Архив метки: Каныш-Кыя

«Сармерден» маданий оюн-зоок иш чарасы болду

14-март күнү Айгыр-Жал айылынын Абдырайым Мамадалиев атындагы айылдык маданият үйүндө Каныш-Кыя айылдык маданият үйү тарабынан уюштурулган «Сармерден» маданий оюн-зоок иш чарасы болду.

Иш чарада, сармерден оюнунун тартибине ылайык жигиттер жана кыз-келиндер эки топко бөлүнүшүп,  кыргыздын көөнө жана заманбап обондуу ырларынан созолонтушуп, табышмак, жаңылтмачтарды айтышып, бий бийлешип, өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, өз ара таймашышты.

Оюндун жүрүшү кезеги менен  атайы калыстар-Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Садырбек Исмаилов жана Каныш-Кыя айыл аймагынын социалдык иштер боюнча башкы адиси Жайнагүл Осмоновалар тарабынан калыс сынга алынып,  баа берилип турду.сармерден DSC_0023 сармерден DSC_0060 сармерден DSC_0007 сармерден DSC_0041 сармерден DSC_0038 сармерден DSC_0066 — копия сармерден DSC_0068 — копия сармерден DSC_0091 — копия сармерден DSC_0098 — копия сармерден DSC_0108

Сармерденде жигиттер тарабы комуздун коштоосунда дастан жана элдик ырларды аткарууда өздөрүнүн мыктылыгын көргөзүшсө, кыз-келиндер тарабы элдик ырларды ийине жеткире аткаруу менен элдин кызуу кол чабуусун жаратышты.  Тактап айтканда, жигиттер тобунан дастанчы Нооруз Анарбек уулу жана Нурсултан Наралы уулу, ал эми кыз-келиндер тобунан Гүлүмжан Мамакеева, Айгүл Ботобекова жана Махабат Кайыпкуловалар өз өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

Иш чаранын соңунда көрүүчүлөр Сармердендин уюштуруучулары-Каныш-Кыя айылдык маданият үйүнүн башчысы Нооруз Анарбек уулуна жана Абдырайым Мамадалиев атындагы Айгыр-Жал айылдык маданият үйүнүн усулчусу Гүлүмжан Мамакеевага жана иш чараны өткөрүүгө каражат жагына колдоо көрсөткөн Каныш-Кыя айыл аймагына ыраазылык билдиришти.

М. Эшназаров

Жайыт комитетинде быйыл бир топ алгылыктуу иштер аткарылды

Быйыл Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинде бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Атай кетсек, жайыт коитетинин каражатына атайы долбоордун негизинде  жакынкы жайыттарга жалпысынан мал жана жөө адамдар  өтүүчү  5 көпүрө-Чоң Чаар-Таш жайлоосуна жеке ишкер Н. Субаналиев тарабынан 183824 сом каражат жумшалып 1 көпүрө курулуду. IMG-20171213-WA0015 IMG-20171213-WA0017 IMG-20171213-WA0027

Түлөберди жайлоосуна жеке ишкер М. Субанов жетектеген «Оомат кенч» ЖЧКсы тарабынан жалпы 371363 сом каражат жумшалып, 2 көпүрө курулду.

Кайың-Суу жайлоосуна жеке ишкер Г. Артыкбаева тарабынан жалпысынан 643062 сом жумшалып, 2 көпүрө курулду.

Мындан сырткары, жалпы 18 млн. 168 миң сом каражатка 4 даана МТЗ-82, 2 даана МТЗ-1221 тракторлору, «Паллесе» маркасындагы 1 даана эгин оруучу комбайн, 2 даана чөп таңгактагыч, 3 бөлүктүү 1 даана соко алынып келинди. 20171219_142856 20171219_143050 20171219_143233

-Жакынкы күндөрдө дагы 2 даана үрөн сепкич жана 1 даана чөп таңгактагыч алынып келинет-деп билдирди Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Жоомарт Камчыбеков.

М. Эшназаров

«Маяк» иш чарасы өткөрүлдү

Декабрь айынын 15-17-декабрь күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Чаткал РИИБнин алдындагы патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан «Маяк» иш чарасы өткөрүлдү.  IMG-20171218-WA0008 IMG-20171218-WA0009

Иш чаранын жүрүшүндө айдоочулар тарабынан жол режелерин бузуу учурлары текшерилип, КР. АЖКнын 231-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде жол эрежесин бузган 2 айдоочуга административдик айып салынды.

Иш чарага Каныш-Кыя аймактык ооруканасынын «Тез жардам» кызматы жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg расмий маалыматтык  сайтынын журналисттери катышты.

М. Эшназаров

Колдоого муктаждарга бекер көмүр берилди

Каныш-Кыя айыл  аймагы тарабынан  социалдык жактан колдоого муктаж үй бүлөлөрдү  колдоо  максатында  150000  сом акча каражаты бөлүнүп, алдыдагы кыш мезгилине карата  жалпы 20 тонна көмүр таркатылып берилди. Мындан:

Башкы-Терек  айылында жашаган колдоого муктаж 7 үй бүлөгө,

Коргон-Сай айылында жашаган  колдоого муктаж 5 үй бүлөгө,

,Айгыр-Жал айылында жашаган  колдоого муктаж 24 үй бүлөгө,

Каныш-Кыя айылында жашаган  колдоого муктаж 34 үй бүлөгө, жалпысы  76 үй бүлөгө алдыдагы  кыш мезгилине карата 250 килограммдан көмүр  таркатылып  берилди.  IMG_3141

Андан сырткары,  район борбору Каныш-Кыя айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборго башка жактан келип иштеп жаткан 2 врачка   Каныш-Кыя айыл аймагы  тарабынан 400 килограммдан жалпысы 800 килограмм көмүр  берилди.

