Архив метки: суугат

Чоң-Сай каналы тазаланууда

Учурда Ак-Таш айылындагы Чоң-Сай каналы эксковатордун жардамы менен  тазаланып, кеңейтилүүдө.

Бул каналдын жалпы узундугу жети жарым чакырым болуп, былтыр төрт чакырымы тазаланып, кеңейтилген. Быйыл калган бөлүгү тазаланып, кеңейтилүүдө.

Аталган канал 1990-жылдардын башталышында эле топурак, кумга толуп, колдонулбай калган. Андан бери дээрлик жыйырма беш жылдан ашуун убакыттан бери ал жердеги сексен беш гектар жер кайракы катары пайдаланылып келген. Былтыртадан бери айыл Чаткал аймагынын аракети  менен аталган каналды кайрадан ишке берүү аракеттери жүрүүдө. акташ DSC_0407 акташ DSC_0412 акташ DSC_0421 акташ DSC_0423 акташ DSC_0425

-Чоң-Сай каналы толук тазаланып бүтсө, жалпы сексен беш гектар жер суулуу жерге айланат. Мунун отуз беш гектары элдин үлуш жерлери, ал эми элүү беш гектар жери айыл аймактын жери болуп эсептелет. Быйыл айыл аймагына тиешелүу жердин отуз гектарына беде, эспарцет, арпа жана буудайды аралаштырып септик. Калган жыйырма гектардын ар бир гектарын 1200 сомдон элге ижарага бердик. Быйыл отуз беш гектар жерге эккен арпа менен буудайды оруп алсак, келерки жылы беде менен эспарцетти оруп, тоют базасын тузөбүз.  -дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков.

Чоң-Сай каналын тазалоо иши  өтүп бараткан жуманын соңуна чейин толук бүткөрүлөт. Бул канал тазаланып бүткөн соң, андан ары дароо эле Курулуш айылына караштуу Ийри-Сай арыгын канал кылып кеңейтүү иштери башталат.  Ийри-Сай каналы ишке кирсе жүз элүү гектар жер суугат суусу менен камсыздалмакчы.

М.Эшназаров

 

Чаткал айыл аймагында суугат каналдары тазаланууда

Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылына жана айыл тургундарынын үлүш жерлерине барчу суугат каналы оор техниканын жардамы менен тазаланып, кеңейтилүүдө. Узундугу жети чакырымды түзгөн бул суугат каналы акыркы ирет 1983-жылы  тазаланган. Бул тууралуу Курулуш айылынын башчысы Шеркул Таласбаев билдирди. Ал буга кошо эле, каналды тазалоого болжолдуу 3 тоннадай күйүүчү май кетээрин, ага ылайык, айыл аймагы тарабынан керектүү күйүүчү-майлоочу майлар жана айыл тургундары тарабынан ар бир кожолуктан колдоо катары үч жүз сомдон берилип жаткандыгын жана каналды тазалоо иши жакынкы 3-4 күндө аяктаарын маалымдады.  IMG_20170517_165340 IMG_20170517_165309 IMG_20170517_185139 IMG_20170517_184640

Мындан сырткары,  айыл аймактын Ак-Таш айылында да узундугу 7 чакырым келген суугат каналын тазалоо иши алып барылууда. Бул суугат каналы толук тазаланып, кеңейтилген соң, буга чейин суугат суусу жетпеген Чоң-Сай жана Жандама участкаларындагы жалпы 85 га айдоо жер аянты суулуу жерге айланат. Буга кошо эле, суугат суусу жетишсиз болуп келген Салык-Булак участкасындагы 90 га айдоо жер аянтына да суугат суусу толук жете баштайт.  Жалпылап айтканда, 175 га айдоо жер аянты суугат суусу менен толук камсыз болот. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди.  Ал-Салык-Булак участкасына жергиликтүү тургундар көп жылдык тоют өсүмдүктөрүн эгишет. Ал эми, жаңыдан суу жеткирилип жаткан Чоң-Сай жана Жандама участкаларындагы 85 га айдоо жер аянтына келерки жылы буудай себүүнү максат кылуудабыз-деп кошумчалады.

Чандалаш айылына барчу суугат каналы өткөн жумада тазаланып, кеңейтилген.

Белгилей кетчү нерсе,  жогоруда аталган иштер айыл аймактын бюджеттик каражаттарын үнөмдөө аркылуу ишке ашырылууда. Ал эми, каналдарды тазалоого айыл аймакта иш жүргүзгөн “Консалитед Аурум” фирмасынын оор техникалары пайдаланылууда.

М. Эшназаров