Архив метки: мите курттар

Дарыгер кеңеш берет; Мите курт ооруларынан сактаныңыз

Мите оорулары — мите курттар (гельминттер), мите жаныбарлар, жөнөкөйлөр (амеба, лейшмания, лямлия, токсоплазма, плазмодиялар жана башкалар) жана муунак буттуулар (чымын-чиркейлер, биттер) жана башкалар пайда кылган оорулар.

    Мите оорулар тууралуу:

Мите жаныбарлар пайда кылуучу оору инвазиялык деп, ал эми вирустар, козу карындар пайда кылуучу оору жугуштуу оорулар деп аталат. Мите курттар гельминтоздорду пайда кылат. Буга аскаридоз, энтеробиоз, эхинококкоз, анкилостомидоз, дифиллоботриоз, фациолез, трихинелез, трихоцефалез, тениидоз  жана башкалар кирет. Жөнөкөйлөр протозооздорду пайда кылат. Аларга амебиоз, лямблиоз, безгек, токсоплазмоз, лейшманиоз, трипаносомоз жана башкалар кирет. Кишинин организминде 50дөн ашуун жөнөкөй жаныбарлардын түрү мителик кылат. Мите курт-кумурскалар энтомоздорду, кенелер акароздорду пайда кылат. Энтомоздорго миаздар, чиркей, желимчи, бит жана башкалар чаккандан болгон тери оорулары (дерматозооноздор); акоздорго котур кирет. Мите ооруларынын козгогучтары туруктуу жана убактылуу болуп айырмаланат. Убактылуу мителер табиятта же үйдө эркин жашап, кишиге тамактануу (чагуу) үчүн гана келет. Туруктуу мителер кишинин организминде өөрчүү мезгилинин айрым бөлүгүн же бүт өмүрүн өткөрөт.

Козгогучтардын бөлүнүшү:

Мите оорусун козгогучтар кишинин организминде орун алышы, мителик кылышы боюнча сырткы (эктомителер) жана ички (эндомителер) болуп бөлүнөт. Эндомителер негизинен ички органдарда — өпкө, боор, ичеги, булчуң ткандарында жашап, аларды жабыркатат. Мындан сырткары тери алдында (котур кенеси) жана дене көңдөйүндө — мурун, ооз, кулак жана башкаларда жашоочу (сайгактын личинкасы) мителер белгилүү. Мите оорулары мите алып жүрүүчү же оорулуу жаныбарлар менен кишилерден жугат. Организмге козгогучтар тери же ооз, мурун аркылуу кирип, тамак-аш, чымын-чиркей, аба менен таралат.

Тамак-аш менен жугуучу:

Тамак-аш менен жугуучу мите оорулары на мите курттар пайда кылуучу оорулар, ич өткөк, амёбиаз, лямблиоз жана башкалар кирет. Алар мителер менен булганган тамак-ашты, сууну ичкенде, ошондой эле кир кол, идиш-аяк менен жугат. Кээ бир мите оорулары (котур, анкилостамидоз, биттөө жана башкалар) жолуккандан, тийишкенден жугат. Козгогучун башка организмдер (кенелер, чиркейлер, бүргөлөр) таратуучу мите оорулары трансмиссивдүү мите оорулары деп аталат.

Очоктуу оорулар:

Мите ооруларынын ичинен табигый очоктуу оорулар кездешет. Мисалы, лейшманиоздо оорунун очогу кемирүүчүлөр болуп, ал эми тараткыч, жугузуучулар — желимчилер. Мите ооруларынын козгогучтары организмге түрдүүчө зыян келтирет. Ооруну врач дарылайт. Организмге зыян келтирбей козгогучтарды өлтүрүп жок кылуучу химиялык каражаттар, кан препараттары жана витаминдер колдонулат.

Аскаридалар кишинин ичегисинде мителик кылат. Ургаачысынын уз. 25—40 см; эркеги — 15—25 см. Ургаачысы ичегиде суткасына 200 миңге чейин жумуртка тууйт, ал оорулуунун ичегисинен заң менен сыртка чыгат. Сырткы чөйрөдө жумуртканын өөрчүүсү ыңгайлуу шартта, кычкылтек жетиштүү, нымдуу топуракта (24—26°Сда) 24—25 күнгө созулат. Аскариданын жумурткасы сырткы чөйрөдө кыштап чыгуусу мүмкүн (кар алдында —30° температурада). Мелүүн климаттык зонада алар 20 см тереңдикте 5—7 жылга чейин сакталат.

