Архив метки: И. Кубатбеков

Турак жайларыбызды өрт кырсыгынан сактайлы

      Көпчүлүк учурда  өрт кырсыгы турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар, бузулган меш анчалык деле өзгөчөлүгү жоктой сезилет, бирок мына ушундан орду толгус кырсыктар болуп өтөт — үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээбир учурда адамдар да каза болот.

Кантип өрттүн алдын алууга болот:

Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактоо керек.

Өрттүн чыгуу себептери: отко этиятсыз мамиле кылуу, балдардын от менен ойноосунан, турак үйлөргө жана имараттарга жакын жайгашкан таштандыларды күйгүзүү, тамеки тартуудагы этиятсыздык, электр зымдарынын кыска туташуусу, мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан, мештер-моорлордун туура эмес курулгандыгынан жана башка ушундай сыяктуу себептерден өрт кырсыгы келип чыгат. Ошондуктан урматтуу мекендештер, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Урматтуу мекендештер, ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруудан максатыбыз, Сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу. Элибизде, «Сактыка кордук жок», — деген накыл сөз бар. Бул сөз жөндөн— жөн эле айтылган сөз эмес. Кандай гана ишке болбосун, кайдыгер мамиле жасалса, анын арты өкүнүч менен бүтөт.

Андыктан ар дайым эсиңиздерде болуусу зарыл: балдарды кароосуз калтырбаңыз, балдардан ширенкелерди катып салыңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз, электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз, ачык күйгөн от менен бөлмөнү жылытпаңыз, электр жана газ шаймандарын түнкү же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колонууга жол бербеңиз.

Урматтуу жердештер, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт жөнүндө үн чыгаруучу сигналдар менен кабарлоо, өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болон эң биринчи аракеттер.

Өрттү өчүрүүнүн ыкмалары: Жалындап күйүп жаткан керасинка, керогаздарды жууркан-төшөк менен, бышык кездеме же кийим менен жаап салуу керек. Жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен, күйүп жаткан эмеректерди жана буюмдарды суу төгүү менен өчүрүүгө болот. Өрт пайда болгон учурда токтоосуз түрдө өрткө каршы кызматын чакырып жана алдын ала өрттөнүп жаткан имараттан адамдарды эвакуациялап, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек.

Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды жанан мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт. Өрт учурунда адамдардын курман болуусун четтетет.

И. Кубатбеков, Чаткал  райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы, капитан                                                                                             

 

Өрт кырсыктарынан сак бололу!

Урматтуу атуулдар!

Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү табигый  кырсыктар катталган мезгилде өзүн алып жүрүүнү, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүүнү сунуш кылуу менен бирге төмөнкү иш-чараларды аткарууну эскертет:

Сууга түшүүдө:

жаш балдардын сууга түшүп кетүү коркунучу бар жайларды тосмолор менен тосууну;

кооптуу жайларда сууга түшпөөнүү;

сууга түшүүдө эрежелерди сактоону.

Жолдо жүрүүдө:

жол коопсуздук эрежелерин сактоону;

тийиштүү ылдамдыктан ашпоону;

автоунаалардын дайыма оң абалда болуусун камсыздоону.

Жайкы өрт кооптуу мезгилде:

турак-жайлардын, мекеме-ишканалардын аймагын чөптөрдөн арылтууну;

таштандыларды коопсуз гана жайда көзөмөлдөп өрттөөнү;

өчүрүлбөгөн тамеки калдыктарын көрүнгөн жерге таштабоону.

Өзгөчө кырдаалдар катталса, токтоосуз 101 же  112 — Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына чалыңыздар. Өрт же өзгөчө кырдаал жөнүндө кабар канчалык тез жетсе, ага ыкчам чара көрүү менен сактап же куткарып калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт. Ошондуктан эрежелерге кайдыгер карабай, кырсыктардан сактаналы.  

