Архив метки: М. Эшназаров

Чаткалдык өспүрүмдөр түштүк аймагы боюнча биринчиликти алышты

Өткөн жуманын соңунда республикабыздын түштүк аймагы боюнча мектеп окуучулары арасында воллейбол боюнча Кадамжайда өткөн «Алтын күз » спорттук мелдешинде Чаткал районунун Тообай Эрматов атындагы өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы 1-орунду жеңип алышты. Бул тууралуу спорт мектебинин директору Равшанбек Арыкбаев билдирди. Анын маалымдашынча мелдешке жалпы он бир команда катышкан.

дюсш 1 дюсш 2

М.Эшназаров

Шакафтарда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өттү

14-ноябрда Шакафтар айылында FFC уюму жана Шакафтардагы «Айкөл » клубунун уюштуруусу менен эрежесиз эр уруш боюнча таймаш өттү. Анда жалпысынан эки кур коюлуп, кур үчүн ат салышкан мушкерлер 77кг салмагында Наркул уулу Алибек анын каршылашы Өзбекистандык Турсунов экөөсү беттешип, Наркул уулу Алибек женишке жетишти.
Экинчи курда Эрматов Бахадыр менен Кадыров беттешип Бахадыр Эрматов женишке жетти
Таймашка жалпы 17 жуп мушкер катышып, алардын көпчүлүгүн чаткалдык жана алабукалык спортчулар түздү.
Бул тууралуу «Айкөл » спорт клубунун жетекчиси Бектур Чыналиев билдирди.

айкөл 1 айкөл 2 айкөл 3 айкөл 4 айкөл 5

М.Эшназаров

С.Байдөөлөтов орто мектебинде улуу жазуучуга арналган адабий кече болду

23-ноябрда С. Байдөөлөтов орто мектебинде улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Адамзаттын Айтматову:Өтмүш. Учур. Келечек » аттуу адабий концерттик кечеси болду.
Кечеге райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев баштаган райБББ кызматкерлери, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышты. Кечеде улуу жазуучунун «Тоолор кулаганда «, «Бетме-Бет » чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып коюлуп, чыгармаларына жазылган обондуу ырлар аткарылып, көркөм ырлар окулуп, окуучулар тарабынан «Эрте келген турналар » чыгармасынын негизинде тартылган видеоролик көрсөтүлдү.

байдолотов 2 байдолотов 3 байдолотов 4 байдолотов 5 байдолотов 6 байдолотов 7 байдоолотов 1

М.Эшназаров

 

 

Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектеби жаңы имаратка көчүрүлдү

Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек орто мектебинин окуучулары жаңыдан салынган имаратына көчүрүлүп, окутула баштады.
Эскерте кетсек, мектепте жалпы 123 окуучу бар, ал эми жаңы имарат 150 орунга эсептелинген. Окуучулар жаңы мектепте эки нөөмөт менен окутулуп, класстар жетишээрлик болот.

акташ мектеп 1 акташ мектеп 2 акташ мектеп 3 акташ мектеп 4 акташ мектеп 5

М.Эшназаров

А.Баймырзаев орто мектебинде улуу жазуучу эскерилди

16-ноябрь күнү А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Кыргыз эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматовду эскерүү кечеси » болуп өттү. Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган залкар жазуучубуздун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, Айтматовдун чыгармаларына арналып жазылган обондуу ырлар аткарылды
Мындан сырткары мектепте Ч. Айтматовдун 90 -жылдыгына атайын бурч уюштурулган

баймырзаев 1 баймырзаев 2 баймырзаев 3 баймырзаев 4

 

М.Эшназаров

 

Айгыр-Жал айылдык эмканасына жаңы шарттар түзүлүүдө

№6-Айгыр-Жал айылдык үй бүлөлүк дарыгерлик тобунун имараты Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен 737 миң сомго темир тосмо менен короолонуп, буга кошумча 750 миң сомго заманбап гараж курулуп, пайдаланууга берилди.
Бүгүн айылдык кеңештин депутаттарынын, райондук оорукананын жетекчилигинин жана айыл тургундарынын катышуусунда заманбап гараждын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилди.
Иш чаранын жүрүшүндө, №6-Айгыр-Жал айылдык үй бүлөлүк дарыгерлик тобунун башкы дарыгери Байызбек Балташев жогорудагы жумуштардын аягына чыгышына негизги салым кошкон Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө, айылдык депутаттарга жана курулуш иштерин аягына чыгарган ишкерлерге ыраазылыгын билдирди.

