Архив метки: сынак

Райондук «Жыл мугалими-2018» кароо-сынагы болду

5-6-март күндөрү Айгыр-Жал айылындагы А. Айымбетов атындагы  негизги мектебинде райондук «Жыл мугалими-2018» кароо-сынагы болду. Сынакта Чаткал  районундагы он тогуз мектептин он алтысынан он алты мугалим ат салышты.

Эки күн бою катышуучулар саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу, интерактивдүү усулда сабак өтүү сыяктуу номерлерди аткарышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Соңунда, калыстардын чечими менен Гран Прини А. Баймырзаев орто мектебинин мугалими Гүлзина Бекмуратова жеңип алды. жыл мугалиминде DSC_0007жыл мугалими DSC_0074жыл мугалими DSC_0066жыл мугалими DSC_0055жыл мугалими DSC_0052жыл мугалими DSC_0048жыл муг DSC_0045жыл мугалими DSC_00771-орунду Исмаил уулу Матиш орто мектебинин мугалими Гүлнура Темирова ээледи. 2-орун Т. Жаналиев орто мектебинин мугалими Айнура Абылгазы кызына ыйгарылды. Ал эми, 3-орун эки катышуучуга-С. Мырзалиев орто мектебинин мугалими Зуура Абдубалиева жана Б. Камчыбеков орто мектебинин мугалими Акылай Чотбаевага берилди.

Мындан сырткары, 6 катышуучуга ар кандай номинация, 5 катышуучу «Алкыш» баракчасы тапшырылды

Ал эми, кароо-сынакты уюшкандыкта өткөрүүдө жогорку деңгээлдеги тейлөө көрсөткөн А. Айымбетов орто мектебинин жааматына  райБББ башчысы Тажибай Тынышов «Ыраазылык кат» тапшырды.

Кароо-сынактын уюштуруу ишин колго алган билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев акчалай сыйлык тапшырууда бир да катышуучу көңүл сыртында калбагандыгын билдирди.

М. Эшназаров

Бүткүл дүйнөлүк токой күнүнө карата сынак болду

Өткөн жуманын соңунда 20-март-Бүткүл дүйнөлүк токой күнүнө карата Чаткал райондук токой чарбасы тарабынан Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин окуучуларынын арасында сүрөт сынагы жарыяланган эле.

Бүгүн аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр Чаткал райондук токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Атап айтканда, 1-орунга 5-в классынын окуучусу Эргешов Бектемир ээ болуп, 200 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 2-орун 5-в классынын окуучусу Чалкарбек уулу Жумадилге берилип, 100 сом акчалай сыйлык берилди. 3-орун жана 100 сом акчалай сыйлык 5-в классынын окуучусу Акжолова Акзыйнатка ыйгарылды.  Ал эми, 27 окуучу 50 сомдон кызыктыруучу сыйлыктардын ээлеринен болушту.

Сынакка жалпы отуз окуучу катышты.

Сыйлык тапшыруу аземинин соңунда райондук токой чарбасынын башкы адиси Арстанбек Карашов окуучуларга ийгилик каалап, ушундай иш чараларга активдүү катышууга чакырды.

М. Эшназаров

Жарыя!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

1) адис-1 орун

Квалификациялык талаптар;

Адис:

Кесиптик билими;

жогорку кесиптик билими (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык).

Стажга жана адистик боюнча иш тажрыйба:

-иш стажына талап коюлбайт.

Тийиштүү тармактагы ченемдик-укуктук актыларды билүүсү:

КР «Жарандык Кодекси», КР «Жер Кодекси», КР «Эмгек Кодекси», КР «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жөнүндө» мыйзамы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тариби жөнүндө» мыйзамдарын,

 

Билгичтиги;

-жогорку жактагы жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу,

-документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо,

-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу,

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо,

-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана жоопторду даярдоо,

-мамлекеттик жана/же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

-командада иштей билүүсү,

Көндүмдөрү;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу,

-компьютердик жана уюштуруу техникалары, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү

Сынакка катышуу үчүн документтер;

-бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз сынак комиссиясынын төрагасына (байланыш телефон номери менен );

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен

-резюме, сунуш каттары, өмүр баяны

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража, же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдун көчүрмөлөрү нотариус же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт)

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

 

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке таршырсаңыздар болот.

Чаткал району, Каныш-Кыя айлы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап билүү тел; (03749 ) 60310, 60033.

Эскертүү; квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынак өтө турган күн кошумча маалымдалат.

Жарыя!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош орунга ачык сынак жарыялайт.

Башкы адис-1 (бир) орун.

Мамлекеттик кызматчыларга коюлуучу талаптар;

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга,

2)  Мамлекеттик кызмат үчүн 21 жаштан жогору болуусу,

Квалификациялык талаптар;

Башкы адис.

