Архив метки: Каныш-Кыя

Каныш-Кыя МТСте 20 тонна үрөн бар

Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы  Нургазы Жолдошев Айгыр-Жал айылында болгон элдик жыйында азыркы мезгилде Каныш-Кыя МТСтин кампасында 20 тоннадан ашык арпа жана буудай үрөнү бар экендигин билдирди жана калкты бул үрөндөн алып, пайдаланса болоорун айтып, жазгы айдап, себүүгө даярдык көрүүгө чакырды.

Жол коопсуздугун сактоо максатында

Быйыл район борбору Каныш-Кыя айылынын негизги унаа жолунун Жеркапчыгай участкасынан Кайың-Суу участкасына чейинки аралыгына автоунаалардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн 3 жерге жасалма дөңсөө (лежачий полицейский) жаткырылат.IMG_20190206_144022

Бул тууралуу Чаткал райондук ДЭП-27 ишканасынын башчысы Муратбек Жоошев билдирди

Айгыр-Жал айылдык эмканасына жаңы шарттар түзүлүүдө

№6-Айгыр-Жал айылдык үй бүлөлүк дарыгерлик тобунун имараты Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен 737 миң сомго темир тосмо менен короолонуп, буга кошумча 750 миң сомго заманбап гараж курулуп, пайдаланууга берилди.
Бүгүн айылдык кеңештин депутаттарынын, райондук оорукананын жетекчилигинин жана айыл тургундарынын катышуусунда заманбап гараждын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилди.
Иш чаранын жүрүшүндө, №6-Айгыр-Жал айылдык үй бүлөлүк дарыгерлик тобунун башкы дарыгери Байызбек Балташев жогорудагы жумуштардын аягына чыгышына негизги салым кошкон Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө, айылдык депутаттарга жана курулуш иштерин аягына чыгарган ишкерлерге ыраазылыгын билдирди.

айгыржал гсв 1 айгыржал гсв 2 айгыржал гсв 3 айгыржал гсв 4 айгыржал гсв 5

М.Эшназаров

Видеокөзөмөлдөө жумуштары ишке ашырылууда

2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылына арналган иш чаралардын алкагында Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан бир топ иш чаралар турмушка ашырылууда. Атай кетсек, жакында айыл аймагынын өздүк каражаттарынын эсебинен 3 мектепке-С. Байдөөлөтов орто мектебине 23,  Исмаил уулу Матиш орто мектебине 24, Башкы-Терек орто мектебине 24, ал эми Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсесине 7 даана видеокөзөмөл камералары орнотулду.IMG-20180913-WA0006 IMG-20180913-WA0008 IMG-20180913-WA0009 IMG-20180913-WA0011 IMG-20180913-WA0012 Буга кошо эле,  коомдук тартипти көзөмөлдөп туруу максатында Чаткал РИИБи үчүн Каныш-Кыя айылынын борборуна 1 даана видеокөзөмөл камерасы коюлду. Жалпы 79 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, бул жумуштарга Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинен 426105 сом акча каражаты жумшалды.

М. Эшназаров

Балдарга жакшы маанай тартууланды

18-июнь күнү  Каныш-Кыя айылындагы «Чаткал-Жеткинчек » балдар эс алуу жайында райондун ар кайсы айылынан ата-энелери менен биргеликте келип, эс алып жаткан  мүмкүнчүлүгү чектелген он беш балага Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору чакан концерт тартуулашты. Иш чарага район акиминин орунбасары Асел Чынасова, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Бактыбек Алиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевдер катышты.
Эскерте кетсек, бул эс алуу иш чарасы «Борбор Азиялык өнөктөштүк » жана «Илимий-техникалык тил институту » уюмдарынын колдоосу менен беш күндүк убакытка уюштурулган.

М. Эшназаров

лагерь 37277249_622462874805953_7015378613256060928_n лагерь 37289238_622462788139295_6066771498943643648_n лагерь 37310933_622463428139231_5688990251511447552_n лагерь 37311751_622463131472594_5289082161498947584_n лагерь 37323978_622463231472584_5436002959651504128_n лагерь 37357315_622463304805910_3056723749207277568_n лагерь 37390780_622462984805942_6541083527922843648_n

Балдар майрамында «Сүрөт тартуу» сынагы болду

Каныш-Кыя айыл аймагы, Чаткал райондук өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата «Балдар сүрөтү» аттуу сынак уюштурулуп, сынакка айыл аймакка караштуу 9 мектептин окуучулары сүрөттөрдү тартып келген. Комиссиянын чечими менен сынактын жеңүчүлөрүнө айыл аймагы тарабынан 15 000 сом акча каражаты сыйлык катары жеңүүчүлөргө ыйгарылды. Андан сырткары ар бир бала бакчаларда майрамдык салтанаттар өткөрүлдү.

1-июнь к-кыя 1 1-июнь к-кыя 2 1-июнь к-кыя 3 1-июнь к-кыя 5 1-июнь к-кыя 6 1-июнь к-кыя 7 1-июнь к-кыя4

«ЗААВ Чаарат» фирмасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 40 балага 20 000 сом акча каражаты таркатылды. Айылдык Кеңештин депутаттары Г.Рысбекова жана У.Каратаевдер дагы демөөрчүлүк көрсөтүп балдарды куттукташты.

М.Эшназаров

120 тоннадан ашуун таштанды айылдан сырткары ташылып чыгарылды

Апрель-май айларында болуп өткөн ишембиликтер учурунда Каныш-Кыя айылынан 120 тоннадан ашуун таштанды айылдан сырткары ташылып чыгарылды. ишембилик 20180417_123102 ишембиликишембилик 20180417_123210Бул иштерге Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн 180 миң сомдой акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынан билдиришти.

