Архив метки: «Терек-Сай Жаштары»

Миллиондор иштетилүүдө

асфальттоо иштери

Терек-Сай  айыл аймагында ”Терек-Сай Жаштары” ЖЧКсынан 18миллион сом каражат которулуп, бул акча аймактагы социалдык обьектилерди курууга, ремонттоого, керектүү инвентарларды алууга бөлүнгөндүгүн кабарлаганбыз.Бул иш бүгүн да уланууда.Тактап айтканда айыл өкмөткө 280000  сомго эмеректер сатып алынса, эби-сыны кетип калгандай эле, эми 300000 сом которулуп, ичи-тышы ремонттолуп көргөндүн көз жоосун алып калды. Ал эми Кызыл-Токой айылдык маданият үйүнүн курулушун бүткөрүүгө 2129400 сом каражат бөлүнүп учурда курулуш аяктоо алдында турат.Ошондой эле 165750 сомго Терек-Сай ФТБсына пластикалык терезелер коюлду. Ай-Нуру балдар бакчасын ремонттоого 20000 сом каражат жумшалса, Камчыбеков атындагы орто мектебинде 50 миң сомдук ремонт иштери жүргүзүлдү. Аймактагы 2 айылга телевышкалар орнотулса, Кызыл-Токой, Горняк-2, Эшалы болуш, Мырзабаев көчөлөрүнө ажаатканалар курулду. Айтор айыл аймактын социалдык обьектилери күн санап жаңыланууда. Бир гана айылдык мечиттин айланасын тосуу жана ремонтто үчүн каралган 300 миң сом акча айрым статьяларга туура келбегендиги үчүн башка тармакка которулду.

Т.Темиралиев «Чаткал оттору»

“Терек-Сай жаштары” айыл аймакка бир топ демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүүдө

мамбеткулов уланбек терексай жаштарыIMG_3846 (2) у мамбеткулов терексай жаштары

Чаткал өрөөнүнүн жер алдындагы кен байлыктарын чалгындоо, өндүрүү иштери ар кайсы жактан келген фирмалар тарабынан жүргүзүлүп келаткандыгы маалым. Булардын ичинде көбү чет элдик фирмалар болсо, айрымдары атамекендик фирмалар болуп эсептелет. Муну айтайын дегеним, жер алдындагы кендерди өндүрүүдө жергиликтүү жарандар да өз алдынча фирма ачып, чет элдик фирмалардан кем калышпай, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздай башташкандыгы кимди болсо кубандырат. Булардын бири “Терек-Сай жаштары” фирмасы.

Бул фирма аты айтылып тургандай, Терек-Сайдын тургуну, азыркы учурда аталган фирманын аткаруучу директору Уланбек Мамбеткулов тарабынан түзулгөн. Ал эми, фирманын башкы директору Искендер Таиров.

“Терек-Сай жаштары” фирмасы өткөн жылы Терек-Сайдагы сурьма кенин аукциондон утуп алгандыгы көпчүлүккө белгилүү. Бүгүнкү күндө, фирма утуп алган сурьма кенинде иш баштала элек, тактап айтканда, кенди керектүү өндүрүүгө шарттар түзүлүүдө.

Азыркы кезде фирмада толук кандуу жумуш баштала элек болсо да, Терек-Сай айыл аймагынын жаштарынан он эки тургун жумуш мене камсыз болуп, баары күзөтчүлүк жумушта иштешүүдө. Антсе да, фирма тарабынан Терек-Сай айыл аймагына бир топ социалдык жардамдарды берилип келаткан кези. Атап айтсак, Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарынын жаштарына фирма тарабынан жалпысы сексен беш миң сомдук стол тенниси, воллейбол жана баскетбол оюндарынын керектүү спорттук шаймандары алынып берилген. Ал эми, мындан сырткары, өтүп бараткан жылдын биринчи жарымында, аукциондон утуп алган фирма катары мыйзамга ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын бюджетине 17 млн. сомдон ашуун акча каражатын которуп беришип, айыл аймактын бир топ социалдык көйгөйлөрүнүн чечилишине зор салым кошо алышты.

-кенди өндүрүүгө толук кандуу жумуштар эмки жылдан башталмакчы. Ага чейин деле Терек-Сай айыл аймагына ар тараптуу колдоолорду көрсөтө бермекчибиз-дейт фирманын аткаруучу директору Уланбек Мамбеткулов.

Уланбек Мамбеткулов өзү да өздүк каражатынын эсебинен айыл аймакка демөөрчүлүк көрсөтүп келаткандыгын билдирди. Анын билдиришинче, быйылкы 31-август-КР. Эгемендүүлүк майрамына карата айыл аймакка 10 миң сом берген. Ал эми, быйылкы жаңы окуу жылында Чымканаев орто мектебине 40 миң сомдук демөөрчүлүк көрсөткөн. Мындан сырткары, фирмада иштеп жаткан жаштарга воллейбол оюнуна спорттук кийимдерди алып берген.

Сөз соңунда, “Терек-Сай жаштары” сыяктуу жергиликтүү фирмалардын саны мындан ары да артып, чет элдик фирмалар менен теңтайлаша иштеп, мыйзамды түшүнө билген, элге да, жерге да бирдей маданияттуу жана сарамжалдуу мамиле жасаган жергиликтүү фирмалар көбөйө берсин демекчибиз.

М. Эшназаров

“Терек-Сай Жаштары” айыл аймакка 17 млн. 716200 сом берди

SAM_0227

Өткөн жылы Терек-Сай айыл аймагындагы сурьма кенин иштетүү боюнча аукцион өткөрүлүп, анда “Терек-Сай Жаштары” ЖЧКсы утуп алган эле. Аукциондон утуп алган ишкана катары мыйзамга ылайык, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн эсебине акча каражатын төгүп бермекчи болгон. Жакында тактап айтканда, июнь айында “Терек-Сай Жаштары” ЖЧКсы айыл өкмөттүн эсебине 17 млн. 716200 сом акча каражатын которуп берди.

Терек-Сай айыл кеңеши кезектеги сессиясында карап, аталган каражатты айыл аймактагы зарыл маселелерди чечүү боюнча бөлүштүрүп берди.

М. Эшназаров