М. Эшназаров

Балдар бакчалары оңдолду

Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан өтүп бараткан жыл ичинде бала бакчаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзулдү. Токтоло кетсек, Кайын-Суу участогуна былтыр курулуп баштаган бала бакчанын курулушунун уланышына жыл башында тендер өткөрүлүп, тендердин жыйынтыгы менен бул иштерди аткарууга 10745,0 мин сомго келишим түзулгөн эле. Бүгүнкү күндө, бала бакчанын курулуш иштери аяктап, ишке берилүү алдында турат. Коргон-Сай айылындагы жаны курулган бала бакчанын курулушун аягына чыгарып, колдонууга берүү үчүн жыл башында 1600,0 мин сом каралган. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 2176,3 мин сомго келишим түзүлүп, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Коргон-Сай айылындагы жаны курулган бала бакчага кошумча кошумча корпус курууга 1800,0 мин сом акча каражатын жумшалуусу аныкталып, бала бакчаны айылдык аймакта кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Аскар Тоо Кен” компаниясы тарабынан ишке ашыруу максат кылынган эле. Бакчанын курулуш иштери бүгүнкү күндө аяктоо алдында турат. “Чебурашка” балдар бакчасынын имаратынын 1-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн айыл аймактын жергиликтүү бюджетинен жана түрткү берүүчү гранттан жалпысынан 4582,1 мин сомго, ал эми, “Наристе” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 4401,3 миң сомго долбоор даярдалып, КР каржы министрлиги тарабынан долбоор жактырылып, каржыланууга коюлган эле. Аталган эки бакчанын оңдоп-түзөө иштери өз мезгилинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

М. Эшназаров

Өспүрүм балдар спорттук мектеби оңдолууда

Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин жана түрткү берүүчү гранттын эсебинен райондук өспүрүм балдар спорттук мектебин оңдоп-түзөө иштери өткөрүлүүдө. Бул иштерге жалпысынан 4111,2 миң сом каралган. Бүгүнкү күндө, оңдоп-түзөө иштери 60 пайызга аткарылды.

М. Эшназаров

«МТС Каныш-Кыя» ишканасына техникалар сатылып алынды

Каныш-Кыя айыл аймагындагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында “МТС Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына Чаткал райондук өнүктүрүү фондусу жана АРИС долбоору аркылуу 4 трактор жана бир комбайн сатылып алынды. Долбоордун жалпы суммасы 23515500 сомду түздү. Долбоорго ылайык, Каныш-кыя айыл аймагы тарабынан айыл чарба техникалары турчу гараж да сатылып алынган.

М. Эшназаров

Кургак учук менен ооругандарга жардам берилүүдө

Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан кургак учукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында алгылыктуу тарабынан иш алып барылууда. Тактап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин бул оору менен ооруган  7 жаранга айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен дарылануу үчүн  38500 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Андан сырткары, зарыл учурларда кургак учук менен ооруган жарандардын анализдерин лабораториядан өткөрүү үчүн да керектүү акча каражаты бөлүнүп берилип турат

М. Эшназаров

Жакырчылыктын деңгээли төмөндөөдө

2016—жылдын  1-январына   карата  калктын  жакырчылык  деңгээли 41,2 пайызды түзсө, 2017-жылдын III-кварталына  карата  жакырчылык деңгээли 39,9, пайызды  түзүп, жакырчылыктын деңгээли 2,2,пайызга  азайды.

 

Жардамга муктаж  көптөгөн тургундар Каныш-Кыя айыл аймагына кайрылышып, тиешелүү жардамдарды алып келишет.

Тактай кетсек, Каныш-Кыя айыл  аймагынын башчысына өткөн 9 ай аралыгында жардам сурап 85 тургун кайрылган.  Кайрылуулар айыл аймагынын адистери тарабынан анализденип, жардамга муктаж атуулдарга Каныш-Кыя айыл аймагынын  резервдик фондусунан  681500 сом жардам берилди.

Кошумчалай кетчү нерсе, Каныш-Кыя айыл аймагындагы колдоого муктаж 26 үй бүлө мекеме, ишканалардын жетекчилеринин камкордугуна бөлүнүп берилген. Өтүп бараткан жыл ичинде аталган үй бүлөлөргө мекеме, ишканалардын жетекчилери тарабынан 37000 сомдук жардамдар берилген.

М. Эшназаров

Жайыттарга көпүрөлөр курулду

Быйыл Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитети тарабынан жайыттардын инфраструктурасын оңдоо багытында бир топ иштер аткарылды. Атай кетсек, кичи долбоорлор аркылуу Кайың-Суу, Чоң-Чаар-Таш жана Түлөберди жайлоолоруна көпүрө салынды.

Буга кошо эле,  кой кыркуучу агрегат сатып алынды.

Мындан сырткары, төрт түлүккө кол салып жаткан карышкырларды жок кылууга каражат берилди. Жогоруда аталган жалпы иштерге 554267 сом акча каражаты жумшалып, бул каражаттын 75 пайызы АРИС тарабынан берилди. Бул тууралуу Каныш-Кыя жайыт комитетинин башчысы Жоомарт Камчыбеков билдирди.

М. Эшназаров