Архив метки: коллегия

Коллегияда орчундуу кемчиликтер ачык айтылды

 

коор кенеш 3коллегия апрель 6коллегия апрель 1коллегия апрель 3

Өтүп бараткан жумада райондук мамлекеттик администрацияда  райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, айыл аймактардын башчылары, дин кызматкерлери жана айрым тийиштүү  кызматкерлер катышкан коллегия болду.

Коллегиянын күн тартибинде негизинен 4 маселе-район аймагындагы мечиттердин, намазканалардын мыйзамдуу иш алып баруусу жана санитардык-гигеналык абалы, райондук ЖААК бөлүмүнүн 2013-2014-жылдарда жалпы жүргүзгөн иштеринин абалы, 2015-жылдын жазгы талаа иштерин ъз убагында уюшкандыкта өткөрүү боюнча айыл аймактарда көрүлүп жаткан даярдыктар, уюштуруучулук иштери, жазгы талаа жумуштарына даярдыктардын жүрүшү жана Каныш-Кыя, Чаткал айыл аймактарынын жогорку органдардан келген каттарын, арыз, даттанууларын кароонун аткарылышы боюнча аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө маселелер каралды.

Коллегиянын күн тартибиндеги 1-маселе боюнча раймамадминистрациянын башкы адиси А. Таштанбаева баяндама окуду. Баяндамада белгиленгендей, Чаткал районунда 9 мечит, 10 намазкана элге диний кызмат көрсөтүүдө.  Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 Мыйзамы жана 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы райондогу мечиттерде ушул күнгө чейин жайылтылбаган жана имамдардын аталган мыйзам жана концепциялар боюнча тааныштыгы жок экендиги көрүнүп турат.

Ар кандай туура эмес диний коз караш жана тушунуктун негизинде районубузда балдарын эмдетуудон баш тарткан жарандар  күндөн-күнгө көбөйүүдө. Эгерде жогорудагы къз караштар улана берсе,  вакцина менен башкарылган оорулардын чыгып кетүү коркунучу бар.

Мындан сырткары, көпчүлүк мечиттердин санитардык-техникалык жана гигиеналык,эпидемиологиялык абалы, жылытуу, желдетүү, канализация, жарыктандыруу системаларынын жеткиликтүү  эместиги, мечиттердин алдын ала долбоорлонуп чийилбей, ашар жолу менен курулгандыгынан улам санитардык нормалар жана эрежелер сакталбагандыгы, бардык мечиттерге суу киргизилбегендиги, жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүгү белгиленди.

Баяндама окулуп бүткөн сон, райондун баш имам хатиби Кубаныч ажы Токонов коллегия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Район акими К. Эшалиев баш болгон коллегия мүчөлөрү  баяндамада айтылгандай, айыл имамдарына райондун имам хатиби тарабынан диний концепциянын бүгүнкү күнгө чейин таратылып бериле электиги, руксат кагазы жок даваатчылар райондун айрым айылдарында үгүт иштерин жүргүзүп жатышкандыктары, айрым айылдардагы мечиттердин тазалык денгээли өтө төмөн экендиги, айрым район тургундары туура эмес диний къз карашты карманып, айрым жугуштуу ооруларга жүргүзүлүп жаткан вакцинациялоого каршы чыгып жаткандыктары тууралуу сын-пикирлерин айтышып, райондун имам хатибинен аталган кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу боюнча иш жүргүзүүнү талап кылышты.

Коллегиянын күн тартибиндеги 2-маселе боюнча раймамадминистрациянын жетектөөчү  адиси Б. Жаманкулов баяндама жасады. Баяндамада маалым болгондой, райондук ЖААК бөлүмү  учурда Чаткал токой чарбасынын имаратынын бош бөлмөлөрүнүн ижарага алып иш жүргүзөт. Бөлмөлөрүнүн эшик, терезелеринде темир торлору жок, өрт коопсуздугу каралбаган. Документтерди сактоочу жайы талапка жооп бербейт, мыйзам боюнча ЖААК бөлүмүндөгү документтер 100 жылга сакталуусу тийиш. Чаткал районунун документтери ЖААК бөлүмүндө ачык эле коркунучта  жатат. Бөлүм башчы жумуш учурунда ар кандай шылтоолор менен өз ордунда болбойт жана ишине көңүл кош мамиледен улам документтердин уурдалып, өрттөнүп жок болуп кетиши толук мүмкүн.

