Архив метки: С. Байдөөлөтов

Мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Май айынын жыйырма үчүндө Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде аталган мектепке көмөкчү чарба уюштуруу максатында «Жан балам, жашоодогу даңазам сен, Мекендин сүйгөн уулу болсоң эле» аттуу марафон өттү.

Марафонго район акиминин орун басары Жуманалы Накетаев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, ата-энелер жана айыл тургундары катышты.14639853925151463985271712IMG_20160523_121018 IMG_20160523_121012 1463984657189

146398587667014639856180851463984841614Марафондун жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов, райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Дүйшөнбек Чыналиев, райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Адилбек Эшикулов, айылдык кеңештин депутаты Абдыракман Байдөөлөтов,  ата-энелердин атынан Санжар Эгембердиевдер сөз сүйлөшүп,өз салымдарын кошушту.

Марафон мектеп окуучуларынын ыр, бийлери менен коштолду.1463986282798

Марафон жыйынтыкталып, соңунда жыйырма сегиз баш козу, эки баш кой, жалпы отуз баш майда жандык мектептин көмөкчү чарбасы үчүн берилгени маалым болду.

Эскерте кетсек, буга чейин мектептин көмөкчү чарбасы ар кандай себептерден улам бир нече жыл мурда токтоп калган. Быйыл минтип, мектеп жетекчилигин демилгеси менен кайрадан уюшулду.

М. Эшназаров

 

Жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөрдөн төшөлмө килем


Май айынын он экисинде Чаткал районунун С. Байдөөлөтов орто мектебин мындан жыйырма жыл мурда бүтүргөн бүтүрүүчүлөр аталган мектепке жетимиш беш метр узундуктагы төшөлмө килем тапшырышты.IMG_20160512_103358 IMG_20160512_103516 IMG_20160512_103452 IMG_20160512_103339 Килемди алууга элүү миң сом каражат жумшалгандыгын билдирди уюштуруучулардын бири Нургазы Жолдошев. Анын айтымында,мындан сырткары жыйырма жылдыктын алкагында район үчүн бир топ жакшы иштерди жасоо максат кылынууда.

М. Эшназаров

«Бирге үйрөнөлү» аттуу пайдалуу ачык сабак өтүлдү

Өтүп бараткан жуманын шейшембисинде район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде жогоркудай аталышта ачык саат өтүп, окуучулар төрт топко бөлүнүшүп күч сынашты.

1462948278363

14629483463831462948376506 1462948392186 1462948416170 1462948448826

Мында, окуучулар алгач комуздун коштоосунда салам айтуу менен, өз өнөрлөрүн калыстардын сынына коюшту.

Андан соң, окуучулар  ылайык, шаңдуу музыканын астында тапшырмаларды аткарышты.

1462949558797 1462949590686 1462949605018 1462949629437

Топтордун айрымдары салаттардын түрлөрүн жасашып, ага ат коюп, жасаган салаттары тууралуу түшүндүрүп беришти.

1462949866550 1462949880206

1462950018416

Калыстар ар бир эмгекке өз бааларын беришти.

1462950596244 1462950616524 1462950642789

Андан соң топтор кийизден буюм жасоо боюнча да күч сынашты.

1462949866550 1462951295334 1462951316964

1462951714482 1462951735541

1462951834436 1462951867457

Окуучулардын нукура кийизден жасаган буюмдарына калыстар өзгөчө баа беришти.

Таймаштын акыркы тапшырмасы-үй тапшырмасына калыстар тарабынан баа берилген соң, таймаш жыйынтыкталды.

Калыстардын чечими менен  1-орун «Алтын ийне» тобуна, 2-орун «Жез оймок»  жана «Чеберлер»топторуна ал эми, 3-орун «Уздар» тобуна ыйгарылып, жеңүүчүлөр 1-2-3-даражадагы Дипломдор менен сыйланышты.

