Архив метки: Сатаркул Мусабаев

Көрктөндүрүү-жашылдандыруунун үч айлыгынын алкагында

ipp ipp ipp

Быйыл районубузда көрктөндүрүү-жашылдандыруунун үч айлыгынын алкагында бир топ иш чаралар камтылганы белгилүү болду. Булардын айрымдарын атай кетсек, мындан эки жыл мурда башталган ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери быйыл да улантылат. Быйылкы өзгөчөлүктү айта кетсек-башка ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү менен бирге эле, жаратылыштын катаал шарттарына чыдамдуу хайленд дарагынын көчөттөрүн алып келип отургузуу максат кылынууда.

Жакында, раймамадминистрацияда болуп өткөн жыйында бул тууралуу айткан район акими Канжарбек Эшалиев Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевге хайленд дарагынын көчөттөрүн районго алып келип, көчө бойлоруна эктирүү боюнча сунушун айтты. Ал буга кошо эле, Жаңы-Базар айылындагы Ыдырыс пайгамбардын кадамжайынын алды жагындагы капталына ийне жалбырактуу көчөттөрдөн отургузуп, ал жерди токойлуу аянтчага айлантуу максат кылынып жаткандыгын билдирди жана мекеме, ишканалардын жетекчилерин жана айыл аймак башчыларын көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

М. Эшназаров

Элдик жыйындар өткөрүлдү

элдик жыйынIMG_5726

элдик жыйынIMG_5770 элдик жыйынIMG_5763 элдик жыйынIMG_5762 элдик жыйынIMG_5752 элдик жыйынIMG_5749 элдик жыйынIMG_5739

Өтүп бараткан жумада райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилеринин тобу райондун Коргон-Сай, Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарында элдик жыйындарды өткөрдү.

Элдик жыйындарда негизинен, жазгы талаа жумуштарына карата үрөндөрдүн жетишпестиги, электр энергиясы, соцобъекттер, унаа жолдорунун абалы, фирмалардагы жергиликтүү тургундарды жумушка кабыл алуу жана социалдык төлөмдөргө тиешелүү маселелер калк тарабынан айтылып, тиешелүү жетекчилер жоопторду беришти. Мында, айыл тургундары райондук ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын ишине нааразылыктар айтылды.

Элдик жыйындардын жүрүшүндө, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө салым кошкон инсандарга ыраазылык каттарын тапшырды.

Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев быйыл райондун социалдык-экономикалык иш пландарына көптөгөн иш чаралар киргендигин, быйылкы жылга карата кен тармагынан  районго чоң суммадагы каражаттар түшүп жаткандыгын белгилеп, район калкы ынтымакта иш алып барса, алдыда көп иш бүтөөрүн айтты.

М. Эшназаров

Чаткал району 2015-жылдагы алдыңкы район деп табылды

 

Өткөн жыл ичинде районубуздагы бир топ тармактарда көрүнүктүү иштер аткарылып, мунун натыйжасында, облустук жана республикалык деңгээлде жогорку көрсөткүчтөргө жетише алдык. Айрыкча, социалдык объекттерди куруп, пайдаланууга берүү жаатында алдыңкы көрсөткүчтөргө жетиштик. Буга жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген жана курулуп жаткан спорттук жайлар, мадаият үйлөрү, лаборатория, көпүрөлөр, унаа жолдорун асфальттоо иштери, төрөт үйү сыяктуу соцобъекттерди кошууга болот.

Мындан сырткары, район аймагында иш жүргүзгөн кен өндүрүү ишканалары менен район калкынын өз ара түшүнүүсүнүн, ымалага келүүсүнүн натыйжасында бир топ иштер жүзөгө ашырылып, райондун инфратүзүмүн оңдоо иштери жүзөгө ашырылды. Кен өндүрүү ишканалары менен тыгыз кызматташуу жаатында районубуз өзүн республикабыздын айрым жерлериндеги кен тармагында байланыштуу чиеленишкен маселелери бар аймактарга үлгү катары көрсөтө алды. Аталган иш чаралар тууралуу райондук, облустук жана республикалык басма сөз каражаттарында өз мезгилинде жазылып, республиканын калкына жеткирилди.

