Архив метки: маданият

Райондук ЖААК бөлүмүнө имарат салуу максат кылынууда

Буга чейин Чаткал райондук ЖААК бөлүмү райондук токой чарбасынын имаратында иш жүргүзүп, өз алдынча имаратка ээ болбой келгендиги маалым. Быйыл бул маселе чечилип калуусу мүмкүн. Бул тууралуу райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы  Гүнөтай Ибраева билдирди. Анын билдиришинче, ЖААК бөлүмүнө имарат салууга район борборунун Маданият участкасынан жер тилкеси бөлүнүп берилди. Эми, каражат маселеси чечилип калса, имараттын курулуш иштери колго алынмакчы.

Маданият үйүнө жылытуу тутуму орнотулду

Жаңы-Базар айылындагы Т. Бектурганов атындагы айылдык маданият үйүнө Чаткал айыл аймагы тарабынан жылытуу тутуму орнотулуп, жылуулук берилди.IMG_20181101_144041 IMG_20181101_143850 IMG_20181101_143953 IMG_20181101_144011

Маданият үйү буга чейин, быйыл түрткү берүүчү гранттын эсебинен 894 миң 564 сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эле.

М. Эшназаров

Айылдык маданият үйү оңдолот

Быйыл Жаңы-Базар айылындагы Таалай Бектурганов атындагы маданият үйү капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди. Анын маалымдашынча, аталган маданият үйүн капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн теңдөөчү гранттан 1,5 млн. сом акча каражаты бөлүндү. Жакынкы мезгилдерде  бул иштерди аткарууга тендер жарыяланмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин 2012-жылы маданият үйүнүн чатыры түрткү берүүчү гранттын эсебинен алмашылган.

 

М. Эшназаров

 

Айнура Темирбекова-Заманбап телеберүүгө өтүүдөбүз-деп прогрессивдүү ой жүгүртөлү

-Аналогдук телеберүү өчүрүлөт дебестен, заманбап санариптик телеберүүгө өтүп атабыз-деп прогрессивдүү ойлосок-деди КР. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Чаткал районунун калкы менен болгон жолугушуусунда. Себеби, аналогдук телеберүү заман талабына жооп бербей калгандыктан, 2006-жылы бир топ мамлекеттер, (анын ичинде Кыргыз Республикасы) аналогдук телеберүүдөн заманбап санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Женева келишимине кол коюшкан. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө, аталган келишимге ылайык, санариптик телеберүүгө өтүп жаткан кези.

IMG_20170507_112031 IMG_20170507_112048

Айнура Темирбековна санариптик телеберүүгө өтүү үчүн республика боюнча 54 станция коюлганын айтып, азыркы кезде республика калкынын 95 %ы санариптик телеберүүгө өткөндүгүн маалымдады. Кыргызстандын санариптик көрсөтүүгө өткөн телеканалдарынын катарынан  Орусиянын эки каналына да орун берилмекчи.

Кыргызстан тоолуу мамлекет болгондуктан, калкка санариптик телеберүүнү толук жеткирүү үчүн 54 даана станция орнотууга туура келген. Мисалы: Эстония мамлекети санариптик телеберүүнү калкка жеткирүүгө ыңгайлуу б.а. ойдуңу аз болгондуктан, анда тогуз гана станция орнотулган.

Айнура Темирбекова жолугушууда КР. Өкмөтү тарабынан 25 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, Кыргызстандын 12 телеканалы спутникке чыгарылгандыгын билдирди.

Адеп жана ыйман-маданияттын башаты

Февраль айынын онунда Айгыр-Жал айылынын А. Айымбетов орто мектебинде Чаткал райондук маданият бөлүмү тарабынан быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият жылына» карата  «Адеп жана ыйман-маданияттын башаты» аттуу тегерек стол болду.

IMG_20170210_155249 IMG_20170210_155220 IMG_20170210_155808 IMG_20170210_162255

Тегерек  столго айыл тургундары, мектеп мугалимдери жана жогорку класстардын окуучулары катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган ата-энени сыйлоо, жашы жете элек балдар арасындагы рекетчилик жана бүгүнкү күндөгү карылардын жосунсуз жоруктары тууралуу видеожүгүртмөлөр тартууланып, анда камтылган маселелер катышуучулардын кеңири талкуусуна коюлду. Мында, катышуучулар өз ойлорун ортого салышып, талкууга коюлган маселелер тууралуу ойлорун айтышып, сунуш-пикирлерин билдиришти.

