«Вертекс Голд Компани » ЖЧКсы «Глобал Джамгыр Майнинг » ЖЧКсы менен биргеликте район борбору Каныш-Кыя айылында алдыда куруу пландаштырылып жаткан алтын ылгоочу фабриканын долбоору менен жергиликтүү калкты тааныштыруу иш чарасын өткөрүштү.
Иш чара учурунда быйылкы алдыңкы бүтүрүүчүлөргө аталган фирмалар тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Ал эми, «Вертекс Голд Компани » ЖЧКсынын жетекчиси Абдыбакыт Баялинов, Глобал «Джамгыр Майнинг » ЖЧКсынын жетекчиси Николай Ермошкин жана мамлекеттик геологиялык агенттиги менен мамлекеттик теникалык көзөмөл агенттигинин өкүлдөрү катышуучулардын фабриканын курулушуна байланышкан бир нече суроолоруна жооп беришти.
Кечкисин Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө айыл тургундарына «Вертекс Голд Компани » жана «Глобал Джамгыр Майнинг» ЖЧКларынын колдоосу менен КР. Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү ырчы жана обончу Тотомидин Жолдошев жетектеген «Таалай элеси » эстрадалык тобунун жана белгилүү эстрада жылдыздарынын концерти тартууланды.
М.Эшназаров