Архив метки: нооруз

Нооруз-Жаз майрамы өзгөчө шаң менен өттү

Быйыл Нооруз-Жаз майрамы Чаткал районунда өзгөчө шаң менен өттү. Тактап айтканда, райондун ар бир айылында айыл аймактары жана демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарга майрамдык ишчара уюштурулуп, эр оодарыш, чуркап жарышуу, күрөш сыяктуу улуттук спорттук оюндар жана тушоо кесүү каадалары болду.

Район борбору Каныш-Кыя айылында да Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, мында алгач район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев жана райондо кен казуу менен алектенген  «Вертекс Голд Компани» фирмасынын директору Абдыкапар Баялиевдер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Андан соң, эр оодарыш оюну башталып, ага аял балбандар да катышып, кадимки эркектерден кем калышпай кармашып,  көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Мындан сырткары, чуркап жарышуу, аркан тартыш оюндары да болуп, эркектерден жана аялдардын турган командалар күч сынашып, жеңүүчүлөр акчалай байгелерге ээ болушту. Оюндарга Маданият айылынын жашоочулары активдүү катышып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна арзышты.20180321_114236 20180321_114357 20180321_114553 20180321_115705 20180321_120809 20180321_121443 20180321_121745 20180321_123401

Район борборунда өткөн майрамдык иш чарага Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан он миң сом жана «Вертекс Голд компани» фирмасы тарабынан он миң сом, жалпысы жыйырма миң сом акча бөлүнгөн. Тагыраагы, айыл өкмөтү тарабынан Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча бардык айылдарга жалпысынан 65 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул айыл аймак башчысы Нургазы Жолдошев билдирди.

Мындан сырткары, Нооруз майрамын өткөрүүгө «Вертекс Голд Компани» фирмасы тарабынан жалпы 100 миң сом акча бөлүнгөндүгүн аталган фирманын директору Абдыкапар Баялиев билдирди.

М. Эшназаров