Архив метки: Коргон-Сай

Ашыркул Абдыкеримовдой инсандар көп болсун

Мугалим ар бир адамдын мугалими- демекчи ар бирибизге алгачкы билим ачкычын берген албетте алар мугалимдер.  Нечендеген улуу инсандар мугалимдин берген таасиринен  берген билиминен улам дүйнөнү  таанып билип, ал тургай  кол жеткис өлкөлөргө барууга жол ачылып, ааламды кыдырууда. Албетте, мугалимдин көрөгөчтугү,  талыкпаган кызматы  күнү- түнү изденип, тапкан билим ачкычы   өмүр бою баарыбызга чоң көпүрө  болуп берет. 20160208_113115 (2)20160210_090912 (2)20160210_091053 (2)Алар жумушта да  жумуштан кийинда мугалим. Айтайын дегеним,  мугалимдер өмур бою билим кенин казуунун  үстүндө изденип 20160210_090912 (3)келишет. Бул дүйнөдөн өтсө да, алардын алардын алтын ысымдары  кагаз бетинде кылымдарга өчпөс болуп сакталып калат. Анткени бул кесиптин ээлери дайыма эл оозуна, эл журөгүндө , эл кызматында. Мына ушундай мугалимдик кесипти  аркалап, миңдеген балдарга билим ачкычын карматкан  мугалимдердин бири-Ашыркул Абдыкеримов. Көзү тирүү кезде  дасыккан  билимин окуучуларга үйрөтуп,  канчалаган окуучуларды билим уясынан  учуруп, аларды түз багыт жолуна сала алды. Агайдын өткөн жолуна кылчайсак, ал 1946-жылы 12- апрелде Коргон-Сай айылында  жумушчунун үй булөсундө туулган.  1963-1965 – жылдары Шакафтар мектеп  интернатында 10-классты ийгиликтүү аяктап, 1966-жылы  Ош педагогикалык институтуна кирип, 1967-жылы  Советтик армиянын катарына чакырылган. 1969-жылы аскердик милдетин аяктаган соң,  1969-жылдан тартып кайрадан окуусун улантып, 1971-жылдан 1973-жылга чейин Куйбышев  орто мектебинде иштеп, 1973-жылы азыркы Башкы-Терек айылындагы мектепте алгачкы башталгыч классын  ачып,окуу бөлүм башчысы болуп  эмгектенген. 1975-жылы Коргон –Сай айылындагы мектепке которулуп башталгыч класстар мугалими болуп,1987-жылы окуу бөлум башчысы катары 1991-жылга чейин кызмат өтөп, 1995-жылдан аталган айылдын тургундарынын колдоосу,  ишеними менен аксакалдар соту болуп 2004-жылга чейин  эл кызматында болгон. Агайдын эмгектери  бааланып, 1997-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  буйругу менен алкыш жарыяланып, 2003-жылы Кыргыз республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин “Отличниги” төш белгиси ыйгарылган.

Ашыркул Абдыкеримов 2007-жылы күтүүсүздөн бул жарык дүйнө менен кош айтышып коштошту. агайдын көзү тирүу болгондо мындан  да көп ийгилик, алкыштарга жетишмек. Анткени,  агайдын билими эмгектери чоң тоодой эле.20160210_091053 (3) Уядан учурган окуучулары  бүгүнкү күндө  республиканын ар кайсы аймактарында  жогорку кызматтарда иштеп,  агайдай дасыккан  окутуучулар болуп  иштешүүдө. Көзү өтсө да, артында окуучулары шакирттери  жана  замандаш кесиптештери ал тууралуу эскерип келишет. IMG-20160209-WA0004Мына ушундай улуу  инсандын эмгектери  колдоого алынып, 2013-жылы К.Акназаров орто мектебинин бир канаасына агайдынIMG-20160209-WA0003 ысымы  коюлуп, ал жерге анын эмгек жолу, сүрөттөрү коюлган. Ал бөлмө агайдын элесин элге көрсөтүп турмакчы. Тактап айтканда,IMG-20160209-WA0002 20160210_091157 (2)агайды Коргон-Сай айылынын биринчи мугалими  Дүйшөн агай десек да болчудай. Өчпөс болуп артында изи калган инсандын  үч 20160210_091053 (4)кыз,  беш уулу эр жетишип, ар кайсы тармакта эмгектенишүүдө. 20160210_090912 (4)Уул-кыздарына  татыктуу тарбия берүу менен  аларды жогорку окуу жайларга  окутуп  эки кызын тең өз кесибине  багыт алдырып, учурда кыздары  мугалимдик кесипти аркалашып келишет. Быйыл агайдын көзү тирүу  болгондо 69-жашка чыкмак.Үй бүлөсү, өмүрлүк жубайы  Ажар апа жана чоң  атасын  таятасын күн сайын  эстеген 21 небереси  агайдай улуу инсандардан  болушуп, калк ичинде бар болушсун.