Натыйжада, районубузда  турмушка ашырылган иш чаралар облустук жана республикалык жогорку бийлик органдарынын көз жаздымында калбай, Чаткал району республикадагы алдыңкы район деп табылды.  Атап айтканда, республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинин тандоосуна ылайык, Чаткал району республикадагы алдыңкы район наамына арзыды. Буга кошо эле, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Гүлбарчын Акылбекова облустук “Акыйкат” гезитинин тандоосуна ылайык, “Жылдын мыкты инсаны” наамына ээ болду.

Каныш-Кыя айыл аймагынын учурдагы башчысы Сатаркул Мусабаев айыл аймактын социалдык-экономикалык жана маданий абалын жогорулатууда бир топ ийгиликтерге жетишип, облустук жана республикалык жогорку бийлик органдарынын назарына илинди. Бул инсандын башкаруу мезгилинде Каныш-Кыя айыл аймагы дотациядан чыгып гана тим  болбостон, республикадагы алдыңкы айыл аймактарынын бирине айланды. Мунун натыйжасында, Сатаркул Мусабаев республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинин “Ардак Грамотасына” жана КР. Маданият министрлиги тарабынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине жана “Аймак” гезитинин “мыкты айыл аймак башчысы” наамына  ээ болду.

IMG_5250

Ал эми,  айыл аймактын жооптуу катчысы Гүнөтай Ибраева облустук “Акыйкат” гезитинин тандоосу менен “Жылдын мыкты инсаны” абройлуу наамына ээ болду.

Терек-Сай айыл аймагында да өткөн жыл ичинде бир топ социалдык-экономикалык алга жылуулар болуп, натыйжада, айыл аймагы дотациядан чыга алды. Ушундай жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Бактыбек  Турдалиевге республикалык “Жаңы Ордо” гезити тарабынан “Жылдын мыкты айыл аймак башчысы” жогорку наамы берилди.

Жыйынтыктап айтканда, акыркы эки, үч жыл аралыгында районубуздагы төрт айыл аймактын экөөсү дотациядан чыгуу менен, районубуз өз алдынча социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн райондордун сабынан өз ордун тапты.

Мындан сырткары, өткөн 2015-жылдын жыйынтыгы менен райондогу ар тармакта иштеген он беш алдыңкы кызматкер райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук “Чаткал оттору” гезитинин тандоосу боюнча “Жылдын мыкты инсаны” наамдарына ээ болушту.

Жогорудагы жетишкендиктерди эске алуу менен, республикадагы абройлуу гезиттерден болгон республикалык “Кыргыз Туусу”, облустук “Аймак” жана “Акыйкат” гезиттеринин тандоосуна ылайык, 2015-жыл ичинде районубузду республикалык деңгээлде алдыңкы сапка алып чыккандыгы үчүн районубуздун акими Канжарбек Эшалиев “Жылдын мыкты акими” наамына арзыды. Белгилей кетсек, аталган гезиттин тандоосу боюнча район акими Канжарбек Эшалиев өткөн 2014-жылы да ушундай эле жогорку наамга арзыган.

a48d95a86393d1e899f070895fed2368

чаткал району-жылдын мыктысыIMG_20160105_101736

Албетте, районубуз мындай жетишкендиктерге акыркы жылдары көп жетишип келаткандыгын эске алсак, районду жетектеген азыркы жергиликтүү уул-кыздарыбыздын  республикалык деңгээлде бышып, жетилип калгандыгын билүүгө болот. Анда эмесе, районубузду республикалык деңгээлде алдыңкы сапка алып чыккан жетишкендиктер көп боло берсин демекчибиз.

М. Эшназаров “chatkal.kg

Социалдык жактан муктаж жарандарга колдоо көрсөтүлдү

IMG_3947IMG-20160102-WA0000IMG-20160102-WA0001

1-январь күнү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Садырбек Смаилов жана айылдык кеңештин депутаты Калысбек Алчынбековдор айыл аймакта жашаган аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана 1-2-топтогу майып тургундарга, жалпысы 22 жаранга айыл аймагынын эсебинен жана айылдык кеңештин депутаттарынын жеке эсептеринен жалпы 27 миң сомдук акчалай жана материалдык колдоо көрсөтүшүп, аталган жардамдарды жарандардын өз колдоруна тапшырышты.  Айыл аймактын башчысы Сатаркул Мусабаевдин билдиришинче, жогорудагыдай социалдык жактан муктаж жарандарга айыл аймагы тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлүп  турмакчы.

