Архив метки: сумсар

КР. ЖК депутаты А.Турсунбаев Сумсарда иш сапары менен болду

1-июнда КР. ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев Сумсар айыл аймагында иш сапары менен болду. Ал алгач КР. Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жиберилген коляскаларды майыптар-Насиров Сапарбекке жана Тыныбек кызы Айжамалга тапшырды.
Андан соң, В. И. Ленин атындагы жатак мектебинин абалы жана айылдык спорт клубу менен таанышты.
Андан кийин Азизбек Турсунбаев Сумсар айыл аймагынын калкы менен жолугушту.

турсунбаев 1 турсунбаев 2 турсунбаев 3 турсунбаев 4 турсунбаев 5 турсунбаев 6 турсунбаев 7 турсунбаев 8 турсунбаев 9 турсунбаев 10
Мында алгач Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев Сумсар айыл аймагында аткарылып жаткан иштер менен кыскача тааныштырып, Шакафтар айылына таза суу жеткирүү жана Сумсар айылынын таза суу түтүктөрүн оңдоого аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.
А. Турсунбаев Алабука-Сумсар унаажолун оңдоо боюнча тиешелүү министрликке кайрылып, ишти тездетүүгө аракет көрөөрүн билдирди. Ал эми, Алабука-Сумсар унаажолу аркылуу каттап жаткан Бозумчактагы Казакмыс компаниясынын оор техникалары үчүн тараза коюу боюнча аракет көрүлөөрүн айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө республикадан 2-орунду алган Сумсар орто мектебинин окуучуларын окуткан Альмира Халитовага белек тапшырды.

М.Эшназаров

Сумсарда 10 жылдык бүтүрүүчүлөр машыгуу залын ачып беришти

Баарыбызга  белгилүү   мектепти  бүткөндө  10, 20  жыл  деп  юбилей катары  белгилөө   бардык  жерде  салтка  айланып  калды. Албетте  10 жыл  бою  бир  класста  окушуп   кеткен  классташ   курбулардын   минтип  жолугушууларды уюштуруп, чер  жазыша сырдашып  отурушу  жакшы деңизчи,  бирок  бир  өкүнүчтүүсү  миңдеген   сом  акча   ар  түрдүү   спорттук   мелдештерди   өткөрүү    менен  дүнгүрөткөн   той  беришип   асманга  сапырып  кеткендей  эле  болуп   келген.  Бирок  сонку  мезгилде  чолулткан  акчаны  аздыр -көптүр  соопчулук  иштерге  жумшагандар да   чыгып жаткандыгы    кубандырат. Бул  да  болсо   адамдардын   жүрөгүндө   ыйман  куруунун   орношу  эмеспи.  Үстүбүздөгү   жылы  Сумсар   орто  мектебин  мындан 20 жыл  мурун бүтүп  кетишкен   окуучулар  жолугушууга  келгенде  акчаны курулай талаага  чачпай,  айылга  бир  пайдалуу    иш  жасоону  чечишкен. Натыйжада,  кенешип  туруп  айыл  аймактын  алдына  отургучтарды  орнотуп  беришти.  Буюруса,  эми  мындан  ары   айыл аймактын кеңсесине жумуштап келген айыл  тургундары  мурдагыдай бут  талып тик  турбай , олтурганга  да  ынгайлуу  болуп  калды.

Ал эми  мектепти  10 жыл  мурун  бүтүргөн  бүтүрүүчүлөр да   өздөрү  окуп  билим  алган   ак  мектебине   машыгуу  залын   ачып  берип  кубандырышты. Мындай  мыкты  белек  албетте келечек  ээлерине  да  мыкты  табылга  болду.  Мындан  ары    айылдын  боз  балдары көчө  таптабай   дал  ушул  залга  келип машыгып,  ден-соолугун  чындайт.

Т. Темиралиев

Айдап себүү жумуштары толук аяктады

Райондо быйылкы айдап себүү жазгы талаа жумуштары толугу менен аякталды.  Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын берген маалыматына караганда быйыл Чаткал айыл аймагы боюнча жалпысы 648 гектар жер айдалып себилди. Анын ичинен  50 га жазгы буудай,  2 га арпа, 13 га жүгөрү, 78 га буурчак, 175 га картошка,  132 га жашылча, 20 га май өсүмдүгү, 180 га көп жылдык чөп,  Терек-Сай айыл аймагы боюнча жалпысы 51 гектар жер аянты айдалып себилсе, анын ичинен 16 га жүгөрү, 15 га картошка, 10 га жашылча, 10 га май өсүмдүгү, Сумсар айыл аймагы боюнча жалпысы 101 гектар жер аянты айдалып себилсе, анын ичинен 30 га жүгөрү, 30 га картошка, 28 га жашылча, 13 га май өсүмдүгү айдалып себилди. Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча жалпысы  1238 гектар жер аянты айдалып себилсе, анын ичинен  245 га жазгы буудай, 81  га арпа, 17 га жүгөрү, 158 га буурчак, 339 га картошка, 250 га жашылча, 35 га май өсүмдүгү, 113 га көп жылдык чөп айдалып себилди.

