2017-жылдын биринчи кварталында Чаткал айыл аймагында жакырчылыктын деңгээли 2,2 пайызга азайып, 50,7 пайызды түздү. Бул тууралуу аталган айыл аймактан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул аралыкта айыл аймагы тарабынан 8 жаранга 50500 сомдук акчалай жардам көрсөтүлгөн.
Ал эми, айыл аймактагы “Темир мал” фондунан 7 жаранга 2 баш уй жана 29 баш эчки берилген.
М. Эшназаров