Архив метки: таза суу

Кормоцех участкасына таза суу чыгарылат

Айгыр-Жал айылынын Кормоцех участкасына быйыл “Чаткал өнүктүрүү фондунун” эсебинен   таза суу чыгарылат. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы  Нургазы Жолдошев билдирди. Аталган участкага таза сууга чыгарууга былтыр аракет көрүлүп, аягына чыкпай калган.

Учур талап кылган маселелер каралды

2015-жаңы жылдын 9-январында Сумсар айыл өкмөтүнүн коллегиясы болуп өттү.
Коллегиянын күн тартибинде “Таза суу” программасы, Сумсар айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын кышка карата даярдык иштеринин жүрүшү, жылуулук системасынын жүрүшү жана ар кандай маселелер угулуп талкууланды.
Коллегияда “Таза суу” программасы боюнча Сумсар айыл аймагынын кызматкери К.Дербишов, ал эми мекеме-уюмдардын кышка карата даярдык иштеринин жүрүшү, жылуулук системаларынын жүрүшү маселеси боюнча Сумсар айыл аймагынын соц кызматкери К. Курмантаева билдирүү жасашты.
Күн тартибиндеги маселелер угулуп, талкууланып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
Б.Исаков «Чаткал оттору»

Калктын социалдык абалы жакшырууда

Өлкөбүздө калктын социалдык абалын жакшыртуу, таза суу менен камсыз кылуу өңдүү маселелерге өзгөчө көңүл бөлүнүп жаткандыгы жалпыбызга маалым.
Мына ушул багытта Кызыл-Токой айылында кандай иш аракеттер болуп жаткандыгына кызыгып көргөнүбүздө айыл башчы Мирлан Таиралиев мына буларды айтып өттү.
-Айылыбызды аралап чоң суу агып өткөнү менен бизден жогоруда бир нече кен иштеткен фирмалар бар. Алардын иштеткен сууларынын саркындылары агып сууга түшүп, ошонун натыйжасында биздин көк кашка мөлтүр суубуз ичүүгө жараксыз абалга келип отурат. Мына ушундай шартта калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси келип чыкты. Мына ошондо маселени чечүү максатында кен казган фирмаларга кайрылууга туура келди. Натыйжасы жаман болгон жок. Минтип “саргара жорсоң кызара бөртөсүң” демекчи, Фульгольдмайнинг” компаниясы менен келишим түзүүгө жетиштик. Ошентип өткөн 2014-жылы айылыбызга суу түтүктөрү орнотулуп бүттү. Буга жалпысынан 36 миллион каражат жумшалды. Бирок, кеч күз болуп, күн суук тартып калгандыктан суу түтүктөр ишке түшүрүлгөн жок. Кудай буюруса эрте жазда суу түтүктөрү ишке түшөт.
Калкыбыздын маданий эс алуусу үчүн да жеткиликтүү шарт түзүү зарыл эмеспи. Бул багытта эбак эскилиги жеткен айылдык клубду кайра куруу маселеси келип чыкты. Буга айыл эли өзү демилгечи болуп, каражат чогултуп ишти баштаганбыз. Азыр курулуш иши аяктоо алдында. Курулуш бүтсө, аны эмеректер менен толтуруу маселеси турат.
Жогоркулардан сырткары да айылдык ФАПтын, балдар бакчасынын имараттарын учур талабына ылайык деңгээлде куруу, Агата арыгын салуу өңдүү көйгөйлүү маселелер бар. Бирок, Москва бир күндө курулбагандай эле убакыт сааты келгенде бул көйгөйлөр да чечилет деп ойлоймун.
Ооба десең. Аракетке берекет деген ушул да. Минтип айыл көйгөйлөрү күн санап чечилүүдө. Бул да болсо элдин биримдиги, ынтымагы. Өлкөбүздөгү бардык айылдарга ушундай иштер жүрсө, албетте калктын социалдык маселелери өз убагында чечилери шексиз.
Т.Темиралиев. «Чаткал оттору»