Архив метки: Курулуш

Курулуш айылындагы жаңы конушка электр жеткирилет

IMG_6770 (2)

Быйыл Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылындагы жаңы конушка электр энергиясын жеткирүү ишке ашырылмакчы. Бул иштерге Чаткал айыл аймагынын бюджетинен 100 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров Курулуш айылында болгон элдик жыйында  маалымдады. Анын билдиришинче, бүгүнкү күндө, аталган жаңы конушка электр жеткирүү боюнча долбоор даярдалууда. Долбоордун алкагында Чаткал өрөөнүнүн баш жагынан электр таянычтарына ылайыктуу карагайларды алып келүү да каралаган.

М. Эшназаров

Айрым үлүш жерлер кайрадан инвентаризацияланат

IMG_6850 IMG_6857 IMG_6879

Быйыл Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын айрым тургундарына тиешелүү үлүш жерлер кайрадан инвентаризациялоодон өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди. Буга себеп, жакында Курулуш айылында болгон элдик жыйында жергиликтүү калк тарабынан буга чейин үлүш жерлердин башка жактарга мыйзамга ылайык эмес жылдырылышына байланыштуу кызуу талаш-тартыш орун алган эле. Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров талаштуу маселеге чекит коюу максатында элдик жыйында айтылган үлүш жерлерге тиешелүү адистердин катышуусунда кайрадан инвентаризациялоо жүргүзүлөөрү тууралуу билдирген. Мында, негизги маселе Курулуш айылынын Ийри-Сай участкасында экендиги да элдик жыйында айтылган.

М. Эшназаров

Кашабаңдарды тузак менен колго түшүрүп

карышкыр IMG_1875 карышкыр IMG_1876

 

Жыл сайын Чаткал айыл аймагынын аңчылары тузактын жардамы менен карышкырларды колго тушүрүшүп, элдин колундагы төрт түлүк малга зыян тийгизип келаткан кашабаңдардын санын азайтууга аракет кылышып келишет.  Жакында Курулуш айылынын тургуну Айдаров Чыңгыз токойго тузак коюу менен 2 карышкырды колго түшүрдү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти.

Кошумчалай кетсек, өтүп бараткан айдын башында Чандалаш айылынын тургундары Эшназаров Рустам жана Барпиев Топчу айылдаштары менен биргеликте 5 карышкырды жок кылышкан.

М. Эшназаров

Мектеп ашканасындагы жаңы шарттар

Өткөн окуу жылында райондогу бир топ мектептерди МЕРСИКО уюму камкордукка алып, баарына ашкана жабдууларын жана азык-түлүктөрдү берген. Алардын катарында Чаткал айыл аймагынын  Курулуш айылындагы “С. Мырзалиев” орто мектеби да бар.

Бүгүнкү күндө, 1-4-класстардын 110 окуучусу шашке тамагын ичкен мектеп ашканасында МЕРСИКО уюму тарабынан берилген бир электр плитасы, сыйымдуулугу 40 литр болгон Тефал идиши, идиш-аяк жуучу аппарат, 2 даана темир стол жана эки даана идиш-аяк коючу стеллаж пайдаланылууда.  Идиш жуучу аппаратка чакан электр кыймылдаткычтын жардамы менен сырттан түтүк аркылуу суу киргизилген. Ашканада күнүмдүк керектөөлөргө ысык суу пайдаланылат.

МЕРСИКО IMG_5978

мерсико IMG_5983 мерсико IMG_5986 мерсико IMG_6000 мерсико IMG_6001 мерсико IMG_6002 мерсико IMG_6003 мерскио IMG_5994 мерсико IMG_5991 мерсико IMG_5993

-Окуучулар 5 күн ысык тамак менен камсыздалган. Дүйшөмбү күнү окуучуларга сүттөн жасалган ботко ал эми, калган күндөрү ысык тамак берилет. Шашке тамагы үчүн МЕРСИКО уюму тарабынан атайы эсептелинип, жетишээрлик өлчөмдө күрүч, өсүмдүк майы, ун жана буурчак берилген. Мамлекет тарабынан шашке тамагы үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен эт, картошка, сабиз, пияз, жумуртка сыяктуу азык-тулүккө кошумча керектөөлөрдү сатып алабыз. Мектеп ашпозу Бекмуратова Гүлбайра МЕРСИКО тарабынан ашпоздук окуусунан өтүп, атайы сертификатка ээ.-дейт мектеп директору Айнура Өскөнбаева.

