Архив метки: сумсар

Айыл аймак башчысынын отчету канааттандыраарлык деп табылды

Февраль айынын соңунда Сумсар айылдык кеңешинин V-чакырылышынын  XVII-сессиясы болду.

Сессиянын күн тартибине ылайык, Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбековдун өткөн 2016-жыл ичинде Сумсар айыл аймагында аткарылган иштер боюнча отчету угулду.

IMG_20160115_134041

Мында, Сумсар айыл аймагынын 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышына басым жасалганда, 2015-жылы салыктык жана салыктык эмес каражаттардан жана республикалык бюджеттен түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү 13887500 сомду түзгөндүгү маалым болду.

Отчеттон соң, анда айтылган айрым маселелер боюнча бир топ талкуу жүрүп, отчет канааттандыраарлык деп табылды.

Б. Исаков

Малды асылдандыруу иштери колго алынмакчы

IMG_1480 (2)

Быйыл Чаткал районунда калктын колундагы малын асылдандыруу иштери колго алынуусу күтүлүүдө. Райондун Каныш-Кыя, Терек-Сай жана Сумсар айыл аймагында 3 даана малды жасалма уруктандыруучу аппарат бар. Жаз келээри менен бул аппараттардын жардамы менен малдарды жасалма уруктандыруу иштери колго алынмакчы.

Бүгүнкү күндө, райондук ветеринардык алдын алуу мекемесинин адистери тарабынан калкка малды асылдандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

М. Эшназаров

Билим берүүчүлөр мелдешти

IMG_0041

Жакында Л.А.Маняшин жетектеп келген Сумсар орто мектебинин  спорттук  залында мектептин  жетекчилиги жана профсоюз уюмунун демилгеси  жана уюштуруусу астында табигый  предметтер боюнча мугалимдеринин,  гумантирадык предметтер боюнча мугалимдеринин, башталгыч  класстарынын мугалимдеринин жана техникалык кызматкерлеринин  командалары аралык “Шайыр  старт” жана волейбол  боюнча  спорттук  мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин  жыйынтыгында Л.А.Маняшин төрагасы  болгон калыстар тобунун  чечимине  ылайык  1-орунга  табигый предметтер боюнча мугалимдердин командасы  чыгып, мелдештин  жеңүүчүлөрүнөн болушту. Ал эми 2-орунду гуманитардык   предметтер  боюнча мугалимдер  командасы  ээледи. 3-орундун  ээлеринен  башталгыч класстардын  мугалимдеринин командасы  болду.  4-орунду  техникалык  кызматкерлер командасы  ээледи.

Ошондой  эле  Раманкулова  Адина, Таиров Абыл, Сматова Дилбар, Чолпонкулов Ташмамат  “Мыкты  оюнчулар”  номинациясына  ээ болушту.

Б.Исаков

Сумсар айыл аймагы: Ийгилик жана көйгөй

IMG_0041

Өткөн  2015-жылы  Сумсар маданият  үйүнүн  жамааты  гранттан  400000 сом  утуп алышып, заманбап  201 даана орундук  жана 21 жумшак  орундук, 4 стол  сатылып алынган. Учурда  Сумсар  маданият үйү жаңы  эмеректер менен  жабдылып, залдардын, бөлмөлөрдүн жана  китепкананын көркү чыгып,  көргөндөрдүн көнүлүн  бурат. Бул көрүнүш  маданият  үйүнүн жамааты үчүн  бир жагынан ийгилик жана  чоң кубаныч болду.

Бирок  2016-жыл башында Сумсар маданият үйүнүн көйгөйү – анын Совет доорунан бери эскилиги жеткен  чатырын  жабуу. Буга 1 миллиондун айлана тегерегинде  акча каражаты керек.  КР Президенти өзүнүн  Указы  менен  2016-жылды тарых  жана  маданият  жылы деп жарыялады. Буга байланыштуу  Сумсар айыл  өкмөтү, райадмнистрация тийиштүү инстанциялар менен байланышып,  биргеликте  Сумсар  маданият үйүнүн бул көйгөйүн чечүүгө жардам берет деген  ойдобуз.