Жаңы Жылды чаткалдыктар зор салтанат менен тосуп алышты

жаны жыл 2016 IMG_20151231_114202 жаны жыл 2016 IMG_20151231_120940 жаны жыл 2016 IMG_20151231_121241 жаныжыл 2016 IMG_20151231_120852жаны жыл 2016 IMG_20151231_121717 (2) жаны жыл 2016 IMG_20151231_121931 жаны жыл 2016 IMG_20151231_123343 жаны жыл 2016 IMG_20151231_123915 (2) жаны жыл 2016 IMG_20151231_124423 жаны жыл 2016 IMG_20151231_132009

2016-Жаңы Жыл Чаткал районунда майрамдык чоң шаан-шөкөт менен тосуп алынды. Алгач, райондо жашаган элдик өнөрпоздордун катышуусунда үч айлампада «Сармерден» маданий иш чарасы өткөрүлүп, жыйынтыгында Каныш-Кыя айылынын өнөрпоздору жеңүүчү деп табылды.

Буга кошо эле, Жаңы Жылга утурлай райондук мамлекеттик администрацияда, мектептерде жана бала бакчаларда наристелерге арналып «Балаты» майрамдары тартууланды. 28-декабрь күнү Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө район аймагында жашаган жарым, тоголок жетим балдарга райондук мамлекеттик администрация тарабынан «Балаты» оюн зоок иш чарасы өткөрүлдү. Салт болуп калган бул майрамдык иш чарага 78 жарым, 12 тоголок жетим жалпысы 90 бала катышып, Аяз Ата жана Аяз кыз менен биргеликте майрамдык иш чаранын күбөлөрүнөн болушту. Майрамдык иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев  катышып, балдарга Жаңы Жылга карата куттуктоосун айтып, аларга  кең келечек каалады. Ал эми, катышуучуларга маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан ыр, күү тартууланды.

Иш чаранын жүрүшүндө, ар бир балага райондо кен казуу менен алектенген «ЗААВ Чаарат» жана «Кичи Чаарат» фирмалары тарабынан даярдалган ар бири 350 сомдук белектер берилди.  Аталган фирмалар тарабынан район боюнча 150 балага белек тапшырылды. Айыл аймактары тарабынан да тоголок жана жарым жетим балдарга камкордуктар көрүлүп, белектер берилди.

Ал эми, 31-декабрь күнү район борбору Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөсүнө Балаты орнотулуп, район калкына майрамдык шаан шөкөт тартууланды. Майрамдык шаан-шөкөт күндузгү саат 11лерде башталып, алгач район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевдер баштаган райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана айрым тургундар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Андан соң, айылдардан келген Аяз Ата жана Аяз Кыздардын сынагы болуп, анда Аяз Ата жана Аяз кыздар өздөрү менен келген өнөрпоздордун коштоосунда өз өнөрлөрүн элге тартуулашып, ыр, бийлерди аткарышып, өз даярдыктарын калыстардын сынына коюшту. Мында, айрым Аяз Аталар чыгармачылык деңгээлин көргөзүшүп, майрамга ат чегилген чана менен келишсе, айрымдары автоунаага чиркелген чаналар менен келишип, катышуучуларга өзгөчө таасир калтыруу менен, майрамдык иш чараны шаңга бөлөштү. Соңунда, калыстар тобунун баалоосу менен 1-орун Каныш-Кыя айылынын Аяз Ата жана Аяз кыз коштогон өнөрпоздоруна ыйгарылып, 10000 сом акчалай байге берилди. 2-орун №46-кесиптик лицейдин аяз Ата коштогон өнөрпоздоруна берилип, 8000 сом акчалай байге тапшырылды. 3-орунга Айгыр-Жал айылынан келген Аяз Ата коштогон өнөрпоздорго ыйгарылып, алар 6000 сом акчалай байгеге ээ болушту. Ал эми, 4-орунду Коргон-Сай айылынан келген Аяз Ата коштогон өнөрпоздор ээлеп, 4000 сом акчалай байгенин ээси болушту.

