Архив метки: кызыл-токой

Кызыл-Токой айылында муктаждарга жана майыптарга зекет таратылды

Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы Атабаевич зекет чогултуу иш чарасын уюштуруп, колунда бар жергиликтүү тургундардан 24 кой 30 миң сом акча чогултуп, 5 жетим-жесир, 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана ошондой эле майыпттарга таратып бергендигин / райхатиб Кубанычбек ажы Токонов билдирди. Бул тууралуу Muftiyat.kg  сайты кабарлады.

IMG-20180107-WA0166

Эске салсак, Раталы Бүркүтбаев 2015-жылы 12 кой-эчки, 2016-жылы 43 кой-эчки жана 15 миң сом берсе, 2017-жылы 24 кой чогултуп, муктаждарга таркаткан.   Ал эми облустук казыят мындай  кайрымдуулук иштерин активдүү уюштуруп, аз камсыздарга жардам берип жаткандыгы үчүн Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имам хатиби Бүркүтбаев Раталыга  ыраазычылык  баракчасын тапшырган.

Бул тууралуу аталган сайтка Жалал-Абад казыятынын маалымат катчысы А.Хаджибеков билдирген

Кызыл-Токой айылынын имамы Терек-Сай айыл аймагынын «Ыраазылык баракчасы» менен сыйланды

Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Кызыл-Токой айылындагы «Артыкбай ажы Осмон уулу» мечитинин имамы Бүркүтбаев Раталы Атабаевич «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата айылдын жаштарына туура багыт берип, тарбиялоодо кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Терек-Сай айыл өкмөтүнүн “Ыраазычылык баракчасы” менен сыйланды. Бул тууралуу Muftiyat.kg  сайтына таянып Чаткал районунун имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов билдирди.

IMG-20170831-WA0091 IMG-20170831-WA0100

Сыйлык ээси Раталы Бүркүтбаев аймактардагы түшүндүрүү иштерин улантып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташууну жакшыртуу иштерин жүргүзүп, мамлекеттин тынчтыгы үчүн бар күчүн жумшап келет.

“Мындан ары талыкпай иш аткаруу милдети мага дагы жүктөлүп, бекемделди. Бул облус казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен жана райхатиб Кубаныч ажы Токоновдун иш мерчемине ылайык  ишке ашырылды”, деди Раталы Бүркүтбаев.

М. Эшназаров

Айылдык кеңеш каражат бөлдү

Чаткал жолдору 3

Жакында Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз сессиясы өткөрүлүп, айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айыл аймагынын карамагындагы колдоону талап кылган муктаждыктарга 1 миллион 200 миң сом акча каражатын бөлдү. Тактап айтканда Терек-Сай жана Чымканаев орто мектептерине парта жана отургучтарды алууга 247500 сом, Камчыбеков орто мектебине интерактивный доска алууга 260 миң сом, Чымканаев жана Терек-Сай орто мектептерине компьтердик класс ачууга 525 миң сом, Горняк-1, Горняк-2 көчөлөрүнөкошумча жарыктандырууга 12 миң сом, айылдагы жардамга жуктаж эки адамга 5 миң сомдон 10 миң сом, Ак-Теректин ооруканасына ажаткана салууга 40 миң сом, Чымканаев жана Камчыбеков орто мектептерине эки теннистик стол алууга 30 миң сом,  Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарына элдердин жаңы жылдык майрамды уюштурууга 87 миң сом бөлдү.

Г. Кельдибаева

Бир короо койду сел агызып….

суудагы койлор 2

Үстүбүздөгү жылдын жаанчыл келиши айыл чарбабызга, эккен эгиндерибизге жакшы болду деп сүйүнгөнүбүз менен, нөшөрлөгөн жаандын кесепети да оңой болбой калды окшойт. Дегеним, 10-май күнү жааган нөшөрлүү жаандан кыян жүрүп, Терек-Сай унаа жолу жапа чексе, 12-майда кечке жуук жааган нөшөрлөгөн жаан жолго эле эмес, мал чарбабызга да опол тоодой зыян алып келди. Тактап айтканда, КР. ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык, Кызыл-Токой айылынын Добулгу-Сай участкасында катуу жүргөн селден жол бузулуп, Кызыл-Токой айылынын тургуну Арзыматов Нурланбекке таандык тогуз жүз элүү баш кой-эчкини сел алып кеткен.

Сел аккан малдарды Терек-Сай суусу менен агызып келип, Орто-Токой суу сактагычына чейин алып келген.

суудагы койлор 1

Каз, өрдөктүн ордуна калдайып карааны көрүнгөн катыгүн, кой-эчкинин өлүктөрү….

Селден аман калганы жүз жыйырма чакты гана кой-эчки болуп чыкты. Кырсыкка айла жок демекчи, адамга зыян келбегенине шүгүр кылалы.

Т. Темиралиев “Чаткал оттору”

 

Калктын социалдык абалы жакшырууда

Өлкөбүздө калктын социалдык абалын жакшыртуу, таза суу менен камсыз кылуу өңдүү маселелерге өзгөчө көңүл бөлүнүп жаткандыгы жалпыбызга маалым.
Мына ушул багытта Кызыл-Токой айылында кандай иш аракеттер болуп жаткандыгына кызыгып көргөнүбүздө айыл башчы Мирлан Таиралиев мына буларды айтып өттү.
-Айылыбызды аралап чоң суу агып өткөнү менен бизден жогоруда бир нече кен иштеткен фирмалар бар. Алардын иштеткен сууларынын саркындылары агып сууга түшүп, ошонун натыйжасында биздин көк кашка мөлтүр суубуз ичүүгө жараксыз абалга келип отурат. Мына ушундай шартта калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси келип чыкты. Мына ошондо маселени чечүү максатында кен казган фирмаларга кайрылууга туура келди. Натыйжасы жаман болгон жок. Минтип “саргара жорсоң кызара бөртөсүң” демекчи, Фульгольдмайнинг” компаниясы менен келишим түзүүгө жетиштик. Ошентип өткөн 2014-жылы айылыбызга суу түтүктөрү орнотулуп бүттү. Буга жалпысынан 36 миллион каражат жумшалды. Бирок, кеч күз болуп, күн суук тартып калгандыктан суу түтүктөр ишке түшүрүлгөн жок. Кудай буюруса эрте жазда суу түтүктөрү ишке түшөт.
Калкыбыздын маданий эс алуусу үчүн да жеткиликтүү шарт түзүү зарыл эмеспи. Бул багытта эбак эскилиги жеткен айылдык клубду кайра куруу маселеси келип чыкты. Буга айыл эли өзү демилгечи болуп, каражат чогултуп ишти баштаганбыз. Азыр курулуш иши аяктоо алдында. Курулуш бүтсө, аны эмеректер менен толтуруу маселеси турат.
Жогоркулардан сырткары да айылдык ФАПтын, балдар бакчасынын имараттарын учур талабына ылайык деңгээлде куруу, Агата арыгын салуу өңдүү көйгөйлүү маселелер бар. Бирок, Москва бир күндө курулбагандай эле убакыт сааты келгенде бул көйгөйлөр да чечилет деп ойлоймун.
Ооба десең. Аракетке берекет деген ушул да. Минтип айыл көйгөйлөрү күн санап чечилүүдө. Бул да болсо элдин биримдиги, ынтымагы. Өлкөбүздөгү бардык айылдарга ушундай иштер жүрсө, албетте калктын социалдык маселелери өз убагында чечилери шексиз.
Т.Темиралиев. «Чаткал оттору»