Архив метки: токой

Жер көчкүсүнүн алдын алуу максатында

Район акими Канжарбек Эшалиев Айгыр-Жал айылынын Карасуу участкасындагы мазардын жыл сайын аздап сүрүлүп, көчүп жаткан тарабын токтотуу үчүн, ал жерге Чаткал токой чарбасынан терек көчөттөрүн алып тигүү сунушун айтты жана буга кошумча, аталган жумушту аткарган жумушчулардын эмгек акысын БУУнун “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы” аркылуу азык-түлүк катары бердирүү жагына жардам берээрин билдирди. Бул тууралуу Айгыр-Жал айылындагы элдик жыйында аталган мазардын алды жагы көчүп, чоң жер көчкүгө айланып кетсе, айыл тургундарына чоң коркунуч жаралаары сөз болгон эле.

Чаткал токой чарбасында көчөттөр сатылууда

2016-жылдын 17-июнунда КР. Өкмөтүнүн «Жашыл долбоор» долбоору жарыяланып, анын алкагында жыл сайын республика боюнча жашылдандыруу, көрктөндүрүү иш чаралары массалык турдө турмушка ашырылып келүүдө. Буга кошо, жыл башында КР Өкмөтү тарабынан республикадагы шаарлардын жана калктуу конуштардын инфратүзүмүн, санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча «Таза жашоо» урааны алдында 1-марттан 31-майга чейинки мезгилди камтылган үч айлык жарыяланган. IMG-20180404-WA0022IMG-20180404-WA0025 IMG-20180404-WA0033

Азыркы кезде Чаткал токой  чарбасында жогорудагы программалардын алкагында бир топ иштер алып барылууда. Атай кетсек, экме токойлорду көбөйтүү максатында 5 га жерге эки миң даана алма көчөтүн отургузуу пландалууда. Мындан сырткары, өткөн жылдары эгилген 30 га экме токойду калыбына келтирүү максатында кошумча көчөттөр тигилмекчи.

Мындан сырткары, токой чарбасында өндүрүлгөн  мекемелерге жана жеке жарандарга алма, өрүк, кара өрүк, роза гүлү, карагай жана кызыл карагайдын көчөттөрү сатылууда. -Көчөт алууну каалагандар интернет портал аркылуу сатып алуулары тийиш-дейт токой чарбасынын токой чарба жана көчөт өстүрүү инженери Абдыракман Байдөөлөтов

М. Эшназаров

Бүткүл дүйнөлүк токой күнүнө карата сынак болду

Өткөн жуманын соңунда 20-март-Бүткүл дүйнөлүк токой күнүнө карата Чаткал райондук токой чарбасы тарабынан Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин окуучуларынын арасында сүрөт сынагы жарыяланган эле.

Бүгүн аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр Чаткал райондук токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Атап айтканда, 1-орунга 5-в классынын окуучусу Эргешов Бектемир ээ болуп, 200 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 2-орун 5-в классынын окуучусу Чалкарбек уулу Жумадилге берилип, 100 сом акчалай сыйлык берилди. 3-орун жана 100 сом акчалай сыйлык 5-в классынын окуучусу Акжолова Акзыйнатка ыйгарылды.  Ал эми, 27 окуучу 50 сомдон кызыктыруучу сыйлыктардын ээлеринен болушту.

Сынакка жалпы отуз окуучу катышты.

Сыйлык тапшыруу аземинин соңунда райондук токой чарбасынын башкы адиси Арстанбек Карашов окуучуларга ийгилик каалап, ушундай иш чараларга активдүү катышууга чакырды.

М. Эшназаров

70 жылдык мааракени утурлап…

Быйыл күзүндө өтчү КР. токой чарбасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык маарекесине карата Чаткал райондук токой чарбасында кызуу даярдыктар жүрүүдө. 20170623_11151120170623_112142Тактап айтканда, мекеменин имаратынын айланасы темир тосмолонуп, ичине чакан бакча тигилүүдө. Бул тууралуу токой чарбасынын директору Курманалы Анарбаев билдирди. Ал мындан сырткары, токой чарбага кампа курулуп жаткандыгын да маалымдады.

М. Эшназаров

Чаткал токой чарбасында өрткө каршы машыгуу болду

Май айынын 26 сында Чаткал токой чарбасы тарабынан Кайың— Суу токой бөлүмүндө өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында машыгуу жана практикалык окуу өткөрүлдү.

Машыгуу учурунда чакан аянтка кургак бутактар үйүлүп, ага атайы  от коюлду. Андан соң, токойчулар керектүү өрт өчүрүүчү шаймандарынын жардамы менен атайы өрт коюлган аянтчага суу ташышып, өрттү өчүрүшүп, өрттүн жылып бараткан жолун соко чиркелген трактордун жардамы менен айдашып, өрттүн андан ары улануусунун алдын алууну үйрөнүштү.IMG_20170601_212452 IMG_20170601_212342 IMG_20170601_212403 IMG_20170601_212259

Машыгуунун жүрүшүндө,  өрт чыккан кезде кандай зарыл аракеттерди көрүү керектигин иш жүзүндө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Машыгуу иш чарасына КР. ӨКМнин райондогу кызматкери, улук лейтенант Алтынбек Сулайманов, райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башчысы, капитан Ильясбек Кубатбеков катышты.

Эскерте кетсек, машыгуу иш чарасы КР. Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жалал— Абад аймактык башкармалыгынын 2017-жылдын 22-мартындагы № 01-11/19, раймамадмиистрациянын №8077, Чаткал токой чарбасынын №04-2/8 буйруктарынын негизинде өткөрүлдү.

Кошумчалай кетчү нерсе, токойлордо өрт кырсыгы болгон учурда биргелешип аракеттенүү боюнча КР.ӨКМнин райондогу өкүлчүлүгү, Чаткал токой чарбасы, Каныш— Кыя, Чаткал жана Терек— Сай айыл аймактары ортосунда макулдашылган. Бул тууралуу Чаткал токой чарбасынын директору Курманалы Анарбеков билдирди.

М. Эшназаров