Архив метки: мектеп

Быйыл К. Акназаров орто мектебинин жаңы имараты ишке берилет

Быйыл Коргон-Сай айылындагы К. Акназаров орто мектеби толук ишке берилет. Бул тууралуу район акими Канжарбек Эшалиев Коргон-Сай айылында болгон элдик жыйында маалымдады.

IMG_20190212_102505

Анын маалымдашынча, аталган мектепти толук бүткөрүүгө республикалык бюджеттен тогуз млн. сом акча каражаты бөлүндү.  Ал мектепти бүткөрүүдө республиканы эле карап олтурбастан, район тарабынан да тийиштүү аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.

М. Эшназаров

Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектеби жаңы имаратка көчүрүлдү

Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек орто мектебинин окуучулары жаңыдан салынган имаратына көчүрүлүп, окутула баштады.
Эскерте кетсек, мектепте жалпы 123 окуучу бар, ал эми жаңы имарат 150 орунга эсептелинген. Окуучулар жаңы мектепте эки нөөмөт менен окутулуп, класстар жетишээрлик болот.

акташ мектеп 1 акташ мектеп 2 акташ мектеп 3 акташ мектеп 4 акташ мектеп 5

М.Эшназаров

Мектептерге жана бала бакчаларга көчөттөр берилди

Быйыл Каны-Кыя айыл өкмөтү тарабынан айыл аймакка баш ийген мектеп жана бала бакчаларга жалпысы 53700 сомдук 1345 даана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү берилди.ишембилик 5 ишембилик 6 ишембилик 7 Буга кошо эле 51 даана карагайдын, 290 даана мырза теректин жана 96 даана кайыңдын көчөттөрү берилип, бул көчөттөрдүн жалпы суммасы 56300 сомду түздү. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

М.Эшназаров

«Кош, Алиппе» майрамында мугалимдерге белек берилген жок

23-апрелде Каныш-Кыя айыл аймагындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Кош алиппе» майрамы болуп өттү. Анда, 1-класстын окуучулары ушул күнгө чейинки мектептен алган билимдерин мугалимдерге жана ата-энелерге сахналаштыруу аркылуу көрсөтүшүп, ыр, бийлерди аткарышып, ата-энелерге чакан концерт тартуулашты. Келген ата-энелер наристелердин ыр, бийлерине күбө болушуп,  мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип кетишти.акназаров алиппе
Бул жолку  майрамдын мурдагылардан өзгөчөлүгү- жылдагыдай ата-энелер тарабынан мугалимдерге белек бечкек берилген жок.
-Биздин мектепте өтчү бардык иш чараларда ата-энелер тарабынан мугалимдерге ар кандай белек-бечкектерди берүүгө таптакыр тыюу салынган. Ар кандай коррупциялык аракеттерди болтурбоо боюнча катуу көзөмөл бар-дейт мектеп директору Акжол Эгембердиев
М. Эшназаров

Мектепке гүлдөр тигилүүдө

Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине 15 даана роза гүлү,2 кутучаакназаров мектебинде майда гүл урук,20 даана ар кандай гүлдүн уругу 5 даана кайын,15 даана карагат,3 даана ийне жалбырактуу карагай көчөттөрү берилди.Учурда көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

-Мектеп жааматынын атынан мектебибизге жасаган камкордугу үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз.-дейт мектеп директору Акжол Эгембердиев

Мугалимдер усул алмашышты

Апрель айынын 26 сында  Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде райондук «Ачык эшиктер күнү» иш чарасы болду.
Иш чарага он үч мектептен келген мугалимдер катышып, тажрыйба алмашты.усул алмашуу 1 усул алмашуу 2 усул алмашуу 3 Мында, Т. Жаналиев орто мектебинен тандалып алынган үч мугалим алдыңкы деп тандалып алынган сабактарын презентациялашты. Катышуучулар бул өтүлгөн сабактарды өз мектептеринде тажрыйба катары жайылтышмакчы.