Б.Исаков

Жыл аягында 120430 сомдук иш аткарылды

SAM_1603 SAM_1640 (2)SAM_1605 SAM_1620 SAM_1633

Өткөн 2015-жыл  Гүлмира Кошокова жетектеген  Сумсар балдар бакчасы үчүн  “Ийгилик  башаты – аракет” дегендей  ийгиликтүү жылдан болду. Фактылар  жана  цифиралар менен  айтканда 2015-жыл  ичинде МЕРСИКО дон  48080 сом, райадминистрациядан 50000 сом акча каражаттары  бөлүнүп жана ата-энелердин  22350 сомдук  акчалай жардамдары  менен балдар бакчасынын ички бөлмөлөрүнө  147,4 метр квадрат линолеум төшөлүп, бакчанын  тегереги  цементтелген. Эң негизгиси  болочокторго кышка карата  камкордук көрүлүп  кательняга 36000 сомдук  печка орнотулуп, балдар бакчасынын бардык бөлмөлөрүндө жылуулук өкүм сүрүп келет.

Балдар бакчасынын  башчысы  Гүлмира Кошокованын улам жандуу  аракеттеринен  жаралган  натыйжалар, ийгиликтер жыл аягында жана 2016-Жаңы жыл  башында  Сумсар балдар бакчасынын  ишинин  толук кандуу жүрүшүнө  өбөлгө  түзүп, болочоктордун жакшы  шарттар түзүлгөндүгүнөн кабар берип турат.

М. Эшназаров

Чаткал районунун айыл аймактарында өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иш чаралар

 

 Чаткал райондагы айыл аймактарында 2015-жылы курулуш иштеринде жана башка тармактарында көптөгөн иштер аткарылды. Алардын негизги делгендерине токтолсок, алар

Каныш-Кыя айыл аймагында

Башкы-Терек айылындагы 120 койкалуу типовой бала бакча союз убагында курулуп, бирок союз тарагандан бери пайдаланылбай, имарат кулап калуу акыбалда болгон. Бул бала бакчанын эки корпусу 75 койкага ырасталып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, имараттын ичи тышы заманбап материалдар менен оңдоо жүргүзүлүп, имараттын ичине суу киргизилип, жуунучу жай, даараткана имараттын ичинде болуп, ысык суу менен камсыздалды, жылытуу системасы жаңыдан коюлуп, от менен ысытууга ыңгайлаштырылды. Бала бакча толугу менен инвентарлар менен камсыздалды. Бул иштерге Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 млн 80 миң сом каржыланды. Бүгүнкү күндө бала бакча ишке берилип, толук кандуу иштеп жатат.

IMG_3947IMG_3970жаны жыл 2016 IMG_20151231_131811SAMSUNG CAMERA PICTURES

Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсеси толугу менен заманбап материалдар менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап мебелдер, инвентарлар менен камсыздалды. Бул иштерге  жергиликтүү бюджетинен 5 млн 812 миң сом каржыланды.

Каныш-Кыя айылынын “Ордош” участкасында жайгашкан, жалпы район үчүн кызмат кылган Дачанын билъярд ойноочу имараты жана мончосу заманбап материалдар менен капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттен 1 млн 971 миң сом каржыланып, бул иштер толугу менен бүткөрүлдү.

Коргон-Сай айылына айыл башчынын кеңсеси салынып, айылдык китепкана менен кошо  жергиликтүү бюджеттен 1 млн 990 миң сом каржыланды.

Айгыр-Жал айылынын “Кормовойцех” участкасына жергиликтүү бюджеттен 1млн 250 миң сом каржыланып, трансформатор сатылып келинип, коюлду.

Коргон-Сай айылына 50 орундуу жаңы бала бакча “Кай-Интер-Прайз” компаниясынан 5000,0 миң сомго каржыланып, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Бул бала бакчага инветарларды сатып алуу үчүн 950 миң сом, жылытуу системасын орнотууга 450 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланды, бала бакча 2016-жылдын 1-мартына чейин ишке берилет.

Айгыр-Жал айылындагы оор жүк менен транспорт өтүүчү көпүрөнүн курулушуна  “Вертекс Голд” компаниясы тарабынан 8 млн 710 миң сом каржыланып, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, көпүрө ишке берилди.