Таштанды тазалоо жана ташуу иштери Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн техникаларынын жардамы менен ишке ашырылды.

Айыл өкмөтүнөн билдиришинче, мындан ары айына 3-4 ирет айыл өкмөтүнүн алдындагы турак-жай, коммуналдык чарбасынын техникалары менен Каныш-Кыя айылынан таштандыларды жыйнап, сырткары чыгаруп турууну максат кылынууда.

М.Эшназаров

Белгилүү педагогдун ысмы көчөгө берилди

13-апрель күнү Коргон-Сай айылындагы чоң көчөлөрдүн бирине белгилүү педагог Ашыркул Абдыкеримовдун ысмы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Салтанатка район акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев, ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын башчысы Муратбек Жоошев, маркумдун үй бүлөсү, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты.

Азем алдынан алгач, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев маркум Ашыркул Абдыкеримовдун өмүр баяны менен тааныштырды.DSC_0071 DSC_0009 DSC_0013 DSC_0046 DSC_0063

Андан соң,  келген коноктор жана айыл тургундары маркумду эскерүү сөздөрүн  айтышып, Ашыркул Абдыкеримовдун эл-жерге сиңирген зор эмгегин баалап, көчөгө ысмын коюп жаткан Каныш-Кыя айыл аймагына жана айылдык кеңешине, бул ишке демилге көтөргөн маркумдун өмүрлүк жары Ажар Абдыкеримовага жана уул-кыздарына ыраазылык билдиришти.

Азем соңунда маркумга багышталып куран окулуп, кызыл тасмасы кесилип, маркумдун аты жазылган көрнөк ачылды.

М. Эшназаров

 

Нооруз-Жаз майрамы өзгөчө шаң менен өттү

Быйыл Нооруз-Жаз майрамы Чаткал районунда өзгөчө шаң менен өттү. Тактап айтканда, райондун ар бир айылында айыл аймактары жана демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарга майрамдык ишчара уюштурулуп, эр оодарыш, чуркап жарышуу, күрөш сыяктуу улуттук спорттук оюндар жана тушоо кесүү каадалары болду.

Район борбору Каныш-Кыя айылында да Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, мында алгач район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев жана райондо кен казуу менен алектенген  «Вертекс Голд Компани» фирмасынын директору Абдыкапар Баялиевдер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Андан соң, эр оодарыш оюну башталып, ага аял балбандар да катышып, кадимки эркектерден кем калышпай кармашып,  көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Мындан сырткары, чуркап жарышуу, аркан тартыш оюндары да болуп, эркектерден жана аялдардын турган командалар күч сынашып, жеңүүчүлөр акчалай байгелерге ээ болушту. Оюндарга Маданият айылынын жашоочулары активдүү катышып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна арзышты.20180321_114236 20180321_114357 20180321_114553 20180321_115705 20180321_120809 20180321_121443 20180321_121745 20180321_123401

Район борборунда өткөн майрамдык иш чарага Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан он миң сом жана «Вертекс Голд компани» фирмасы тарабынан он миң сом, жалпысы жыйырма миң сом акча бөлүнгөн. Тагыраагы, айыл өкмөтү тарабынан Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча бардык айылдарга жалпысынан 65 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул айыл аймак башчысы Нургазы Жолдошев билдирди.

Мындан сырткары, Нооруз майрамын өткөрүүгө «Вертекс Голд Компани» фирмасы тарабынан жалпы 100 миң сом акча бөлүнгөндүгүн аталган фирманын директору Абдыкапар Баялиев билдирди.

М. Эшназаров

Терек-Сайда райондук «Чаткал периси-2018» кароо-сынагы болду

19-март күнү Чаткал районунун Терек-Сай айылдык маданият үйүндө райондун 4 айыл аймагынын кыз-келиндери катышкан «Чаткал периси-2018»  кароо-сынагы болду.

Кароо-сынаккка жалпысынан 7 кыз-келин катышып, саламдашуу, өз өнөрүн көргөзүү, улуттук жана эвропалык стилде бийлөө, мода көрсөтүү, кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармаларынан монолог айтуу сыяктуу жалпысынан 6 номер боюнча өз өнөрлөрүн корсөтүшүп, күч сынашышты. пери-2018 DSC_0322пери-2018 DSC_0328

пери-2018 DSC_0332 пери-2018 DSC_0351 пери-2018 DSC_0315 пери-2018 DSC_0385 пери-2018 DSC_0399 пери-2018 DSC_0405

Кароо-сынак жогорку уюшкандыкта өтүп, соңунда калыстардын баалоосу менен 1-орун Жаңы-Базар айылынан келген Талантбек кызы Айгеримге ыйгарылып. I-даражадагы Диплом жана 5000 сом акчалай байге менен сыйланды. 2-орун Шакафтар айылынан келген Айтурган Эгеновага берилип, II-даражадагы Диплом жана 3000 сом акчалай байгеге ээ болду. 3-орунга Терек-Сай айылынын катышуучусу Айдана Мамырбекова ээ болуп,   III-даражадагы Диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми,  Айгыр-Жал айылынын катышуучусу Айжамал Сатымкулова «Сахна жылдызы», Кызыл-Токой айылынын катышуучусу Бибигүл Апсамат кызы «Үлгүлүү кыз», Сумсар айылынын катышуучусу Айнагүл Ташматова «Ажарлуу айым», Курулуш айылынын катышуучусу Жаңылай Салиева «Бийкеч» номинацияларына ээ болушту.

Эскерте кетсек, «Чаткал периси-2018» кароо-сынагы раймамадминистрация, райондук маданият бөлүмү жана райондук жаштар кеңеши тарабынан уюштурулуп, райондогу төрт айыл аймак тарабынан каржыланды.

М. Эшназаров