Архив метки: коррупция

«Кош, Алиппе» майрамында мугалимдерге белек берилген жок

23-апрелде Каныш-Кыя айыл аймагындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Кош алиппе» майрамы болуп өттү. Анда, 1-класстын окуучулары ушул күнгө чейинки мектептен алган билимдерин мугалимдерге жана ата-энелерге сахналаштыруу аркылуу көрсөтүшүп, ыр, бийлерди аткарышып, ата-энелерге чакан концерт тартуулашты. Келген ата-энелер наристелердин ыр, бийлерине күбө болушуп,  мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип кетишти.акназаров алиппе
Бул жолку  майрамдын мурдагылардан өзгөчөлүгү- жылдагыдай ата-энелер тарабынан мугалимдерге белек бечкек берилген жок.
-Биздин мектепте өтчү бардык иш чараларда ата-энелер тарабынан мугалимдерге ар кандай белек-бечкектерди берүүгө таптакыр тыюу салынган. Ар кандай коррупциялык аракеттерди болтурбоо боюнча катуу көзөмөл бар-дейт мектеп директору Акжол Эгембердиев
М. Эшназаров

Кулактандыруу!!!

100_3679

Урматтуу Чаткал айыл аймагынын тургундары!
Чаткал айыл аймагынын 2016-жылдын 6-январындагы № 4 буйругу менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын штаб түзүлүп, иштеп жаткандыгын билдиребиз. Чаткал айыл аймагындагы мекеме, ишканаларда жана калк арасында коррупциялык аракеттерди байкаган болсоңуздар, штабдын 03749 6 0193, 3749 6 02 76, 0777 76 40 36 номерлүү ишеним телефондору аркылуу маалымдооңуздарды эскертебиз.
Урматтоом менен, штабдын төрагасы Н.Мырзаяров