Архив метки: Канжарбек Эшалиев

Коргон-Сай айылында жаңы аталыштагы көчө пайда болду

24-июнда Чаткалдан чыккан белгилүү инсандардын бири, маркум Сариев Токторбайдын ысымы Коргон-Сай айылындагы чоң көчөлөрдүн бирине салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Салтанатка маркумдун уул-кыздары, район акими Канжарбек Эшалиев баштаган жетекчилер, алыс-жакындан келген коноктор, замандаштары катышып, маркумду эскерүү сөздөрүн сүйлөшүп, маркум Сариев Токторбайдын жаркын элесин өчүрбөө максатында көчөгө коюлуп жаткандыгына ыраазылыктарын айтышты.

Эскерте кетсек, маркум Сариев Токторбай 1900-жылы Чаткал районунун Үр-Кедей айылында төрөлгөн. 1934-жылдыан баштап бир нече жыл Коргон-Сай айылынын айыл башчысы болуп иштеп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каржалган элге тапкычтык жана уюштуруучулук менен жардам бере алгандыгы менен эл оозуна алынган.

Маркумдун ысымын көчөгө коюу демилгеси анын уулу Токторбаев Тургуналы тарабынан көтөрүлүп, Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан колдоого алынды.

М.Эшназаров

маркс көчө 1 маркс көчө 2 маркс көчө 3 маркс көчө 4 маркс көчө 5 маркс көчө 6

«Жылдызча» балдар бакчасындагы майрамда

1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Шакафтардагы «Жылдызча» бала бакчасында  бакчанын улуу тайпаларынын тарбиялануучулары катышкан «Кош бол бакчам» аттуу майрамдык иш чара өттүүдө.
Иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев, райБББ башчысы Тажибай Тынышов, райондук соцфонд башчысы Адилбек Эшикуловдор катышты.

жылдызча 1 жылдызча 2 жылдызча 3 жылдызча 4 жылдызча 5 жылдызча 6
Бакчанын тарбиялануучуларына райондук жетекчилик тарабынан майрамдык белек катары балмуздактар берилди.
Бакчада азыркы кезде жүз наристе тарбияланууда.

М.Эшназаров

КР. ЖК депутаты А.Турсунбаев Сумсарда иш сапары менен болду

1-июнда КР. ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев Сумсар айыл аймагында иш сапары менен болду. Ал алгач КР. Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жиберилген коляскаларды майыптар-Насиров Сапарбекке жана Тыныбек кызы Айжамалга тапшырды.
Андан соң, В. И. Ленин атындагы жатак мектебинин абалы жана айылдык спорт клубу менен таанышты.
Андан кийин Азизбек Турсунбаев Сумсар айыл аймагынын калкы менен жолугушту.

турсунбаев 1 турсунбаев 2 турсунбаев 3 турсунбаев 4 турсунбаев 5 турсунбаев 6 турсунбаев 7 турсунбаев 8 турсунбаев 9 турсунбаев 10
Мында алгач Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев Сумсар айыл аймагында аткарылып жаткан иштер менен кыскача тааныштырып, Шакафтар айылына таза суу жеткирүү жана Сумсар айылынын таза суу түтүктөрүн оңдоого аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.
А. Турсунбаев Алабука-Сумсар унаажолун оңдоо боюнча тиешелүү министрликке кайрылып, ишти тездетүүгө аракет көрөөрүн билдирди. Ал эми, Алабука-Сумсар унаажолу аркылуу каттап жаткан Бозумчактагы Казакмыс компаниясынын оор техникалары үчүн тараза коюу боюнча аракет көрүлөөрүн айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө республикадан 2-орунду алган Сумсар орто мектебинин окуучуларын окуткан Альмира Халитовага белек тапшырды.

М.Эшназаров

Райондук спорттук иш чара болду

18-19-апрель күндөрү Чаткал районунда райондук деңгээлдеги спорттук иш чара болуп өттү.  Иш чарада алгач Айгыр-Жал айылына салынган стадиондун ачылыш аземи болуп, анда  район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, «Вертекс Голд Компани» фирмасынын өкүлү Жаныбек Кубандыков жана айыл тургундарынын катышуусунда  кызыл тасмасы кесилди.

Иш чаранын алкагында спортчулар волейбол, футбол, ордо жана чикилдек оюндары боюнча кызуу таймаш  өткөрүштү.

