Архив метки: Кичи Чаарат

Курулуш айылына жаңы спорттук зал курулууда

Курулуш айылына жаңы спорттук зал курулууда. Курулуш иштери Кичи Чаарат фирмасы тарабынан каржыланып, 16 млн. сомго бааланган.

IMG_20181101_125643

— Спорттук зал келерки жылда бүткөрүлмөкчү. Быйыл дубалы тургузулуп, чатыры жабылуусу тийиш -деп билдирди Чаткал айыл аймагынын башчысы Б. Исабеков

М. Эшназаров

Компания жаңы жумушчуларын окутууда

Өтүп бараткан жылдын 22-июнунан баштап “Кичи Чаарат” компаниясындагыфабриканын жаңы жумушчуларын даярдоо классы ачылды. Компаниянын планы боюнча жаңы жумушчуларды даярдоо мөөнөтү3 ай болот.

22-июнь күнү күндүзгү саат 10:00дө сабак өтүү залында 1-нөөмөттүн 75 жумушчусуна сабак башталды. Сабактын башталуу аземине компаниянын администраторунун орун басары Дуан Хайжун, компаниянын башкы инженери Ажыгулов Таалай, компаниянын менеджери Кубаныч Орозбаев катышып,жаңы жумушчулардын фабрикага келүүсү салтанаттуу түрдө тосуп алынды.

кичи чаарат окуу 3 кичи чаарат окуу 1 кичи чаарат окуу 2Башкы инженер өз сөзүндөКичи-Чаараткомпаниясы бул-азыркы заманбап компания экендигин, Куру-Тегерек аймагындагы курулган курулмалар алдыңкы заманбап курулмалар экендигин айтып-Ошондуктан сиздер бул компанияга кирип иштегениңиздерге сыймыктанып, ошону менен бирге, жаңы жумушчулар азыркы окуу мүмкүнчүлүктөрүн бекем кармоо менен көңүл коюптырышып үйрөнүүсү жана келечекте фабрикага киргенде теориялык жагын жатка билүүсү тийиш- деди.

Даярдоо курсуна башкы инженер, котормочу, юрист, копсуздукту башкаруу бөлүмүнүн мүчөсү, администрациянын мүчөсү негизги сабак берүүчүлөрдөн болуп, жумушчулар күндөлүк норма, коопсуздук жагын, кытай тилин, фабриканын ичиндеги кесипкөй орус тилин, фабриканын техникалык жактарын,ошону менен бирге компаниядагы мамлекеттик экотехинспекциясынан тиешелүү кесиптик адистеринин компанияга келип сабак өтүүсүн суранышкандыгын билдирди.

Компаниядагы бул жаңы жумушчуларга жакшы шарттагы жатаканаларын даярдап берилип, ар бир кишиге жылуу жумшак төшөк-жууркан, даамдуу тамак-аш менен камсыз болушуп, ошону менен бирге жумушчулардын үй бүлөсүнүн шарттары эске алынып, жаңы жумушчулардын окуу мезгилинде ар бир кишиге 10000 сомдон стипендия төлөнүп берилет.

Б. Молдобеков, компаниянын өкүлү

Эркин жана улуттук күрөш боюнча мелдеш болду

31-март күнү Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш орто мектебинин спорттук залында Айгыр-Жал айылынын тургуну, маркум Алмамбет Исмаиловдун жаркын элесине арналган эркин жана улуттук күрөш боюнча райондук мелдеш болду.