М.Эшназаров

Кадимки айнектен жасалган доскалар пайдаланылууда

Эми, Чакмак-Суу орто мектебинде класстык доска маселеси көп жылга дейре маселе жаратпайт.  Жыл башында мектеп директору Бактыбек Турсункуловдун жеке тапшырмасы менен чарба башчысы Абдулла Ташбаев кадимки эле айнектен 7 даана класстык доска жасап, пайдаланууга берген эле. -Колдо жасалган доскалар бир нече ай пайдаланылып, чынында эле сапаттуу жана кадимки класстык доскалардан эч айырмасы жок экендиги иш жүзүндө далилденди. доска DSC_0828 доска DSC_0855 (3)Башка мектептерде да доска маселесин биз сыяктуу колдо жасап, чечип алышса болот деп ишеничтүү айта алам-дейт мектеп директору Бактыбек Турсункулов.

Кошумчалай кетсек, класстык доскаларды жасоо үчүн ата-энелер тарабынан колдоо көрсөтүлүп, 35 миң сом акча каражаты берилген.

М. Эшназаров

Чакмак-Суу мектебинин “Алтын казына” фондунун каражаттары кайда жумшалууда?

Сырттан жардам күтүп олтурбай, ички мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу менен, негизги чиелүү маселелерди чечип алууда Чакмак-Суу орто мектебинин эмгек жааматы көбүнө үлгү болчудай. Анткени, алардын өз демилгелери жана өздүк каражаттары менен беш жылдан бери эле  жүзөгө ашырган иштерин санай келсек бир топ.  Кеп алардын бул иштерди кантип аткарып жаткандыгында.

Анда эмесе, кененирээк токтоло кетсек, 2013-жылы мектеп мугалимдеринин демилгеси менен “Алтын казына” фонду уюштурулган.  Фондго төрага болуп мектеп директору Бактыбек Турсункулов шайланган. Фонддун максаты-мектептин жана мектеп мугалимдеринин ички муктаждыктарын чечүү болуп эсептелип, ага ай сайын мугалимдер эмгек акыларынан өз ыктыяры менен белгилүү бир суммада мүчөлүк акы чегерише баштаган. Ошентип, фонд аты айтып тургандай эле жыл айланбай “алтын казынага” айланып, анда топтолгон каражатка мектепке 2013-жылы 12000 сомго телевизор, 2014-жылы 45000 сомго түстүү принтер, ламинатор, 2015-жылы класстык бөлмөлөргө 44000 сомго жалюзилер, 2016-жылы 15000 сомго принтер сатылып алынган. Ал эми, 2017-жылы мектеп “Кичи Чаарат” фирмасынын эсебинен жаңы имаратка ээ болду. Жаңы мектепке фонддун эсебинен дагы каражат жумшалып, 75000 сомго видеокөзөмөл орнотулуп, буга кошумча 26000 сомго  жалюзи сатылып алынды.видеокөзөмөл DSC_0875видеокөзөмөл DSC_0958 видеокөзөмөл DSC_0977 жалюзи DSC_0861 (3) телевизор DSC_0855 (4)

Азыркы кезде фонддо 30 миң сомдон ашык акча каражаты бар экендигин, жылдын жыйынтыгы менен бул каражатты 50 миң сомго жеткирип, мектептин жасалгалоо иштерине жумшоону максат кылып жаткандыктарын айткан фонддун төрагасы, мектеп директору Бактыбек Турсункулов-жайкы эс алуу мезгилинде мугалимдер райондон сырткары эс алуучу жайларга фонддун каражаттарынын эсебинен барып келишет-деп кошумчалады.

Аракет деп ушуну айт!   Кептин кыскасы, бул мектептеги жогорудагыдай аракеттерди мактап, кепти созо бербейли. Башка мектеп, же башка тармактагы мекемелер менен бул мектептин аракетин салыштырып, окурман өзү баа берээр.