1. Кесиптик билими

-жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, тоо кен тармагы боюнча)

2. Стажы жана адистиги боюнча иш тажрыйба;

-мамлекеттик же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес, же кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы болушу;

3. Сынакка катышуу үчүн документтер;

-бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз сынактык комиссиянын төрагасына (контакттык телефон номери менен)

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен

-резюме, сунуш каттары, өмүр баяны;

— билим жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же, илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин  көчүрмөсү ( эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же, иштеген жердеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт)

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырууга болот;

Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү үчүн телефон номерлери-(03749) 60310, 60030,

Эскертүү; Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынактын өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

Кулактандыруу!

Урматтуу чаткалдык студент улан— кыздар!

Чаткал районунун кулуну, Ош шаарындагы “Чаткал коомунун” төрагасы, Ош шаардык кеңешинин депутаты Кубатбеков Идирис  Атантаевичтин демөөрчүлүгү менен “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан  Чаткал районунун чет өлкөлөрдө билим алып жаткан студенттер арасында стипендиялык сынак жарыяланат!

Сынактын максаты:

Чет өлкөлүк ЖОЖдорго өз күчү менен өтүп жана ийгиликтүү билим алып жаткан Чаткалдык студенттерди колдоо жана алардын артынан өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө стимул берүү.

Стипендия тууралуу:

1. Чет өлкөдө окуп жаткан ар бир Чаткал районунун студенти катыша алышат.

2. Стипендиянын өлчөмү 20.000 (жыйырма миң) сом

Конкурстун талаптары:

1. Сынакка катышуучу сөзсүз түрдө Чаткал районунун тургуну болуусу шарт

2. Талап кылынган документтерди толук жана ирээттүү түрдө тапшыруусу керек

3. Байланыш каражаттарын так көрсөтүүсү талап кылынат.

4. Конкурска катышууну каалоочулар эң кеч болгондо документтерин 20-февралга чейин тапшыруусу зарыл.

Талап кылынуучу документтер:

1. Резюме. (классикалык)

2. Өмүр баян

3. Окуу жайынан окуп жаткандыгын тастыктоочу маалымкат

4. Окуусундагы жетишкендик китепчесинин көчүрмөсү (зачетка)

5. Окуу жайы, билим алып жаткан адистиги тууралуу маалымат

6. Окуу жайга кантип өткөндүгү тууралуу кыскача баяндама

7. Кошумча жетишкендиктери тууралуу маалымат

8. Байланыш каражаттарын сөзсүз түрдө көрсөтүү керек.

Жыйынтыктоо жана сыйлоо:

Стипендиялык сынакка жөнөтүлгөн документтерди демөөрчү Кубатбеков Идирис жана “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин өкүлдөрү карап чыгып эң мыктысын татыктуусун тандашат.

Жеңүүчү деп табылган катышуучу атайын  Бишкек шаарында өтүүчү “Чаткал кечесине” чакырылат жана ошол жактан тапшырылат. Эгер алыста болгонуна байланыштуу андай мүмкүнчүлүк болбосо ошол учурдагы шартка жараша байгеси эң коопсуз жол менен жеңүүчүнүн колуна жеткирилет.

Кулактандыруу!

 

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош ваканттык кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт.

  1. Адис-1 орун

                                             Квалификациялык талаптар:

-Жогорку билимдүү, жашы 21 ден кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик актыларын билүүсү:

Мамлекеттик кызматтагы иш стажына талаптар коюлбайт:

-Компьютерде иштей билүүсү (MS Word. Excel):

Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөп жана жаза билүүсү:

-Иш кагаздары менен иштөө жөндөмү:

-соттолбогондугу тууралуу тактама:

-коллективде иштөө жөндөмдүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү:

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруусу зарыл:

  1. Сынактык комиссиянын төрагасынын атына арыз:
  2. Өздүк баракчасы, сүрөтү менен:
  3. Резюме:
  4. 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  5. Жеке карточка сүрөтү менен;
  6. Өмүр баян;
  7. Паспорттун көчүрмөсү (сүрөтү менен);
  8. Дипломдун жана мурда иштеген болсо эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн);
  9. Документтерди сынак сайтка жарыяланган күндөн тартып 14 календарлык күндүн ичинде тапшыруу зарыл.

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаңыздар болот;

Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү тел; (03749)60310, 60030,

Эскертүү: квалификациялык талапка жооп берген талапкерлерге сынактын өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

