Архив метки: Сайкал Абдылдаева

Тарбиячылар керектүү билим ала алышты

IMG_2605

Июнь айынын бешинде район борбору Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасындагы “Баластан” күндүзгү окутуу борборунда “Алдыңкы инновациялык ыкмаларды өз өнөрканамда пайдалануу” аттуу темадагы семинар-тренинг болду.

 

Семинар-тренинIMG_2584гге райондогу бала бакчалардан келген 25 тарбиячы жана райБББнын кызматкери Гүлгакы Субанова катышты.IMG_2610

Семинар-тренингдин жүрүшүндө тренерлер-Жыргал Усенбаева, Сайкал Абдылдаева, Нурзада Сурапбаева, Назгүл Субановалар тарабынан “Өнүктүрүүчү чөйрө”, “Алдыңкы педагогикага умтулуу”, “Алдыңкы педагогиканы колдонуудагы оюн ыкмалары”, “Стратегиялык методдор” аттуу окуулар өткөрүлүп, аталган окуулардын алкагында алдыңкы өлкөлөрдүн методикасын колдонуу боюнча кеңири түшүнүктөр берилди.

Буга кошо эле, тренерлер Вольдарф, Ментассори, Гардерддин педагогикалык өзгөчөлүктөрүнөн да мисалдар келтирилди.

Буга кошо эле, тарибячылар топ-топко бөлүнүшүп, практикалык сабактарды өтүшүп, аларга сабактар аркылуу педагогикалык алдыңкы ыкмалар практика жүзундө көрсөтүлдү.

Семинар-тренингге катышкан тарбиячылар баланы алдыңкы педагогикалык ыкмалар аркылуу тарбиялоо боюнча керектүү билимдерди ала алышты.

С. Субанова, Каныш-Кыя айылы

“Бөбөк ыры” кароо-сынагында наристелер таймашты

 

Бүгүн, 14-май күнү район борбору Каныш-Кыя айылындагы Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө “Бөбөк ыры” кароо-сынагы болду. Кароо-сынакка жыл башында Өнүктүрүү саясат институту, GIZ коомдук бирикмеси жана Каныш-Кыя, Чаткал айыл аймактары тарабынан колдоого алынып, Сайкал Абдылдаева жетектеген “ТОС с.Курулуш ” коомдук бирикмеси тарабынан турмушка ашырылган бакчаларга тартылбаган балдарга кошумча тайпаларды ачуу долбоорунун негизинде ачылган кошумча тайпалардын тарбиялануучулары катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүү менен, күч сынашышты.

бөбөк ыры 2 бөбөк ыры 4

Кароо-сынакка жалпы эки айыл  аймактагы жети тайпадан жыйырма эки тарбиялануучу катышып, ар кандай темадагы ыр, бийлерди аткарышып, көрүүчүлөрдүн шатыра-шатман кол чабууларына арзышты.

бөбөк ыры 2бөбөк ыры 1

Жыйынтыгында,  калыстардын чечими менен 1-орун Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Жыргал Усенбаева) менен Курулуш  айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчада ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Калима Молдотаева) ээлешти. 2-орун Курулуш  айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчада ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Чынар Орозова) менен Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучуларына (тарбиячысы Нурзада Сурапбаева) ыйгарылды. Ал эми, 3-орун Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчасындагы 2 кошумча тайпага (тарбиячылары Якубова Салтанат менен Субанова Назгүл) берилди.

бөбөк ыры 7 бөбөк ыры 8 бөбөк ыры 9 бөбөк ыры 10 бөбөк ыры 11

Мындан сырткары, кароо-сынакка активдүү катышкан бир топ наристелер долбоор жетекчиси Сайкал Абдылдаева, айыл аймак башчылары жана айыл башчылар тарабынан “Ардак Грамоталарга” кызыктыруучу белек-бечкектер менен сыйланышты.

Болотбек Нурдинов «Чаткал оттору»