Архив метки: кесип

Жарыя!

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

Талапкерге карата төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:

> Жеке арызы, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны.

> Паспорттун көчүрмөсү.

> Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

> Айылдык аймактын башчысынын сунушу.

> Жогорку же орто кесиптик билими. (Менеджмент, экономика, зоотехник, финансы, ветеринардык илимдер чөйрөсүндөгү)

> Айыл чарба чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы бар.

> Соттолбогондугу тууралуу тактама.

> Жашы курагы 25 тен кем эмес 60 тан ашпаган.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт, башкача айтканда 1-август 2018-жылы саат 17:00 токтотулат. Дареги: Каныш-Кыя айылы, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имараты

Байланыш тел:0554 55 65 85, 0771 78 79 73

Чаткалдыктар кен тармагы боюнча адистиктерге ээ болушууда

Бүгүнкү күндө, Чаткал районунда жер алдындагы кен байлыктарды чалгындоо жана казуу ишгтерин алып барган фирмалардын саны көбөйгөн сайын, район калкы да фирмаларга керектүү адистиктерге окушуп, алардан жумуш табуунун аракетин күчөтүүдө. Тактай кетсек, Чаткал райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган бөлүмдүн каржылоосу менен райондук №46-кесиптик лицейинде жүргүзүлгөн кесиптик окутууга даярдоо курстарында өткөөлчүлүк кесибине 44 жаран, бургулоочу кесибине 20 жаран окууда. Окутуу жүргүзүп жаткан мугалимдерге маяна иретинде жана ар кандай чыгымдар үчүн 101,1 миң сом, ал эми, окуп жаткан жарандарга стипендия үчүн 44,9 миң сом акча каражаттары төлөнүп берилди.
Мындан сырткары, аталган бөлүм тарабынан “Чаарат ЗААВ” фирмасына 18 жаран, ал эми, “Вертекс Голд Компани” фирмасына 33 жаран жумушка орноштурулду. Мындан сырткары, аталган бөлүмгө жумуш издеп жалпы 371 жергиликтүү тургун кайрылган.
Район аймагында иш жүргүзүп жаткан фирмаларга жергиликтүү жарандарды жумушка кабыл алуу боюнча эки ирет кат жолдонгон.