Архив метки: Көчөрбай Таласбаев

Согуш ардагерине колдоо көрсөтүлдү

Алдыдагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын жашоочусу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Көчөрбай Таласбаевге Чаткал айыл аймагы тарабынан 17000 сом акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти.

Эскерте кетсек, ардагер К. Таласбаев Чаткал районундагы азыркы кездеги жалгыз согуш ардагери болуп саналат.

М. Эшназаров

Согуштун ардагерине көрсөткөн сый белеги үчүн ыраазылык

9,13 9,14

Бүгүн, Чаткал районунда өткөн 9-Май Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесинде райондогу азыркы кездеги жалгыз согуштун ардагери Таласбаев Көчөрбайга Чаткалдын кулуну,  Орусиянын Хабаровск аймагындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев өз каражатынын эсебинен «Хонда Фит» автоунаасын белекке берди. Аталган автоунаа ардагерге район акими Канжарбек Эшалиев тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Район калкы, ошону менен бирге райондук жетекчилик Кадырбек Мырзабаевге согуш ардагери Таласбаев Көчөрбайга сый-урмат иретинде берген белеги үчүн чын дилден ыраазылыгын билдирет.