вертекс DSC_0015 жаныбек вертекс DSC_0039 вертекс DSC_0036 айгыржал стадиондун ачылышы DSC_0045 вертекс футбол DSC_0057 чикилдек DSC_0085 ордо DSC_0139 вертекс DSC_0148 вертекс DSC_0203 вертекс DSC_0233

Иш чаранын жыйынтыгы менен, волейбол боюнча 40 жашка чейинки спортчулар арасында 1-орунду  Т. Эрматов атындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы ээледи. 2-орун Жаңы-Базар командасына ыйгарылды. Ал эми 3-орун  Айгыр-Жал командасына, 4- орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ал эми волейбол боюнча кырк жаштан жогоркулар арасында 1-орунду Башкы-Терек командасы ээледи. 2-орун Каныш-Кыя-1 командасына ыйгарылды. 3- орун  Жаңы-Базар командасына, 4-орун Каныш-Кыя-2 командасына берилди.

Футбол боюнча мелдеште Жаңы-Базар-1 командасы  жеңишке жетишти. 2-орунду болсо Жаңы-Базар-2 командасы ээледи. 3-орун Айгыр-Жал кеомандасына, 4-орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ордо оюну боюнча мелдеште Жер-Капчыгай командасы жеңүүчү аталды. 2-орунга Айгыр-Жал командасы ээ болду. 3-орунду Коргон-Сай командасы, 4-орунду Чакмак-Суу командасы ээледи.

Чикилдек атуу  боюнча 1-орун Айгыр-Жал командасына ыйгарылды. 2-орунга Чакмак-Суу командасы ээ болду. 3-орун Кызыл-Токой командасына, 4-орун Чапай командасына берилди.  Тактай кетсек, бардык оюндун түрү боюнча 1-орунга 12 миң сомдон, 2-орунга 9 миң сомдон, 3-орунга 6 миң сомдон, 4-орунга 2 миң сомдон акчалай байгелер берилди.

Белгилей кетсек, бул спорттук иш чара Чаткал районунда кен казуу менен алектенген  “Вертекс Голд Компани” фирмасы тарабынан каржыланды.

Аталган фирма тууралуу айта кетсек, былтыр районго 18 млн. сомго көпүрө куруп берген. Мындан сырткары, районго соцпакетке жыл сайын 10 млн. сом которуп берет жана жогорудагы сыяктуу райондогу маданий массалык жана спорттук иш чараларга каржылык колдоо көрсөтүп келет.

М. Эшназаров

Чакмак-Сууда жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 12-декабрда Чакмак-Суу айылында «Асаба» ЖЧКсы тарабынан курулган 150 орундуу мектептин ачылыш аземи болду.

Ачылыш аземина район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, мектептин курулушун каржылаган «Кичи Чаарат» кен казуу фирмасынын райондогу өкүлү Ван Зун айым баштаган өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана айыл тургундары катышты.

ч 1 ч 2ч 3ч 4ч 6 ч 5

Азем алдынан алгач мектептин кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилип,  келген коноктор мектептин ички абалы менен таанышышты. ч 7ч 8

ч 9Андан соң, салтанаттуу жыйын болуп, жыйын учурунда райондук мамлекеттик администрация жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан мектептин курулушуна тикелей колдоо көрсөткөн инсандарга «Ардак Грамоталар»  тапшырылды. Мындан сырткары,  район акими Канжарбек Эшалиев  баштаган райондук жетекчилер тобу жана коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, акчалай жана материалдык жардамдарын тапшырышты. Жыйынтыгында, мектепке 113500 сом акча, 2 баш кой, 7 баш козу, 1 даана телевизор жана наркы 70 миң сомдук 1 даана үн күчөткүч аппаратура түштү.

Аземге катышкан коноктор жана айыл тургундары мектептин салынышына түздөн-түз салым кошкон райондук жетекчиликке, «Кичи Чаарат» фирмасынын жетекчилигине жана «Асаба» ЖЧКсына ыраазылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, мектептин курулушуна «Кичи Чаарат» фирмасы тарабынан 27 млн. сом берилген.

