Архив метки: олимпиада

Райондук олимпиадада алдыңкылардан болушту

2015-Жаңы жыл алдынан Чаткал райондук БББнө караштуу мектептер аралык мектеп программасындагы предметтер боюнча өткөрүлгөн райондук олимпиадада Т.Орозбаев жетектеген В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатынын окуучулары биринчи орунду камсыз кылышып, алдыңкылардан болушту. Муну төмөнкү цифралар жана аргументтер тастыктап турат. Бул 2015-Жаңы жыл алдында өткөрүлгөн райондук олимпиадага мектеп-интернатынын 10 окуучусу барып катышышып, билим майданында ат салышып, өздөрүнүн жакшы билим деңгээлдерин көрсөтө алышты. Тактап айтканда, география предмети боюнча 11а-классынын окуучусу Акматбек уулу Темирлан (мугалими Нурлан Чыналиев), орус тили жана адабияты боюнча 10а-классынын окуучусу Парпиев Айтназар (мугалими Б.Исаков) 1-чи орунду жеңип алышты. Жалпылатып айтканда, мектеп-интернатынын 2 окуучусу 1-орундун, 6 окуучусу 2-орундун, 2 окуучусу 3-орундун ээлеринен болушту. Олимпиаданын бул жеңүүчүлөрү Чаткал райондук БББнүн I, II, III даражадагы Дипломдору менен сыйланышты. Ал эми райондук олимпиадада 1-орунду жеңип алышкан окуучулар Акматбек уулу Темирлан жана Парпиев Айтназар областтык олимпиадага жолдомо алышты. Б.Исаков «Чаткал оттору»