Архив метки: Терек-Сай айыл аймагы

Миллиондор иштетилүүдө

асфальттоо иштери

Терек-Сай  айыл аймагында ”Терек-Сай Жаштары” ЖЧКсынан 18миллион сом каражат которулуп, бул акча аймактагы социалдык обьектилерди курууга, ремонттоого, керектүү инвентарларды алууга бөлүнгөндүгүн кабарлаганбыз.Бул иш бүгүн да уланууда.Тактап айтканда айыл өкмөткө 280000  сомго эмеректер сатып алынса, эби-сыны кетип калгандай эле, эми 300000 сом которулуп, ичи-тышы ремонттолуп көргөндүн көз жоосун алып калды. Ал эми Кызыл-Токой айылдык маданият үйүнүн курулушун бүткөрүүгө 2129400 сом каражат бөлүнүп учурда курулуш аяктоо алдында турат.Ошондой эле 165750 сомго Терек-Сай ФТБсына пластикалык терезелер коюлду. Ай-Нуру балдар бакчасын ремонттоого 20000 сом каражат жумшалса, Камчыбеков атындагы орто мектебинде 50 миң сомдук ремонт иштери жүргүзүлдү. Аймактагы 2 айылга телевышкалар орнотулса, Кызыл-Токой, Горняк-2, Эшалы болуш, Мырзабаев көчөлөрүнө ажаатканалар курулду. Айтор айыл аймактын социалдык обьектилери күн санап жаңыланууда. Бир гана айылдык мечиттин айланасын тосуу жана ремонтто үчүн каралган 300 миң сом акча айрым статьяларга туура келбегендиги үчүн башка тармакка которулду.

Т.Темиралиев «Чаткал оттору»

кулактандыруу!!!

 

Терек-Сай  айыл  аймагы 1 (бир орун)  адис административдик  мамлекеттик  кызмат орунга конкурс  жарыялайт.

Адис  административдик  кызмат  орунуна  төмөнкүдөй квалификациялык  талаптар  белгиленет:

  1. Кесиптик билим  деңгээли:
  • Муниципалдык кызмат орундарынын  профили боюнча кайра даярдоодон  өтүү менен  орто  билим.
  1. Иш стажы  жана тажрыйбасы:
  • Стажына талап   коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү  билүүсү  керек:

  • Жалпы Мыйзамдарды, о. э. тиешелүү  тармактагы  мыйзамдарды;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн  зарыл  болгон  көлөмдө мамлекеттик  жана  расмий  тилдерди  билүүсү;

Көндүмдөр:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын  сапаттуу аткаруу;
  • Кызматтык милдеттерине ылайык  өзүнүн  ишин  натыйжалуу  пландоо;
  • Жарандардын кайрылууларын  карап чыгуу  жана  ал боюнча  жоопторду даярдоо;
  • Мамлекеттик жана расмий  тилдерде  ишкердик  кат  алышуу;
  • Командада иштөө.

Ыктуулук:

  • Мыйзамдар жана  башка ченемдик  укуктук  актылар  менен иштөө  жана  аларды  иш жүзүндө  колдонуу.
  • Компьютердик жана   уюштуруу  техникасын,  зарыл  болгон программалык  продукттарды  колдоно  билүү

Талап  кылынуучу  документтер:

  • Арыз
  • Өздүк баракча
  • 3 х 4 өлчөмүндөгү  2 даана  сүрөт
  • Паспорттун же өздүгүн  күбөлөндүргөн  башка  документтердин көчүрмөсү
  • Жогорку же  атайын  орто билим  жөнүндөгү  дипломдун көчүрмөсү

(күбөлүк, сертификат ж.б. документтердин  көчүрмөлөрү.

  • Эмгек  китепчесинен  көчүрмө
  • Резюме
  • Өмүр баян

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  массалык  маалымат каражаттарына  жарыялангандан  кийин  эки  жуманын ичинде  төмөнкү  дарек боюнча  жүргүзүлөт.

Дареги :   Чаткал  району  Терек-Сай   айыл  аймагы

                  Байланыш  телефону:   (37-49)  6-01-97

Квалификациялык  талаптарга  жооп берген  талапкерлерге  конкурс өткөрүлүүчү  күнү  маалымат   берилет.