Г. Ташбаева, КР. Журналисттер кошунунун мүчөсү

Коргон-Сай айылында өрт кырсыгы катталды

ippөрт коопсуздугу 1

2016-жылдын 18-январдан 19-январга караган түнү  1саат 35 мүнөттө Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №81-ӨКБтүн байланыш түйүнүнө Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округуна караштуу Коргон-Сай айылында жайгашкан Курманалиев Бакытбектин 5 бөлмөлүү  турак үйүнүн меш орнотулган 2 бөлмөсүнүн  шыбынан  өрт кырсыгы чыккандыгы тууралуу кабар Кудайкулов Акжол  тарабынан билдирилген.

Кабар түшөөр замат Чаткал райондук ӨКМКБнүн №81-өрткө каршы бөлүгүнүн 4 кароолу 1 күзөттөгү ГАЗ-66-01 өрт өчүрүүчү автоунаасы менен 1 саат 40 мүнөттө чыгып, 02 саат 19 мүнөттө жетип келген учурда турак үйдүн чатыры түтөп жаткан.

Өрткө каршы кызматтын кызматкерлери турак үйдүн алоолонуп күйүп кетүүсүнүн алдын алып, өз убагында 05саат 10 мүнөттө  толугу менен өчүрүлдү жана жеке адамдардын ден соолугуна,  өмүрүнө коркунуч келген жок.

Өрттүн чыгуу себеби жылытуучу мештин жана морунун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккандыгы аныкталды.

           

Д. Тайиралиев, Чаткал райондук  ӨКМКБнүн башчысынын  орун басары,  лейтенант

Жаңы Жылды чаткалдыктар зор салтанат менен тосуп алышты

жаны жыл 2016 IMG_20151231_114202 жаны жыл 2016 IMG_20151231_120940 жаны жыл 2016 IMG_20151231_121241 жаныжыл 2016 IMG_20151231_120852жаны жыл 2016 IMG_20151231_121717 (2) жаны жыл 2016 IMG_20151231_121931 жаны жыл 2016 IMG_20151231_123343 жаны жыл 2016 IMG_20151231_123915 (2) жаны жыл 2016 IMG_20151231_124423 жаны жыл 2016 IMG_20151231_132009

2016-Жаңы Жыл Чаткал районунда майрамдык чоң шаан-шөкөт менен тосуп алынды. Алгач, райондо жашаган элдик өнөрпоздордун катышуусунда үч айлампада «Сармерден» маданий иш чарасы өткөрүлүп, жыйынтыгында Каныш-Кыя айылынын өнөрпоздору жеңүүчү деп табылды.

Буга кошо эле, Жаңы Жылга утурлай райондук мамлекеттик администрацияда, мектептерде жана бала бакчаларда наристелерге арналып «Балаты» майрамдары тартууланды. 28-декабрь күнү Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө район аймагында жашаган жарым, тоголок жетим балдарга райондук мамлекеттик администрация тарабынан «Балаты» оюн зоок иш чарасы өткөрүлдү. Салт болуп калган бул майрамдык иш чарага 78 жарым, 12 тоголок жетим жалпысы 90 бала катышып, Аяз Ата жана Аяз кыз менен биргеликте майрамдык иш чаранын күбөлөрүнөн болушту. Майрамдык иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев  катышып, балдарга Жаңы Жылга карата куттуктоосун айтып, аларга  кең келечек каалады. Ал эми, катышуучуларга маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан ыр, күү тартууланды.

