Өткөн 2016-жыл ичинде райондун мал чарбасында бир топ өсүштөр болду. Чаткал райондук статистика бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2017-жылдын 1-январына карата район боюнча мал жана үй канаттууларын каттоонун жыйынтыгы боюнча кара мал 7744 башты түзүп, 2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 84 башка же 101,1 пайызга, кой-эчкилер 72225 башка же, 2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 1255 башка же 101,8 пайызга, жылкылар 2928 баш 2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 60 башка же 102,1 пайызга, канаттуулар 34728 башка же, 2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 353 башка же 101 пайызга өскөн.
М. Эшназаров