А.Айымбетов атындагы мектептин курулушуна  9 млн 600 миң сом Түрк гранты аркылуу каржыланып, мектептин спорт залынан башка баардык куруу иштери бүткөрүлүп, мектеп ишке берилди, спорт залынын толугу менен бүткөрүлүшү 2016-жылдын июнь айына чейин күтүлүүдө.

Айгыр-Жал айылы аркылуу өтүүчү Ала-Бука-Кара-Буура автомобиль жолунун 2,5 чакырымына асфальт төшөлүп, мунун ичинен 250 метри же 1 млн 499,8 миң сому транспорт министрлиги тарабынан каржыланып, калган 2250 метри же 13 млн 497,9 миң сому айылдык аймактын чегинде кен казуу жана изилдөө иштерин жүргүзгөн компаниялар тарабынан каржыланды.

Башкы-Терек айылына таза суу чыгарууга Кичи-Чаарат компаниясы тарабынан 8 млн сом каржыланып, иш жарым жартылай бүткөрүлдү, калган иштери 2016-жылы толугу менен бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Коргон-Сай айылына таза суу чыгарууга Чанач компаниясы тарабынан 4 млн 500 миң сом каржыланып, иштин көпчүлүк бөлүгу бүткөрүлдү, калган иштерди буткөрүү 2016-жылга күтүлүүдө.

Айгыр-Жал айылынын “Ногой” участкасына коомчулуктун демилгеси менен 345 миң сомго таза суу чыгарылып бүткөрүлуп, 30 уй-бүлө таза суу менен камсыз болду. Мындан 177 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды, калган 168 миң сомду коомчулук өз каражаттары менен бүткөрүштү.

Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчасына 378  миң сомго таза суу тартылып келинип, имараттын ичине киргизилип, бала бакча ысык, муздак суу менен камсыздалынды. Бул иштерге жергиликтүү бюджетен 230 миң сом, Мерсико тарабынан 148  миң сом каржыланган.

Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” балдар бакчасынын бир корпусунун чатырчасы 267 миң сомго алмаштырылып жаныланган, мындан 160  миң сом жергиликтүү бюджеттен, калган 107  миң сом Мерсико тарабынан каржыланган.

Терек-Сай айыл аймагында

“Ай-Нуру” бала бакчасына  тайпаларга эмерек сатып алууга Мерсико  кайрымдуулук  фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде,  өздүк салым үчүн 56 330 сом которулуп , долбоордун негизинде жалпы суммасы 112660 сомдук жаңы эмеректер келип пайдаланууга берилди. Ошондой эле “”Ай-Нуру” балдар бакчасына 4 тайпага 172,8 мин сомго эки кабаттуу кроваттар сатып берилген. “Ай-Нуру” бала  бакчасына өнүктурүү саясат институту тарабынан Германия кызматташтыгынын каржылоосунун негизинде 1 млн сомдук долбоор тартылып бир кошумча тайпа ачылды.

А. Чымканаев атындагы орто мектеби  Мерсико фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде, мектеп эмеректерин алууга 30 миң 100 сом которулуп, проектин негизинде жалпы суммасы 80300 сомдук  эмеректер сатылып келип пайдаланууга берилди. Ошондой эле А.Чымканаев орто мектебине компьютерик класс үчүн 249,0 мин сомдук компьютерлер сатылып алынды Аталган  орто мектебинин жылытуу системасына Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 300 миң сом бөлүнүп берилди. Мындан тышкары А.Чымканаев атындагы орто мектебине  жергиликтуу бюджеттен 247,5 00 сом акча каражаты бөлүнүп,   стол. стулдар сатылып алынды.

Терек-Сай орто мектебине  Мерсико фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде мектеп ашканасына  эмеректерди алуу үчүн 21 800 сом которулуп берилип, проектин негизинде жалпы суммасы 107600 сомдук жаңы эмеректер сатылып келип,  пайдаланууга берилди.

Терек-Сай орто мектебинде балдарга ысык тамак берүү долбоору ишке ашып, мектептин ашканасын толук ремонттон өткөрүүгө  жергиликтүү бюджеттен 140,0 миң сом бөлүнүп берилди.Терек-Сай орто мектебине компьютерик класс үчун  айыл аймагы тарабынан 249 миң сомдук жаңы компьютерлер сатылып алынды. Ошондой эле Терек-Сай орто мектебине  жергиликтүү бюджеттен 247миң 500 сомдук жаңы стол, стулдар сатылып берилди.

