Архив метки: патрулдук милиция

«Маяк» иш чарасы өткөрүлдү

Декабрь айынын 15-17-декабрь күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Чаткал РИИБнин алдындагы патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан «Маяк» иш чарасы өткөрүлдү.  IMG-20171218-WA0008 IMG-20171218-WA0009

Иш чаранын жүрүшүндө айдоочулар тарабынан жол режелерин бузуу учурлары текшерилип, КР. АЖКнын 231-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде жол эрежесин бузган 2 айдоочуга административдик айып салынды.

Иш чарага Каныш-Кыя аймактык ооруканасынын «Тез жардам» кызматы жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg расмий маалыматтык  сайтынын журналисттери катышты.

М. Эшназаров

«Сак бол, айдоочу!» иш чарасы өткөрүлдү

Ноябрь айынын 21инде Чаткал РИИБнин алдындагы патрулдук милиция бөлүмчөсү тарабынан «Сак бол, айдоочу»  иш чарасы болду. Иш чаранын алкагында патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери айдоочулардын документтеринин мыйзамдуулугун текшерүү менен бирге, аларга жол эрежелерин бузбоо жана мыйзамдарды сактоо тууралуу түшүндүрмө беришти.IMG-20171218-WA0007

IMG-20171218-WA0008Иш чарага Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg расмий маалыматтык сайтынын журналисттери катышты.

Эскерте кетсек, аталган иш чара акыркы мезгилдерде район аймагында көбөйүп бараткандан  жол эрежелерин бузуу иштеринин алдын алуу максатында өткөрүлдү.

М. Эшназаров