Талкууда буга кошо эле, жеткинчектердин жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизип жаткан интернет оюндары тууралуу да сөз болуп, маданият кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

М. Эшназаров

Маданиятка тиешелүү бир топ маселелер талкууланды

Январь  айынын он экисинде Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук маданият бөлүмүнүн жылдык отурум болду.

Отурумга райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Муратбек Досматов, райондогу бардык айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары, айылдык китепкана башчылары катышты.IMG_20170112_155119 IMG_20170112_163435 IMG_20170112_144546 IMG_20170112_154740 IMG_20170112_153501 IMG_20170112_160730

Отурумда алгач, райондук маданият үйүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айбек Бекмуратов баяндама жасады.

Баяндамада белгиленгендей, өткөн 2016-жыл ичинде райондук маданият үйүндө  ар кандай багыттагы 38 маданий иш чара өткөрүлүп, 5380 адам тейленген.

Өткөн 2016-жыл-Тарых жана маданият жылында раймамадминистрациянын жетекчилиги жана райондук маданият бөлүмү биргеликте райондук жана облустук маанидеги иш чаралар да өткөрүлүп, тиешелүү жогорку органдар тарабынан жогорку баага арзыды. Тактап айтканда, облустук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулган “Кыз узатуу” телесынагында Чаткал району Баш байгени жеңип алып, районго бир топ аброй алып келди.

Райондук маданият үйүндө жетишкендиктер менен бирге эле, бир топ кемчиликтер да орун алган. Атап айтканда, театрлаштырылган оюн-зоокторду уюштурууда үн жаздыруучу техникалык каражаттар жетишпегендиктен, бир топ акча каражатын кетирип, облус борборуна барып жаздырып келүүгө туура келди. Буга кошо эле, керектүү музыкалык аспаптар жаатында да жетишпестиктер болуп келүүдө.

Негизи, райондук маданият үйү район борборунда жайгашкандыктан, көпчүлүк маданий иш чаралар ушунда өткөрүлөт. Маданият үйү да капиталдык ремонтту талап кылып калган учур.

Мындан сырткары, Курулуш айылынын маданият үйүнүн имараты начар абалда.

Буга кошумча, айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары айыл аймактардын эсебинен айлык акы алгандыктан, айыл аймак кызматкерлери аларды каалаган жумушуна жумшашып, маданий иш чараларды өз убагында аткаруусуна тоскоолдук жаратып келишет. Айрым маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары  айлык маяналарынын аздыгына нааразы.

Андан соң, райондук китепканалык тармактын кызматкери Нышанбү Оморова баяндама жасап, төмөнкүлөргө токтолду.

Ал билдиргендей, өткөн жыл аралыгында райондук китепканалык тармак тарабынан жылдык планга ылайык бир топ иштер аткарылган.  Райондук китепканалык тармактын өткө жылдагы негизги ийгилиги катары 27-май-Китепкана күнүнө жана облустук китепкананын токсон жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлгөн китепкана кызматкерлеринин VIII-форумунда Чаткал райондук борборлоштурулган китепканалык тармакка моделдик китепканаларды мыкты уюштургандыгы жана иштеги жетишкендиктери үчүн баш байге ыйгарылгандыгын айтууга болот.

Мындан сырткары, балдарга тарбиялык багыт берүүдө жетишилген ийгиликтери үчүн райондук балдар китепканасы КР. Коомдук китепканалар ассоциациясынын президенти тарабынан Китепканалар күнүндө атайы Диплом менен сыйланды.

Айгыр-Жал, Чакмак-Суу жана Башкы-Терек айылдарында айылдык китепканаларга Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан имараттар курулуп берилип, көз кубанаарлык иштер аткарылды.

Антсе да, райондук китепканалык тармак өткөн жылда кемчиликтерден куру болгон жок. Мисалы: Сумсар, Шакафтар жана Терек-Сай айылдык китепканаларында компьютерлер жетишсиз болуп, китепканачылар айрым керектүү кагаздарын жасатуу үчүн коңшулаш Ала-Бука районуна барууга туура келүүдө.