И. Кубатбеков, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысы, капитан 

Ар кандай кырсыктардан сактана билели

өрт коопсуздугу 2Кырсыктардан сактаналы.

Курамында өрткө каршы бөлүктөрү, куткаруу бөлүктөрү, райшаардык бөлүмдөрү бар Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы өрткө каршы үгүт-насаат иштерин жүргүзүү менен бирге облус аймагында катталган  өрт кырсыктарын жоюу менен бирге сел, көчкү сыяктуу табийгый кырсыктардын, жол-транспорт, жана башка  түрдүү кырсыктардын  кесепеттерин жоюуга тартылып, активдүү катышып келет.

Аткарылган иш-чараларга карабастан акыркы мезгилдерде адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон кырсыктарынын, анын ичинде жол-транпсорт кырсыктарынын да көп катталуусу байкалууда.

Алсак, өткөн 2015-жылда өрттүн кесепетинен 5 атуул, анын ичинен 2 жаш бала  каза таап, 2 атуул жарат алып,  866 тонна тоют жана 21 автоунаа жабыркаган болсо, сууга түшүп жатып же кырсыктап сууга түшүп кеткен 9 адам, түрдүү жол-транспорт кырсыктарынан 23 адам  каза  болгон.  Куткаруучулар тарабынан 48 адам куткарылып, 51 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми, 2016-жылдын 4 айында өрттүн кесепеттеринен 4 атуул каза таап, 2 атуул жарат алып, 129 тонна тоют, 7 автоунаа жабыркаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 1 атуул, 2 автоунаа жана 25 млн. 638 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган болсо, куткаруучулар тарабынан түрдүү кырсыктардан 22 адам куткарылып, 32 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жогорудагы адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон кырсыктар негизинен өрт коопсуздук, жол коопсуздук жана күнүмдүк турмуштагы коопсуздук эрежелерди сактабагандыктан улам катталууда.

Аба-ырайынын жаанчыл болушу менен аймактарда сел, жер көчкү коркунучтары далее болсо сакталууда.  Ал эми, көп жааган жаандан улам чарбалык обьектилердин аймагындагы, жол четтериндеги, ачык аймактардагы, тоо этектериндеги чөптөр өсүп, жай мезгилинин келиши менен кургап, өрт чыгып кетүү коркунучу күч алууда.

Өткөн 2015-жылдын жайкы өрт кооптуу мезгилинде облус аймагындагы чарбалык обьектилердин аймактарындагы, ачык аймактардагы, жол четтериндеги, жайыттардагы, токойлордогу кургак чөптөрдө жалпы 134 жолу өрт кырсыгы катталып,  андан келтирилген материалдык зыян  1 млн. 310 сомдон ашты. Өрттөрдүн кесепетинен 1 386,5 га аянттагы кургак чөп, бак-дарактар, ошондой эле, талаада топтолгон бирок, жыйыла элек 14 тонна тоют жабыркаган.

Ал эми, 2015-жылдын август айында Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында тоолордо өрт кырсыгы катталып, анын натыйжасында 500 гектардан ашуун аянттагы кургак чөптөр, токойлор күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө өлкө аймагынан өрт өчүрүүчүлөр, токойчулар, жергиликтүү калк, мекеме-уюмдардын кызматкерлери тартылып, өрт 10 күн дегенде өчүрүлүп бүткөн.

Жаз мезгилинин келиши менен атуулдардын өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан улам жол четиндеги, ачык аймактардагы, токойлордогу былтыркы кургак чөптөрдө, камыштарда өрт кырсыктары каттала баштады. Алсак, жыл башынан ушул кезге чейин 13 жолу былтыркы калган кургак чөптөрдө өрт кырсыктары катталып, натыйжада 16,7 га аянттагы кургак чөптөр, камыштар өрттөнүп кеткен.

Урматтуу районубуздун тургундары!

Ар кандай кырсыктардын алдын алуу өзүбүзгө байланыштуу, ошондуктан ар дайым сак бололу!