Иш чаранын жүрүшүндө, ар бир балага райондо кен казуу менен алектенген «ЗААВ Чаарат» жана «Кичи Чаарат» фирмалары тарабынан даярдалган ар бири 350 сомдук белектер берилди.  Аталган фирмалар тарабынан район боюнча 150 балага белек тапшырылды. Айыл аймактары тарабынан да тоголок жана жарым жетим балдарга камкордуктар көрүлүп, белектер берилди.

Ал эми, 31-декабрь күнү район борбору Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөсүнө Балаты орнотулуп, район калкына майрамдык шаан шөкөт тартууланды. Майрамдык шаан-шөкөт күндузгү саат 11лерде башталып, алгач район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевдер баштаган райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана айрым тургундар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Андан соң, айылдардан келген Аяз Ата жана Аяз Кыздардын сынагы болуп, анда Аяз Ата жана Аяз кыздар өздөрү менен келген өнөрпоздордун коштоосунда өз өнөрлөрүн элге тартуулашып, ыр, бийлерди аткарышып, өз даярдыктарын калыстардын сынына коюшту. Мында, айрым Аяз Аталар чыгармачылык деңгээлин көргөзүшүп, майрамга ат чегилген чана менен келишсе, айрымдары автоунаага чиркелген чаналар менен келишип, катышуучуларга өзгөчө таасир калтыруу менен, майрамдык иш чараны шаңга бөлөштү. Соңунда, калыстар тобунун баалоосу менен 1-орун Каныш-Кыя айылынын Аяз Ата жана Аяз кыз коштогон өнөрпоздоруна ыйгарылып, 10000 сом акчалай байге берилди. 2-орун №46-кесиптик лицейдин аяз Ата коштогон өнөрпоздоруна берилип, 8000 сом акчалай байге тапшырылды. 3-орунга Айгыр-Жал айылынан келген Аяз Ата коштогон өнөрпоздорго ыйгарылып, алар 6000 сом акчалай байгеге ээ болушту. Ал эми, 4-орунду Коргон-Сай айылынан келген Аяз Ата коштогон өнөрпоздор ээлеп, 4000 сом акчалай байгенин ээси болушту.

Айта кетчү нерсе, Жаңы Жылга карата өткөрүлгөн «Сармерден» жана «Балаты» майрамдык иш чаралары Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан каржыланды.

М. Эшназаров

 

Коргон-Сай айылында мектеп курулууда

IMG_2932(сүрөттүн материалга тиешеси жок)

Коргон-Сай айылындагы К. Акназаров атындагы мектебинин имаратынын жараксыз абалга келгенине бир топ мезгил болуп, аталган мектепке жаңы имарат куруу маселеси эчак бышып жетилсе да, ишке ашпай келген. Быйыл “муз ордунан козголуп” дегендей, жаңы имараттын курулуш иши башталды.  Жаңы мектеп имаратын курууга республикалык бюджеттен 26 млн. 185 миң сом акча каражаты каралып, тендер өткөрүлүп, учурда курулуш иштери башталды.

М. Эшназаров

Коргон-Сай айылына китепкана курулду

  IMG_2944

Коргон-Сай айылындагы айылдык китепкана үчүн буга чейин имарат жаатында маселе жаралып келген. Мындан сырткары, айыл башчы үчүн да өзүнчө имарат зарыл болуп келген эле. Быйыл бул маселелерди чечүү Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан колго алынып, чечилди. Тактап айтканда,  айылга заманбап имарат курулуп, ага айыл башчы менен айылдык китепкана жайгаштырылды. Аталган имараттын курулуш ишине жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 399 миң 900 сом акча каражаты жумшалды.

М. Эшназаров