Архив метки: СПА

Айрым СПАлардын иши көңүл толтурбай келүүдө

Райондун аймагында Каныш-Кыя айыл аймагында суу пайдалануучулардын «Суу Каныш-Кыя», «Суу Ак-Көл» ассоциациясынын карамагында 59 км аралыкта чарбалар аралык каналдар бар. Өткөн 2016-жыл ичинде  «Суу Каныш-Кыя» СПА нын карамагындагы кытай арык каналына АРИС тарбынан 100 миң сом, Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен  230 миң сом,  «Суу Ак-Көл»  СПА нын Кайың-Суу каналынын башкы курулмасына  АРИС тарабынан 237 миң сом долбоор аркылуу каржыланып, оңдоп-түзөө иштери жүргузүлгөн. Калган чарбалар аралык каналдар ремонттон өткөрүлбөй ашар жолу менен тазаланып келе жатат.

 

Ал эми, Чаткал айыл аймагы боюнча «Суу Миянкол» СПАнын азыркы убакка чейин жетекчиси жок, азыркы мезгилге чейин иштер жүргүзүлбөй, чарбалар аралык каналдардын абалы начарлап бара жатат.  Бул тууралуу жаңырган жылдын  январь айынын жыйырма үчүндө болуп өткөн райондук коллегияда айтылды.

М. Эшназаров