыруу жана алардын айланасын жакшылап тосуу талапка ылайык. Тоютту ж.б. тез күйүп кетүүчү заттарды үйлөрдөн жана сарайлардын чатырында сактоо опурталдуу. Себеби кокусунан имараттын чатырынан өрт чыгып калса, жогорудагы аты аталган заттар өрттүн тез күйүп кетүүсүнө өбөлгө түзөт да, аны өчүрүү бир топ татаалдашат.  Тоютту аба аркылуу өтүүчү электр линияларынын астына жана жолдордун боюна жыюу да өрт коопсуздугунун эрежелерине дал келбегенин эстете кетмекчибиз.

Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе, тандыр, очок, ж.б.у.с. ачык жалынды колдонуу менен байланышкан курулмалардан тоют жыйылган жерден  аралыгы 40 метрден кем эмес болуусу талап кылынат. Күл төгүү үчүн да атайын чуңкур казылып, ал да тоют жыйылган жерден мүмкүн болушунча алыс болуусу зарыл. Мындан сырткары, жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана алардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө керек.

Ар бир үй өрт өчүргүч шаймандар жана сууну запасы менен камсыз кылынышы зарыл. Себеби, бул  кокусунан өрт чыгып калса, өрт өчүрүүчү бөлүмчө келгиче, өрттүн тез күч алып кетүүсүнүн алдын алат.

Өрт чыкса «101» телефонуна чалыңыздар. Эстетип кетебиз , уюлдук  телефондон  101ге чалуу акысыз.

Урматтуу  жердештер, өрттүн алдын алуу өз колубузда. Бул үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактасак тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

 

А. Жумабаев, Чаткал райондук  ӨКМКБнүн  инспектору, улук  лейтенант