Архив метки: Нургазы Жолдошев

Зым карагайларды оңдоого 2 млн. сом бөлүнүүдө

Быйыл Каныш-Кыя айыл аймагынын айрым жаңы конуштардагы зым карагайлары оңдолуп, калыбына келтирилет. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев билдирди.  Анын билдиришинче, айыл аймагы тарабынан аталган иштерге 2 млн. сом акча каражаты бөлүнүүдө.

Каныш-Кыя МТСте 20 тонна үрөн бар

Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы  Нургазы Жолдошев Айгыр-Жал айылында болгон элдик жыйында азыркы мезгилде Каныш-Кыя МТСтин кампасында 20 тоннадан ашык арпа жана буудай үрөнү бар экендигин билдирди жана калкты бул үрөндөн алып, пайдаланса болоорун айтып, жазгы айдап, себүүгө даярдык көрүүгө чакырды.

Белгилүү педагогдун ысымы көчөгө ыйгарылды

20-июнда Чаткалдан чыккан белгилүү педагог, СССРдин эл агартуусунун отличниги, маркум Жунусбек Бейшенбаевдин ысымы өзү жашаган көчөгө салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Салтанатка Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, райБББнын башчысы Тажибай Тынышов, билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев, маркумдун кесиптештери, замандаштары, айылдаштары, уул-кыздары жана жакын туугандары катышты.

Захват_2018_06_20_07_23_40_483 Захват_2018_06_20_07_24_10_53 Захват_2018_06_20_07_25_54_212 Захват_2018_06_20_07_26_21_981

1 DSC_0056 2 DSC_0062 3 DSC_0065

Алгач Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев маркумдун эмгек жолу менен тааныштырды. Андан  соң катышуучуларга сөз берилип, алар маркумдун эмгегин баалап, ысмын түбөлүккө калытруу максатында көчөгө коюлуп жаткандыгына ыраазылыктарын билдиришти.

Чаткалдан чыккан белгилүү педагог, СССРдин эл агартуусунун отличниги, маркум Жунусбек Бейшенбаев 1927-жылы 1-сентябрда Айгыр Жал айылында төрөлгөн. 1960-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайын аяктаган. 54 жыл райондун агартуу тармагына өз эмгегин арнап, катардагы мугалимден мектеп директору, райБББнын инспектору кызматтарын аркалаган. Маркумдун эмгеги жогору бааланып, Каныш-Кя айылдык кеңеши тарабынан өзү жашаган көчөгө ысмын ыйгаруу чечими кабыл алынган.

М.Эшназаров

Нооруз-Жаз майрамы өзгөчө шаң менен өттү

Быйыл Нооруз-Жаз майрамы Чаткал районунда өзгөчө шаң менен өттү. Тактап айтканда, райондун ар бир айылында айыл аймактары жана демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарга майрамдык ишчара уюштурулуп, эр оодарыш, чуркап жарышуу, күрөш сыяктуу улуттук спорттук оюндар жана тушоо кесүү каадалары болду.

Район борбору Каныш-Кыя айылында да Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, мында алгач район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев жана райондо кен казуу менен алектенген  «Вертекс Голд Компани» фирмасынын директору Абдыкапар Баялиевдер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Андан соң, эр оодарыш оюну башталып, ага аял балбандар да катышып, кадимки эркектерден кем калышпай кармашып,  көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Мындан сырткары, чуркап жарышуу, аркан тартыш оюндары да болуп, эркектерден жана аялдардын турган командалар күч сынашып, жеңүүчүлөр акчалай байгелерге ээ болушту. Оюндарга Маданият айылынын жашоочулары активдүү катышып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна арзышты.20180321_114236 20180321_114357 20180321_114553 20180321_115705 20180321_120809 20180321_121443 20180321_121745 20180321_123401

Район борборунда өткөн майрамдык иш чарага Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан он миң сом жана «Вертекс Голд компани» фирмасы тарабынан он миң сом, жалпысы жыйырма миң сом акча бөлүнгөн. Тагыраагы, айыл өкмөтү тарабынан Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча бардык айылдарга жалпысынан 65 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул айыл аймак башчысы Нургазы Жолдошев билдирди.