Бул спорттук мелдеш маркум Алмамбет Исмаиловдун бир туугандары тарабынан 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин эркин күрөш боюнча гана мелдеш өтүп келсе, спортчулардын суроо-талабы менен быйылкы мелдешке кыргыз күрөшү да кошулган. –Бул спорттук иш чара алгач облустук денгээлде башталган. Кийинки жылдарда райондук гана денгээлде өткөрүп жатабыз. Буюрса, келечекте мелдештин программасына шахмат, стол тенниси боюнча да таймаштарды киргизип, облустук денгээлге алып чыксак деген максатыбыз бар. Мелдешти уюштурууга жалпысынан отуз миң сом акча каражаты жумшалды. “Кичи  Чаарат” фирмасы демөөрчүлүк иретинде беш миң сом акча каражатын берди. дейт маркумдун бир тууган иниси Капарбек Исмаилов.ыпын DSC_0167 ыпын DSC_0181 ыпын DSC_0190 ыпын DSC_0191 ыпын DSC_0195 ыпын DSC_0197 ыпын DSC_0218 IMG-20180401-WA0000 IMG-20180401-WA0001 IMG-20180401-WA0002 IMG-20180401-WA0003 IMG-20180401-WA0004 IMG-20180401-WA0005 IMG-20180401-WA0006 IMG-20180401-WA0007 IMG-20180401-WA0008

Мелдеш абдан жогорку уюшкандыкта жана кызыктуу деңгээлде өттү.  Мелдешке Чаткал району боюнча жалпысынан 109 балбан катышып, эркин күрөш боюнча 12 салмактык бөлүктө, ал эми улуттук күрөш боюнча 8 салмактык бөлүктө күч сынашышты. Буга кошо эле, чексиз салмакта да балбандар күч сынашып, жеңүүчүлөр акчалай байгелердин ээси болушту.

Атап айтканда, Орозбек уулу Тынчтыкбек чексиз салмактык бөлүктө атаандаштарынын баарын жеңип, “Мелдештин чексиз салмак боюнча балбаны” аталды. Ал эми, 2-орун балбан Жолдошов Муратка, 3-орун балбан Мамытов Бейшенге ыйгарылды.

Мелдештин соңунда, калыстардын чечими менен төмөндөгү балбандар байгелүү орундарга ээ болушту. (Таблицаны караңыз)

салмагы орундар ФИО Айылы
 

26

1 Кумашов Жумамидин Айгыржал
2 Дилмуратов Адилет Башкытерек
3 Байышов Эрнис Жаңыбазар
3 Марат уулу Нурбек Жаңыбазар
28 1 Шатманов Кубаныч Жаңыбазар
2 Кутбидинов Нурдөөлөт Айгыржал
3 Ибраимов Курманбек Айгыржал
3 Абдымаматов Амантур Башкытерек
32 1 Наркул уулу Исабек Айгыржал
2 Бактыбек уулу Рыскелди Башкытерек
3 Наралиев Бекболсун Коргонсай
3 Кутбидинов Нурдөөлөт Айгыржал
36 1 Кутбидинов Шамшарбек Айгыржал
2 Турсунбеков Майрамбек Канышкыя
3 Усупбеков Исхак Канышкыя
3 Токонов Кубан Жаңыбазар
42 1 Асанбеков Албан Канышкыя
2 Кубанычбек уулу Бекболсун Канышкыя
3 Кутбидинов Шамшарбек Айгыржал
3 Акбаралы уулу Раимкул Жаңыбазар
46 1 Нурлан уулу Баяман Башкытерек
2 Сапарбек уулу Мухамбет Айгыржал
3 Анаркулов Арген Айгыржал
3 Тагаев Байзак Жаңыбазар
50 1 Акматбек уулу Дастан Жаңыбазар
2 Сазанканов Темирлан Канышкыя
3 Уланбек уулу Кубан Айгыржал
3 Кошбаев Курманбек Айгыржал
 

52

1 Нарбеков Алмаз Жаңыбазар
2 Мусабеков Темирлан Жаңыбазар
3 Айтыкул уулу Осмон Жаңыбазар
3 Акышов Майрамбек Айгыржал
 

58

1 Орозбек уулу Кутманбек Айгыржал
2 Бактыбек уулу Таалай Айгыржал
3 Бейшенбек уулу Жантур Канышкыя
3 Турсунбеков Нуркан Канышкыя
 