Аскаридоздун жугуу жолдору:

Аскаридозду жугузуунун негизги булагы — адамдын заңы менен булганган топурак, кир кол, жуулбаган жашылча, жемиш, мөмлөр, ошондой эле булганган суу жана башка.

Аскариданын жетилген жумурткасы менен булганган жашылча, жемиш, мөмөлөрдү жегенде, кээде кайнатылбаган сууну ичкенде жугат. Адамдын ичегисинде тамак менен кирген жетилген жумурткада личинка пайда болот. Личинка ичеги капталынын былжыр челин тешип, вена кан тамырына өтүп, кан агымы менен жүрөккө, өпкөгө андан өпкө альвеоласын тешип бронхторго келип, дем алуу жолдору аркылуу ооз көңдөйүнө келет. Ооздон шилекей менен кошо жутканда кайрадан ичегиге келип, жетилген аскаридага айланат.

Белгилери:

Аскаридоздун өтүшү миграциялык — личинкасы ичегиге 2-жолу түшкөнгө чейинки жана ичегидеги болуп эки стадияга бөлүнөт.

1-стадиясыкөбүнчө билинбей өтөт. Кээде дене ысып, жөтөлөт, бөрү жатыш чыгышы мүмкүн. 2-стадиясында оорулуунун жүрөгү айланат, ичи толгоп ооруйт, шилекейи агып, тамакка табити тартпайт, башы айланып ооруйт, бат чарчайт. Балдар уктап жатканда тишин кычыратат; деми кысылат, бронхит, аз кандуулук пайда болот.

Дарылоо:

Дарылоону врач жүргүзөт. Врачка кеч кайрылганда дарылоо узакка созулат. Кабылдап кеткенде (перитонит, ичеги өткөөлсүздүгү, ириңдүү холецистит) хирургиялык операция жасалат.

Алдын алуу:

Аскаридозду жугузуунун негизги булагы-өздүк гигиенанын эрежелерин жана даараткананы таза сактоо керек. Жашылча-жемиштерди чийки жээрден мурун жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкоо максатка ылайык. Балдарды кичине кезинен гигиеналык адатка (колду жууганга, колун оозуна салбоого жана башка) үйрөтүү чоң мааниге ээ.

Трихинеллез — адамдын жана жаныбарлардын жумуру мите курт — трихинелла пайда кылуучу оорусу.

Жыныстык жактан өсүп жетилген трихинелла адамдын жана айбанаттардын ичке ичегисинде, ал эми личинкасы булчуң этте мителик кылат. Ургаачысы уруктангандан кийин ээсинин ичегисинин капталына кирип, 2000ге жакын эң майда личинка тууйт да, көп узабай өлөт. Личинкалар лимфа жана кан тамыр аркылуу бүт денеге тарайт. Ал булчуңга өтүп чоңоё баштайт. Эки-үч жумадан кийин булчуңда личинка ийрилип өсүп, спираль формасына өтөт да, 2—2,5 айдан кийин сыртынан кабык (капсула) менен капталат.

Белгилери:

Бул оору адамга трихинеллез менен ооруган жаныбарлардын этин чала бышырып жегенден жугат. Оорунун алгачкы белгиси ал жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин денеси ысып (39—40°С), калтырак басат. Көзү кызарып, жарыкты карай албайт, булчуңдары, ичи ооруп, өтөт. Бети шишимик тартып, кээде көзү жүлжүйүп, ачылбай калат. Балдарда оору көбүнчө жеңил өтөт.

Дарылоо:

Дарылоону врач гана жүргүзөт. Ооруну алдын алууда ветеринариялык текшерүүдөн өтпөгөн малдын этин тамак-аш катары пайдаланууга болбойт. Чочко этин, жапайы жаныбарлардын этин жакшылап кайнатып же кууруп жеш керек.