М. Эшназаров

Белгилүү ырчы, обончу, маркум Таалай Бектургановдун ысымы борбордук көчөгө ыйгарылды

6-декабрда Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөлөрүнүн бирине белгилүү обончу, ырчы, маркум Таалай Бектургановдун ысмы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Азем башында маркумга багышталып куран окулду. Андан соң, район район акиминин орун басары Муратбек Досматов маркум Таалай Бектургановдун өмүр баяны менен кыскача тааныштырып өттү. Андан соң, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, Таалай Бектургановдун чыгармачылыгына арналып, райондо бир топ маданий иш чаралар өткөрүлгөндүгүн жана кезегинде кыргыз элине белгилүү «Таалай элеси» эстрадалык тобу да маркум Таалай Бектургановдун чыгармаларын өчүрбөө максатында уюшулгандыгын белгилеп, бүгүн маркум Таалай Бектургановдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында район борборунун борбордук көчөлөрүнүн бирине ыйгарылып жаткандыгын айтып өттү.бектурганов кочосу 1 бектурганов кочосу 2 бектурганов кочосу 3 бектурганов кочосу 4 бектурганов кочосу 5 бектурганов кочосу 6 бектурганов кочосу 7
Ал эми, Жаңы-Базар айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Абдылда Кыдыров эгер маркум Таалай Бектурганов тирүү болгондо кыргыздын Высоцкийи болмоктугун белгиледи.
Мындан сырткары, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, маркумдун бир тууган эжеси Ажар Бектурганова, классташы Дуйшон Райымбековдор эскерүү сүйлөштү.
Андан кийин маркум Таалай Бектургановдун ысмы жазылган тактайчанын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилди.
Салтанат соңунда катышуучуларга ысык чай берилип, маркум Таалай Бектурганов тууралуу тартылган тасма көрсөтүлдү.

М. Эшназаров

Балдардын жаңы эс алуу жайы ачылды

Бүгүн Чаткал районунда «Чаткал-Жеткинчек» балдар эс алуу жайынын ачылыш салтанаты болду.

Салтанатка КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рысбек Ызабеков жана КР. Өкмөтүнүн Талас облустук ыйгарым өкүлүнүн орун басары Чолпон Төрөкулов баштаган коноктор катышты. 20170705_131544 20170705_131803 20170705_132211 20170705_132500 20170705_133308 20170705_133132 20170705_133459 20170705_110224 20170705_105102 20170705_105057

Ачылыш аземинде район акими Канжарбек Эшалиев буга чейин райондо бир гана «Орленок» эс алуу жайы болгондугун жана ал район борборунан 200 чакырым алыс болгондуктан, район борборуна жакын, ыңгайлуу тоо койнуна жаңы балдар эс алуу жайы ачылгандыгын айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Рысбек Ызабеков облуста азыркы кезде 18 балдар эс алуу жайларында 3 миңдей балдар эс алып жаткандыгын, алыскы тоолуу райондо балдар эс алуу жайы ачылып жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи.

Башка коноктор да куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, балдар эс алуу жайына ийгилик каалашты.

Аземдин жүрүшүндө, райондо буга чейин бир топ мектеп жана бала бакчалар курулуп, райондун билим берүү тармагында чоң жетишкендиктер болуп келе жаткандыктан, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге аталган иштерге кошкон түздөн-түз салымы үчүн ыйгарым укуктуу өкүл Рысбек Ызабеков «Эл агартуунун отличниги» төш белгисин тапшырды.

Жаңы ачылган балдар эс алуу жайында 50 бала 10 күн эс алышат. Балдардын биринчи агымы эс алып кеткен соң, экинчи агымын кабыл алуу күтүлүүдө.

Бул жер мурда эс алуу жайы болгон, эми балдар эс алуу жайына айландырылды.

М. Эшназаров

Коомдук угуу болду

Май айынын он бешинде район борбору Каныш-Кыя айылында район аймагындагы жер алдындагы кендерди чалгындоо жана казуу иштерин жүргүзгөн “Вертекс Голд Компани”, “Консолитед Аурум”, “Кичи Чаарат”, “Чаарат ЗААВ” жана “Ет Гео” фирмаларынын жетекчилери, өкулдөрү жана район калкы катышкан коомдук угуу болду.

Коомдук угууда алгач, өткөн 2016-жыл ичинде  фирмалар тарабынан районго берилген жардамдар тууралуу даярдалган слайд шоу көрсөтүлдү. Андан соң, район акиминин орун басары Жуманалы Накетаев фирмалар тарабынан районго берилген жардамдар тууралуу кеңири маалымат берди.коомдук угуу IMG_20170515_112032коомдук угуу IMG_20170515_112100турат чаарат IMG_20170515_143402IMG_20170515_135001коомдук угуу IMG_20170515_111549