Быйылкы жылы район боюнча алып караганда жалпысы 2038 гектар жер айдалса, анын ичинен  295  гектар жазгы буудай, 83 гектар жазгы арпа, 76 гектар жүгөрү, 236 гектар буурчак,  559 гектар картошка, 418 гектар жашылча, 78 гектар май өсүмдүгү жана 293 гектар көп жылдык чөп айдалып, себилди.

Б. Дилдебаев

«Маданият кербени» районду кыдырууда

Быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият жылына » карата раймамадминистрация жана райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Маданият кербени »  Ч. Айтматов атындагы Чаткал райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору менен биргеликте райондун айылдарын кыдырып, өз өнөрлөрүн тартуулоодо.IMG_20170513_170717 IMG_20170429_143748 IMG_20170429_125959 IMG_20170429_130724 IMG_20170429_131025

Маданий кербендин катарында жаш кезинде ар түрдүү тармакта иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан элге таанымал энелер болуп, алар калкка жагымдуу эски обондуу ыр бийлерден тартуулашып, жаштарга нускалуу накыл кептерин айтышып, үлгүлүү жашоого үндөшүүдө.

Маданий кербенде  ошону менен бирге эле, райондук хатибияттын кызматкерлери да кошо жүрүп, руханий насаат кептерин айтышууда.

Маданий кербен жакынкы күндөрдө Терек— Сай жана Сумсар айыл аймактарын кыдырмакчы.

Маданий кербен айыл аймактары жана мекеме, ишканалар тарабынан каржыланууда.

 

М. Эшназаров

Куут пункттары иштөөдө

Өткөн 2016-жылда райондо малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруунун 300 пунктун ачуу» долбоору менен үч айылдык аймакта-Каныш-Кыя, Терек-Сай жана Сумсар айыл аймактарында 20 пайыздык төлөмдөрүн төлөө менен куут пункттары ачылган. Аталган пункттарда бүгүнкү күнгө карата район боюнча 33 баш кара мал жасалма жол менен уруктандырылган. Анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагында 12 баш, Терек-Сай айыл аймагында 10 баш, Сумсар айыл аймагында 11 баш кара малды түзөт.

М. Эшназаров

Саламаттыкты сактоодогу эң көйгөйлүү маселелери талкууланды

Бүгүн, 28— июнь күнү район борборундагы «Ч. Айтматов» атындагы райондук маданият үйүндө райондогу саламаттыкты сактоо тармагындагы эң көйгөйлүү маселелерге байланыштуу райондук тегерек стол болду.IMG_20160628_100936 IMG_20160628_100919 1467088806431 1467088830576 1467088853004 1467088873009

Жыйында алгач, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, буга чейин райондогу саламаттыкты сактоо тармагы бир кыйла кыйын абалды кечиргендигин, азыр тейлөө, ички тартип маселелери бир топ чечилип калгандыгын, антсе да, кадр маселелери көйгөй болуп келаткандыгын, азыр эки дарыгердин орду бош болуп, ага чет жактан дарыгерлерди тартуу маселеси каралаарын, азыр райондон он алты улан— кыздар жогорку медокууда окуп жаткандыгын айтты.1467089230317

 

Ал буга кошо эле, райондогу мекемелер менен биргеликте райондогу саламаттыкты сактоо ишиндеги маселелерди жабыла чечүү керектигин билдирди.

Андан соң, Сумсар аймактык ооруканасынын башчысы Эсенгүл Таджибаева сөз сүйлөп, Союз мезгилиндеги дарыгерлерге көрүлгөн камкордуктар тууралуу айтып, азыр дарыгерлер катардагы медайым, кызматкерлердин маяналарындагы теңсиздикти айтып, өз ой— пикирлерин билдирди. Ал буга кошо эле, азыркы медкызматкерлердин кыйынчылыктуу шарттары тууралуу айтып, медкызматкерлерге райондук мекемелер тарабынан керектүү шарттарды түзүп, районго дарыгерлерди тартууга жана аларга шарттарды түзүп берүүгө аракеттерди көрүү керектигин билдирди. 1467089688847 1467089703065 1467089719898 1467089737657