Жаңы-Базар айылдык китепканасына Чаткал айыл аймагы тарабынан ар кандай шылтоолор менен көмүр кечиктирилип берилген.

Райондук маданият бөлүмүнүн Сумсар жана Терек-Сай айыл аймактары боюнча координатору Мамадалы Жороев  Сумсар көркөм өнөр мектебинде иш кагаздарын жүргүзүү аксап жаткандыгын айтып, Сумсар айыл аймагы боюнча “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын демөөрчүлүгү менен алынган бир даана гана заманбап музыкалык аппаратура болгондуктан,айыл аймакта өткөрүлгөн маданий массалык иш чаралар учурунда музыкалык аппаратура жаатында тартыштык болуп жаткандыгын айтып, район акиминин орун басары Муратбек Досматовдон  бул маселени чечүүгө жардам берүүсүн өтүндү.

Ал буга кошо эле, жаңырган жылда  АРИС тарабынан Сумсар айылдык маданият үйүнүн чатыры жаңылануусу пландалып жаткандыгын билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө, айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары өз жумуштары тууралуу өз ойлору менен бөлүшүп, көйгөйлөрүн ортого салышты. Айрымдарына токтоло кетсек, айрым айыл аймактар айылдык китепкана кызматкерлеринен гезит, журналдардын жазылуусуна деп айлык маяналарынын өтө көп кармап алган учурлар учуроодо.

Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Нурбаев катышуучулар тарабынан айтылган бир топ көйгөйлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө, айылдык маданият үйлөрү үчүн кадр жаатында чоң кыйынчылык болуп келаткандыгын айтып, район аймагында жогорку билимдүү музыка адистери абдан аз санда экендигин айтты. Антсе да, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы маданият техникумдарынан жана атайы орто окуу жайларынан кызматкерлерди окуттуруп, кадр жаатын эптеп түздөп келатышкандыгын билдирди. Ал ошондой эле, көркөм өнөр жаатында окуу жайларга азыркы жаштар аз окуп жаткандыгына да токтолду.

Жуманазар Нурбаев буга кошо эле, маданият кызматкерлерин өз жумуштарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырып, быйыл да маданиятка тиешелүү иш чаралар көп өткөрүлөөрүн, ага жараша мамлекет тарабынан маданият кызматкерлерин ар тараптуу колдоо сөзсүз болоорун ошондуктан, өткөн жылдагыдан да активдүү болуп, райондун маданият тармагынын ишин жогорулатуу менен бирге эле, район калкын маданий жактан тейлөөдө жогорку деңгээлде эмгектенүүгө үндөдү.

Район акиминин орун басары Муратбек Досматов да сөз кезегинде жаштарды көркөм өнөргө окутчу маданият тармагындагы орто окуу жайларга окутуу керектигин айтып, бул жаатта кайрылуулар болсо  раймамадминистрация тарабынан да жардам болоорун билдирди.

Отурум соңунда, иштеринен кемчилик кетирген бир топ маданият үйлөрүнүн башчыларына жана усулчуларына эскертүүлөр берилип, тийиштүү тапшырмалар берилди.

“Чаткал Периси-2016” аныкталды

19-март күнү Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө өлкөбүздө турмушка ашырылып жаткан быйылкы “Тарых жана Маданият жылына” арналган иш чаралардын алкагында райондук жаштар кеңеши тарабынан “Чаткал Периси-2016” кароо-сынагы болду.

Кароо-сынакка райондун ар кайсы айылдарынан тандалып алынган 7 кыз-келин катышып, “Чаткал Периси” наамына ат салышты.

Катышуучулар алгач, кымбат үлгүдөгү автоунаа менен бирден келишип, коштоочу мырзанын коштоосунда кызыл килем менен басып өтушүп, көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуулар менен райондук маданият үйүнө киришти.

