Архив метки: Талас

Дамира Жумабаева, мугалим:-Академияны таштап, Чакмак-Суу айылына келдим

Ал Бишкектеги бардык шарты бар, ыңгайлуу үйүн таштап, Жалал-Абад  облусунун Чаткал районунун эң алыскы Чакмак-Суу айылына кетти.

“Билим берүү тармагында 38 жылдан бери эмгектенем, орус тилинен сабак берем-дейт мага Дамира Жумабаева-Мектепте, интернатта жана Кыргыз билим берүү академиясында иштеп журдүм. Мен мага муктаж болуп жаткан жерде гана болушум керек. Мени азыр тагдыр мени мурдатан бери Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы чакырып жүргөн айылдык мектепке алып барды. Мында көптөн бери орус тили мугалими тартыш экен. Тилекке каршы, азыр Кыргызстандын бардык тарабында ушундай көрүнүш. “ Түшүнбөйм, эмне үчүн азыр керектүү кадрларды даярдашпайт, эмне үчүн колдон келип турганда жардам бербеш керек?!”,-деп өзүмө суроо койдум да, жолго даярдана баштадым.дамира жумабаева 1 жумабаева дамира 3 жумабаева дамира 1 видеокөзөмөл DSC_0875

Окутуучунун үйүндө бирге турам. Жай келээри менен жеке үй берүүнү убада кылышты. Бүтүндөй бир айыл үчүн бир мончо, бир фельдшер, жолдор начар, дарыкана, спорттук аянтча, маданий эс алууга шарт жок. Бирок, мында укмуштай таза аба,  таңгалаарлык  табигый көрүнүштөр, албетте, бул-бийик тоолуу аймак. Айыл да деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте, Талас облусу менен чектешкен жерде. Чакмак-Суу антсе да жаңыланып баратканы кубандырат. Мында көптөгөн жаш үй бүлөлөр бар. Мындагы адамдар азыркы цивилизациянын “жетишкендиктери”менен бузула элек, булар нагыз: жөнөкөй, ак көңүл, кайрымдуу, пенделик терс сапаттардан оолак,  мээнеткеч, негизинен үй чарбачылыгы жана жумуш менен алек. Алар менен ар кандай иш чараларды бирге өткөрсө болот. Кытайлык алтын казган ишкананын жардамы менен 180 орундуу мектеп курулган. Жаш директор Бакыт бул иште көп аракеттенген. Ар бир класста 8-12 гана окуучу болсо да, алар билим алууга умтулушуп,  ар бир жаңы нерсени өзүнө сиңирип алууга аракеттенишет. Алар сүйкүмдүү жана ишенчээк болушса да, башка тилдерди айтпаганда да, орус тилин эч бир билишпегендиги өкүндүрөт. Мендеги 2-класста эң көп окуучу бар. Анда 22 окуучу, баарысы тең кызыл жүздүү жана көздөрү  жанып турат.

Мен бул жашоодо ар нерсеге майдаланбай, бир бүтүн нерсеге кармалуу керектигин түшүндүм. Айылга өз эркимче жана канааттануу менен, адамдарга жардам берүү үчүн келдим. Адамдар менен көп жылдан бери өзүм топтогон тажрыйбамды бөлушүүнү каалайм. А, мүмкүн, чыныгы жашоо деген дал ушунун өзүдүр? Адамдар айылга кайтып келүүлөрү керек, шаарда деген, же жумуш, же турак жок. Мен кээ бир адамдардын жашоого ылайыктуу жактардан Бишкекке келишип,  жакырчылыкка кептелип жаткандыктарына түшүнбөйм! Өз айылдарына кайтып барып,  фирмаларды, курулуш компанияларын ачуулары керек.  Албетте, бул үчүн жакыш иштеп жана ага ылайык, жергиликтүү айыл өкмөттөр бардык маселелерин чечип берүүлөрү керек. А жер, таза, тунук аба жана суу-биздин башкы байлыгыбыз эмеспи?! Кыргыз ишкерлери, Өкмөтүбүз өз жери тууралуу кам көрүшүп,  адамдардын иштеши жана жашашы  үчүн жакшы шарттарды түзсө жакшы болмок. Анан албетте,  алар айылдарга кайтып келишмек.

Даярдаган: Елена Баялинова

Чаткалда 100 гектар төө бурчак эгилди

тоо бурчак талаасы 5Быйыл Талас облусунан келген “Бактал” айыл чарба кооперативи Башкы-Терек айылындагы “Жүз он” участкасына 100 гектарга  төө бурчак эгип, учурда тегиз чыккан маалы. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти. Башкармалыктын кызматкерлеринин билдиришинче, төө бурчактын түшүмү ойдогудай алынса, келерки жылдардан тарта Чаткалда төө бурчак эгүү жайылтылмакчы.

Б. Дилдебаев

Малчылардын майрамы татыктуу белгиленди

Өткөн жуманын ишембисинде Чаткал районунун жайыттарын пайдаланышкан чаткалдык жана таластык малчылардын биргелешкен майрамы болду.IMG_20160723_115928 IMG_20160723_094027 IMG_20160723_120020 IMG_20160723_120715 IMG_20160723_122443 IMG_20160723_121431 IMG_20160723_122537 IMG_20160723_122957 IMG_20160723_124107 IMG_20160723_123823 IMG_20160723_131108 IMG_20160723_130611 IMG_20160723_122136 IMG_20160723_133948 IMG_20160723_145131

Майрамдык маарекеге КР. Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев баштаган облустук, райондук жетекчилер тобу жана Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясынын Ыраакы Чыгыш округундагы консулу Кадырбек Мырзабаев катышты.

Маарекенин жүрүшүндө бир топ таластык жана чаткалдык мал чарба кызматкерлери, дыйкан— фермерлери «Ардак Грамоталар » жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Буга кошо эле, аркан тартыш, эр оодарыш жана улуттук күрөш боюнча мелдештер болуп, жеңүүчүлөр акчалай байгелерге ээ болушту.

Маарекени Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери ыр— күү менен шаңга бөлөштү.

Жыл сайын кезек менен өтчү бул маарекенин каржылык жана уюштуруу жагы быйыл Чаткал району тарабынан камсыздалды.

Белгилей кетсек, быйыл Чаткал жайыттарында Талас облусунан келген 86 короо кой, 4149 баш кара мал жана 2381 баш жылкы багылууда.

М. Эшназаров