 

Андан кийин, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевге сөз берилип, ал өз сөзүндө өткөн жылы айыл өкмөтү тарабынан кургак учук менен ооруган жети жаранга жалпы бир тонна жети жүз элүү кило көмүр берилгендигин,  айыл аймактагы медмекемелерге төшөнчү, жууркан жаатында жардам берилгендигин, мындан сырткары келерки айларда акчалай жардамдар берилээрин, Чакмак— Суу айылына ФАП куруу пландаштырылып жаткандыгын, ФАПтардын чатырлары оңдолуп, ремонттолуп жаткандыгын, сырттан келген дарыгерлердин жашоочу үй акылары төлөнүп берилип келаткандыгын, жашоочу үй маселесин чечүү жаатында да аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Ал берилген суроолорго ылайык, эгер кат аркылуу кайрылуу болсо, сырттан келген дарыгерлер менен бирге эле жергиликтүү дарыгерлерди да көмүр менен камсыздап бере алаарын билдирди.

Айгыр— Жал участкалык ооруканасынын башкы дарыгери Байызбек Балташев Чапай, Кара— Суу айылдарына кышында Тез жардам унаасы баралбай жаткандыгын, айрым кургак учук менен ооругандар жардамга муктаж болуп жаткандыгын, удаа эгиз төрөгөн энелерге да үч же, төрт эм төрөгөн энелер сыяктуу жардамдарды берүүнү кароо керек экендигин айтты.

Медайым Ракыя Өнөрбаева Башкы— Терек айылына тез жардам чакыруу менен ушуга чейин врачтар сейрек бараарын айтып, аталган айылдагы медайымдардын шарты өтө оор экендигин айтып, тиешелүү жактардан өтө аз көңүл бөлүнүп жаткандыгын айтып, кошумча штат берүүнү суранды. Буга жооп иретинде Чаткал ЖДПБнын директору Бакыт Ырысбеков аталган айылга бир врач берилээрин билдирди.

1467091685327

Андан кийин райондогу ФАП, ҮДТлардын азыркы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу слайд шоу көрсөтүлдү. Бул  видео топтомго райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова түшүндүрмө берип, Сумсар айыл аймагындагы медмекемелерге салыштырмалуу райондун калган башка жактарындагы медмекемелердин абалы өтө төмөн экендигин белгиледи.

Андан соң,  Терек— Сай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Фарида Ташбалтаева, ЖДПБнын дарыгери Абдумалик Исмаилов, Жаңы— Базар участкасынын дарыгер— физиатры Капар Нарбаевдер сөз сүйлөштү.

Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбеков аймактык ооруканага максаттуу жардамдар берилип келаткандыгын билдирди.

Жыйын соңунда, жыйынга катышкан айыл аймак башчылары, тиешелүү кызматкерлери жана айылдык кеңештердин депутаттары тегерек столдо кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын толук аткарууга даяр экендигин билдиришти.

М. Эшназаров

Элеттик акындын поэзия кечеси болду

IMG_20160115_134041

Үстүбүздөгү “Тарых жана маданият” жылына карата апрель айынын башында Сумсар орто мектебинде элеттик белгилүү акын Чаткалбай Айтбаевдин “Ыр-сүйүүм, ыр-кумарым, ыр-бактым” аттуу поэзия кечеси болду.

Кеченин жүрүшүндө, акындын жаңыдан жарык көргөн “Байдылдага кат” ыр китебинин бет ачаары болуп, мында акындын ыр күйөрмандары, мектеп окуучулары жана автор тарабынан жаңы чыккан “Байдылдага кат” жана 2012-жылы жарык көргөн “Жанар Тоо” ыр китептеринен чыгармалар окулуп, көрүүчүлөргө эстетикалык ырахат тартууланды.

Айрыкча, акындын жаңы китебиндеги:

Түндүн көркү-жылдыз,

Тоонун көркү-кыргыз.

………………………………..

Жакшы аял-жаздагы гүл,

Жакшы эркек-кыштагы пил.

……………………………….

Чебер-үйдү гүл кылат,

Чечен-сөздү гүл кылат.

…………………………….

Аялдын көркү-тазалык,

Эркектин көркү-базарлык.

…………………………….

Көңүл мээри-көздө,

Өмүр мээри-сөздө — деген сыяктуу эгиз саптары ыр күйөрмандарынын алкоосуна арзыды.

Кеченин соңунда, күйөрмандары жана кеченин катышуучулары элеттик акын Чаткалбай Айтбаевге чыгармачылык бийиктиктерди каалашты.