63

1 Ашыркул уулу Амат Канышкыя
2 Таласбай уулу Белек Айгыржал
3 Орозбек уулу Кутманбек Айгыржал
3 Өмүрзак уулу Жумамидин Канышкыя
69 1 Тургунбеков Турат Башкытерек
2 Эшалиев Кылымбек Жаңыбазар
3 Нарбай уулу Жумадыл Канышкыя
3 Советбек уулу Нурсейит Жаңыбазар
76 1 Алтынбек уулу Айдар Айгыржал
2 Тургунбеков Турат Башкытерек
3 Алмазбеков Нурдөөлөт Канышкыя
3 Назаркулов Бекбол Башкытерек
 

Кыргыз күрөшү боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси

 

 

35 1 Кутбидинов Шамшарбек Айгыржал
2 Самарбеков Бекболот Канышкыя
3 Наркул уулу Исабек Айгыржал
44 1 Сапарбек уулу Мухамбет Айгыржал
2 Уланбек уулу Хантеңир Айгыржал
3 Кубанычбек уулу Бекболсун Канышкыя
48 1 Бактыбек уулу Сыдык Канышкыя
2 Ильичбек уулу Бекзат Башкытерек
3 Сүйүнбай уулу Аскар Башкытерек
52 1 Жуманалиев Залкар Айгыржал
2 Нарбеков Алмаз Жаңыбазар
3 Акышов Майрамбек Айгыржал
57 1 Орозбек уулу Кутманбек Айгыржал
2 Бейшенбек уулу Жантур Канышкыя
3 Турсунбеков Нуркен Канышкыя
62 1 Таласбай уулу Белек Айгыржал
2 Орозбек уулу Кутманбек Айгыржал
3 Абдыжапаров Жумадил Канышкыя
69 1 Таласбай уулу Белек Айгыржал
2 Абдысаматов Нурдөөлөт Канышкыя
3 Эшалиев Кылымбек Жаңыбазар
76 1 Алтынбек уулу Айдар Айгыржал
2 Шадыбеков Абар Канышкыя
3 Алмазбеков Нурдөөлөт Канышкыя

 

М.Эшназаров

Чакмак-Сууда жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 12-декабрда Чакмак-Суу айылында «Асаба» ЖЧКсы тарабынан курулган 150 орундуу мектептин ачылыш аземи болду.

Ачылыш аземина район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, мектептин курулушун каржылаган «Кичи Чаарат» кен казуу фирмасынын райондогу өкүлү Ван Зун айым баштаган өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана айыл тургундары катышты.

ч 1 ч 2ч 3ч 4ч 6 ч 5

Азем алдынан алгач мектептин кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилип,  келген коноктор мектептин ички абалы менен таанышышты. ч 7ч 8

ч 9Андан соң, салтанаттуу жыйын болуп, жыйын учурунда райондук мамлекеттик администрация жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан мектептин курулушуна тикелей колдоо көрсөткөн инсандарга «Ардак Грамоталар»  тапшырылды. Мындан сырткары,  район акими Канжарбек Эшалиев  баштаган райондук жетекчилер тобу жана коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, акчалай жана материалдык жардамдарын тапшырышты. Жыйынтыгында, мектепке 113500 сом акча, 2 баш кой, 7 баш козу, 1 даана телевизор жана наркы 70 миң сомдук 1 даана үн күчөткүч аппаратура түштү.

Аземге катышкан коноктор жана айыл тургундары мектептин салынышына түздөн-түз салым кошкон райондук жетекчиликке, «Кичи Чаарат» фирмасынын жетекчилигине жана «Асаба» ЖЧКсына ыраазылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, мектептин курулушуна «Кичи Чаарат» фирмасы тарабынан 27 млн. сом берилген.

М. Эшназаров

Алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Быйылкы аба ырайынын кескин өзгөрүп, жаан-чачындын нормадан ашык жаашынан улам, республиканын көпчүлүк аймактарында кооптуу абал жаралып жаткандыгы жалпыга белгилүү.  Буга байланыштуу  Каныш-Кыя айыл аймагында да дарыянын жээктерин жана көпүрөлөрдү бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу чаралары көрүлүп жаткан кези.