Айта кетчү нерсе, Жаңы Жылга карата өткөрүлгөн «Сармерден» жана «Балаты» майрамдык иш чаралары Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан каржыланды.

М. Эшназаров

 

Башкы-Терек айылында бала бакча ачылды

SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES

Декабрь айынын 12синде Башкы-Терек айылында жаңы курулган бала бакчанын ачылыш аземи болду. Ачылыш аземине район акими Канжарбек Эшалиев жана Каныш-Кыя айыл аймагынын  төрагасы Сатаркул Мусабаев баштаган район аймагындагы мекеме, ишканалардын жетекчилери жана айыл калкы катышты.

Ачылыш аземи учурунда чакырылган коноктор бала бакчанын ички шарты менен таанышышты.

Бала бакчанын курулушуна Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен 10 млн. 850 миң сом акча каражаты жумшалып, «Айти Булак» жана «Асаба Чаткал» курулуш ишканалары тарабынан курулуп, ишке берилди.

Ачылыш аземи учурунда бакчанын кызыл тасмасы кесилип, бакчанын курулушуна эмгек сиңирген жарандарды сыйлоо салтанаты болду. Салтанатта райондук мамлекеттик администрация жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан бакча башчысы Рахия Өнөрбаевага, «Асаба Чаткал» жана «Айти Булак» курулуш ишканаларынын жетекчилери Эркебек Таштанбаевге жана Сулайманкул Айтивге «Ардак Грамоталар» жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, ыраазылыктар билдирилди. Буга кошо эле, бакчанын ишке берилишине жакындан көмөк көргөзгөн Кичи Чаарат фирмасынын жетекчиси Ван Лунга да сый көрсөтүлдү.

Аземдин жүрүшүндө катышуучуларга ак дасторкондон даам сыздырылып, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору жана бакчанын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Жаңыдан ишке берилген бул бала бакча 100 орунга ылайыкташтырылып, бакчанын имаратынын ич заманбап түрдө бүткөрүлгөн.

Элдик жыйындарда жетекчилерге тиешелүү талаптар коюлду, тийиштүү жооптор алынды

Жакында   Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким  Канжарбек Эшалиев баш болгон  райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана тийиштүү кызматкерлери  Айгыр-Жал айылында эл менен жолугушуу өткөрүп, анда айыл тургундарынын суроолоруна тийиштүү жетекчилер жооп беришти.

Элдик жыйында райондук социалдык фонд башкармасынын башчысы Адылбек Эшикуловго тийиштүү суроолор жер салыгы жана пенсиялардын көбөйүшү туурасында  айыл тургундары суроолорду беришти. Берилген суроо-талаптарга тийиштүү жоопторду алышты.

IMG_3856

“ЧААВ Чаарат” фирмасынын өкүлү  Абдыракман Сапарбеков  акыркы жылдары айыл-чарбасына жакшы көңүл бурулбай жаткандыгы район алкагында иштеп жаткан фирмалардан бөлүнгөн акча каражатына техникалар алынса, эгин жыйноо маалында көйгөйлөр жаралбайт эле деген пикирин айтып кетти.

IMG_3859

Ошондой эле райондук токой-чарба бөлүмүнүн башчысы Нургазы Жолдошев жылдан-жылга токойлордун кыйылып жок болуп жаткандыгын эске салуу менен кышка карата атайын инвесторлорду таап арзан баада көмүр тарттырсак жакшы болмок деген сунушун билдирди.

IMG_3869

Мындан тышкары Чаткал РИИБнун башчысы, милициянын подполковниги Медербек Муратов айыл тургундарына мектеп окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алалы ата-энелер балдарды кечкисин көзөмөлгө алып турсак.-деп, жакында айылга аймактык тескөө бөлүмчөсү ачылаарын билдирди.

IMG_3879

Буга кошумчалай мектеп директору Абдуваит Стамбеков да мектеп окуучулары окуудан тышкары маалда ата-энелер өздөрү балдарына көңүл буруп, айрыкча түнкүсүн  кайда жүргөнүн көзөмөлгө алсаңыздар деген суранычын айтып кетти.