И. Кубатбеков, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысы, капитан

Сууга түшүүдө сактануунун эрежелери

IMG_20160613_104918СУУГА ЧӨГҮҮДӨН САКТАНЫҢЫЗ!

Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек.

Сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт, суук тийип калышы мүмкүн. Эгер сиз үшүк, денеңиздин калчылдаганын сезген болсонуз, дароо суудан чыгып, жээкти бойлой кыска бирок, ылдам чурканыз.

Сууга түшүүнүн узактыгы абанын жана суунун температурасына, нымдуулукка жана шамалдын күчүнө көз каранды. Сууга түшүү үчүн эң жакшы шарт – ачык, шамалы жок 250С жана андан ашык температурадагы аба ырайы. Ошондой эле сууга түшүүнү 180Сден баштаса болот.

 Тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат. Көбүнчө балдардын пляжында болгон  оң, анткени ал жер жакшы, талапка ылайык кырсыкты алдын алуучу зарыл каражаттар менен камсыз болот. Эсиңиздерде болсун, балдар чон кишилердин көзөмөлүндө гана сууга түшө алышат.

Пляждын территориясында медициналык пункт жана күндөн калкалоочу серелер курулушу керек.

Плаяжды ачууга куткаруу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн атайын комиссиянын  текшерүүсүнөн кийин гана уруксаат кылынат.

Балдардын сууга түшүү учурундагы коопсуздугунун жоопкерчилиги  сууда сүзүү жана куткаруу боюнча инспекторго жүктөлөт.

Балдарды 10дон ашпаган группада, 10 минуттан түшүрүп, суудан чыккан сон линейкага тургузуп, бирден жоктоп чыгуу күзөтчү-тарбиячынын милдети.

Сууда сүзгөндү билбеген балдарга ден соолукту чындоо лагеринин же балдар мекемелеринин жетекчилери өзүнчө машыгуу жүргүзүү керек.

Кырсыкты болтурбоо үчүн, балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү керек.

Эсиниздерде болсун:

—         сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

—         тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

—         кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

—         күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

—         үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

—         көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секируугө болбойт.

Эгер Сиз кайыкта болсонуз:

—         кароосуз калган жана техникалык жактан он болбогон кайыктарды пайдаланбаныз;

—                        мас абалда кемеге түшүп сейилдебениз;

—                        сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаныз;

—         карангы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбонуз

Эгер Сиз:

—         чарчап турсаныз;

—         күн өтүп кеткен болсо;

—         ачкарын болсонуз;

—         суусап турган болсонуз;

—         ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсонуз сууга түшүүдөн өзүнүздү токтотуп койгонунуз жакшы болот.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Кырсыктын себептери кайсылар?

Үшүп калуу, ичиркенүү

Ачык суу айлампаларында 150Стан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат, анткени бул муздактан, ичиркенүүдон адам кокусунан эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар кылат.

Ысык уруу

Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу, куску келүү байкалып адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып температура +40…+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот.

Жабырлануучунун кийимин женилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек.

Сууга түшүудөгү тармыш түйүлүү, карышуу

Мындай абал сууда түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес, кескин кыймыл жасоолордо байкалат. Тарамыш түйүлүү, карышуу булчундарга күч келүүдо, үшүп калууда же ашыкча эмоцияга алдырганда кармайт. Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлүү кармаса, коркпостон терен дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан сон, сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей кол менен иштөө керек.

Колдун манжаларын күч менен тезинен муштум кылып кысып, колду эки тарапка кескин кыймыл менен сунуп муштумду жазыныз.

Биринчи жардам көрсөтүү

 

Жабырлануучу суудан чыкандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек.

Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин, анын абалын баамдайбыз.

Эгер жабыркаган адам ан-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат.

 Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек.

Убакыты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу — мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы жб.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдыруу баштоо керек.

