Архив метки: сүрөт

Бүткүл дүйнөлүк токой күнүнө карата сынак болду

Өткөн жуманын соңунда 20-март-Бүткүл дүйнөлүк токой күнүнө карата Чаткал райондук токой чарбасы тарабынан Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин окуучуларынын арасында сүрөт сынагы жарыяланган эле.

Бүгүн аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр Чаткал райондук токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Атап айтканда, 1-орунга 5-в классынын окуучусу Эргешов Бектемир ээ болуп, 200 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 2-орун 5-в классынын окуучусу Чалкарбек уулу Жумадилге берилип, 100 сом акчалай сыйлык берилди. 3-орун жана 100 сом акчалай сыйлык 5-в классынын окуучусу Акжолова Акзыйнатка ыйгарылды.  Ал эми, 27 окуучу 50 сомдон кызыктыруучу сыйлыктардын ээлеринен болушту.

Сынакка жалпы отуз окуучу катышты.

Сыйлык тапшыруу аземинин соңунда райондук токой чарбасынын башкы адиси Арстанбек Карашов окуучуларга ийгилик каалап, ушундай иш чараларга активдүү катышууга чакырды.

М. Эшназаров