Айыл тургундары “ЗААВ Чаарат” фирмасы каржылаган Каныш-Кыя айылындагы ачылган дүкөндүн азык-түлүктөрдүн баасы баштагыдан кымбаттай түшкөндүгүн көзөмөлгө алсаңар, биздин айылдын өзүнө эле дүкөн ачып берсеңер жакшы болмок деген ойлорун айтышты.

IMG_3872

Райондогу №47кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков балдарды туура кесипке багыт алдырып, район ичинде иш жүргүзүп жаткан фирмаларга ишке жайгаштыруу үчүн сөзсүз түрдө билим болуш керектигин  айтып, андыктан лицейге балдарды окутуп колдон келсе, Терек-Сай, Кызыл-Кыядагы окуу жайларга окуткула деген сунушун билдирди. Бул сунушка район акими-Канжарбек Эшалиев жана Каныш-Кыя айыл округунун башчысы Сатаркул Мусабаевдер да кошулуп, мындан тышкары мүмкүндүк болуп турган кезде фирмалар менен ынтымакта иш жүргүзүп, райондун мындан ары да жетишпеген көйгөйлүү маселелерин алар аркылуу чечтирип алсак деген ойлорун билдиришти.

IMG_3894

Мындан тышкары да тийиштүү жетекчилер менен бирге  бир топ маселелер каралды. Андан соң элдик жыйын Каныш-Кыя айылында уланып, мында да эл менен ар тараптуу маселелер каралды.

IMG_3866

Айыл тургуну Ойгонбай Кожобеков райондук социалдык фонд башкармасына, жер салыгы боюнча, жана райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жетекчисине  көбүнчө бизде орулууларга  туура диагноз коюлбайт мындай боло берсе айыл элинин саламаттыгы эмне болот. Мындай көрүнүштөргө ким жооп берет деген оюн билдирди.  Аталган маселе боюнча элдик жыйындын катышуучуларынын арасында кызуу талкуу жүрдү.

Элдик жыйында мындан тышкары,  Чаткал районунун 80-жылдыгына карай Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, район үчүн көп эмгектерди жасаган Дербиш Чотбаевдин атын бир көчөгө ыйгарсак деген сунуштар айтылды.IMG_3861

Жыйын соңунда райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким Канжарбек Эшалиев алдыда келе жаткан шайлоого активдүү катышып, ынтымакты сактап,татыктуусуна өз добушуңуздарды берсеңиздер жана Чаткал районунун 80-жылдыгын жакшы саамалыкта белгилеп алсак деген пикирин билдирип кетти.

 

Байсалдуу иш сапар (“Миң уккандан, бир жолу көргөн артык”)

турцияга сапар 2

            “Чаарат ЗААВ” компаниясынын ишмердиги Чаткал районунун аймагында башталган мезгилден бери экологиялык  коопсуздук маселеси жергиликтүү калкты кооптондурбай койбой тургандыгын компаниянын жетекчилиги жакшы түшүнүү менен кабыл алган. Ошондуктан, компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып барып, жергиликтүү жана эл аралык талаптар менен ченемдерди так сактоо үчүн көп каражаттарды жумшап, мониторинг жүргүзүп жана сурамжылоолорду өткөрүп турууда. Өткөрүлүп жаткан экологиялык мониторинг иш-чарасына дайыма жергиликтүү калктын өкүлдөрү чакырылган. Айлана-чөйрөнү мониторингдөө тобу айылдык кеңештин мүчөлөрүнөн, компаниянын жана мамлекеттик органдардын адистеринен куралган.

турцияга сапар 3

Ошондой эле, райондун жергиликтүү башкаруу органдары, айыл округдарынын башчылары, айылдык депутаттар Кеңешинин жана жергиликтүү тургундардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жылына 2 жолудан компаниянын сайтына экскурсиялар уюштурулуп турууда. Ал жерге барган эл өкүлдөрү компаниянын аткарып жаткан иши, Чандалаш суусунунун тазалыгын (суунун тунмасы), экологиялык көзөмөл (өсүмдүктөр жана жаныбарлар) талабы боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгын (добуш жана аба вибрациясы) өздөрү көрүп тааныша алышат. Мындан тышкары, компанияга бөлүнүп берилген жер участогунда жүргүзүлүп жаткан иштер, жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылуу жана адистерди даярдоо, салыктардын өз убагында төлөнүп турушу сыяктуу маселелер талкууланат.