Терек-Сай айылдык аймагынын аппарат кызматкерлери колдонуп жаткан эмерек жабдуулардын эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен  280000 сом акча каражаты бөлүнүп, баардык эмеректер жаңыланды.

“Келечек” балдар бакчасынын айнек, эшиктери 476 миң сомдук жаңы  пластикке алмаштырылды.

№4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуу системасын ремонтоо үчүн Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүндү.

Булутбек Камчыбеков атындагы  орто мектеби  Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 260 миң сомдук заманбап жаңы доска менен камсыздалды.

“Бүчүр” балдар бакчасына жабдууларды сатып алуу үчүн  жергиликтүү бюджеттен 180 миң сом акча каражаты бөлундү.

Терек-Сай айылындагы Терек-Сай жана Эшалы болуш көчөлөрүндөгү телестанцияларынын имараттары жаңыдан курулуп, аталган жумушка 32 миң сом акча каражаты жумшалды

Терек-Сай маданият уйүнүн ремонтуна 360 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, клубдун сырты ремонтон өткөрүлдү.

“Евентус” фирмасы  тарабынан 5 млн сомго Ак-Терек айылына спорт комплексинин курулушу башталды.

“Евентус” Жоопкерчилиги Чектелген Коому  тарабынан Кызыл-Токой айылынын окуучуларын алыскы участкалардан мектепке ташып туруу үчүн 1 млн сомго СПРИНТЕР автоунаасы сатып берилди.

“Евентус” фирмасы  тарабынан элдин үлүш аянттарына баруучу суу каналдарын жылда сел бузуп кеткендиктен, жаңыдан канал куруу үчүн 1 млн сом бөлүп берилди.

Чаткал айыл аймагында

 Ак-Таш автожолундагы, Чаткал дарыясындагы көпүрө капиталдык ремонттон өткөрүлүп,транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан 1 600 000 сом каржыланып, элдин пайдалануусуна берилди.IMG_4644IMG_4673IMG_4650IMG_0008IMG_4649IMG_4652

Жаңы-Базар айылындагы мечиттин ички жана тышкы жасалгаларынын толук бүткөрүлүшү үчүн Чаткал айыл аймагынын бюджетинен  415 000 сом акча каражаты жумшалып, 17-июль айт майрамы күнү ишке берилди.

Ак-Таш айылынадыгы көптөн бери кароосуз турган «Керемет-Көч» бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 1 599 000 сомдук тендер жарыяланып ОсОО «Айти-Булак» компаниясы утуп алып, кыш мезгили келип курулуш иштерин жүргүзүү мүнкүн болбой калгандыгына байланыштуу убактылуу курулуш иштери токтоп, жаз айларынын келиши менен курулуш иштери башталуу алдында турат.

өнүктүрүү саясат институту тарабынан Курулуш, жана Жаңы-Базар айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча     1 000 000 сом каражат каралып, ал боюнча тендер өткөрүлүп, “Бишкек Электро” компаниясы утуп алып, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Кыргызстан айылдык ден-соолук комитети тарабынан Жаңы-Базар айылындагы №2 ГСВнын чатырын оңдоого 482 000 сомдук акча каражаты каралып, оңдоо иштери бүткөрүлдү.

өнүктүрүү саясат институнан 1 000 000 сом акча каражаты каржыланып, «Бала — Нур» долбоорунун эсебинен 2-6 жашка  чейинки балдарды кыска мөөнөттөгү окуу менен камсыз кылуу максатында «Байчечекей» жана  «С.Чондоева» атындагы бала бакчалары инвентарлар, оюнчуктар менен камсыздалды.

Сумсар айыл аймагында

Сумсар айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата Гизатулин Рашид тарабынан 142 миң сом, элдик салымдан 98 миң сом, жалпысы 240 миң сомго ардагерлерге тургузулган эстелик короолонуп, ташка ардагерлердин ысымдары түшүрүлдү.сумсар клубIMG_0067IMG_0041сумсар клубIMG_0071IMG_0047SAM_3155

Ленин атындагы жатак мектебине 20-30 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр тарабынан 107 миң сомго мектептин босогосунан чырткы чоң жолго чейин брусчатка басылды.