Мындан сырткары, Нооруз майрамын өткөрүүгө «Вертекс Голд Компани» фирмасы тарабынан жалпы 100 миң сом акча бөлүнгөндүгүн аталган фирманын директору Абдыкапар Баялиев билдирди.

М. Эшназаров

Белгилүү ырчы, обончу, маркум Таалай Бектургановдун ысымы борбордук көчөгө ыйгарылды

6-декабрда Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөлөрүнүн бирине белгилүү обончу, ырчы, маркум Таалай Бектургановдун ысмы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Азем башында маркумга багышталып куран окулду. Андан соң, район район акиминин орун басары Муратбек Досматов маркум Таалай Бектургановдун өмүр баяны менен кыскача тааныштырып өттү. Андан соң, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, Таалай Бектургановдун чыгармачылыгына арналып, райондо бир топ маданий иш чаралар өткөрүлгөндүгүн жана кезегинде кыргыз элине белгилүү «Таалай элеси» эстрадалык тобу да маркум Таалай Бектургановдун чыгармаларын өчүрбөө максатында уюшулгандыгын белгилеп, бүгүн маркум Таалай Бектургановдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында район борборунун борбордук көчөлөрүнүн бирине ыйгарылып жаткандыгын айтып өттү.бектурганов кочосу 1 бектурганов кочосу 2 бектурганов кочосу 3 бектурганов кочосу 4 бектурганов кочосу 5 бектурганов кочосу 6 бектурганов кочосу 7
Ал эми, Жаңы-Базар айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Абдылда Кыдыров эгер маркум Таалай Бектурганов тирүү болгондо кыргыздын Высоцкийи болмоктугун белгиледи.
Мындан сырткары, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, маркумдун бир тууган эжеси Ажар Бектурганова, классташы Дуйшон Райымбековдор эскерүү сүйлөштү.
Андан кийин маркум Таалай Бектургановдун ысмы жазылган тактайчанын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилди.
Салтанат соңунда катышуучуларга ысык чай берилип, маркум Таалай Бектурганов тууралуу тартылган тасма көрсөтүлдү.

М. Эшназаров

Белгилүү коомдук ишмердин ысымы көчөгө ыйгарылды

Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын борбордук көчөсүнө Чаткалдан чыккан белгилүү коомдук ишмер, алгачкы журналисттердин бири, маркум Корчубек Кошалиевдин ысмы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

кошалиев 3 кошалив 4 кошалиев 2 кошалиев 6 кошалиев 7 кошалиев 8кошалиев 1
Аземге район акиминин орун басары Муратбек Досматов, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, маркум Корчубек Кошалиевдин кызы Алиман Кошалиева баштаган уул-кыздары жана айыл тургундары катышты.
Аземде, алгач коомдук ишмер Корчубек Кошалиевдин басып өткөн бараандуу эмгек жолу калкка тааныштырылып, келген коноктор эскерүү сөздөрүн айтышып, соңунда маркумга багышталып куран окулду.
Андан соң, көчөнүн кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилип, катышуучулар тарабынан маркум Корчубек Кошалиевдин уул-кыздарына алкоолор айтылды.
Корчубек Кошалиевдин уул-кыздары да сөз кезегинде көчөгө Корчубек Кошалиевдин ысмын ыйгаруу демилгесин колдогондугу үчүн Каныш-Кыя айылдык кеңешине ыраазылыктарын билдиришти.

М. Эшназаров

Көпүрөлөрдү пайдаланууга убактылуу тыюу салынды

15-майда Каныш-Кыя айыл аймагынын №119 буйругу менен Каныш-Кыя, Кайың-Суу  жана Коргон-Сай айылдарындагы жөө адамдар жана мал өтүүчү көпүрөлөрдү пайдаланууга убактылуу тыюу салынды. Мунун себеби, Чаткал дарыясынын жылдагыдан ашыкча көбөйүүсүнөн улам, азыркы күндө көпүрөлөрдү суу алып кетүү коркунучу жаралды. IMG-20170520-WA0063 IMG-20170520-WA0020–Көпүрөлөрдүн түптөрү кирген суудан улам, бошоп кетүүсү мүмкүн болгондуктан, малга жана адам өмүрүнө кооптуулук жаралбоосу үчүн ушундай кадамга барууга туура келди. Антсе да, айыл аймагы тарабынан көпүрөлөр жана суу жээктери бекемделүүдө-деп билдирди Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев.