Мекенди коргоо күнү бала бакчада белгиленди

Байчечекей сынагы 1 байчечекей сынагы 2 байчечекей сынагы 3 байчечекей сынагы 4 
20-февраль күнү Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” балдар бакчасында 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө карата “Жүрөгүмдө сактаймын, карегимде Ата-Журт” аттуу сынак болду.
Сынакка бакчанын сегиз тарбиялануучусу өздөрүнүн аталары, апалары, чоң ата, таяталары менен биргеликте катышып, күч сынашты.
Сынактын жобосуна ылайык, катышуучулар саламдашуу, атуулдук обондуу ыр, бийлерди аткаруу, спорттук көнүгүүлөрдү жасоо сыяктуу номерлерди аткарышып, өздөрүнүн таланттарын көргөзүү менен, көрүүчүлөргө шаттуу маанай тартуулашты.
Сынактын соңунда, калыстардын акыйкат чечими менен 1-орун Эшикулов Адылбек менен уулу Асанбеков Алтынбекке жана Алиев Тыныбек менен небереси Болотакунов Жалилге ыйгарылды.
2-орун Черикчиева Паризат менен уулу Сатыбалдиев Ырысдөөлөт жана Турсунбаев Мирлан менен уулу Осмонов Тынчтыкбек ээ болушту.
3-орунга болсо, Тайырбекова Элнура менен уулу Каримов Исламбек ээ болушту.
Ал эми 4-орун Рахматова Жазгүл менен уулу Сазанканов Бекназар, Кайкиева Паризат менен уулу Казаков Нурмамат жана Сейитбеков Болоткан менен небереси Болотканов Ариетке берилди.
Сынактын жүрүшү абдан кызыктуу деңгээлде өтүп, көрүүчүлөр ушундай кызыктуу сынакты уюштурган Козубаева Аида жетектеген бакчанын жааматына ыраазылыктарын билдиришти.
М. Эшназаров

Дебат-сынак болуп өттү

Чаткал районунун 80 жылдыгына карата “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан дебаттык-сынак өткөрүлдү.

Сынактын максаты-жаштардын арасындагы ынтымакты чындоо, бири бири менен байланышууга шарт түзүү, изденүү жана биргеликте иш алып барып, коомчулук алдында оюн эркин айтууга, эл алдында эркин болууга, так жана маанилүү сүйлөөгө, болуп жаткан окуяларга өз көз карашын билдирүүгө, салыштыра билүүгө үйрөтүү.
Дебатка “С. Байдөөлөтов”, “А. Баймырзаев”, “Исмаил уулу Матиш” жана “Т. Жаналиев” орто мектептеринин окуучуларынан, ар бири 3 кишиден турган 8 команда катышып, 3 баскыч менен өткөрүлдү.
Алгач командалар эки группага бөлүнүшүп, чек тандоонун жыйынтыгы менен эки экиден бири бири менен жарышып, 4 беттеш өткөрүлдү.
Дебатта интернеттин пайдасы жана зыяны, спорттун коомго болгон оң жана терс таасирлери, чет жерде иштеп жүргөн кыргыз жарандардын кайтып келүүсүнүн канчалык зарылдыгы, Кыргыз болуу маселеси. Дин багыттары. Улуттук баалуулуктар. Азыркы учурдагы жаштар. Жаштар кайсы жол менен келечекке багыт алуусу керектиги жана анын күнгөй- тескейи катышуучулар тарабынан кызуу талкууланды.
Дебат сынактын соңунда, калыстардын чечими менен Кубок өз позицияларын ишенимдүү коргой алган “С. Байдөөлөтов” орто мектебинин командасына ыйгарылды. Мындан башка бир топ катышуучулар ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул дебат сынак райБББ жана райондук жаштар кеңешинин колдоосу менен өткөрүлдү. “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин мүчөлөрүнүн маалымдашынча, мындай сынактар мындан ары жыл сайын өткөртүлүп турмакчы.

«Кош жылдыз» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү гала концерт берди

Өткөн күз айларында Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу менен  райондогу мекеме, ишканалар арасында “Кош Жылдыз” кароо-сынагы башталган эле. Кароо сынак үч айлампа менен өтүп, декабрь айынын 28инде үч айлампанын жеңүүчүлөрүнөн түзүлгөн гала концерт болду.

кош жылдыз 2 кош жылдыз 3 кош жылдыз 4

Гала концерттин жыйынтыгы менен калыстардын тандоосу боюнча Гран При С. Байдөөлөтов орто мектебинин мугалимдери Акжол Эгембердиев менен Жылдыз Төрөбековага ыйгарылып, плазмалык телевизор тапшырылды. 1-орун райондук жалпы дарыгерлик борборунун кызматкерлери Нургүл Жаманкулова менен Нурлан Кулумбетовго ыйгарылып, 5000 сом акчалай сыйлык берилди. 2-орун райондук социалдык фонд башкармалыгын башчысы Адылбек Эшикулов менен  райондук маданият үйүнүн кызматкери Суусар Ашырбековага ыйгарылып, 3000 сом акчалай сыйлык берилди. 3-орун А. Баймырзаев орто мектебинин мугалимдери Алтынбек Каратаев менен Тилек Усупбековага ыйгарылып, 2000 сом акчалай байге берилди. Ал эми, 4-орун Байчечекей балдар бакчасынын башчысы Уулбү Абдыкеримова менен Курманбек Нурбаевге ыйгарылып, 1000 сом акчалай байге тапшырылды.

Мындан сырткары, мыкты улуттук кийим, мыкты клип, мыкты үй бүлөлүк аткаруучу, мыкты фольклордук чыгарма номинациялары боюнча да жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Сыйлыктарды жеңүүчүлөргө район акими Канжарбек Эшалиев өзү тапшырды.

Айта кетчү нерсе, “Кош Жылдыз” кароо-сынагы 2014-жыл-Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата райондук мамлекеттик администрациянын демилгеси жана каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.