IMG_6506

чаткал перисиIMG_6491 чаткал перисиIMG_6493

чаткал перисиIMG_6481

чаткал перисиIMG_6473

чаткал периси IMG_6512 чаткал периси IMG_6513 чаткал периси IMG_6507 чаткал периси IMG_6533 чаткал периси IMG_6551 чаткал периси IMG_6562 чаткал периси IMG_6565 чаткал периси IMG_6581 чаткал периси IMG_6592 чаткал периси IMG_6618

чаткал периси IMG_6575чаткал периси IMG_6614чаткал периси IMG_6618чаткал периси IMG_6641 чаткал периси IMG_6642 чаткал периси IMG_6643  IMG_6648чаткал периси IMG_6650Андан соң, кароо-сынактын негизги бөлүгү башталып, катышуучулар программага ылайык, кезеги менен элдик жана заманбап эстрадалык ырлардан обон созушуп, улуттук жана заманбап бийлерден чимирилте бийлешип, көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мында, катышуучулардын айрымдары улуттук кара жорго бийин бийлешсе, айрымдары батыштык маданияттын рок-н-ролл тарсылдата аткарышып, кээ бирлери белгилүү кыргыз жазуучусу К. Баялиновдун “Ажар” повестинен Ажардын монологун муңкана аткарышып, айтоор, калыстардын ар кандай баасына татып жатышты. Катышуучулардын айрымдары болсо, өздөрүнүн улуттук кол өнөрчүлүк жана мода жаатындагы да өнөрлөрүн элге тартуулашып, өздөрүнүн ар тараптуу экендиктерин далилдей алышты.

Соңунда, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн башчысы К. Бекмуратов баштаган калыстар тобунун калыс баалоосу менен Жаңы-Базар айылынан келген катышуучу Айзада Кадырбек кызы “Чаткал Периси” деп табылды.   Калган алты катышуучу ар кандай наамдар жана райондук мамлекеттик администрациянын “Ардак Грамоталары” менен сыйланышты.

М. Эшназаров

Улут маданиятты эмес, маданият улутту сактайт

    Нурбаев Жуманазар (2) 

Нурбаев Жуманазар Ниязбекович, Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, « Маданияттын мыкты кызматкери » төш белгисинин  жана «Р.Абдыкадыров атындагы клубдун ардактуу мүчөсү » медалынын ээси, райондун ардактуу атуулу, 

 — Жуманазар Ниязбекович, 2016-жыл  Президент тарабынан тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Ошол жарлыкка байланыштуу сиз жетектеген райондук маданият бөлүмү тарабынан кандай иш чаралар кабыл алынды ?

Рахмат, биринчиден мен бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы элимди жана райондогу маданият кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктап кетейин, себеби жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө силердин газетаңар менен баарлашып олтурам. Жаңы жыл бизге ооматтуу, ак жолтой, жемиштүү жана жеңиштүү жылдардан болсун.

КРнын Президенти тарабынан быйылкы жылды « Тарых жана маданият » жылы деп жарыяланышы  жалпы  эле кыргыз элине жана бизге окшогон алыскы, оор шартта жашап жана иштеп жатышкан маданият кызматкерлери үчүн күтүүсүз чоң жакшы жаңылык болду, ошондой эле чоң жоопкечиликти жана көптөгөн милдеттерди алдыга койду. Элибизде  « Тарыхы болбой эл болбойт»,  « Улут маданиятты эмес, маданият улутту сактайт» деген жакшы кеп бар . Быйылкы жылы ошол жарлыкка ылайык тарых жана маданиятка байланышкан бир топ иш чаралар кабыл алынды.  Атап айтканда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы,  КРнын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы , 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын ( Үркүндүн ) 100 жылдыгы  жана « Тарых жана маданият» жылына карата кыргыздын улуттук каада – салтын чагылдырган инценировка-спектаклин жана улуттук буюмдардын чоң көргөзмө  кароо-сынагын райондук деңгээлде өткөрүү милдети турат. Районубузда буга чейин Каныш-Кыя айылында бир музыкалык мектеп эки филиалы менен, Сумсар көркөм өнөр мектеби инвентарь жана музыкалык аспаптар менен толук камсыздалган.  Биз булар менен биргеликте быйылкы жылды татыктуу өткөрөбүз деп ишенем.

Чаткал районунда тарыхый маданий мурастар да жок эмес, аларды тактоого сиздердин салымыңыздар болобу?