М. Эшназаров

Элдик жыйындар өтүүдө

 

26-январь күнү Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилеринин тобу Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар, Курулуш жана Ак-Таш айылдарында болуп, элдик жыйын өткөрүштү.акташ сходIMG_20160126_102426акташ соцфондIMG_20160126_104432

Элдик жыйын алгач Ак-Таш айылында болду. Жыйында негизинен, айыл тургундары соцфонд төлөмдөрүнүн жогорулагандыгына нааразылыгын билдиришип, райондук соцфонд башкармалыгынын башчысы Адылбек Эшикуловго бир топ суроолорду беришти. Өз кезегинде Адылбек Эшикулов суроолорго жооп берип, соцфонд төлөмдөрү боюнча мыйзам КР. ЖК тарабынан колдоо таап, КР. Президенти тарабынан кабыл алынгандыгын ал эми, райондук соцфонд аткаруучу гана орган экендигин, райондук соцфонддон эч нерсе чечилбесин билдирип, соцфонд төлөмдөрү тийиштүү жогорку органдар тарабынан кайрадан каралып жаткандыгын, ага карата райондон сунуштар жиберилгендигин маалымдады.курулуш сходIMG_20160126_141040

Элдик жыйында мындан сырткары, айылга «Тез жардам» автоунаасы керек экендигин айтышты. Аким К. Эшалиев райондук борборлоштурулган ооруканадагы бир «Тез жардам» автоунаасын айылга бөлдүрүп берээрин билдирди.

Айыл тургундары айылда электр энергиясынын ашыкча чыңалуусунан улам жарык тез-тез өчүп калып жаткандыгын билдиришти. Бул маселе боюнча жооп берген РЭС башчысы Кылыч Жарашов айылдагы чегара заставасына жакында орнотулган трансформаторго айылдагы үйлөрдү бөлүп, чыңалууну калыбына келтирип берээрин айтты.

Элдик жыйындын жүрүшүндө мындан сырткары салык, саламаттыкты сактоо жаатында да бир топ суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Аким К. Эшалиев Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө жигердүү салым кошкон айыл тургундарына ыраазылыгын билдирди.

Элдик жыйын андан ары Курулуш айылында улантылып, мында райондук ветборбордун башчысы Жунусбек Жолдошев малды дарылоо иштери февраль айында башталаарын, бүгүнкү күнгө кутурма оорусуна каршы беш миң вакцина келгендигин билдирди. Ал өткөн жылы республика боюнча ветеринария иштерине 60 млн. бөлүнсө, быйыл бул сумма эки эсе көбөйтүлүп, 130 млн. сом бөлүнүп жаткандыгын маалымдады. курулуш сходIMG_20160126_140407курулуш сходIMG_20160126_140248

Курулуш айылынын суу жээктерин өзөн суусу жеп, айрым үйлөргө жакындап жаткандыгы, айылдагы С. Мырзалиев орто мектебинин курулуш сходIMG_20160126_140320имаратынын эскирип бараткандыгы, айылдагы ФАПты ылайыктуу имаратка көчүрүү тууралуу көйгөйлөр айтылып, аким К. Эшалиев бул маселелер боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү  КР.ӨКМнин райондогу өкүлү А. Сулаймановго жана райондук борборлоштурулган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Б. Баймырзаевге тапшырды.