Жеке пикир: Күнүмдүк тиричилик кымбатпы же…?

SAM_0227

Адамдарга жакшы, жагымдуу мамиле болсо көңүлдөрү көтөрүлүп, шаңына шаң кошулуп, эмгекке болгон көңүлү да көтөрүңкү болот эмеспи. үйдөн чыгып жатып улууну көрсөң ыйбаа кылып, кичүүгө ызаат көрсөтүү бул биздин күнүмдүк, жарандык милдетибиз да. Ал эми мамлекеттин милдети-бул коомду бириктирүү. Бул коом тарабынан кеңири колдоо табууга тийиш.

Бүгүнкү күндө өзгөчө жаштар арасында патриоттук сезим ач кыйкырык, куу сүрөө катары түшүнүлүп, ашкере цивилизациялизмдин  идеяларына буруп жатат. Бул көрүнүш мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптанышына терс натыйжа алып келет. Жаңы рухийликке, айкындуулукка жана бекемделүүгө эмнелер бөгөт болуп жатат?. Менин оюмча коллективизмдин кыйрашы, адамдарды саясий партияларга, үй-бүлөгө, урууга байлап коюучу процесстер, улуттук партиялык күчтөр өздөрүн кубаттуу көрсөтө алышпай жатат. Эл ишенбей калды, кимдин ким экенин өздөрү көрсөтүп коюшту. Патриотимдин чыныгы ресурсу-туулган жерге, маданиятка болгон сүйүү.”Сен патриот бол”, “Элиңди, жериңди сүй” деп мажбурлоо кыйын. Таасир этүү каражаттары менен (үй-бүлө, бала бакча, мектеп, ЖОЖдор, ММК, адабияттар) аркылуу мүмкүн. Мына ушунун натыйжасында жаштар, өспүрүмдөр арасында криминогендик абалдын курчушуна маданият, тарыхка кайдыгер мамиленин өсүшүнө алып келүүдө. Алма сабагын карап өсөт дейт. Легендарлуу патриот личносттордун жаңы образын түзүү менен жүзөгө ашырууга болот.

Ар бирибиз Кыргызстан менен сыймыктанууга, анын өнүгүшүнө салым кошуп, жүрөгүбүздө “биз” деген ураан жанып турбаса, өзүбүздү бактылуу пендемин деп айтууга акыбыз жок.

Тимур Жолдошбеков, Терек-Сай айылы, ардагер мугалим

Сурьма казабыз-деп, үч адам каза болду

сурьма тууралуу 1 сурьма тууралуу 2 сурьма тууралуу 3 сурьма тууралуу 5 сурьма тууралуу 7 сурьма тууралуу 8“Буюкканга жылдыз от” демекчи, жумушсуздуктун айынан аз да болсо каражат таап көртириликти өткөзсөк деп Терек-Сайдагы таштанды шахтыларга кирип сурьма казгандардын аягы тыйылар эмес. Бул жерде бир гана Терек-Сай айыл аймагынын эмес, Ала-Бука районунан келип иштегендер да арбын. Ошондон улам өз алдынча сурьма казгандардын так санын аныктоо кыйын.
Ал тургай күндүзгү жана түнкү сменада иштегендер да бар.
Жакында эле дал ошол сурьмачылардан 3 адам газга ууланып каза болушту. Баары тең кырчындай болгон эр азаматтар экен, аттиң!.. Албетте муну жеткен ажал дечүлөр да болор, бирок Жараткан Алла Таалам деле сактансаң сактайм дейт тура. Тооба дейли, буга чейин деле шахтыда ар түрдүү кырсыктар болуп келген. Бирок, эң өкүнүчтүүсү бүгүнкү сурьма казгандар эч кандай коопсуздук чараларды көрүшпөй эле шахтыларды тытып жүрүшкөнүндө болууда. Жогоркудай кырсыгынан Кудай сактасын деңизчи, а ден соолукка зыяндуулугу канча? Муну менен эсептешкен жан жок. Тек “карайлаган там сүзөт” болуп сурьмачылардын аягы дале тыйылар эмес.
Т.Темиралиев «Чаткал оттору»