Коомдук угуунун катышуучулары берилген маалыматта айтылган айрым маселелер боюнча суроолорду беришти. Ө. Токтогулов фирмалар тарабынан медициналык жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттердин окуудагы жетишкендиктерине жана кайсы багыттагы кесипте окуп жаткандыгына кызыгып, бул маселени текшерип коюу керектигин сунуштады. Район акими К. Эшалиев   сунуш эске алынаарын айтып, 3-4 жылдай мурда чаткалдык улан-кыздарды геологиялык кесиптерге окутушуп баштап, азыр медициналык кесиптерге гана окутушуп жаткандыгын белгилеп, мунун себеби, геолог кесибин алгандар өздөрү үчүн гана иштешсе, медициналык кесипке ээ болгондор жалпы калкка кызмат кылышаарын белгиледи. Уул-кыздарын фирмалар тарабынан медициналык окуу жайларда окутуп жаткан ата-энелер аларды жакшы окууга үндөө керектигин айтты. Ал эми, Ж. Накетаев студенттердин окуудагы жетишкендиктери тууралуу окуу жайлардын жетекчиликтери аркылуу билип, эгер студент начар окуп жатса, анда фирмалар аркылуу алардын окууларын каржылоону токтотууга  чейин баруу керектигин кошумчалап, мындай терс кадамга барбоо үчүн, студенттер жакшы окуулары керектигин айтты.

Андан соң, алгач сөз алган Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылында иштеп жаткан “Ет Гео” фирмасынын өкүлү Замирбек Сейталиев жергиликтүү калктын суроо-талаптарын аткарууга даяр экендиктерин айтып, кыш мезгилинде Чаткал айыл аймагына жүз миң сом акчалай жана мындан сырткары техника жаатында жардам беришкендигин билдирди. Мындан сырткары, Ак-Таш айылынын Маданият участкасына курулчу көпүрөгө жардам катары беш миллион сом акча каражатын беришээрин билдирди.

Катышуучулар З. Сейталиевден фирмага дагы канча жумушчу алышаары тууралуу суроолорду узатышып, так жооп беришин талап кылышты. З. Сейталиев фирмага керектүү техникалар эми келээрин, алар келген соң, канча жумушчу керектелээри билинээрин айтты.

“Консолитед Аурум” фирмасынын өкүлү Тынчтыкбек Абдырахманов Чандалаш айылындагы “Ботобай Шерматов” атындагы башталгыч мектепке компьютер алып беришкендигин, Орусияда иштеп жүрүп, кырсыкка кабылган Э. Шайбековго элүү миң сом акчалай жардам беришкендигин, тактап айтканда, Чаткал айыл аймагына колдон келген жардамдарын берип келаткандыгын билдирип, былтыр Жаңы-Базар айылына жетимиш беш орундуу бала бакча куруу иштерин колго алышкандыктарын жана быйыл курулуш иштерин улантып, бакчанын имаратын толук бүтүрө албаса да, дубалын тургузуп, чатырын жаап беришээрин билдирди.

“Вертекс Голд Компани” фирмасынын өкүлү Раатбек Ниязалиев өткөн 2016-жыл ичинде фирма 9 млн. сом акча каражатын жана 5 тонна күйүүчү май жардам катары беришкендигин, ал эми, быйыл да 9 млн. сом акчалай жардам жана ар кандай жагдайларда жардам катары районго дагы бир млн. сом беришээрин билдирди.  Ал мындан сырткары, фирмада иштеген чаткалдыктардын саны кырк экини түзөөрүн, быйыл бул санды элүү бешке жеткиришээрин айтты.

Катышуучулар Р. Ниязалиевден фирмага чаткалдыктардан көбүрөөк алуусун талап кылышып, буга кошо эле, фирмада иштегендердин иштөө шарты начар экендигин, айлык маяналарынын аздыгын жана кечиктирилип берилишин, жумуштарды бөлүштүрүүдө башка жактан келген жумушчуларга салыштырмалуу теңсиздик бар экендигин айтышып, анын айткандарына кескин нааразылыктарын билдиришти.

“Кичи Чаарат” фирмасынын өкүлдөрү Кубанычбек Орозбаев менен Рахия Өнөрбаевалар аталган фирманын районго берген жардамдары тууралуу маалымат беришти. Бул фирманын өкүлдөрүнө да катышуучулар тарабынан нааразылыктар көп болду. Мында негизинен, катышуучулар фирманын жетекчилиги коомдук угууга өзу келбей, өкүлдөрүн жөнөтүп койгондуктарына нааразы болушту. К. Орозбаев  фирманын директору Ван Зун ооруп, борборго кеткендигин билдирип, ага ылайык, фирманын бир топ тармак боюнча кызматкерлери коомдук угуунун катышуучуларынын суроо-талаптарын угууга келгендигин билдирди. Ал эми, коомдук угууга келген Курулуш айылынын тургундары “Кичи Чаарат” фирмасынын жетекчилиги Курулуш айылына спорттук зал куруп берүүгө убада берип, бирок, эми ал убадасын негедир “унутуп” жаткандыгына кескин нааразылыгын билдиришти. К. Орозбаев быйыл фирма районго 8 млн сом акчалай жардам берээрин айтып, спорттук зал куруу маселеси боюнча боюнча жетекчиликке жеткирээрин билдирди.