Б. Исаков

“Кыргызпочтанын” Ардак Грамотасына татыктуу болду

IMG_20160115_134041

Шакафтар айылдык почтасынын кызматкери Гүлнара Полотова жакында “Кыргызпочта” мамлекеттик ишканасынын Ардак Грамотасы менен сыйланды. Ал жогорку сыйлыкка үстүбүздөгү жылдын 1 –жарым жылдыгына калкты гезит, журналдарга жазылтууну активдүү жүргүзүү менен, Сумсар, Терек-Сай айылдык почталарынын арасында эң активдүү иш алып баргандыгы үчүн татыды. Тактап айтканда, план боюнча элүү гезит, журналдарга жазылтуу берилген болсо, Г. Полотова берилген пландан отуз экиге ашыра жаздырууга жана гезит окурмандарынын санын бир топ арттырууга жетишкен. Шакафтар почтасынын кызматкери Г. Полотованын мындай алгылыктуу иш-аракеттери көз жаздымда калбай, жогорудагы сыйлыккка татыктуу болуп олтурат.

Сыйлык сиздики, сыймык биздики демекчи, арабызда ушундай алдыңкы кызматкерлер көбөйө берсин.

Б. Исаков

“Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын” алкагында

100_3679 (2)

20-февралдан 20-мартка чейинки бир айлык мезгил аралыгында районубузда “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы” иш чарасы болуп өттү.

Аталган иш чаранын алкагында Каныш-Кыя айыл аймагында жашаган социалдык жактан аз камсыз болгон  жалпы 27 тургунга айыл аймагы тарабынан 2 тонна көмүр жана мындан сырткары, 123 миң сомдук жардам, жалпылап айтканда 132200 сомдук жардамдар берилди.

Чаткал айыл аймагы тарабынан 5 тургунга жалпы 20 миң сомдук жардамдар берилди жана  айыл аймагында “Ачык эшик күнү” өткөрүлүп, анын алкагында бир топ жарандарга акысыз юридикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Терек-Сай айыл аймагында 32 тургунга 9350 сомдук баалуу белектер жана 97750 сом акчалай түрүндө, жалпылап айтканда, 107 100 сомдук жардамдар берилди.

Сумсар айыл аймагында 14 тургунга 8800 сомдук жардамдар берилди.

Жыйынтыктап айтканда, район боюнча 78 жаранга 268100 сомдук жардамдар көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери өздөрү камкордукка алган жарандарга ар кандай белек-бечкектерди беришип, колдон келген жардамдарын көрсөтүштү.

М. Эшназаров

Чаткалда жаз жарышы башталды

калемпир талаасы 3 калемпир талаасы 1

Быйылкы жылы жаздын эрте келиши менен жазгы айдоо жумуштары жылдагыдан эрте башталды. Район боюнча быйыл 335 га жаздык буудай, 58 га арпа, 73 га жүгөрү, 118 га буурчак түрүндөгүлөр, 692 га картошка, 415 га жашылча, 92 га май өсүмдүгү, 210 га көп жылдык чөп аянттары айдалып, себилмекчи. Ал эми пайдаланууга жарактуу болуп, бирок иштетилгей келе жаткан 742 гектар аянттын 10 гектары, тактап айтканда Сумсар айыл аймагында 5 гектар аянт жана Терек-Сай айыл аймагында 5 гектар аянт пайдаланылып, пайдаланылбай бош жаткан аянт 10 гектарга кыскартылат.

Жазгы айдап себүү өнөктүгүнө жалпысынан район боюнча 67 тонна буудай үрөөнү керектелсе ал элдин колундагы жана кредитке келген үрөөндөр менен толукталган. Ал эми арпа үрөөнү 11 тонна 600 кг керектелсе учурда 10 тонна 200 кг такталып, 1 тонна 400 кг жетишпейт. Ошондой эле эспарцет уругу 16 тонна керектелсе, 15 тонна камдалып, 1 тонна жетишсиз. Беде уругу 700 кг керектелсе, 505 кг даярдалып, 195 кг жетишпейт. Картошка 1730 тонна керектелсе, 1712 тонна 500 кг даярдалып, 17 тонна 500 кг жетишпейт.

Ал эми айдап себүүгө техникаларды иштетүүгө 100 тонна 100 литр күйүүчү май керектелсе учурда  45 тонна 800 литри элдин колунда бар. Бирок, райондогу агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистеринин айтымында керектелүүчү күйүүчү майлар айдап себүү жумуштарды жүрүп жаткан мезгилде айыл аймактарынын жана элдин өздөрүнүн аракети менен жетишпеген күйүүчү майлар камсыздалат.

Б. Дилдебаев