М. Эшназаров

Алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Быйылкы аба ырайынын кескин өзгөрүп, жаан-чачындын нормадан ашык жаашынан улам, республиканын көпчүлүк аймактарында кооптуу абал жаралып жаткандыгы жалпыга белгилүү.  Буга байланыштуу  Каныш-Кыя айыл аймагында да дарыянын жээктерин жана көпүрөлөрдү бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу чаралары көрүлүп жаткан кези.

Атап айтканда, Каныш-Кыя айылынын Кайың-Суу, Каныш-Кыя ,Жер-Капчыгай элдүү пункттарындагы,  Айгыр-Жал, Коргон-Сай, Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарындагы көпүрөлөргө жана суу жеп кетүү коркунучу бар жээктерге зым торлор төшөлүп, шагыл менен бастырылып, бекемделди. IMG-20170520-WA0090 IMG-20170520-WA0108 IMG-20170520-WA0102 IMG-20170520-WA0034 IMG-20170520-WA0058 Андан сырткары, Айгыр-Жал айылынын Маңдай участкасы саздак жерде жайгашкандыктан, ал жердеги жер астындагы суунун деңгээли да көтөрүлүп, турак жайларды каптоо коркунучу жаралгандыгына байланыштуу ал жердеги арык, каналдар  тереңдетилип казылып, жер астындагы суунун деңгэлинин төмөндөөсүнө  шарт түзулдү. Ошондой эле, Каныш-Кыя айылындагы  Шабыр, Айгыр-Жал айылындагы Арстан-Сай жана Чуңкур-Суу суугат каналдары да кеңейтилип, тазаланды.

Бүгүнкү күндө, Ак-Көл каналынан суу ашып кетип жаткандыктан, бул каналды терендетип казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жумуштарды жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майларды алууга Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен керектүү акча каражаты бөлүнүп берилген. Кошумчалай кетчү нерсе, аталган жумуштарга райондук суу чарба башкармалыгынын  жана Чаткал токой чарбасынын, Каныш-Кыя айыл аймагында кен казуу жана чалгындоо ишмердүүлүгүн  жүргүзүп жаткан “Кичи Чаарат”,  “Данай-Сервис”фирмаларынын жана айрым жеке жарандардын техникалары тартылды.

Бүгүнкү күнгө чейинки аткарылган жумуштарга Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинен 308 900 сом акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын кызматкери Токтобү Дубанаева билдирди.

М. Эшназаров

Каныш-Кыя айыл аймагынын башчылыгына шайлоо болду

бүгүн, 25-январда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысын шайлоо болду.  Шайлоонун жыйынтыгы менен  айыл аймагынын башчылыгына жалгыз талапкер-Нургазы Жолдошев Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 21 депутатынын 100 пайыз добушуна ээ болуу менен Каныш-Кыя айыл аймагынын башчылыгына бир добуштан шайланды. Бул тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Чаткалбек Койчукеев билдирди.

Эскерте кетсек, Нургазы Жолдошев буга чейин Чаткал токой чарбасынын директору кызматын аркалап келген.

Жаңы айыл аймак башчысынын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн көчөттөр берилүүдө

кочот эгуу IMG_20160325_150659ipp

КР. Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин 2016-жылдын 9-мартындагы V01-25\257 буйругу менен чаткалдык быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ар кандай тал-теректердин көчөттөрү таркатылып берилди. Максатка ылайык, бул көчөттөрдү мектеп  бүтүрүүчүлөрү тийиштүү жерлерге өз колдору менен эгишмекчи. -Көчөттөрдүн он пайызы ийне жалбырактуу көчөттөр болуп эсептелет.-деди бул маалымат менен бөлүшкөн Чаткал токой чарбасынын директору Нургазы Жолдошев.

М. Эшназаров