М. Эшназаров

Окуучулар улуттук буюмдар тууралуу кеңири түшүнүк алышты

Май айынын он биринде район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде аталган мектептин сүрөт жана кол эмгеги мугалими Рахат Сейталиева тарабынан «Улуттук буюмдарды жасоо» аттуу темадагы ачык сабак өтүлдү.

14629439160641462943897709146294330015114629432724591462943250290146294318484914629431714881462943117265

Сабак учурунда окуучулар кыргыздын улуттук буюмдарынын аталыштары, жасалуу тарыхы, кантип жана эмнеден жасалышы тууралуу көптөгөн нерселерди биле алышты.

Мугалим Р. Сейталиева окуучуларга кыргыздын улуттук буюмдары тууралуу кеңири түшүнүк берүү менен бирге эле, буюмдардын үлгүлөрүн жасатып, аларга баа берди. Тактап айтканда, окуучулар топторго бөлүнүшүп, буюмдарды жасоо менен, бири бирине баа беришти.

Жыйынтыгында, окуучулардын сабактан алган билимдери тест аркылуу бышыкталды.

М. Эшназаров

Профсоюз төрагалары үчүн семинар өттү

Өтүп бараткан жума соңунда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюмдарынын төрагалары үчүн семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө райББнын профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев профсоюз уюмдарынын төрагаларына Жылдык иш планды кантип түзүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, профсоюз уюмдарынын иш кагаздарын туура толтуруунун жолдорун окутту.

IMG_20160428_104349 IMG_20160428_104419 IMG_20160428_104432 IMG_20160428_104450 IMG_20160428_104525 IMG_20160428_104650

Буга кошо эле, мектептердеги түрткү берүүчү фонддордун каражатын туура, акыйкат бөлүштүрүү, эмгек өргүүсүнө чыгуу тартибин жолго салууда да профсоюз уюмдарынын төрагаларынын ролу зор экендигин билдирди жана профсоюз уюмдарынын төрагалары негизи, мугалимдердин арасынан тандалып алынган лидерлер болоорун, мугалимдердин таламын талашууда, аларга мыйзамдуу жолдорду көрсөтүүдө дайым сабаттуу жана талапчыл болуу керектигин баса белгилеп, профсоюз уюмдарынын төрагалары  сөзсүз эле жетекчиликке талап коюу менен чектелбестен, эмгек жааматын ынтымакка алып келе алган кызматкер болушу керектигин айтты.

Семинардан соң, профсоюз уюмдарынын төрагалары катышкан пленум болду. Бул иш чараларга район боюнча он беш мектептин профсоюз умдарынын төрагалары катышты.

М. Эшназаров

Чаткалдык окуучулар облустук спартакиадада ийгилик жарата алышты

25-27- февралда облус борбору Жалал-Абад шаарында он предметтик сабак боюнча өткөрүлгөн облустук спартакиадага районубуздан жыйырма алдыңкы окуучулар катышып, алардын ону жакшы көрсөткүчтөрдү бере алышты. IMG_4637Атап айтсак, физика сабагы боюнча С. Байдөөлөтов орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айгерим Таалайбекова жана Исмаил уулу Матиш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Сапарбек уулу Алишер  2-орунду камсыз кылышты.

Изображение 4404

англис сабагы боюнча С. Байдөөлөтов орто мектебинин 10-классынын окуучусу  Искенова Мираида 3-орунду ээледи. Химия сабагы боюнча Исмаил уулу Матиш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Абдыкайым уулу Акылбек 3-орунга, география сабагы боюнча ушул эле мектептин  11-классынын окуучусу Алтынбек кызы Саадат 3-орунга, математика сабагынан 10-класстын окуучусу Максыбек кызы Оксана 3-орунга ээ болушту. Кыргыз тили сабагы боюнча  Терек-Сай орто мектебинин 10-классынын окуучусу Рахманбердиев Элисан 3-орунду алды.  IMG_4547

Ал эми, англис тили сабагы боюнча С. Байдөөлөтов орто мектебинин 11-классынын окуучусу Үмүт Темиркулова, химия сабагы боюнча Исмаил уулу Матиш орто мектебинин 10-классынын окуучусу Карим кызы Аймүрөк жана ушул эле мектептин 10-классынын окуучусу Эрнис кызы Таңнуралар 4-орунду камсыздай алгандыктары үчүн “Ардак Грамоталарга ” ээ болушту. Жалпы катышуучулардын арасынан 7 окуучу 2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды.