Атап айтканда, Каныш-Кыя айылынын Кайың-Суу, Каныш-Кыя ,Жер-Капчыгай элдүү пункттарындагы,  Айгыр-Жал, Коргон-Сай, Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарындагы көпүрөлөргө жана суу жеп кетүү коркунучу бар жээктерге зым торлор төшөлүп, шагыл менен бастырылып, бекемделди. IMG-20170520-WA0090 IMG-20170520-WA0108 IMG-20170520-WA0102 IMG-20170520-WA0034 IMG-20170520-WA0058 Андан сырткары, Айгыр-Жал айылынын Маңдай участкасы саздак жерде жайгашкандыктан, ал жердеги жер астындагы суунун деңгээли да көтөрүлүп, турак жайларды каптоо коркунучу жаралгандыгына байланыштуу ал жердеги арык, каналдар  тереңдетилип казылып, жер астындагы суунун деңгэлинин төмөндөөсүнө  шарт түзулдү. Ошондой эле, Каныш-Кыя айылындагы  Шабыр, Айгыр-Жал айылындагы Арстан-Сай жана Чуңкур-Суу суугат каналдары да кеңейтилип, тазаланды.

Бүгүнкү күндө, Ак-Көл каналынан суу ашып кетип жаткандыктан, бул каналды терендетип казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жумуштарды жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майларды алууга Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен керектүү акча каражаты бөлүнүп берилген. Кошумчалай кетчү нерсе, аталган жумуштарга райондук суу чарба башкармалыгынын  жана Чаткал токой чарбасынын, Каныш-Кыя айыл аймагында кен казуу жана чалгындоо ишмердүүлүгүн  жүргүзүп жаткан “Кичи Чаарат”,  “Данай-Сервис”фирмаларынын жана айрым жеке жарандардын техникалары тартылды.

Бүгүнкү күнгө чейинки аткарылган жумуштарга Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинен 308 900 сом акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын кызматкери Токтобү Дубанаева билдирди.

М. Эшназаров

Коомдук угуу болду

Май айынын он бешинде район борбору Каныш-Кыя айылында район аймагындагы жер алдындагы кендерди чалгындоо жана казуу иштерин жүргүзгөн “Вертекс Голд Компани”, “Консолитед Аурум”, “Кичи Чаарат”, “Чаарат ЗААВ” жана “Ет Гео” фирмаларынын жетекчилери, өкулдөрү жана район калкы катышкан коомдук угуу болду.

Коомдук угууда алгач, өткөн 2016-жыл ичинде  фирмалар тарабынан районго берилген жардамдар тууралуу даярдалган слайд шоу көрсөтүлдү. Андан соң, район акиминин орун басары Жуманалы Накетаев фирмалар тарабынан районго берилген жардамдар тууралуу кеңири маалымат берди.коомдук угуу IMG_20170515_112032коомдук угуу IMG_20170515_112100турат чаарат IMG_20170515_143402IMG_20170515_135001коомдук угуу IMG_20170515_111549

Коомдук угуунун катышуучулары берилген маалыматта айтылган айрым маселелер боюнча суроолорду беришти. Ө. Токтогулов фирмалар тарабынан медициналык жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттердин окуудагы жетишкендиктерине жана кайсы багыттагы кесипте окуп жаткандыгына кызыгып, бул маселени текшерип коюу керектигин сунуштады. Район акими К. Эшалиев   сунуш эске алынаарын айтып, 3-4 жылдай мурда чаткалдык улан-кыздарды геологиялык кесиптерге окутушуп баштап, азыр медициналык кесиптерге гана окутушуп жаткандыгын белгилеп, мунун себеби, геолог кесибин алгандар өздөрү үчүн гана иштешсе, медициналык кесипке ээ болгондор жалпы калкка кызмат кылышаарын белгиледи. Уул-кыздарын фирмалар тарабынан медициналык окуу жайларда окутуп жаткан ата-энелер аларды жакшы окууга үндөө керектигин айтты. Ал эми, Ж. Накетаев студенттердин окуудагы жетишкендиктери тууралуу окуу жайлардын жетекчиликтери аркылуу билип, эгер студент начар окуп жатса, анда фирмалар аркылуу алардын окууларын каржылоону токтотууга  чейин баруу керектигин кошумчалап, мындай терс кадамга барбоо үчүн, студенттер жакшы окуулары керектигин айтты.

