Архив метки: Кубанычбек Токонов

Чаткалдык имамдар «Ыйман» фондунан айлык ала башташты

коллегия апрель 1

Жакынкы күндөрдөн баштап Кыргызстандагы жума окулган мечиттердин имамдарына «Ыйман» фонду тарабынан айлык бериле баштады.

Белгилей кетсек, «Ыйман» фонду мамлекет тарабынан президент Алмазбек Атамбаев Шаршеновичтин колдоосу менен атайын түзүлгөн бир фонд.  Бул фондго Туркия мамлекети атайын жардамын узатып акча которгон. Ошол жардамдан имамдарга айлык чыгарып берүүдө. Бул фонд имамдарды айлык менен камсыздоо үчүн 3 шарт менен, 1-Мечиттин катталган болуусу, 2-айлык алуучу имам ханафий (Имам Аъзам) мазхабында болуусу ал эми, 3-Аттестациядан өтүүсү тийиш болгон шарттар менен гана камсыздоодо.

Чаткал районунун имам хатиби, ажы Кубанычбек Токоновдун маалымдашынча, 10-июнда муфтиятта уюштурулган аттестациядан районубуздагы 9 имамдан 8 имам катышып өтүп келишип, аталган фонддон айлык ала башташты. Учурда Чаткал районунда 9 мечит бар. Булардын баары каттоодон өткөн. Бул мечиттердин имамдары талапка ылайык, ханафий мазхабында. Бир гана Жаңы-Базардын имамы Эгембердиев Абдыкадыр аттестацияга белгилүү себептерден улам, баралбай калды. Азыркы учурда 8 имам «Ыйман» фондунан 4850 сомдон айлык ала башташты.

Түркиядан диний билимибизди тереңдеттик

Май айында Кыргызстан муфтияты тарабынан атайы тандалып алынган 31 имам Туркия жергесине барып, окуп,  дин жаатында билимдерин тереңдетип келишти.

курс IMG-20150525-WA0117

Муфтияттын тандоосу мага да насип этип, 31 имамдын арасында Турккурс 20150510_060359ия жергесине бардым.  Айта кетүүчү нерсе, Муфтияттын тандоосуна ылайык, имамдардын бешөөсү түрк тилин билгендерден болуп, алар котормочунун милдетин аткарышты. Мен түрк тилин жеткиликтүү билгендигимден, бул окууга 5 котормочунун арасында катышуучу жана котормочу катары бардым.

курс 20150426_142300

Биз Түркиянын Бурса шаарында кырк күн дүйнөлүк деңгээлдеги дин жаатындагы мыкты аалымдардан сабак алдык. Окуу негизинен, имамдардын диний билимин тереңдетүү, Куранды тереңдетип үйрөнүү, хадистерди жеткиликтүү чечмелөө багытында жүрдү. Окуудан сырткаркы мезгилдерде түрк шаарларын кыдырып, ал жактагы түрк туугандардын жашоо деңгээли, шаарларынын абалы менен таанышууга мүмкүндүк алдык жана окуудан сырткары, бир топ турмуштук тажрыйба алып, дүйнөлүк цивилизацияга болгон көз карашыбыз кеңейди десем болот. Чындыгында, түрк туугандар жашоо деңгээли жагынан бир топ алдыда экендигине ынандык.

 

Бул окуу бардык катышуучуларга чоң пкурс 20150501_155242айда берди деп түз айта алам, себеби, биз ислам дини жаатында мурда билбеген же, билүүгө тийиш болгон көптөгөн билимдерди ала алдык.

Кыргызстандын имамдарынын диний билимдерин тереңдетүүнү колго алган Кыргызстан муфтиятына, бул окууну колдоого алган диянет фондуна жана Түркиянын Кыргызтандагы элчилигине бардык катышуучулардын атынан терең ыраазылык билдирип кетмекчимин.

Кубанычбек Токонов ажы  Чаткал районунун баш имам хатиби.