Өткөн жылга салыштырганда, быйылкы көрсөткүч бир топ жогору болду деп айтса жарашат себеби, өткөн окуу жылында облустук спартакиада райондон барган эки гана окуучу 3-орунду алышкан. Албетте, облус боюнча спартакиадага катышкан 389 окуучунун арасынан жогоркудай көрсөткүчтөргө жетишүү районубуз үчүн көзгө толоорлук көрүнүш экендиги талашсыз.

М. Эшназаров

Тарых жана маданият жылына карата

IMG_4637

Өтүп бараткан жуманын шейшембисинде Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде, аталган мектепте өтүп жаткан он күндүк тарых декадасынын алкагында КР. Президенти тарабынан жарыяланган “2016-жыл-Тарых жана Маданият жылына” карата “Ата-бабаңдын тарыхын билип, урпактарга даңктай жүр” аттуу темада кече болду. Кечеде мектептин 8а- жана 8б-класстарынын окуучулары “Алымбек датка” жана “Тайлак баатыр” деп аталып, эки топко бөлүнүшүп, кыргыз элинин, анын ичинде кичи мекени болгон Чаткал жеринин тарыхы боюнча суроолорго жооп беришип, тарыхый окуяларга байланыштуу сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарышып, өз ара күч сынашты.

Кечеде окуучуларга мамлекетибизде быйыл белгиленчү “Жусуп Баласагынга 1000 жыл”, “Кыргыз Республикасына 25 жыл”, “Кыргыз АССРине 90 жыл”, “Кыргыз ССРине 80 жыл”, “Тайлак баатырга 220 жыл” жана “Алымбек даткага 215 жыл” аттуу мамлекеттик иш чараларга байланыштуу суроолор берилип, алардын тарых жаатындагы билим деңгээли сыналды.

Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарыхый чыгармалардан сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткаруу менен бирге эле, кыргыздын улуттук оюндарын жана бийлерин да көрүүчүлөргө тартуулашты.

Кеченин соңунда, эң көп упай топтогон “Тайлак баатыр” тобу жеңишке ээ болду.

Мектеп директору Ш. Айымбетов өтүп бараткан окуу жылында мындай кеңири алкактагы окуу-тарбиялык иш чаралар дагы көп өтөөрүн билдирди.

М. Эшназаров   

Мектепте зордук-зомбулукка жол жок

IMG_4637             

Мына ушундай аталышта С. Байдөөлөтов орто мектебинде тегерек стол болуп өттү.  Тегерек столго   райондогу билим берүү башчысынын орун басары Р.Мамурбеков, раймамадминистрациянын,  ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ошондой эле, мектеп жааматы катышты. Алгач мектеп окуучулары тарабынан зордук-зомбулукту чагылдырган сахналаштырылган чакан   көрүнүш тартууланып, коноктор ага карата өз ойлорун ортого салышып, окуучулар арасында өткөн жылдагыдай терс көрүнүштөр болбошу үчүн, алдын алуу иш чаралары көрүлүшү керектиги тууралуу айтышты.

Кошумчалай кетсек, райондогу мектептерде Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан  купуя кат куржуну  жайгаштырылган.  Эгерде мектепте кандайдыр бир  терс окуяны байкай алган болсо мектеп жааматы же окуучулар купуя кат куржунуна кат түрүндө калтырса болот.