Биздин кылым карыткан Чаткал жергеси дагы тарыхый маданий мурастарга бай келет. 2015 – жылы КРнын маданият,маалымат жана туризм министрлиги тарабынан үч айлык мөөнөт менен Чаткал жергесиндеги тарыхый жана маданий эстеликтер кайсыл жылдары пайда болгон жана кайсыл жерлерде жайгашкандыгы тууралуу изилдеп келүү үчүн эки археологду жөнөткөн, ошол  келген археологдор изилдеген тарыхый эстеликтердин маалыматын быйыл  толугу менен бизге билдиришет. Мындан сырткары азыркы алтын кенде иштеп жаткан фирмалар изилдөө учурунда ошол жерде тарыхый эстеликтер болсо эч жерине тийгизбөө  жөнүндө айыл өкмөттөрү  жана мамлекеттик каттоо кызматтары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2015-жылы Чакмак-Суу айылында иштеп жаткан фирмалардын жанынан табылган сүрөт чегерилген тарыхый таштарды эч кимге тийдирбей ошол бойдон сактап турабыз, качан гана кайсыл жылдары пайда болгонун археологиялык изилдөөлөр аныктагандан кийин келечекте ошол жерге чоң мектеп курулса, музей катары ошол жерге койдуруп пайдалансак деген ой бар.

Элде жат болуп калгандай маданият десе эле артисттерди элестетебиз.Бирок, ошол артисттер тарабынан сахналаштырылган тарыхый драмалар элге тартууланып келет.Сиздер да драманын үстүндө иштөөнү пландайсыздарбы ?

Тарыхый чыгармалар боюнча иштөө чындыгында кыйыныраак иш, драманы алып чыгыш үчүн атайын дасыккан актерлор керек жана ошол нерселерге ылайык атайын кийим-кечектер, буюмдар керек, мунун баары бир топ акча каражатын талап кылат. Бирок, биз ага карабастан тарыхый өткөн мезгилдерди чагылдырган спектакл-инценировкаларды чагылдырып келүүдөбүз. Өзүңүздөр көргөндөй  районубуздун 80 жылдыгына карата Чаткал тарыхын чагылдырган театралдык көрүнүштү алып чыктык.  Быйыл дагы тарых жана маданий жылына байланышкан чоң театрлаштырылган программадагы көрүнүш жана концерт берсек деген ниетте турабыз.

Улутту башка калкттан айырмалап турган анын маданияты эмеспи. Ошондуктан ата – бабалардан мурас болуп келген маданияттын эскиси менен жанысын айкалыштырып, улуттук өзгөчөлүккө  ылайыкташтырып сахналаштырылган чыгармаларды жаратууга болобу?

Чындыгында башка улуттардан айырмалап турган кыргыздын каада салты, үрп – адаты жана маданияттуулугу , ошондуктан ата-бабаларыбыздан мурас болуп келген маданияттын эскиси менен жаңысын айкалыштырып, сахналаштырылган чыгармаларды жаратууга болот, кыргыздын салты болуп илгертен келе жаткан кыз узатуу, бешик той, тушоо кесуу тойлорун жана башка каада салттарын биз сахналаштырып көрсөтүп келе жатабыз. Быйыл дагы кыргыздын үрп адат, маданиятын кеңири программада даярдап, айрыкча азыркы жаштар арасында кеңири тартууласак деген аракетти жасап жатабыз.

-Райондо эл арасында көмүскөдө  жүргөн таланттар жок эмес, Алардын башын бириктирип, эл алдына алып чыгуу максатыныздар барбы?

Эл арасында көмүскөдө  жүргөн таланттуулар көп, биз булардын башын бириктирип, эл алдына алып чыгуу боюнча акыркы үч, төрт жылдан бери катуу аракеттерди көрүп, ар кандай кароо-сынактарды өткөрүп келе жатабыз.Атап айтсак: «Алтын өрөөн», « Биз таланттарды издейбиз», « Эл ичи – өнөр кенчи», « Кош жылдыз», « Сармерден» кароо-сынактарындагы жеңүүчүлөрдөн айыл жеринен баштап райондук, областтык деңгээлге чейин алып бардык.