Райондун жергиликтүү тургундарынын тынчын алып келген негизги маселелердин бири катары, компаниянын ишинин жүргүзүлүшүндө химиялык заттардын, атап айтканда цианиддин колдонулушу болуп эсептелет. Албетте, бул маселенин көтөрүлүшүндө, эл арасында: “уулуу заттарды (цианид) колдонуп жатышат, ден соолукка зыяны тийүүдө, суу булганууда, эки баштуу, беш буттуу мал туулууда” деген сыяктуу сөздөр кошумча болууда. Ошол себептен компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү калк менен ар кандай чогулуштарда, жолугушууларда, коомдук угууларда дайыма түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп, бул маселелер боюнча  толук түшүндүрмөлөрдү беришип, айтылган сунуштарды дайыма көзөмөлгө алып турушат.

Турцияга сапар 1

“Миң уккандан, бир көргөн артык” дегендей, ушундай жолугушуулардын биринде, компаниянын жетекчилиги райондун жергиликтүү органдарынын, айылдык депуттардын жана жергиликтүү жашоочулардын өкүлдөрүн чет мамлекеттердин бириндеги компаниялардын ишмердиги менен тааныштырып, тажрыйба алуу үчүн атайын иш сапарын уюштуруп берүү чечимин кабыл алган. Мына ошол чечим үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишке ашырылып, Турция мамлекетинин “Чоплер” кени чыккан жердеги компаниялардын иш тажрыйбасы менен тааныштыруу максатында, Чаткал районунан 16 өкүлү иш сапары менен барып келишти. Дагы бир эске алуучу жагдай, иш сапарга баруучу чаткалдык өкүлдөрдү ар бир айылдан тандап алуу укугу толугу менен райондун жергиликтүү бийлигинин жетечилерине берилген.

Төмөндө Турцияга иш сапары менен барып келген Чаткал районунун өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин билели:

Мусабаев Сатаркул АскаровичКаныш-Кыя айыл аймагынын башчысы: — «Чаарат ЗААВ» компаниясынын ишмердиги биздин айылдын аймагында жүргүзүлгөндүктөн, компаниянын жетекчилери жана кызматкерлери менен бат-бат жолугушуп, экологиянын жана жолдордун абалы, жергиликтүү тургундарды жумушка орношутуруу, салык төлөө ж.б.у.с. маселелерди талкуулап турабыз. “Чаарат” компаниясы айылды социалдык-экономикалык жактан колдоого да дайыма өз салымын кошуп келүүдө.

Мына кече күнү эле “Чаарат” компаниясынын демилгеси менен Турция мамлекетине иш сапарга барып келдик. Сапарыбыздын башкы максаты да, ошол өлкөнүн “Чоплер” кенин иштетип жаткан компаниялардын ишмердиги менен жакындан таанышып келүү болчу. Чынын айтсак, ал кен чыккан жердин жергиликтүү элге тийгизген пайдасы абдан жакшы экен. Социалдык жактан көрсөткөн жардамы да көп, жумушчулардын айлык акысы 1-1,5 миң долларды түзүп, иш процесси да акыркы үлгүдөгү шарттарда жүргүзүлүп жатыптыр. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү бул компанияларга ыраазычылыгын билдирип турушарын айтышты.