Бүгүнкү күндө, ата-энелердин турмуш шартка байланыштуу  чет өлкөлөргө иштеп  балдарын тууган урукка же болбосо жакын адамдарга таштап кеткендиги зордук зомбулуктун  көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө десе болот. Ошондой эле мектеп жамаатынын кайдигер мамилесинен улам  улуулар кичүүлөргө зомбулук көрсөткөн  окуялар катталган.

Тегерек столдун соңунда окуучулар  мектеп окуучуларын достукка чакырган ураан менен  жыйынды жыйынтыкташты.

Т. Алмарсбек кызы

Тарыхка байланыштуу кече өттү

саадаканIMG_5622 садаканIMG_5608 садаканIMG_5609 садаканIMG_5610садаканIMG_5612  садаканIMG_5614 садаканIMG_5615 садаканIMG_5623

 

 

Өтүп бараткан жуманын шейшембисинде Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде, аталган мектепте өтүп жаткан тарых декадасынын алкагында КР. Президенти тарабынан жарыяланган “2016-жыл-Тарых жана Маданият жылына” карата “Ата-бабаңдын тарыхын билип, урпактарга даңктай жүр” аттуу темада кече болду. Кечеде аталган мектептин 8а- жана 8б-класстарынын окуучулары “Алымбек датка” жана “Тайлак баатыр” деп аталып, эки топко бөлүнүшүп, кыргыз элинин, анын ичинде кичи мекени болгон Чаткал жеринин тарыхы боюнча суроолорго жооп беришип, тарыхый окуяларга байланыштуу сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарышып, өз ара күч сынашты.

Кечеде окуучуларга мамлекетибизде быйыл белгиленчү “Жусуп Баласагынга 1000 жыл”, “Кыргыз Республикасына 25 жыл”, “Кыргыз АССРине 90 жыл”, “Кыргыз ССРине 80 жыл”, “Тайлак баатырга 220 жыл” жана “Алымбек даткага 215 жыл” аттуу мамлекеттик иш чараларга байланыштуу суроолор берилип, алардын тарых жаатындагы билим деңгээли сыналды.

Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарыхый чыгармалардан сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткаруу менен бирге эле, кыргыздын улуттук оюндарын жана бийлерин да тартуулашты.

Кеченин соңунда, эң көп упай топтогон “Тайлак баатыр” тобу жеңишке ээ болду.

Мектеп директору Ш. Айымбетов өтүп бараткан окуу жылында мындай кеңири алкактагы окуу-тарбиялык иш чаралар көп өтөөрүн билдирди.

М. Эшназаров   

 

Орус тилчи мугалимдер тажрыйба алмашты

 Изображение 4373Изображение 4372Изображение 4382 Изображение 4379Изображение 4385Изображение 4380Изображение 4377Изображение 4376

Өтүп бараткан жумада район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде райондогу орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринин арасында тажрыйба алмашуу иш чарасы болду.

Аталган иш чарага район аймагынан   16 орус тилчи мугалимдер катышып, ачык сааттарды өтүү аркылуу тажрыйба алмашышты.

Ачык сааттардын негизги темасы болуп быйылкы жылдын 9-майында өтчү Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекеси болду. Ага ылайык, мугалимдер Ата-Мекенге болгон сүйүү, согуштагы жана ооруктагы элдин азабы, тынчтыктын барк-баасы тууралуу окуучуларга түшүндүрүп, окуучулар Улуу Ата-Мекендик согушка байланыштуу тарыхый сүрөттөрдөн жасалган слайд шоу, окуучулар тарабынан тартылган сүрөттөр, согушка жана тынчтыкка байланыштуу обондуу жана көркөм ырларды аткарышып, өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтүштү.

Мындан сырткары, мугалимдер өз сабактарында Чаткал районунун алдыда боло турган 80 жылдык маарекесине байланыштуу темаларды да колдонушуп, окуучуларга Чаткал району тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.