айгыржал гсв 1 айгыржал гсв 2 айгыржал гсв 3 айгыржал гсв 4 айгыржал гсв 5

М.Эшназаров

А. Айымбетов орто мектебинде семинар пайдалуу өттү

2-ноябрда Алике Айымбетов атындагы негизги жалпы билим берүүчү мектебинде ,,Маалымат жана медиа», ,,Сабакка анализ беруу» темасында семинар өткөрүлдү. Семинар мектептин усулчусу Темирова Нурзат Султанбековна тарабынан даярдалып, семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Субанова Садакан жана жакынкы мектептин усулчулары, мугалимдер катышты. Өткөрүлгөн семинар учурдун муктаждыктарына ылайык иштелип чыккандыгы жана көйгөйлүү маселелерди чечуучу темалар коюлгандыгын менен кызыктуу өткөрүлдү. Темирова Нурзат Султанбекованын сабагы көпчүлүктүн жактыруусуна алынып «Үлгүлүү сабак » деп табылды. Райондук денгээлде жайылтуу жагы сунушталды.

айымбетов 1 айымбетов 2 айымбетов 3 айымбетов 4

М.Эшназаров

«Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун » колдоосу менен

Чаткал айыл аймагында «Чаткал районунун өнүктүрүү фондуна » жазылган долбоорлор аркылуу бир топ жумуштар аткарылууда. Атай кетсек, Жаңы-Базар айылындагы  » Байчечекей » балдар бакчасы 1 млн. 74 миң 31 сомго оңдолууда.IMG_20181101_144654 IMG_20181101_144607

2 млн. 885 миң сом каражатка Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинин жылытуу тутуму жаңыланды.IMG_20181101_141025

1 млн. 339 миң 348 сом каражатка Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасынын чатыры жаңыланууда. Ал эми, аталган бакчанын ичи айыл аймактын эсебинен оңдолууда.

IMG_20181101_113644

— Чындыгында, «Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун каражаттары айыл аймактагы бир топ жумуштарды бүткөрүүгө зор өбөлгө түздү. Бул жумуштардын ишке ашуусуна колдоо көрсөткөн район акими Канжарбек Эшалиевге Чаткал айыл аймагынын тургундарынын атынан ыраазылык билдирем — дейт Бакытбек Исабеков

 

М. Эшназаров

Т.Бектурганов атындагы маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Жаңы-Базар айылындагы Таалай Бектурганов атындагы айылдык маданият үйү түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Эскерте кетсек, аталган маданият үйү курулгандан бери айрым утурумдук оңдоолорду эсептебегенде, быйылкыдай оңдоп-түзөөдөн өтө элек.жаныбазар клуб 1 жаныбазар клуб 2 жаныбазар клуб 3 жаныбазар клуб 4 Бул иштерге жалпысынан 894600 сом каралып, мындан Чаткал айыл өкмөтүнүн эсебинен 230000 сом каралып, калган каражаттар түрткү берүүчү гранттан болууда. -Маданият үйү буга чейин отун, көмүр менен жылытылган. Быйыл электр буу казаны менен жылытууга өтмөкчү -дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков

М.Эшназаров

Жаңы-Базар айылына жаңы бала бакча курулууда

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына кен казуу менен алектенген «Консалитед Аурум» фирмасынын демөөрчүлүгү менен 13 млн. сомго 75 орундуу бала бакча курулууда. жаныбазар садик 1 жаныбазар садик 2 жаныбазар садик 3 жаныбазар садик 5 жаныбазар садик Бакчанын курулушу былтыр башталган. -Быйыл октябрь айына карата ишке кириши күтүлүүдө-дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков.
Айылда мындан башка дагы «Байчечекей» бала бакчасы бар. Аталган айылдын калкынын саны өсүп жаткандыктан, кошумча бала бакча ачуу зарылдыгы келип чыккан.

М.Эшназаров