Андан соң, алгач сөз алган Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылында иштеп жаткан “Ет Гео” фирмасынын өкүлү Замирбек Сейталиев жергиликтүү калктын суроо-талаптарын аткарууга даяр экендиктерин айтып, кыш мезгилинде Чаткал айыл аймагына жүз миң сом акчалай жана мындан сырткары техника жаатында жардам беришкендигин билдирди. Мындан сырткары, Ак-Таш айылынын Маданият участкасына курулчу көпүрөгө жардам катары беш миллион сом акча каражатын беришээрин билдирди.

Катышуучулар З. Сейталиевден фирмага дагы канча жумушчу алышаары тууралуу суроолорду узатышып, так жооп беришин талап кылышты. З. Сейталиев фирмага керектүү техникалар эми келээрин, алар келген соң, канча жумушчу керектелээри билинээрин айтты.

“Консолитед Аурум” фирмасынын өкүлү Тынчтыкбек Абдырахманов Чандалаш айылындагы “Ботобай Шерматов” атындагы башталгыч мектепке компьютер алып беришкендигин, Орусияда иштеп жүрүп, кырсыкка кабылган Э. Шайбековго элүү миң сом акчалай жардам беришкендигин, тактап айтканда, Чаткал айыл аймагына колдон келген жардамдарын берип келаткандыгын билдирип, былтыр Жаңы-Базар айылына жетимиш беш орундуу бала бакча куруу иштерин колго алышкандыктарын жана быйыл курулуш иштерин улантып, бакчанын имаратын толук бүтүрө албаса да, дубалын тургузуп, чатырын жаап беришээрин билдирди.

“Вертекс Голд Компани” фирмасынын өкүлү Раатбек Ниязалиев өткөн 2016-жыл ичинде фирма 9 млн. сом акча каражатын жана 5 тонна күйүүчү май жардам катары беришкендигин, ал эми, быйыл да 9 млн. сом акчалай жардам жана ар кандай жагдайларда жардам катары районго дагы бир млн. сом беришээрин билдирди.  Ал мындан сырткары, фирмада иштеген чаткалдыктардын саны кырк экини түзөөрүн, быйыл бул санды элүү бешке жеткиришээрин айтты.

Катышуучулар Р. Ниязалиевден фирмага чаткалдыктардан көбүрөөк алуусун талап кылышып, буга кошо эле, фирмада иштегендердин иштөө шарты начар экендигин, айлык маяналарынын аздыгын жана кечиктирилип берилишин, жумуштарды бөлүштүрүүдө башка жактан келген жумушчуларга салыштырмалуу теңсиздик бар экендигин айтышып, анын айткандарына кескин нааразылыктарын билдиришти.

“Кичи Чаарат” фирмасынын өкүлдөрү Кубанычбек Орозбаев менен Рахия Өнөрбаевалар аталган фирманын районго берген жардамдары тууралуу маалымат беришти. Бул фирманын өкүлдөрүнө да катышуучулар тарабынан нааразылыктар көп болду. Мында негизинен, катышуучулар фирманын жетекчилиги коомдук угууга өзу келбей, өкүлдөрүн жөнөтүп койгондуктарына нааразы болушту. К. Орозбаев  фирманын директору Ван Зун ооруп, борборго кеткендигин билдирип, ага ылайык, фирманын бир топ тармак боюнча кызматкерлери коомдук угуунун катышуучуларынын суроо-талаптарын угууга келгендигин билдирди. Ал эми, коомдук угууга келген Курулуш айылынын тургундары “Кичи Чаарат” фирмасынын жетекчилиги Курулуш айылына спорттук зал куруп берүүгө убада берип, бирок, эми ал убадасын негедир “унутуп” жаткандыгына кескин нааразылыгын билдиришти. К. Орозбаев быйыл фирма районго 8 млн сом акчалай жардам берээрин айтып, спорттук зал куруу маселеси боюнча боюнча жетекчиликке жеткирээрин билдирди.