турцияга сапар 2

“Чаарат” компаниясы 2016-жылдан баштап кен өндүрүүчү комбинатты курууну баштоо алдында турат. Бул компания да Турциядагы компаниялардын тажрыйбасын колдонуп, районубуздун жергиликтүү калкы менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жардамдарды берип, жана эң негизгиси КР мыйзамдарынын чегинде ишмердигин жүргүзүп, экологиябызга зыян келтирбей ишмердигин жүргүзүүгө аракет кылышы керек. Албетте, “Чаарат” компаниясына  да Турцияга иш сапарын уюштуруп алып барып, ал жердеги компаниялардын ишмердиги, тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүндүгүн түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Эми районубуздун жергиликтүү калкына бул иш сапар жөнүндө айтып берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Кудайкулова Айсалкын Айылдык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басары: — Турциядагы тоо-кен тармагында ишмердигин жүргүзгөн компаниялардын иш тажрыйбасы менен таанышып келдик. Иш сапарыбыз жакшы болду. “Чоплер” деген кен чыккан жеринде “Анаголд” – “Аласар” компаниялары ишмердигин жүргүзүшөт экен. Кен чыккан жер айылдан 1,5 км аралыкта жайгашыптыр, ал эми бир айылды башка жакка көчүрүшүп, элге жакшынакай кылып үйлөрдү салып беришиптир. Ал жактагы жергиликтүү калктын жашоо шарты абдан жакшы экен. Кен өндүрүүчү фабрикага барып, анын иши менен тааныштык. Айрыкча ал фабриканын экологияга, адамдардын ден соолугуна  зыяны тийип жатабы же жокпу деп сураштырып көрдүк. Цианид ачык түрдө колдонулат, эч зыяны жок дешти. Турция мамлекети абдан бай, эли саясат менен иши жок, бардыгы тең дыйканчылык менен алпурушуп, кызылча, арпа, буудай айдашат экен.

“Чаарат” компаниясы жөнүндө айта турган болсок, Чаткалдагы башка компанияларга караганда эл менен тыгыз байланыш түзүп, көп эле жардамдарды берип жатат.

Өнөрбаева Рахия Райымбековна Бала бакчанын башчысы, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты: — Турцияга болгон иш сапарга биздин райондон 16 адам барып келдик. “Чоплер” деген кен чыккан жеринде болуп, ал жакта ишмердигин жүргүзгөн компаниялардын жергиликтүү эл менен мамилеси, салыктарды төлөө түрлөрү, фабриканын экологияга терс таасири барбы же жокпу деген сыяктуу маселелер боюнча кызматкерлер менен аңгемелештик. Жергиликтүү калктын ден соолугуна жана малдын арасында аномалиялык көрүнүштөр катталбаптыр. Элинин социалдык абалы абдан жакшы, жаңы үйлөрдү куруп беришиптир.

Кен чыккан жерде “Анаголд” (Турция) жана “Аласар” (Канада) компаниялары ишмердигин жүргүзүшөт экен. Башкы кеңсеси Анкара шаарында жайгашыптар. Жүргүзгөн иштеринин бардыгын Турция мамлекетинин мыйзам чегинде алып барышаарын айтышты. Турция мамлекети абдан өнүккөн, бай мамлекет экен, ага жергиликтүү эл түрткү берип, ошентип ар тараптан өнүгүшсө керек. Мына биздин райондун аймагында да көптөгөн компаниялар ишмердигин жүргүзүшүүдө. Алар жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта болуп, өз ара түшүнүү менен иш алып барышса, элдин социалдык абалы да оңолот.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып “Чаарат” компаниясынын жетекчилигине Турция мамлекетине иш сапар уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Компания эртерээк кенди өндүрүү фабрикасынын ТЭНин бүтүрүп, инвестициялоону калыбына келтирип жана жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иш алып барса деген ойдобуз.

Шекебаев Нурлан Каныш-Кыя айылынан, жеке ишкер: — Турцияга болгон иш сапарыбыз жакшы болду. “Чоплер” деген кен чыккан жерине барып, фабриканын иши менен таанышып көрдүк. Жергиликтүү элге зыяны жок экен. Менин байкаганым, биринчиден комапниялар айыл өкмөтү менен ишти пландаштырып алып барат экен, мисалы, азык-түлүктү толугу менен ошол жерде эле алышат. Экинчиден, жергиликтүү калкты толук жумуш менен камсыз кылышыптыр. Жергиликтүү эл башында компаниялардын ишмердигине каршы болушуптур, анан жетекчилер элдин өкүлдөрүн Америкага алып барышып, ал жердеги компаниялардын ишмердиги менен тааныштырып, көрсөтүп келишиптир. Ошондон кийин эл каршы болгонун токтотуп, компания менен тыгыз байланышта иштеп ушундай ийгиликтерге жетишкен экен.