Лямблиоз — ичке ичегиде, кээде өт баштыкчасында мителик кылуучу жөнөкөйлөр — лямблия пайда кылган оору. Лямблия кыймылдуу (4 жуп шапалакчасы жана соргуч дискасы бар) жана кыймылсыз формада (циста) жашайт. Соо адамга лямблия цистасы менен булганган тамак-аш, суу, кол, буюмдар аркылуу жугат. Ал ичегикарынга өтүп, ичке ичегиге жабышып мителик кылып көбөйөт. Лямблиоз болгондо ичтин жогору жагы же киндиктин тушу ооруйт; ич көөп курулдайт, кускусу келет, кээде былжыр аралаш суюк заңдайт. Лямблия ичке ичегиден жоон ичегиге өткөндө ал жерде өөрчүшүнө шарт болбогондуктан циста формасына айланып, заң менен сыртка бөлүнүп чыгат. Циста формасы сырткы чөйрөнүн түрдүү шартына чыдамдуу келет (топуракта 3 жумага, сууда 5 жумага чейин сакталат). Көбүнчө балдар (өзгөчө 1—4 жашка чейинки) ооруйт. Кээде оорунун белгиси билинбей өтүп, кай бир оорудан кийин байкалат. Баланын ичи көөп, ооруйт, тез-тез былжыр аралаш заңдайт. Врач оорулууга дарылоодон тышкары белогу жетиштүү жеңил диетаны (кайнатып бышырган эт, быштак, кефир, сабиз, капуста жана башкалар) сунуш кылат. Таттууну, камырдан жасалган тамактарды тарта жеш керек. Оорунун алдын алууда оорулууну убагында таап дарылоо мааниге ээ. Тамак-аш азыктарын таза сактоо, чымындарды жок кылуу, сууну кайнатып же суу түтүгүнөн ичүү, жашылча жемишти тамакка жууп пайдалануу, өздүк гигиенаны сактоо зарыл.

Токсоплазмоз — көпчүлүк орган жана системаларды жабыркатуучу оору.

Козгогучу — токсоплазма, 20° чөйрөдө 3 күнгө чейин сакталат. Тике тийген күн нурунан, ысытуудан, кургатуудан тез өлөт. Токсоплазмоз менен уй, кой, эчки, мышык, коен, тоок, өрдөк, жапайы жаныбарлардан бугу,  түлкү, сары чычкан, тыйын чычкан жана башкалар жабыркайт. Козгогуч ылаңдаган жаныбарлардын заңы, заарасы, мурдунан чыккан суюктук, сүтү менен сыртка бөлүнөт. Адамга оору жакшы бышырылбаган, кайнатылбаган эт, сүт, жумуртка жегенде жугат. Өзгөчө козгогучту бөлүп чыгарган мышыктар коркунучтуу. Анын булганган жүнүн кармаганда кол аркылуу козгогуч оозго кириши мүмкүн. Организмге  кирген козгогуч кан менен түрдүү органдарга (мээ, көз, боор, көк боор,  лимфа түйүндөрү жана башкалар) тарап, аларды жабыркатат.

Токсоплазмоздун тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар.

Кийин пайда болгон түрү катуу кармаган жана өнөкөт түрүндө өтөт.

Өнөкөт түрүндө оору жылдап созулушу мүмкүн. Мында температура анча көтөрүлбөйт, оорулуунун алы кетет, башы ооруйт, көзү начар көрө баштайт, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, лимфа түйүндөрү, боор, көк боор чоңоёт. Көпчүлүк учурда гепатит, миокардит, өпкөнүн сезгениши,  психиканын бузулушу байкалат.

Тубаса токсоплазмоздо оору түйүлдүк мезгилинде энеден берилет. Бала эненин ичинде же төрөлөрү менен өлөт. Эгер өлбөй калса түрдүү майыптык жана өсүү кемтиктери байкалат.

Алдын алуу:

Оорунун алдын алуу үчүн оорулуу жаныбарларды убагында таап, аларды бөлүп, дарылоо; мындай жаныбарлардан балдар, кош бойлуу аялдар сак болуусу, мышык, итке тамак бергенден кийин колду сөзсүз самындап жуу зарыл. Мал чарбасында, эт, эт азыктары менен иштегендер атайын кийимдерди кийүүгө, тазалыкты сактоого тийиш. Базардан сатып алынган эт жана сүт азыктарын жакшы бышырып, кайнатып ичүү талапка ылайык.

Катуу кармаганда ысытма болуп, баш, булчуң ооруйт.

 

Г. Акылбекова, Чаткал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык  көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери