Архив метки: мугалим

Кесиптик бирлик жыл жыйынтыгы менен

Билим берүү кызматкерлеринин Чаткал райондук кесиптик бирлиги үчүн 2017-2018-окуу жылы жемиштүү аяктады.
Бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев окуу жылы ичинде райондогу мектеп жана бала бакчалардагы райондук деңгээлдеги ар бир иш чарага катышып, өзү да кесиптик бирлик тарабынан бир топ иш чараларды каржылап берди.
Жыл соңунда, 12-июнь күнү райондогу мектеп жана бала бакчалардын кесиптик бирликтеринин төрага, төрайымдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

IMG_20180612_110125

IMG_20180612_110143IMG_20180612_121537Мындан сырткары, жыйында Чаткал районунан облустук Грамотага 1, «КР. Эл агартуунун отличниги» наамына 1 мугалим, облустук жана райондук кесиптик бирликтин Грамотасына 2 мугалим сунушталды. Райондук кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган жылы ичинде «Жыл мугалими «, «Жылдын мыкты кесиптик бирлиги «, «Жылдын мыкты мектеби «, «Жылдын мыкты бала бакчасы «, «Жылдын мыкты тарбиячысы «, «Жылдын мыкты уюштуруучусу «, «Жылдын мыкты китепканачысы «, «Жылдын мыкты усулдук канасы «, «Жылдын мыкты предметтик канасы » наамдарынын ээлери курорт, же санаторийлерге эс алууга баруусу маалымдалды
Мындан сырткары бир нече ар кандай маселелер каралды.
Жыйын соңунда катышуучулар билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлиги тарабынан өткөн окуу жылында көптөгөн жогорку деңгээлдеги өткөрүлүп, мурдагы жылдарга караганда көп каржылык колдоолор болгондугун баса белгилешип, бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиевдин ишин бир ооздон жогору баалашты.

М. Эшназаров

Башкы-Терек орто мектебинде «Ачык эшиктер күнү» болду

Бүгүн, Башкы-Терек орто мектебинде Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин планына ылайык, «Ачык эшиктер күнү» болду. Анын алкагында «Кырк миң жыл өтсө да эстен чыккыс, кыргыздын кырааны бар, аты-Чыңгыз» аттуу концерт тартууланды.иш чара б терек 1 иш чара б терек 2 иш чара б терек 3 иш чара б терек 5 иш чара б терек ишчара б терек 6 ишчара б терек 7 ишчара б терек 8
Анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына байланышкан ырлар, сахналаштырылган көрүнүштөр, мугалимдер тарабынан тартылган чакан фильм жана слайд шоу тартууланды.
Иш чарага 9 мектеп жана 6 бала бакчадан келген 34 мугалим катышты.
Соңунда, болуп өткөн иш чарага байланыштуу тегерек стол болду.

М. Эшназаров

Мугалимдер усул алмашышты

Апрель айынын 26 сында  Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде райондук «Ачык эшиктер күнү» иш чарасы болду.
Иш чарага он үч мектептен келген мугалимдер катышып, тажрыйба алмашты.усул алмашуу 1 усул алмашуу 2 усул алмашуу 3 Мында, Т. Жаналиев орто мектебинен тандалып алынган үч мугалим алдыңкы деп тандалып алынган сабактарын презентациялашты. Катышуучулар бул өтүлгөн сабактарды өз мектептеринде тажрыйба катары жайылтышмакчы.

М.Эшназаров

Залкар жазуучунун 90 жылдык маарекесине карата

Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата  районубуздагы мектептерде жазуучунун чыгармачылыгына арналган адабий кечелер жана ачык сааттар өтүүдө. Мындан иш чаралардын бири жакында Башкы-Терек орто мектебинде болду.
Тактап айтканда, аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнара Абдыкеримова 11-класстын окуучулары үчүн залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган «Адабият-турмуш күзгүсү» аттуу ачык сабак өттү.  Сабактын жүрүшүндө жазуучунун каармандарынын ролдорун аткарган окуучулар монологдорду айтышып, бири-бирине суроолорду беришип, өз түшүнүктөрүн бышыкташты. DSC_0349 DSC_0351DSC_0387 DSC_0379
DSC_0368DSC_0360Буга кошо эле, окуучулар тарабынан жазуучунун чыгармаларына арналган обондуу ырлар да ырдалып, көркөм окуулар аткарылды.
Ачык сабактын соңунда сабактын жүрүшүнө баа берип олтурган мугалимдер тобу тарабынан жыйынтык чыгарылып,  ачык сабакка «эң жакшы» деген баа берилди.
-Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын балдарга терендетип окутууда ачык сабактардын ролу чоң. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнара Абдыкеримова тарабынан өткөрүлгөн бүгүнкү ачык сабак абдан жеткиликтүү болуп, окуучуларга жакшы таасир калтырды деп эсептейм-деди  болуп өткөн ачык сабакка баа берген мугалимдер тобунун жетекчиси,  мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Абдыманап Качикеев.
Ал эми,  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында камтылган улуу ойлорду окуучуларга толук жеткирүүдө ачык сабак менен гана чектелүү жетишсиз экендигин айткан кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнара Абдыкеримова- Өзүм демилгелеп, Улуу жазуучунун чыгармаларына арналган сүрөт коргөзмөсүн уюштурдук. Бул эми албетте, окуучулар сүрөттөр аркылуу да улуу жазуучунун философиялык терең чыгармаларын тушүнүшсө деген максат-дейт.