Мындан сырткары, жарандарга керектелчү тийиштүү кагаздарды берүүдө  да финансылык тартип бузууларга жол берилип келген.

Баяндамадан сон, район акими К. Эшалиев жана коллегиянын мүчөсү, район акиминин биринчи орун басары Ж. Накетаев ЖААК бөлүмүнүн башчысынын иштерине кескин сын-пикирин билдиришти.

Коллегиянын күн тартибиндеги кийинки маселе боюнча раймамадминистрациянын башкы адиси Т. Аликеев баяндама окуду. Баяндамачынын маалымдашынча, райондо жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктар тийиштүү мекемелер тарабынан солгун жүрүүдө. Райондук агрардык өнүктүрүү департаменти бул багытта иш алып барууда кайдыгерликке, жоопкерсиздикке жол берип келаткандыгы ачыкталды.

Баяндама окулуп бүткөн сон, коллегия мүчөлөрү тарабынан райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башкы адиси М. Тотонов жана Каныш-кыя айыл аймагынын жер адиси К. Осмонбековдон алдыдагы дыйканчылык мезгилине карата жалпы даярдыктар тууралуу суроолорду беришти. Алардын берген жооптору коллегия мүчөлөрүн ынандырган жок.

Андан сон, кийинки маселе боюнча раймамадминистрациянын башкы адиси Р. Асанбаев баяндама жасады. Баяндамада маалым болгондой, Каныш-Кыя, Чаткал айыл ъкмъттър тарабынан «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жънндъ» мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Ъкмътнн 2013-жылдын 13-июнундагы «Жогору турган органдардын актыларын жана тапшырмаларын, ошондой эле ъздърнн чечимдерин аткаруу бийлигинин жергиликтуу органдарынын аткаруучулук тартибинин абалы жънндъ» №349 токтомунун аткарылышы боюнча бир топ катачылыктарга жол берилген.

Баяндаманын сонунда, коллегия мүчөлөрү аталган эки айыл өкмөттүн жооптуу катчыларына баяндамада келтирилген кемчиликтерге байланыштуу суроолорду беришип, кетирилген кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу боюнча талаптарды коюшту.

 

Коллегиянын сонунда тийиштүү токтомдор кабыл алынды

Жыл жыйынтыгы чыгарылды


Терек-Сай айыл аймагында кезектеги коллегия болуп өттү. Коллегияга райондук мамлекеттик администрациянын агрардык бөлүмдүн башчысы Э.Кошбаев, жетектөөчү адис Н. Акматжанов баш болгон мекеме-уюм, ишканалардын жетекчилери катышты.
Болуп өткөн коллегияда 2014-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2015-жылга иш план кабыл алынды.
Токтомухамед Ади уулу «Чаткал оттору»