Жаңы-Базар айылындагы болгон элдик жыйында да жогорудагыдай маселелер көтөрүлүп, айтылган маселелер боюнча тийиштүү жетекчилер жооп беришти. Мындагы элдик жыйында айыл тургуну А. Абдылдаев өткөн жылдары Чаткал айыл аймагы тарабынан аткарылган Жаңы-Базар айылына таза суу чыгаруу, жаныбазар сходIMG_1697көчө чырактарын орнотуу, Ак-Булак каналын ишке киргизүү жумуштарына байланыштуу сын пикирин билдирди.  Бул маселелер боюнча Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров жооп берип, аталган маселелер боюнча жогорку тийиштүү органдар тарабынан ондон ашуун текшерүүлөр келип, эч бир кемчилик табылбагандыгын, эгер кемчиликтер табылган болсо, эбак мыйзам боюнча чаралар көрүлмөк экендигин айтты жана таза суу чыгаруу жана көчө чырактарын орнотуу иштерине айыл аймактын бюджетинен бир тыйын коротулбай жалаң инвестиция тартуу менен бүткөрүлгөндүгүн кошумчалады. Ал эми, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы М. Суранов Ак-Булак каналы боюнча эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун билдирип, далил катары тиешелүү кагаздарын көрсөттү. Айыл тургуну А. Осмонкулов жогорудагыдай сын, пикирлер аркылуу элди экиге бөлүү аракетин токтотуп, учурда район жетекчилигинде жигердүү иштеп жаткан жергиликтүү жаштарды колдоп алууга чакырды.жаныбазар сходIMG_1707

Элдик жыйын жүрүшүндө район акими К. Эшалиев быйыл кен ишканаларынан түшкөн 2 пайыздык кирешенин эсебинен Чаткал айыл аймагына бир даана трактор жана чөп таңгактоочу алуу,  Курулуш жана Жаңы-Базар айылдарына бир чакырымдан жалпы эки чакырым унаа жолун асфальттоо, Ыдырыс пайгамбардын кадамжайынын шартын оңдоо сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер  максатталып жаткандыгын маалымдады. IMG_20160126_170210

Жыйын соңунда айыл тургундары өткөн жылдын жыйынтыгы менен «Кыргыз Туусу», «Акыйкат», «Аймак», «Жаңы Ордо» сыяктуу жаныбазар сходIMG_1723республикалык абройлуу басылмалар тарабынан Чаткал району республикадагы алдыңкы райондордун бири катары белгиленгендигин,  аны менен бирге эле район акими Канжарбек Эшалиев аталган басылмалар тарабынан «Жылдын мыкты акими» деп табылгандыгын белгилешип, Канжарбек Эшалиевге ак калпак жана кыргыз чепкенин кийгизишип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.

М. Эшназаров

Айтургандын жетишкендиктери баарыбызды кубандырат

мелисбаева айтурган 2   мелисбаева айтурган 3

Быйылкы окуу жылы Курулуш айылындагы С. Мырзалиев орто мектебинин 9-классынын окуучусу Мелисбаева Айтурган үчүн жемиштүү  жылдардан болду. Буга албетте, Айтургандын окууга ыр-бийге болуп ынтызарлыгы себеп болуп, анын аркасы менен көптөгөн ийгиликтерди багындыра алды. Ал буга чейин райондогу мектептер арасындагы “Аялуу жан сыры адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” аттуу кароо-сынакта Айтурган  белгилүү акын Э. Ибраевдин  “ Улут болсом,тилим менен улутмун”деген ырын ийнине жеткире көркөм окуп, 1-орунду багындырып,  кароо-сынактын облусттук туруна жолдомо алган эле.

 

Айтурган  облустук кароо-сынакка катышып, анда да ийгилик жаратып, район, шаарлардан барган катышуучулардын арасынан өзүнүн таланты менен алдыга суурулуп чыгып, 3-орундун ээси болуп кайтты. Анын бул жеңиши Чаткал районуна да бир топ аброй алып келе алды десек жаңылышпайбыз.

Айтурган Мелимелисбаева айтурган 5сбаева мектеп турмушунмелисбаева айтурган 4да да ар дайым активдүү болуп, көп сынактарга катышып, багындырып келатат. Алсак, быйыл өзү окуган  С.Мырзалиев орто мектебинде болуп өткөн “Жаз периси 2015” сынагында 1-орунду ээлеген. Мындан башка да бир топ жетишкендиктери бар. Айтургандын  окуудагы жана жалпы эле мектеп турмушундагы  ийгиликтерин эске алып, быйылкы окуу жылында мектеп администрациясы Айтурган Мелисбаевага С.Мырзалиев атындагы 1000 сом өлчөмүндөгү стипендиясын тапшырып, “Жылдын мыкты окуучусу-2015”  наамы менен сыйлашты. Айтурган мындан да зор ийгиликтерди жаратаарына окуткан мугалимдери жана ата-энеси, классташтары ишеним көрсөтүшүп, аны менен сыймыктанып келишет.