“Чаарат ЗААВ” фирмасынын өкүлү Туратбек Усубалиев быйыл фирма районго 10 млн сом жардам берээрин маалымдады. Ал буга кошумча, Кара-Буура унаа жолун кардан тазалоого 200 миң акчалай жардам беришкендигин билдирди. Анын маалымдашынча,  фирмада жалпы 79 жумушчунун 31 и чаткалдыктар.  Катышуучулар тарабынан –Былтыр Каныш-Кыя айыл аймагына кызматтык автоунаа алып берген элеңиздер, быйыл Чаткал айыл аймагына да кызматтык автоунаа алып бере аласыздарбы?-деген суроосуна –Алып беребиз-деп жооп берди.

Коомдук угуунун соңунда, катышуучулар айтылган суроо-талаптар кыйшаюусуз аткарылуусу тийиш экендигин жана коомдук угууларга мүмкүн болсо фирмалардын өкулдөрү эмес, жетекчилери келүүсү тийиш экендигин баса белгилешти.

Район акими Канжарбек Эшалиев фирма өкүлдөрүнөн жергиликтүү калк менен иштөөдө мүмкүн болсо калктын суроо-талаптарына терең  маани берип, калкка өз ара түшүнүшүү менен мамиле жасоо керектигин белгиледи.

М. Эшназаров

Башкы-Терек айылы таза суу менен камсыздалат

IMG_2700

Башкы-Терек айылынын калкына буга чейин ичүүчү таза суу таңкыс болуп келген. Быйыл аталган маселени чечүү колго алына баштады. Тактап айтканда, айылга таза суу тартып келүү долбоорунун сметалык баасы 18 млн. сомго белгиленип, долбоор” Кичи-Чаарат” компаниясы тарабынан каржыланууда. Таза суу жеткирүү боюнча быйылкы жылы аткарылган иштерге 12 млн. сом акча каражаты жумшалды.

М. Эшназаров

Кытайча түш жоруган Алтынбек

котормочу Алтынбек 2

Чаткал районунан буга чейин атактуу илимпоз, акын, эмгектин баатыры, журналист, спортчу айтор, ар түрдүү тармактан чыгаандар өсүп чыккан жана мындан ары да чыга бермекчи. Муну зор ишеним жана сыймыктануу менен айтсак болот. Чаткалдан бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан ар тараптуу таланттуу жаштар да муну ырастап турат.

Алардын бири-Абылаев Алтынбек деп айтууга болот. Алтынбек азыр жыйырма алты жашта. Ал кесиби юрист болгону менен, кытай тилине окуп, аны мыкты өздөштүрүп, Кыргызстандын ар кай жеринде кыргыз-кытай биргелешкен  ишканаларда тилмечтик кызматын аркалап келүүдө. Чаткалда кен казып иштеген айрым кытай фирмалары менен жергиликтүү калктын жолугушууларында кытай тилинде такылдата сүйлөп, кытай жарандары менен чаткалдык жердештеринин ортосуна көпүрө болуп, элдин алкоосуна ээ болуп келет.

котормочу Алтынбек 1

Алгач Ош педагогикалык институтуна тапшырган Алтынбек ал окуу жайында эки жыл кытай тилинде окуп, 2-курсту аяктаган соң, юридикалык жогорку окуу жайына которулуп, аны ийгиликтүү аяктап юрист кесибине ээ болот. Антсе да, окуу жайын аяктаган соң, өз кесибине иштебестен, кытай тилин мыкты өздөштүргөндүгүнөн пайдаланып, Кытайдан Кыргызстанга товар алып чыгып, соода менен алектенгенге өтөт. Андан кийин, тилмечтик кызматка өтүп, Оштогу арматура заводунда, андан соң, Чаткалда иштеп жаткан “Чаткал-17” фирмасында, андан кийин Таш-Көмүрдөгү көмүр заводунда, анан ошол эле шаардагы алтын казган кытай фирмасында котормочу болуп иштеп келди. Азыркы кезде Чаткал районунда иштеп жаткан “Кичи Чаарат” фирмасында котормочу болуп эмгектенүүдө.