“Чаарат ЗААВ” фирмасынын өкүлү Туратбек Усубалиев быйыл фирма районго 10 млн сом жардам берээрин маалымдады. Ал буга кошумча, Кара-Буура унаа жолун кардан тазалоого 200 миң акчалай жардам беришкендигин билдирди. Анын маалымдашынча,  фирмада жалпы 79 жумушчунун 31 и чаткалдыктар.  Катышуучулар тарабынан –Былтыр Каныш-Кыя айыл аймагына кызматтык автоунаа алып берген элеңиздер, быйыл Чаткал айыл аймагына да кызматтык автоунаа алып бере аласыздарбы?-деген суроосуна –Алып беребиз-деп жооп берди.

Коомдук угуунун соңунда, катышуучулар айтылган суроо-талаптар кыйшаюусуз аткарылуусу тийиш экендигин жана коомдук угууларга мүмкүн болсо фирмалардын өкулдөрү эмес, жетекчилери келүүсү тийиш экендигин баса белгилешти.

Район акими Канжарбек Эшалиев фирма өкүлдөрүнөн жергиликтүү калк менен иштөөдө мүмкүн болсо калктын суроо-талаптарына терең  маани берип, калкка өз ара түшүнүшүү менен мамиле жасоо керектигин белгиледи.

М. Эшназаров

Жаштар маселелери өткөн жылда….

Бүгүнкү күндө, Чаткал районунда 18 жашка чейинки 9295 өспүрүм болсо, анын ичинен жети жашка чейинки 3466 жаш жеткинчек бар. Өткөн 2016-жыл ичинде райондук жаштар кеңеши тарабынан пландалган 19 иш чаранын 12си өткөрүлүп, ага  1234 өспүрүм катышкан. Ал эми, райондук   спорт   бөлүмүндө бир дагы райондук деңгээлдеги иш чара өткөрүлбөй,  акыркы мезгилде райондук спорт бөлүмүндө жумуш өтө солгундап кеткен.

2016-жылдын соңуна карата район боюнча 20 жаш өспүрүм РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө  бөлүмүндө  каттоодо турат.   Булар тууралуу январь айында болуп өткөн райондук коллегияда район акими Канжарбек Эшалиев өз баяндамасында белгилеп кетти.

М. Эшназаров

«Маданият— ыйман менен адептен башталат «

Кечээ, 31-январда Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө 2017-жыл— ыйман, адеп жана маданият жылына карата жогорудагыдай аталыштагы тегерек стол болду.

Тегерек столго  район акими Канжарбек Эшалиев, райББнын башчысы Тажибай Тынышов, √46-кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевдер, РИИБ кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.IMG_20170131_142808

IMG_20170131_160942 IMG_20170131_154511 IMG_20170131_162010 IMG_20170131_143918 IMG_20170131_150514

Тегерек столду алгач райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Нурбаев ачып, ал быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын мааниси, максаты жана ушуга тиешелүү жагдайлар тууралуу айтып, катышуучуларды тегерек столго активдүү катышууга чакырды.

Андан соң, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан азыркы коомдо, тагыраагы улуу, орто жана кичүү муун арасында болуп  келе жаткан аракечтик, сый— урматсыздык, балдар арасындагы рекетчиликке байланышкан ыймансыз, маданиятсыздык көрүнүштөр тууралуу видеожүгүртмөлөр катышуучулардын назарына сунушталды.

Катышуучулар өз кезегинде, видежүгүртмөлөрдө чагылдырылган окуялардын тегерегинде талкуу жүргүзүшүп, өз ойлорун ортого салышты.

Иш чаранын жалпы катышуучулары тегерек столдун өтүшүнө жана анда козголгон маселелерге  оң баа беришти. Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев тегерек стол ушуну менен эле токтоп калбай, мындай иш чараларды райондун ар бир айылында өткөрүү маселесин көтөрүп, райондук маданият бөлүмүнө сунуштап, катышуучулар тарабынан колдоого алынды.

Иш чаранын жүрүшү райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздорунун ыр, күүлөрү менен коштолду.

М. Эшназаров