Архив метки: С. Мырзалиев

Бүтүрүүчүлөрдөн айтаарлык жардам

Быйыл май айында район мектептерин жылдагыдай эле, 10,20,30 жана 40 жыл мурда аяктап кеткен инсандар «учкан уясын» көргөнү келишип, мында  өздөрүнүн сагынычтарын таркатуу менен бирге эле, бир топ жардамдарды беришип, мектептерди жана мугалимдерди баалуу белектерге маарытышты.

Алсак, Т. Жаналиев атындагы орто мектебине 40 жылдык жолугушууга келгендер 40 000 сом акчалай, 30 жылдык жолугушууга келгендер 3 кой, 20 жылдык жолугушуу өткөргөндөр 100 000 миң сомдук компьтердик комплект, 10 жылдык өткөргөндөр 40 000 сомдук панель, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү  20 000 сом нак акчалай жардамдарын беришти. Ал эми, С. Байдөөлөтов атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 100 000 сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылышарын убада кылышты. Ошондой эле Терек-Сай орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү  7000 сомдук телевизор, мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү люстра тапшырышты. М. Исмаилов орто мектебинин  20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 20 000 сом акчалай жардам беришсе, быйылкы бүтүрүүчүлөрү мектепке 46 000 сом каражат жумшашып, музей курушуп жатышат. Мындан тышкары, Матишов Эдил мектепке 1000 сом демөөрчүлүк кылды. С. Мырзалиев атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү  25 000 сом,  10 жылдык бүтүрүүчүлөрү 5000 сом акчалай жардамдарын беришти. В. И. Ленин атындагы жатак мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектептин имаратын оңдоп-түзөөгө беришсе,  20 жылдык бүтүрүүчүлөрү  бир интерактивдүү доска,  30 жылдык бүтүрүүчүлөр 30 000 сом каражатка мектеп имаратын ондоп-түзөөгө жардам беришкен. Ал эми жатак мектебинин мурдагы бүтүрүүчүсү Асылбек Муратбеков 70 000 сомдук демөөрчүлүк кылды. А. Баймырзаев атындагы орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү теннис столун, 20 000 сомго дарбаза коюп беришти. Ал эми, мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү тумба күзгү тапшырышты. Ж. Ташкеев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү мектепке 13 000 сомдук проектор  белек кылышты.

Б. Дилдебаев

Айтургандын жетишкендиктери баарыбызды кубандырат

мелисбаева айтурган 2   мелисбаева айтурган 3

Быйылкы окуу жылы Курулуш айылындагы С. Мырзалиев орто мектебинин 9-классынын окуучусу Мелисбаева Айтурган үчүн жемиштүү  жылдардан болду. Буга албетте, Айтургандын окууга ыр-бийге болуп ынтызарлыгы себеп болуп, анын аркасы менен көптөгөн ийгиликтерди багындыра алды. Ал буга чейин райондогу мектептер арасындагы “Аялуу жан сыры адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” аттуу кароо-сынакта Айтурган  белгилүү акын Э. Ибраевдин  “ Улут болсом,тилим менен улутмун”деген ырын ийнине жеткире көркөм окуп, 1-орунду багындырып,  кароо-сынактын облусттук туруна жолдомо алган эле.

 

Айтурган  облустук кароо-сынакка катышып, анда да ийгилик жаратып, район, шаарлардан барган катышуучулардын арасынан өзүнүн таланты менен алдыга суурулуп чыгып, 3-орундун ээси болуп кайтты. Анын бул жеңиши Чаткал районуна да бир топ аброй алып келе алды десек жаңылышпайбыз.

Айтурган Мелимелисбаева айтурган 5сбаева мектеп турмушунмелисбаева айтурган 4да да ар дайым активдүү болуп, көп сынактарга катышып, багындырып келатат. Алсак, быйыл өзү окуган  С.Мырзалиев орто мектебинде болуп өткөн “Жаз периси 2015” сынагында 1-орунду ээлеген. Мындан башка да бир топ жетишкендиктери бар. Айтургандын  окуудагы жана жалпы эле мектеп турмушундагы  ийгиликтерин эске алып, быйылкы окуу жылында мектеп администрациясы Айтурган Мелисбаевага С.Мырзалиев атындагы 1000 сом өлчөмүндөгү стипендиясын тапшырып, “Жылдын мыкты окуучусу-2015”  наамы менен сыйлашты. Айтурган мындан да зор ийгиликтерди жаратаарына окуткан мугалимдери жана ата-энеси, классташтары ишеним көрсөтүшүп, аны менен сыймыктанып келишет.

С. Субанова

Мектеп чатырын алмаштырууга райондук жетекчилик каражат таап бермекчи

С. Мырзалиев орто мектеби МЕРСИКО

Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылындагы С. Мырзалиев орто мектебинин чатырынын эскилиги жетип, жаан-чачын учурунда мектептин ичине суу өтүп, ичиндеги керектүү кагаздар, эмеректер жараксыз болууда. Бул тууралуу мектеп директору Айнура Өскөнбаева жакында Курулуш айылында өткөн элдик жыйында билдирүү менен, район акими Канжарбек Эшалиевден бул көйгөйлүү маселени чечүүгө жардам сурады. Анын билдиришнче, мектеп чатырын жаңылоого 1 млн. 250 миң сом акча каражаты кетээри эсептелип чыккан.

Район акими каражат таап, бул маселени чечүүгө жардам берүүнү убада кылды.

М. Эшназаров