Асыл таштан, акыл жаштан-демекчи, бүгүнкү глобалдашуу заманында жаш муундар орус тили менен бирге эле кытай, англис, керек болсо корей тилдерин билүүсү шарт болууда. Бул билгенге-азыркы замандын талабы.  Аны туура тушүнгөн Алтынбек сыяктуу жаштар минтип, тил үйрөнүп, замандын агымынан артта калбай, өз жөндөмдүүлүктөрү менен кыргыз жаштарынын азыркы замандын талабын туура тушүнгөн муун экендигин далилдеп жатышы албетте, кубандырбай койбойт.

Ыраазылык

IMG_1058

IMG_1061

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий маалыматтык сайтынын ачылганына аз гана убакыт болуп, бул мезгил аралыгында аталган сайт район аймагында болуп жаткан жаңылыктарды интернет тармагы аркылуу көп жактарга жеткирүүнү колго ала  алды десем жаңылышпайм. Каныш-Кыя айыл аймагынын демөөрчүлүгү  аркылуу ачылган сайттын мындан ары иштеп кетүүсүнө көмөк көргөзгөн тараптар чыга баштагандыгы сайттын ишин жүргүзүүнү мойнуна алган адам катары мени кубандырууда. Ушундай демөөрчү, демилгечи тараптардын көмөгү менен сайттын техникалык маселелери чечиле баштады. Тактап айтканда, район акими Канжарбек Эшалиевдин жекече кайрылуусу жана аракети менен район аймагында иш жүргүзүп келаткан «Кичи Чаарат» фирмасы акыркы үлгүдөгү ноутбук, модем сыяктуу керектүү каражаттарды  алууга акча каражатын бөлүп берип, бүгүнкү күндө сайттын негизги техникалык маселесин чечүүдө чоң жардам бере алды.

Район акими Канжарбек Эшалиевге жана «Кичи Чаарат» фирмасынын башкы директору У Сяоган мырзага терең ыраазычылык билдиремин.

Мухамедалы Эшназаров Чаткал.kg сайтынын башкы редактору

“Кичи Чаарат” ЖАК Куру-Тегерек кенин иштетүүнү көздөөдө

“Кичи Чаарат” жабык акционердик коому 2017-жылдан баштап Чаткал районундагы Куру Тегерек алтын жана жез кенин иштетүүнү көздөөдө. Аталган кенди иштетүүгө КР. Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин AU-88-02 сандуу лицензиясына ээ.
КР. Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин бул кендүү жерге бекиткен кору боюнча: кендүү таштын кору 35385600 тонна, жез металлынын кору 295100 тонна, жездин орточо өлчөмү 0,834%, алтын металлдын кору 32,680 тонна, ал эми, алтындын орточо өлчөмү тоннасына 0,924 граммды түзөт.
Кенди казуу жердин асты менен, тактап айтканда, тоону көзөө (штолнья) ыкмасы аркылуу ишке ашырылмакчы.

кичи чаарат фирмасы 4
Компаниянын жетекчилигинин маалыматында, кендүү ташты иштетүү күнүнө 6000 тоннадан иштетилген учурда он айда 1,800 миң тонна иштетилмекчи. Жылдын эки айын климаттык шартка ылайык чыгарып салып, бир жылда он ай иштеген учурда жогорудагыдай көрсөткүч келип чыккан. Жогорудагыдай алдын ала эсептөөлөргө ылайык, кенди иштетүү жалпысынан 17 жылдан ашыгыраак мезгилди камтуусу күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө, компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүнүн алдынан кен жайгашкан аймакка жакын жайгашкан Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарынын калкы менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.