Анык чөгүп кеткенде, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, тез-тез силкүү менен көкүрөгүнөн басышат (10-15 секунд аралыгында) андан кийин аны чалкасынын жаткырышат.

Эгер, жабыркаган адамдын тиштери карышып калган болсо, оозун ачуу үчүн  төмөндөгү  ыкмаларды колдонуу керек:

— колдордун жардамы менен, астынкы жаакка колду коюп ачуу;

— санитардык сумкадагы кеңейткичтин, же болбосо кандайдыр бир жалпак катуу нерсени (кашык, таякча ж.б.) жардамы менен.

Кээ бир учурда жакка жасалган жигердүү массаж да оозду ачууга өбөлгө болот. Жабыркаган адамдын ооз көңдөйүн жана мурдун тазалап алгандан кийин, карын жана өпкөдөгү сууларды чыгаруу үчүн, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, аркасынан далысын көздөй күч менен кагуу керек.

Жабыркаган адамды куткаруу станциясына жеткиргенден кийин дагы, реанимация иш-аракеттерин улантуу кажет. Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталыгы да көп кездешет. Жабыркаган адамдын убактылуу дем алуу кыймылдарынын калыбына келиши, анын өпкөсүнүн иштеши толугу менен калыбына келди дегенди түшүндүрбөйт. Ошондундуктан, жабыркаган адамдын сезими жок болот же өпкөсү жабыркайт. Мындай учурда дем алуунун  ритми мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл.

Жардамды тез аранын ичинде, үзгүлтүксүз, ырааттуу, тартиби менен көрсөтүү керектигин унутпоо зарыл.

Сууга чөккөн адамдын денесинин жылуулугун тез жоготушу, анын температурасынын дээрлик төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Жыгач досканын же жыгач калкандын үстүнө жаткырып, суу болгон кийимдерин чечиндирип, терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшеп же жуурканга ороо керек.

Кургактап сүртүүнү улантуу менен бирге ысытуучу каражаттарды да, (уксус, нашатырь спирти) колдонсо болот.

 

Асфиксия учурунда куткаруучунун кыймыл-аракеттери өзгөчө жигердүү болууга тийиш.

 Организмдеги кандын туура эмес айлануусуна шарт түзбөө үчүн, жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт.

Бардык куткаруучу жабдуулар эл көп түшкөн аймактагы щитте жайгашышы керек.

Кокус кырсык болуп жаныныздагы адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин 6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот.

Жай мезгилинде жагымдуу эс алып, бөөдө кырсыктардан сак болунуздар!

 Кубатбеков, Чаткал райондук ӨКМКнүн башчысы, капитан                            

 

101 билдирет: Өрттөн сак бололу

  өрт коопсуздугу 1

Урматтуу  районубуздун тургундары 2015-жылы районубуздун аймагында 8 өрт кырсыгы  катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгымы 299879 сомду түздү.  2014-жылга    салыштырмалуу  9 өрт кырсыгына кыскарып, материалдык чыгымы мурунку жылга салыштырмалуу   215 миң 383 сомго кыскарган.

Көпчүлүк өрт кырсыктары  турак үйлөрдөн чыгууда. Адамдардын отко шалаакы жана кайдыгерлик  менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, балдардын от менен ойноосунан күтүлбөгөн өрт кырсыгы  болуп,  үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээ  бир учурда адамдар да каза болот.Ошондуктан, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн  өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруу максатыбыз, сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу.

Төмөнкү эрежелерди сактай билүүңүз керек: балдарды кароосуз калтырбаңыз, балдардан ширенкелерди катып салыңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричилике керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз, электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөөнү, электр шаймандарын түнкү же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колонууга жол бербеңиз.

Урматтуу районубуздун тургундары, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болон эң биринчи аракеттер.

Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды жана мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт..

 

И.Кубатбеков, Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик

 кызмат бөлүмүнүн башчысы,  капитан