М. Эшназаров

Видеокөзөмөл билим сапатына зор пайда берүүдө

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси биринчи орунга чыгып, буга карата жер-жерлерде райондук, облустук жана республикалык деңгээлде иш чаралар өткөрүлүп жаткандыгы маалым. Антсе да, республикабызда мектеп окуучулары катышкан кылмыштардын саны кыскарбай келаткандыгы өтө өкүнүчтүү.  Бирок, мындай жагдайда ар бир мектеп жетекчилиги кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чукул чараларды көрүп, ар тараптуулук менен аракеттенсе жакшы жыйынтык чыгаарын Чаткал районунун Чакмак-Суу орто мектеби далилдеп койду.

Айта кетсек,  мектеп мугалимдери тарабынан уюшулган «Алтын казына» фондунун каражатына өтүп бараткан окуу жылынын башталышында мектептин кире беришинен баштап 7 класстык бөлмөсүнө, мугалимдер канасына, ашканага жана тийиштүү жерлерге жалпысынан 16 даана видеокөзөмөл орнотулган эле. Мунун натыйжасында окуучулар арасындагы тартипсиздик таптакыр тыйылып, билим берүү ишинде бир топ алга жылуулар болду.  Тактап айтканда, II-чейректин жыйынтыгы менен окуучулардын билим сапаты 49,1 пайызды түзүп, жыл башындагыга салыштырганда 5,3 пайызга жогорулаган.видеокөзөмөл DSC_0974 видеокөзөмөл DSC_0977видеокөзөмол DSC_0856 — копия видеокөзөмөл 1 видеокөзөмөл 2 видеокөзөмөл DSC_0954 видеокөзөмөл DSC_0958 видеокөзөмөл DSC_0981

Видеокөзөмөлдүн мектептин жалпы эле ички тартибине зор таасири бар экендигин айткан мектептин директору Бактыбек Турсункулов-Видеокамераларды сатып алууга мугалимдердин «Алтын казына» фондунан жалпысынан 75 миң сом акча каражаты жумшалган. Видеокөзөмөл орноткондон бери окуучулар арасында гана тарип маселеси оң жолго коюлбастан, мугалимдерибиздин да сабак өтүүсүндө активдүүлүгү артты. Себеби, ар бир класста сабак кантип өтүлүп жаткандыгы  директордун кабинетиндеги жалпы монитордон көрүнүп тургандыктан, мугалимдер да сабак учурунда себепсиз сабакты таштап, сыртка чыгып кете алышпайт. Мындан сырткары, чарбалык, же башка жумуштар менен 2-3 күнгө кетип калсам да, видеокөзөмөлдү кайра артка түрдүрүп, директор жок кезде мектепте  кандай иштер болгондугун көрүп алам. Бул мектептеги тартипти өз деңгээлинде кармап турууга чоң жардам  берет экен. -дейт.

Бүгүнкү күндө мектепте 136 окуучу билим алууда.

Кеп соңунда, башка мектептер да Чакмак-Суу мектебинен үлгү алып, сырттан колдоо күтүп  олтурбай эле, өздөрүнүн  ички каражаттарын туура пайдалануу менен, мектептин жалпы ички тартибин оң жолго коюп алышса болоор деген изги тилекти айткыбыз келет.

М. Эшназаров.

 

12 мекеме өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыз болду

Чаткал айыл аймагы тарабынан айыл аймакка баш ийген 3 ФАП, 4 мектеп, 2 бала бакча, 1 маданият үйү жана айыл өкмөтүн кошкондо жалпы он эки мекемеге заманбап өрт өчүрүүчү шаймандар алынып берилди. Маалыматка ылайык, аталган шаймандарга Огнетушитель воздушно-пенный ОПВ-50Огнетушитель воздушно-пенный ОПВ-100

айыл аймагы тарабынан 180 миң сом акча каражаты жумшалган.

М. Эшназаров