чаткал 80_DSC0024чаткал 80_DSC0029чаткал 80_DSC0106

2015-жылдын аягында жер-жерлерден тандалып алынган  « Сармерден» сынагынын жеңүүчүлөрү кеңири программада өз өнөрлөрүн тартуулап беришти. Биз муну менен эле чектелип калбастан Р.Абдыкадыровдун 75 жылдыгына жана Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына  карата Ала-Бука, Аксы, Чаткал райондорунун ортосунда Ала-Бука районунда өткөрүлгөн кароо-сынакта 1- орунду ээлеп келдик. Бул дагы болсо биздин таланттуу эл ичиндеги өнөрпоз адамдардын жогорку деңгээлдеги аткаруучулук чеберчилиги деп ойлойм. Биздин райондук маданият бөлүмүндө эл ичиндеги таланттуулардын бардыгынын тизмеси жашына чейин такталган, андан сырткары уз,чебер, кол өнөрчүлөрдүн, зергер усталардын, мүнүшкөрлөрдүн да фамилиялары такталган.

Маданият тармагы кең, анын ичинде китепканалар да бар эмеспи.Учурда райондо канча китепкана бар жана алардын китеп фондусун кандай китептер толуктап турат?

-Учурда районубузда 1 райондук, 1 балдар китепканасы, 11 айылдык китепканалар элди тейлөөдө. Китепканаларда 97881 китеп фондусу бар. 2015-жылы райондук жана айылдык китепканаларда 1128 иш чаралар өткөрүлүп, ага  45566 окурмандар, көрөрмандар жана башкалар  катышышты.

Китепкана тармагына жылына 32 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатына ар кандай китептер сатылып алынып, китеп фондулары толукталып турат. Быйылкы « Тарых жана маданият » жылына карата китепкана тармагында  дагы бир топ маданий  иш чараларды өткөрүү  пландаштырылууда. Мисалы :  1916-жылкы Үркүндүн 100  жылдыгына карата « Өсөр эл өткөнүн унутпайт», « Кыргыз көтөрүлүшүнүн тарыхы»,  «Кайран эл» сыяктуу иш чараларды,

« Биз эгемен алган  эркин элбиз» аттуу тегерек стол, « Эске тутуп билип ал», « Тарыхта калган ысымдар» ( Күлбөс хан, Жанчар хан) аттуу чоң программадагы маданий иш чаралар. Мындан сырткары жыл ичинде  ар кандай  тематикалык кечелерди жана ангемелешүүлөрдү өткөрөбүз.

-Райондогу маданият тармагынын келечеги үчүн жаңы  кадрларды  даярдоо кандай болууда?

Жаңы кадрларды даярдоо боюнча акыркы төрт жылдан бери Жалал-Абад маданият техникуму менен сүйлөшүп, таланттуу балдар, кыздарды окутуп берүү жөнүндө иштерди колго алуудабыз. Азыркы мезгилде  6 адам бүтүп келип кызмат кылууда, 5 адам ар кандай кесиптер боюнча окуп жатышат. Мындан тышкары жогорку окуу жайларында дагы окуп билип алып жатышкан таланттуу жаштарыбыз бар. Ошол окуп жаткан жаштарыбыз окуу жайды бүтүп келишсе, Чаткал жерине кызмат кылышып, элдин маданиятын жогрулатууга өз салымдарын кошушат деп ойлойм.

Быйылкы жылга сиздердин тармактагы имараттардын ремонт иштери кандай болот ?

Ремонт иштери боюнча быйылкы жылы көп иш аракеттерди жасайбыз деген ниетте турабыз. КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашып, айыл жериндеги маданият үйлөрүнө жардам берүү жөнүндөгү программасынын негизинде 2009-2010-жылдардагы өткөрүлгөн проектинин негизинде биздин Ч.Айтматов атындагы маданият үйү министрликтин титулдук баракчасында алдыңкы катарда кезекте турабыз, министрлик ошол проекти боюнча ремонт кылып берүү тууралуу убадаларын берип жатышат. Андан сырткары дем берүү грантына дагы проект даярдап жатабыз. Бул иштер боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын иш планына да киргизилген. Биздин райондук маданият үйү Каныш-Кыя айыл аймагынын муниципалдык  балансында тургандыктан жергилитктүү  айылдык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, театралдык отургучтарды дагы жаңылап сатып алсак деген иштерди пландаштыруудабыз.

Маегиңизге  чоң  рахмат.

Маектешкен: Б. Дилдебаев