М. Эшназаров

Билим берүү тармагындагы кемчиликтер ачык айтылды

Февраль айынын экисинде райондук мамлекеттик администрацияда райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондун жетекчилиги, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, мектептердин директорлору жана тиешелүү адистери, билим берүү тармагына тийиштүү мекеме жетекчилери катышкан кезексиз коллегия болду.
Коллегияда алгач, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев баяндама жасады.
Баяндамада белгиленгендей, текшерүүдө мектептерде иш кагаздардын ордунда эместиги, жогорку бийлик органдарынан келген буйрук, көрсөтмөлөр өз убагында аткарылбастыгы, иш пландарды аткарууда оркойгон кемчиликтерге жол берилип келаткандыгы, айрым мектептерде санитардык абалдын начардыгы аныкталган.
Баяндама окулуп бүткөн соң, РИИБ башчысы Медербек Муратов өткөн 2014-жылы өспүрүм балдар арасында район боюнча 2 кылмыш иши катталгандыгын маалымдап, 2015-жылдын 21-январында болуп өткөн, “С Байдөөлөтов” орто мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары катышкан кайгылуу окуя тууралуу маалымат берип, азыркы учурда 11-класстын кылмышка шектүү делген 7 окуучусу райондук соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайда кармалып тургандыгын, алардын күнөөлүү же, күнөөсүз экендиги соттук териштирүүдөн соң гана аныкталаарын билдирди. Ал мындан сырткары, РИИБде өспүрүм балдар менен иштөө боюнча 2 гана инспектор бар экендигин, алар райондогу 19 мектепке жетишпестигин айтып, “С. Байдөөлөтов” орто мектебиндеги жагымсыз окуялар боюнча мектеп директоруна жана соцпедагогго тиешелүү тараптардан юридикалык баа берилээрин кошумчалады.
Андан соң, сөз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ызан Кудайбердиевге берилди. Ызан Кудайбердиев окуу жылынын башында бардык мектеп директорлору жана тиешелүү кызматкерлери менен тийиштүү иш чаралар аткарылып, иш кагаздар толтурулуп, иш пландар кабыл алынгандыгын айтып, антсе да, райондогу билим берүү тармагындагы кемчиликтер убакыт келип, минтип, айкын болуп калгандыгын моюнга алды.
Аким К. Эшалиев Ы. Кудайбердиевдин сөздөрүнө ынанбагандыгын билдирип, буга чейин райондо мектепке тартылбаган бир гана бала бар болсо, жакында раймамадминистрациянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө окууга тартылбаган балдардын саны мындан көп экендиги аныкталгандыгын айтып, мындан башка да бир топ кемчиликтерди айтуу менен, райондогу билим берүү тармагындагы солгун иштерди кескин сынга алды. –Мугалимдердин көйгөйү көп экендиги, айлыктарынын аздыгы, мектептерде китептердин жетишпестиги талашсыз. Сиз райондогу билим берүү тармагынын жетекчиси катары, мугалимдер менен жакындан иштешпей, алардан алыстап кеткенсиз, мисалы: мектептердеги китептердин жетишпестиги боюнча эмне үчүн айыл өкмөттөргө, райондук жетекчиликке маселе койгон жоксуз? -деди аким К. Эшалиев.
Андан кийин, “С. Байдөөлөтов”, “Исмаил уулу Матиш”, “Т. Жаналиев”, “С. Мырзалиев” орто мектептеринин директорлоруна аталган мектептерде орун алып келаткан өспүрүм балдар, кыздар арасындагы терс көрүнүштөр боюнча коллегия мүчөлөрү тарабынан суроолор берилип, орчундуу сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.
Коллегиянын жүрүшүндө, аким К. Эшалиев мектеп директорлору “Б. Камчыбеков”, “Ю. А. Гагарин”, Сумсар орто мектептеринен көп жагынан үлгү алса болоорлугун кошумчалады.
Коллегиянын соңунда, жогоруда айтылгандай, өз ишинде орчундуу кемчиликтерди кетирген райББнын башчысынын жана мектептердин директорлорунун кызмат абалын кароо, билим берүү тармагын тейлеген айрым кызматкерлерге сөгүш берүү, калган мектеп директорлоруна ишинде кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюу тууралуу токтом кабыл алынды.