Жеке ишкер Чолпонкулова Жумакан тарабынан 350 миң сомго нан жана ар түрдүү кандидердик азыктарды бышыруучу цех ачылды.

Гагарин орто мектебине Мерсико уюму тарабынан 96500 сомго, ал эми элдик салымдан 96500 сомго жалпысы 192 миң 100 сомго стол, стул эмеректер алынып берилип, мектептин короосуна  20-30 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр тарабынан 60 миң сомго үч канаттуу темир дарбаза орнотулду.

Шекафтар айылындагы ички жолдорго ООНдун азык-түлүк программасы аркылуу 520 мин сомго 5 чакырым ички жолдорго шагал төшөлүп, тегизделип, ички көпүрөлөр оңдолду.

Шекафтардагы төрөт үйү саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 1 миллион 494 миң сомго эвро ремонт жасалып, ысык суу чыгарылып, канализация орнотулду жана ошол эле министрлик тарабынан төрөт үйүнө 882 миң сомго медициналык эмеректер алынды.

Сумсар айылындагы стомотологияга С. Нурдин уулу тарабынан 750 миң сомго медициналык жабдыктар, инструменттер, эмеректер алынды.

Сумсар маданият үйүнө саясат институту тарабынан 380 миң 400 сомго көрүүчүлөр залына отургучтар орнотулду.

Сумсар орто мектебине Мерсико уюму тарабынан 91 миң 300 сомго, элдик салымдан 91 миң 700 сомго жалпысы 183 миң сомго стол, стул, катуу эмеректер алынып, 30 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 73 миң сомго 3 канаттуу пластик эшиктер орнотулду.

Сумсар айылындагы ички жолдорго ООНдун азык-түлүк программасы аркылуу 600 мин сомго  ички жолдорго шагал төшөлүп, тегизделип, ички көпүрөлөр оңдолду.

Б. Дилдебаев

5000 сом сүйүнчү сыйлык

rodilnyy-dom-11-foto-oksana-dobrovolskaya-1

Шекафтар  айылында жаңыдан ачылган  төрөт үйүндө  алгачкы  болуп төрөлгөн  Сумсар  айылынын тургуну Раманова Жаңылай болду.  Жаңы төрөт  үйүндө биринчи болуп төрөгөн  Раманова  Жаңылайды  Сумсар айыл Кеңешинин депутаты  Назаров  Абдумалик  анын кыздуу болушу менен  куттуктап, өз  жанынан Жаңылайга  5000 сом акчалай сүйүнчү сыйлык  белегин  тапшырды. Ошондой  эле депутат  Абдумалик Назаров Жаңылайдын  аман –эсен көз жарышын камсыз кылышкан врач Мурзалиева Тажүгүлгө, акушеркалар  Нурасатова Алтынайга жана  Бекмуратова  Гулбарчынга терең  ыраазычылыгын  билдирди.

Б. Исаков

Шакафтарда төрөт үйү ишке берилди

rodilnyy-dom-11-foto-oksana-dobrovolskaya-1 ehquuh wnfjbjuqkumc srlfgqtat vigmm (2)(сүрөттөр интернеттен алынды)

Ноябрь айынын 17синде Чаткал районунун Шакафтар айылында заманбап шарты бар он орундуу төрөт үйү ишке берилди.

Төрөт үйүнүн ачылыш аземине КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Эгембердиева баштаган облустук  жана райондук бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаңыдан ишке берилген төрөт үйү мурда Сумсар аймактык бейтапканасынын карамагында болуп, 1990-жылдардан бери кароосуз калып, иштебей турган. Төрөткананы кайрадан ишке киргизүүгө он жылга жакын убакыттан бери аракеттер көрүлүп, 2014-жылдан баштап Сумсар аймактык бейтапканасынын башчысы Эсенгүл Таджибаева тарабынан астейдил аракеттер көрүлө баштаган. Өткөн жылдан бери Жалал-Абад ФОМСтан 2 млн. сомго жакын акча каражаттары жана мунун ичинде медкаражаттар  ал эми, райондук жетекчиликтен 50 миң сом жана башка демөөрчүлөрдөн акча каражаттары, ар кандай жардамдар берилип натыйжада, төрөт үйү кайрадан ишке кирди.

