Архив метки: комиссариат

Мекенди коргоо күнүндө

22-февралда район борборундагы райондук китепканада китепкана кызматкерлери тарабынан 23-февраль— Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык кече болду.

Кечеге райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери, аскер кызматын өтөп келген улуу муундагы инсандар жана мектеп окуучулары катышты.

Кеченин жүрүшүндө китепкана кызматкерлери жана маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан атуулдук духтагы көркөм жана обондуу ырлар тартууланды.

Ал эми, китепкана кызматкерлери тарабынан даярдалган, жазуучу Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу » чыгармасынан алынган сахналаштырылган көрүнүш өзгөчө таасир калтырды.

Кече соңунда, катышуучулар өз таасирлери менен бөлүшүштү.

М. Эшназаров