Билим берүү тармагындагы кемчиликтер ачык айтылды

Февраль айынын экисинде райондук мамлекеттик администрацияда райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондун жетекчилиги, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, мектептердин директорлору жана тиешелүү адистери, билим берүү тармагына тийиштүү мекеме жетекчилери катышкан кезексиз коллегия болду.
Коллегияда алгач, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев баяндама жасады.
Баяндамада белгиленгендей, текшерүүдө мектептерде иш кагаздардын ордунда эместиги, жогорку бийлик органдарынан келген буйрук, көрсөтмөлөр өз убагында аткарылбастыгы, иш пландарды аткарууда оркойгон кемчиликтерге жол берилип келаткандыгы, айрым мектептерде санитардык абалдын начардыгы аныкталган.
Баяндама окулуп бүткөн соң, РИИБ башчысы Медербек Муратов өткөн 2014-жылы өспүрүм балдар арасында район боюнча 2 кылмыш иши катталгандыгын маалымдап, 2015-жылдын 21-январында болуп өткөн, “С Байдөөлөтов” орто мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары катышкан кайгылуу окуя тууралуу маалымат берип, азыркы учурда 11-класстын кылмышка шектүү делген 7 окуучусу райондук соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайда кармалып тургандыгын, алардын күнөөлүү же, күнөөсүз экендиги соттук териштирүүдөн соң гана аныкталаарын билдирди. Ал мындан сырткары, РИИБде өспүрүм балдар менен иштөө боюнча 2 гана инспектор бар экендигин, алар райондогу 19 мектепке жетишпестигин айтып, “С. Байдөөлөтов” орто мектебиндеги жагымсыз окуялар боюнча мектеп директоруна жана соцпедагогго тиешелүү тараптардан юридикалык баа берилээрин кошумчалады.
Андан соң, сөз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ызан Кудайбердиевге берилди. Ызан Кудайбердиев окуу жылынын башында бардык мектеп директорлору жана тиешелүү кызматкерлери менен тийиштүү иш чаралар аткарылып, иш кагаздар толтурулуп, иш пландар кабыл алынгандыгын айтып, антсе да, райондогу билим берүү тармагындагы кемчиликтер убакыт келип, минтип, айкын болуп калгандыгын моюнга алды.
Аким К. Эшалиев Ы. Кудайбердиевдин сөздөрүнө ынанбагандыгын билдирип, буга чейин райондо мектепке тартылбаган бир гана бала бар болсо, жакында раймамадминистрациянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө окууга тартылбаган балдардын саны мындан көп экендиги аныкталгандыгын айтып, мындан башка да бир топ кемчиликтерди айтуу менен, райондогу билим берүү тармагындагы солгун иштерди кескин сынга алды. –Мугалимдердин көйгөйү көп экендиги, айлыктарынын аздыгы, мектептерде китептердин жетишпестиги талашсыз. Сиз райондогу билим берүү тармагынын жетекчиси катары, мугалимдер менен жакындан иштешпей, алардан алыстап кеткенсиз, мисалы: мектептердеги китептердин жетишпестиги боюнча эмне үчүн айыл өкмөттөргө, райондук жетекчиликке маселе койгон жоксуз? -деди аким К. Эшалиев.
Андан кийин, “С. Байдөөлөтов”, “Исмаил уулу Матиш”, “Т. Жаналиев”, “С. Мырзалиев” орто мектептеринин директорлоруна аталган мектептерде орун алып келаткан өспүрүм балдар, кыздар арасындагы терс көрүнүштөр боюнча коллегия мүчөлөрү тарабынан суроолор берилип, орчундуу сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.
Коллегиянын жүрүшүндө, аким К. Эшалиев мектеп директорлору “Б. Камчыбеков”, “Ю. А. Гагарин”, Сумсар орто мектептеринен көп жагынан үлгү алса болоорлугун кошумчалады.
Коллегиянын соңунда, жогоруда айтылгандай, өз ишинде орчундуу кемчиликтерди кетирген райББнын башчысынын жана мектептердин директорлорунун кызмат абалын кароо, билим берүү тармагын тейлеген айрым кызматкерлерге сөгүш берүү, калган мектеп директорлоруна ишинде кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюу тууралуу токтом кабыл алынды.

Коллегия болуп өттү


2015-Жаңы жылдын январь айынын II декадасында Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы О.Ботобековдун жетекчилиги астында Сумсар айыл өкмөтүнүн коллегиясы болуп өттү.
Коллегиянын Күн тартибинде, Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы О.Ботобековдун 2014-жыл үчүн отчёту, Сумсар айыл өкмөтүнүн коллегиясынын 2015-жылга иш планын бекитүү ж. б. ар кандай маселелер орун алды.
Коллегиянын Күн тартибиндеги белгиленген маселелер угулуп, талкууланып, алар боюнча суроо-жооптор болуп, сунуштар киргизилди.
Коллегиянын соңунда Күн тартибиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
сумсар коллегия 1Б.Исаков «Чаткал оттору»

Учур талап кылган маселелер каралды

2015-жаңы жылдын 9-январында Сумсар айыл өкмөтүнүн коллегиясы болуп өттү.
Коллегиянын күн тартибинде “Таза суу” программасы, Сумсар айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын кышка карата даярдык иштеринин жүрүшү, жылуулук системасынын жүрүшү жана ар кандай маселелер угулуп талкууланды.
Коллегияда “Таза суу” программасы боюнча Сумсар айыл аймагынын кызматкери К.Дербишов, ал эми мекеме-уюмдардын кышка карата даярдык иштеринин жүрүшү, жылуулук системаларынын жүрүшү маселеси боюнча Сумсар айыл аймагынын соц кызматкери К. Курмантаева билдирүү жасашты.
Күн тартибиндеги маселелер угулуп, талкууланып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
Б.Исаков «Чаткал оттору»