С. Субанова

Министрликтин өкүлү кошумча тайпалар менен таанышты

 

Июнь айынын алтысында КР. Билим берүү жана илиIMG_2576м министрлигинин өкүлү, GIZ долбоорунуIMG_2579н эксперти Айгүл Камалова районубузга иш сапары менен келип, райондогу 2-6 жаштагы балдарды окутуу үчүн ачылган кошумча тайпаларда жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштери менен жакындан таанышты.

Министрликтин өкүлү Айгүл Камалова алгач Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын жаңыдан ачылган бөлмөсүнүн кызыл тасмасын кесүү аземине катышты. Ал мындагы кошумча тайпанын жаңыдан пайдаланууга берилген бөлмөсүнүн ички шарты менен таанышып, мында, балдар үчүн керектүү шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болуп, 2-6 жаштагы балдарды окутуу долбоорунун жетекчиси Сайкалбү Абдылдаевага ыраазычылыгын билдирди.

IMG_2594IMG_2600

Айгүл Камалова андан соң, Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей”, Айгыр-Жал айылындагы “Алтын Бешик” жана Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчаларындагы кошумча тайпалардын иштери менен жакындан таанышып, кошумча тайпаларда учурда жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштери жакшы жолго коюлгандыгын белгиледи.

IMG_2611

Соңунда, министрликтин өкүлү Айгүл Камалова бүгүнкү күндө мамлекетибизде жалпы эле балдар маселесин чечүү багытында кандай иштер алып барылып жаткандыгын айтуу менен,IMG_2610 тарбиячыларга жалпы эле бала тарбиялоодогу алдыңкы ыкмалар тууралуу кеңири түшүнүк берип, слайд шоу аркылуу балдарга тиешелүү мыйзамдык ченемдер, бала тарбиялоо ишиндеги көптөгөн маселелер боюнча окуу өткөрдү. Тарбиячылар да министрликтин өкүлүнө өз ишмердүүлүктөрүнө тийиштүү суроолорду беришип, жоопторду алышты.

С. Субанова, Каныш-Кыя айылы

Тарбиячылар керектүү билим ала алышты

IMG_2605

Июнь айынын бешинде район борбору Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасындагы “Баластан” күндүзгү окутуу борборунда “Алдыңкы инновациялык ыкмаларды өз өнөрканамда пайдалануу” аттуу темадагы семинар-тренинг болду.

 

Семинар-тренинIMG_2584гге райондогу бала бакчалардан келген 25 тарбиячы жана райБББнын кызматкери Гүлгакы Субанова катышты.IMG_2610

Семинар-тренингдин жүрүшүндө тренерлер-Жыргал Усенбаева, Сайкал Абдылдаева, Нурзада Сурапбаева, Назгүл Субановалар тарабынан “Өнүктүрүүчү чөйрө”, “Алдыңкы педагогикага умтулуу”, “Алдыңкы педагогиканы колдонуудагы оюн ыкмалары”, “Стратегиялык методдор” аттуу окуулар өткөрүлүп, аталган окуулардын алкагында алдыңкы өлкөлөрдүн методикасын колдонуу боюнча кеңири түшүнүктөр берилди.

Буга кошо эле, тренерлер Вольдарф, Ментассори, Гардерддин педагогикалык өзгөчөлүктөрүнөн да мисалдар келтирилди.

Буга кошо эле, тарибячылар топ-топко бөлүнүшүп, практикалык сабактарды өтүшүп, аларга сабактар аркылуу педагогикалык алдыңкы ыкмалар практика жүзундө көрсөтүлдү.

Семинар-тренингге катышкан тарбиячылар баланы алдыңкы педагогикалык ыкмалар аркылуу тарбиялоо боюнча керектүү билимдерди ала алышты.

С. Субанова, Каныш-Кыя айылы