Төрөт үйүнүн ачылыш аземи учурунда КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Эгембердиева төрөт үйүнө 100 миң сом, Жалал-Абад ФОМСтун башчысы Т. Нышанов 100 миң сом тапшырышты. Ал эми, “ӨмүрФарм” ишканасы тарабынан төрөтканага 5 даана люстра тапшырылды. Ачылыш аземинин катышуучулары төрөткананы кайрадан ишке киргизген Э. Таджибаевага жана төрөткананын ишин кайрадан жандантуу демилгесин көтөрүп, көп аракеттерди жумшаган айылдык кеңештин депутаты С. Курмантаевага ыраазычылыктарын билдиришти.

Б. Исаков

Район мектептеринде шашке чайын берүү өз деңгээлинде

IMG_4550 IMG_4548

Райондо учурда 19 мектеп, анын ичинен 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп бар. 2015-2016-окуу жылы үчүн 269 класс комплектиде 4971 окуучу билим алышууда.

Ал эми 2010 – жылдын 1 – сентябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 1-4-класстар үчүн 1 окуучуга 10 сом өлчөмүндө жалпысы 1740 окуучуга шашке чайына 2015-жылдын январь айынан май айына чейин 723857 сом акча каражаты жумшалган. Ал эми  2015-2016-окуу жылы үчүн 1839 окуучу шашке чайын ичип келишүүдө.

Жаны окуу жылынын башында  бардык мектептерге айыл аймактары тарабынан  муздаткычтар алынып берилген. Ошондой эле  ата-энелердин жардамы менен жетишпей жаткан идиш аяктарды толуктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, толугу менен идиш аяктар менен камсыз болду. Мындан сырткары М. Исмаилов атындагы орто мектеби 120 мин сомдук, С.Мырзалиев 75 мин сомдук, Т.Жаналиев 112 мин сомдук, Б.Камчыбеков 125 мин сомдук, Сумсар 189 425 сомдук жана Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби 175 мин сомдук, жалпы суммасы 796 425 сомдук ашканаа жабдуулары менен жалпы 6 мектеп МерсиКО уюмунан идиш – аяктар жана тамактануучу азыктар менен камсыздалды. Ал эми С.Байдөөлөтов жана Терек-Сай орто мектептеринин ашканаларына таза суу киргизилип, ПРООН тарабынан ашкана эмеректери менен камсыздалды.

Атайын кабарчы      

 

Район аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында

IMG_2930 IMG_2913 (2)

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 9 айда табигый кырсыктардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга өКМнен 3227 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп, планда көрсөтүлгөн учаскаларда иш толук аткарылган.

Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан жергиликтүү мекеме иш-каналардан 40 млн. сом түшкөн, бирок фондун “Жобосу” чыга электигине байланыштуу зарыл объектилерге өзгөчө кырдаалдар учурунда дагы иштете албай жатышат.

Ал эми 29-августа нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандын кесепетинен Сумсар айыл аймагындагы Сумсар айылынын Набережная участкасында 1960-жылдары салынган узуну 24 метр, туурасы 10 метр болгон ички чарбалык чоң автоуналар өтүүчү  көпүрөгө катуу келген селдин кесепетинен күн чыгыш тарабындагы көтөрүп турган негизги опорасын өз нугунан жылдырганына байланыштуу көпүрө 1,2 метр оң тараптагы жагы отуруп калган. Негизги көтөрүп турган опоралардан 0,70 см жарака кеткен, көпүрөнүн үстүнөн 45-50 см чейин жаракалар пайда болуп авариялык абалда турат.

29-августагы нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандан кеткен селден улам баардык болжолдуу чыгымдын өлчөмү 8383491 сомду түзөрүн “Жарандык коргонуу” комиссиясы аныктады. Бул нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандын кесепетинен чыккан зыянды өКМ тарабынан сунушталып азыркы убакта акча каражаты чечилбей турат.

Ошондой эле Чаткал дарыясынын нугу райондук электр тармактар ишканасынын кенсесине жакындоо коркунучун алдын алуу үчүн райондогу мекемелерден 16 техника, 25 адам күчү ишке тартылып, жээкти бекемдөө иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү.

Район боюнча табигый кырсыктан жабыр тарткан 23 тургундун тизмеси такталып, тиешелү мекемелерге жөнөтүлдү.

Атайын кабарчы