Биздин аймакта да ошондой зыяны жок комбинат курулса. Компания эл менен тыгыз байланыш түзүп, ар тараптан колдоо көрсөтүп турса ийгилик сөзсүз болот.

Нармырзаев Улукбек –  келечектеги тоо-кен адиси, Каныш-Кыя айылынан: — Иш сапарыбыз абдан жакшы болду. Убактыбыздын көбүн “Чоплер” деген кен чыккан жеринде өткөрдүк. Ал жердеги компаниялардын ишмердиги, иш системасы менен тааныштык. Цианидди кандай иштете тургандыгын айтып беришти, калдыктарды көмүүчү жайы жок, цианид жерге көмүлбөй, булганган суу кайра айлантуу жолу менен тазаланып турат экен. Элдин ден соолугуна, экологиянын коопсуздугуна мамлекет көзөмөл жүргүзүп, кам көрүп тураарын айтышты. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү кен чыккан жерде иштешип, жашоо шарттары жакшы. Бак дарактар өсүп турат, оорулуу жандыктар жок. Ошол жерде жашаган мугалим менен аңгемелештик.

Эми келечекте “Чаарат” компаниясы да “Чоплер” кен чыккан жериндей сыяктуу тоо-кен тармагынын эрежелерин сактап ишмердигин жүргүзсө биз колдоо көрсөтөбүз.

Балтабаев Эмилбек – экономист-бухгалтер, Чакмак-Суу айылынан: — Иш сапарыбызда “Чоплер” деген кен чыккан жердеги компаниялар жергиликтүү эл менен кандай иш алып барат, кандай жардамдарды көрсөтүп турат, цианидди колдонобу, анын элдин ден соолугуна тийгизген таасири сыяктуу маселелер менен таанышып, тажрыйба алып, эл, жер көрүп кайттык.

Биздин райондун аймагында “Чаарат ЗААВ” жана “Кичи Чаарат” сыяктуу компаниялар ишмердигин жүргүзүүдө. Эгер бул компаниялар Турциядагыдай тартипте иш алып барышса, жергиликтүү эл макулдугун берет жана элибизге да, мамлекетибизге да пайдалуу болот. Ал үчүн биринчиден — эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу керек, экинчиден — экологияга зыяны тийбесин, үчүнчүдөн – районго, мамлекетке пайда түшүп туруусу шарт.

Сапарбек уулу Азамат – Бишкектеги тоо-кен институтунун бүтүрүүчүсү, Айгыр-Жал айылынан: — Айылдаштарым мени геолог адиси катары, Турцияга барып, көрүп-билип кел деп жиберишкен. Иш сапарыбыз жакшы өттү, жергиликтүү айыл кен чыккан жерден 1,5 км аралыкта жайгашыптыр. Бир айылын ал жерден көчүрүшүп, 33 үй-бүлөгө жаңы үй куруп беришиптир. Жашоо шарттары абдан жакшы. Ар бир үй-бүлөдөн 2-3 киши иш менен камсыз болуптур. Компаниялар техниканы да жергиликтүү калктан арендага алып турушат экен, Бизди тартып барган микроавтобус да арендага алынган болуп чыкты. Калдыктарды көмүүчү жайы колдонулбайт, тазалоо иштери айлантуу жолу менен жүргүзүлөт дешти.

Ашыркулов Чолпонбай Бишкектеги тоо-кен институтунун бүтүрүүчүсү, Коргон-Сай  айылынан: — Кен чыккан жерде цианид колдонулганы менен, составы аз зыяны жок дешти. Фабриканын ичине кирип таанышып, түшүнүк алдык. Жумушчулар жатаканада жашашат экен. Жергиликтүү эл менен жолугуп аңгемелештик. Алар да адегенде компаниянын ишмердигине каршы болушкан экен. Зыяндуу болот деп ойлогонбуз дешти. Компаниялар аларга үйлөрдү, бала бакча, мектеп, мечит салып беришиптир. Биз зыяндуу эч нерсени байкабадык, булганган суу жок, бардыгы труба менен агып жатат.

Биз эми районго келгенден кийин жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Убагында “Чаарат” компаниясынын жардамы менен жогорку окуу жайын бүтүрдүк, практиканы да компаниянын лагеринде өткөргөнбүз, ошондуктан компанияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.